"Күн менен батып барам": Кыргыз эли булбулунан айрылды

Элмирбек Иманалиев

Сүрөттүн булагы, facebook

Кыргыз Эл артисти, кыргыз-казакка белгилүү төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында жарык дүйнө менен коштошту.

Аны менен үзөңгүлөш жүргөн достору акындын оорудан каза тапканы тууралуу суук кабарды ырасташты.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогулдун Өзгөрүш айылында туулган.

Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан, андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүндө билим алган.

Тээ бала кезинен эле өнөр дүйнөсүнө келгенин өзү да маектеринде айтып келген жайы бар.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Айтыштарда анын мукамдуу обону, терең мазмундагы куюлушкан ыр саптары башкалардан өзгөчөлөнтүп тураар эле. Курч жана тайманбастыгы, бийик интелекти, төкмөлүк да, жазмалык дагы акындыгы, обончулугу бири-бирин төп келген талант эле. Ал эгемен кыргыз тарыхындагы төкмөлүк өнөрдүн туу башында туруп, ондогон шакирттерди тарбиялап, эми гана кырктын кырынан ашканда оо дүйнө кете берди. Коомдук сайттарда күйөрмандары аны жоктоп, жакындарына көңүл айткан билдирүүлөрдү жазууда.

Анын "Коштошуу вальсы", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Булбулум", "Аруузатым", "Мунарым" сыяктуу обондорун укпаган кыргыз баласы жок.

1994-98-ж. "Сейтек" балдар борборунда, филармонияда, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрында эмгек кылган. Республикалык коомдук "Айтыш" фондусунун (корунун) аткаруучу директору.

1993-жылдан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып келген. "Актаңдай" акындардын айтышында баш байге (1993), залкар акын А. Үсөнбаевдин 100 жылдык мааракесине арналган дастанчылардын республикалык сынагында экинчи (1994), Жалал-Абад шаарында өткөн "Курманбектин" 500 - жылдыгына арналган айтуучулардын республикалык сынагында баш байгени (2000), ордо калаада өткөн эл аралык "Жеңижок - 140" акындардын айтышында баш байгени (2000), Таластагы "Манас ордодо" өткөн "Талас таңшыйт" эл аралык акындардын айтышында (2001), Бишкекте өткөн республикалык ак таңдайлардын сынагында (2002) баш байгелерди жеңип алат.

Ал эми Казакстандын эгемендик күнүнө карата Түркстан шаарында, Шымкендеги оң түштүк Казакстан облусунун 70-жылдыгына арналган эл аралык айтышта 2-орунду ээлейт. Э.Иманалиев 2003-ж. төкмө акын А. Айталиевдин 75 жаш кутман курагына, Казыбек казалчынын 100 жылдыгына арналган жана Астанада өткөн акындардын эл аралык айтыштарында баш байгени, 2-орунду жеңип алат. Андан кийин дагы бир катар эл аралык айтыштарда байгелүү орундарды алган.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

Соңку ирет Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына каратa өткөрүлгөн эл аралык айтышта шаңшыта төгүп, ар бир акын менен айтышканда ар башка обонго салып ырдаган эле. Калыстар ага баш байгени ыйгарган. Казак акындары менен айтышканда комуздун, домбранын коштоосунда казак обондору менен төкчү. (AbA)