"Ырларымда асман бар": замандаштары Рамис акынды жоктоп...

Рамис Рыскулов

Сүрөттүн булагы, social media

Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Кыргыз адабиятында жаңычыл акын катары таанылып, уйкаштык кубалабай, эркин ыр формасын биринчилерден жазган акындын артында зор адабий мурасы калды.

Жазганы сыяктуу эле анын баскан-турганы, мүнөзү дагы өзгөчө эле деп эскерүүдө замандаштары. Анын көптөр сүрөтчү катары дагы жакшы билет.

"Кайран гана Ыракем, актыкка моюн сунган экен. Кыргыздын салттуу поэзиясына төңкөрүш жасаган, өзүнүн ээ-жаа бербес азоо мүнөзүндөй айкырык салып, айды чапчыган, ойку-кайкы саптары менен замандардын чаңын сапырган Ыракем",-деп эскерүү жазды "Фейсбук" баракчасына белгилүү акын Өмүрбек Тиллебаев.

"Рамис акын каза болду дегенди угуп, текчемдеги ырлар жыйнагын барактадым... Оптимистиги укмуш! Ар бир ыры шат маанай, чын эле өзү жазгандай ачык асмандай. Ыйманыңыз саламат болсун, Акыным!

"Ырларымда асман бар,

Оңой чийген дастандар.

Алар келечекке секирик

Жасай турган арстандар!" ,-деп акындын өзүнүн ырын калтырды белгилүү журналист жана акын Бурулкан Сарыгулова.

Муратбек Рысбеков: "Космостук ырларды жазган гигант акыныбыз, Ракебиз - Рамис Рыскуловдун бейишин берсин!",-деп жазып:

"Доор сүрдү ; не өзгөчө бараандуу

Шамал менен беттешти ,

Жылдыздарды сапырып

Өзөн дайра Ырлары

Океанга куюлду!",-деген ыр саптарын калтырган.

"Стандарттан бир буту чыгып турган"дагы бир улуу инсанды узатып турабыз...Кыргыз адабиятынын көркөм дөөлөттөрүнүн капшыты бөксөргөндөн бөксөрүп барат.. "Эл-журт эс учун жыйып алгыча, адабияттын, маданияттын корун толтурчу муун чыйралып алгыча, өлбөй тургулачы деп!"-деп өкүрүп-бакыргың келет...Заманаң куурулат. Бөлмөнү ичинен илип алып, чууруган жашымы эч кимге көрсөтпөй, кийим үтүктөп жатам..."Ка-аркырала-ар, кайда учасыңар...?"- деген ырдын кайрыгы кыңылдап мээмде айланат",-деп жазды акын Алиман Абдыкеримова.

Кыргыз эл жазуучусу Cултан Раев "Антистандарт" ырлар жыйнагында Рамис акынга арналган ыры бар.

"Антистандарт ойлору да, ырлары,

Антисанитария... жүргөнү да, күлгөнү,

Антидүйнө Антейине айланып,

Чыгып кетпей Жер огунан калжаңдап,

Акын келет Фараону ырлардын,

Бүт ааламдын сезимдерин букеттеп,

Кыялында "кыты-кыты" тийишет,

Афинанын кыздарына кылактап",-деп жазган. Раевдин бул саптарын "Фейсбуктагы" баракчасына журналист Нургазы Мусаев бөлүштү.

Рамис Рыскулов

Сүрөттүн булагы, social media

Рамис Рыскулов Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган.

М. Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтун бүтүрүп, "Кыргызстан пионери" гезитинде эмгек жолун баштаган. Андан кийин "Ленинчил жаш" гезитинде, "Ала-Тоо" журналында эмгектенди. Биринчи ырлар жыйнагы "Жаз" 1959-жылы жарык көргөн. Кийин ондон ашуун ыр жыйнагы чыкты. Ал кыргыз тилине А. С. Пушкиндин, В. В. Маяковскийдин, Н. А. Некрасовдун, Л. Вознесенскийдин, X. Алимжандын ж. б. чыгармаларын которгон.

1986-жылы "Ырлар" жыйнагы А. Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. 1959-жылдан ССРС Жазуучулар союзунун жана 1990-жылдан ССРС Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1987-жылы ССРС Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн лауреаты болгон.

Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери", 1996-жылы "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардак наамдары берилген эле. (AbA)