Блог: Элмир аганын Рамис Рыскулов тууралуу айткандары

Рамис Рыскулов

Сүрөттүн булагы, kabar.kg

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Рамис акындын көзү өткөндө аны тааныган учурумду, жанынан биринчи жолу көргөн күндөрдү эстедим.

"Элдин баары эле Пикассо, Пикассо деп анын сүрөтүнө аябай таң калгандыктан мен да анын тарткан сүрөттөрүн көрүп, ага таң калбай койгонум үчүн өзүмө өзүм катуу таң калып жүрөм"... Акын Рамис Рыскуловдун ушул тан калаарлык оюн гезиттен окуп, чыгармачылыгына көңүлүм бурулган. Чыныгы күйөрманы болуп, артынан сая түшүп окудум дегенден алысмын.

Кийин студент кезде, мындан бир топ жыл мурун 12-декабрь күнү куран окуп келели деп Алыкул акындын бейитине барып калдык. Ошол жерден Рамис акынга кезиккен элек, биздин топ менен барган акын агалардын бири ал кишинин жубайы менен кер-мур айтыша кеткени эсимде калыптыр. Талашкан экөө тең Рамис Рыскуловдун таламын жактап жатышкан, бирок ар башка жүйөлөрдү айтышкан эле.

Кийин Элмирбек аганын жакшылыктарынын биринде кызмат кылып калдым. Тойго келгендердин бири чачын куудай ак баскан Рамис акын эле. Колунда өзү тарткан бир нече сүрөтү бар. Алары мага каршы-терши эле чалды-куйду чийме болуп көрүндү.

Эч кимди капарына албай, эки муштумун түйүп алып, турган жеринде алдыга-артка термелип сүйлөп, бакырып, бирде туруп ырдап жатты. Кайран киши бир убакта өзү жалгыз ээн талада жүргөндөй бийледи. Бийлегенде дагы башкача бийледи... Абай салып карасам, Элмирбек ага ал киши эмне кылса кубаттап, эмне кылса кошо жыргап жатты. Ошондо эки таланттын бири-бирине сыйын көрдүм. Бул кызык окуя. Ошондон улам болсо керек кийин Рамис Рыскулов тууралуу Элмирбек агадан жайчылык боло калса эле сурап жүрдүм.

"Менин жүрөгүмдү жылыткан бир улуу нерсе бар. Албетте, көпчүлүк Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун ортосундагы абдан ысык мамилени билишет. Андан башка дагы айта турган болсок, ушул кезде казакта дагы бир мыкты акын, Казак эл акыны Кадыр Мырзалиев. Кээде биздин кыргыз акындар, интеллигенциясы болбосо кыргыз жетекчилигинин көз жаздымында калып, байкабай жүргөн Рамис Рыскулов деген генийибиз бар. Өзү айткандай "иттердин акынымын" деп жүргөн акын. Кадыр Мырзалиевдин ошол акын жөнүндө "Рамиске" деп жазган ырын окусаңыз эмне деген бир керемет поэзияны көрөсүз да! Азыр Рамисти сурасаң кээ бир кыргыз өзү билбейт, дагы биринен сурасаң ал жанагы жиндиби дегендери бар",- деген кийин жолукканыбызда Элмирбек ага.

"Эми Ракемди буюрса баалай турган учурга келип калдык. Бул киши бааланбай калгандай сезилген учурларда абдан ичим бышып кетчү эле. "Кайран акын кадырыңды ким билет? Кайра сени айтышабы жинди",-деп алты сап ырымда жазган элем. Ошондогудай болуп бул киши жаратылышынан өзгөрүлбөй бала бойдон калган, анан ошондой акынды батыра албай жаткан коомдун тарчылыгы мени дагы кыйнаган. Кыйнаганы ушунда эмнеге ушундай адамды түшүнө албайбыз дечүмүн. Мындайча айтканда ошол кезде биздин интеллигенция өзү деле Рамистин ырларын окуп түшүнө алчу эмес. Ушул убакта деле "ушинтип дагы ыр жазабы? Бул эмне? Бул жери уйкашпай калган, кандайдыр бир ыр жазуу техникасына сыйбайт, техникасы туура эмес, мындай болбойт деген пикирде жүргөндөр азыр дагы жок эмес. Ал кезде андайлар абдан көп болчу. Биз жанагындай кооз ырларды, сызгыч менен сызгандай ырларды о-уу ыр деп, ушул рамкадан чыкпаш керек деп жүргөндө ошону жарып чыккандардын бири. Мен бул адамды ар кайсы тарабынын карап көрдүм. Диний постулаттар менен дагы карап көрдүм. Чындап эле бул кишиге адаттан тыш, комсостук бир маанайдагы энергия, касиет берилгендей. Бул кишинин жашаган өмүрүн эле карап көрчү. Рамис Рыскуловго ар ким эле жашап кете бере турган тагдырды, өмүрдү берген эмес. Кенедейинен жетим калып, көрбөгөн азап-тозогу жок. Киерге бут кийими жок жылаң аяк бутуна арканды ороп-ороп алып анан адабиятка кирген",- деп айтып берген эле кайран акын Элмирбек Иманалиев.