Улуттук жоготуу: алтын боосун үзгөн кайран акын

Элмирбек Иманалиев

Сүрөттүн булагы, facebook

Көчмөндүү кыргыздын күмүш көмөкөйлүү эң бир чыгаан акындары үчүн ирегелеш казактын мыкты акындары менен жаакташып айтышып, жамы казакка кошо таанылуу, ошонун арты менен "кыргыз-казакка ырдаган" деген атак күтүү акындык өнөрдөгү, чыгармачылыктагы өзүнчө бир туу чоку, апогей саналган. Канаагат берген.

Казакстандын байтак калаасынын кайсы-бир мааракесине кызуу даярдык көрүлүп, той-тамашага төгөрөктүн төрт бурчунан не бир өнөрлүү адамдар чакырылат. Канатташ жаткан кыргыздын да бир ырчысына келип кетүүгө, эл катары төгүп ырдап берүүгө чакыруу тиет. Оболу, миңдеген кишилер катыша турган үлкөн концерттин репетициясы жүрөт. Репетиция президенттик резиденцияга улагалаш жайгашкан залда өтөт. Кыргыз ырчысынын кезеги келип, ал мынча келген соң деп, нөшөрдөй төгүлүп, шаңкылдап ырдайт. Репетицияны башкарган адам улам токтотуп, "убакыттан ашып кетип жатасың, мынча минут ырда, тигинче минут ырда" деп, кыргыздын абанын өзү билген калыпка түшүргөнгө аракет кылат. Кыргыз ырчысы тигинин ыгына көнө албай, өз стихиясынан жазбай ырдап, репетицияны башкаргандарды кыйла жүдөтөт. Кайра башынан түшүп ырдайт.

Бир оокумда залда карап отурган эл күтпөгөн жерден тикесинен тик тура калып, шапалактата кол чаба баштайт. Кыргыз ырчысы элдин купулуна толуп, көөнүнө эми жактым окшойт деп ойлоп, ансайын кирген суудай күчөп, ансайын күүлөнүп шаңкыйт. Кимдир-бирөө колго чаап, тыйып койгонсуп, баягы токтоткон кишиси бу саам ордунан козголбой, мелтиреп унчукпайт. Ырчы өзү таң калат. Бирде Токтогул болуп кубулуп, бирде Эшмамбет болуп кубулуп, бирде Коргол, бирде Тууганбай болуп толкуп, жанын сабап ырдай берет. Элдин коштоп кол чапканы да токтобойт.

"Эмнеге минтти, эмне болуп кетти деп ойлодум. Бир маалда мойнумду бурган болуп, көзүмдүн кыйыгын агытып, желке жагымды абай салып карасам, президент Нурсултан Назарбаев байкатпай кирип келип, улук башын кичик кылып шыбырт алдырбай, баятан эле муюп тыңшап туруптур. Ошону үчүн жарданган эл залды жаңырта кол чапкылап, мени болсо эч ким токтотпой, эркиме коюптур," -деп эскерген эле ушул окуяны кийин Элмирбек өзү.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Аттиң дүйнө, казак боордоштордун Айбек, Алик, Айнура, Балгынбек сындуу сууруп салмалары менен айтышкандагы аброю үчүн да, элбашысы Нураке Назарбаев менен маңдай-тескей отуруп, бири домбранын коштоосунда, бири комуздун коштоосунда жарышып, бир нече ирет таң ашыра жаагын жана ырдагандагы атагы үчүн да кыргыз журтчулугуна "кыргыз-казактын ырчысы" деп таанылган Элмирбектин аты-жөнүн айтаарда мындан ары "эсил кайран" деген сөздү кошуп айтууга мажбур болуп отурабыз. Кабыргабыз кайышып, уккан кулакка ишенбей, эшейип отурабыз.

Элмирбек Иманалиев Кетмен-Төбөнүн (Токтогул району) Өзгөрүш деген айылында 1978-жылы жарык дүйнөгө келген. Канында кадимки Эшмамбеттин гени ойногондонбу, же XIX этеги менен XX кылымдын ичиндеги залкарлар Токтогул, Коргол, Калык, Сарыкунан, Текебай Мураталиев, Алтымыш сындуу өнөр даарыган адамдары ичкен суудан суу ичип жетилгенденби, айтор, тестиеринен акындык-комузчулук шыгы ойгонуп, айтылуу Тууганбай Абдиевдин назарына эртелей илинген экен. Акындыктын артынан түшүп, Бишкекке келген чагындагы устаттары андан бетер жарашып, баралына жетип, табына келген чагында Элмирбек акын узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына бат эле таанылды.

Анын эчен-түркүн айтыштарда алдына ат салдырбай, талашканга мөөрөй бербей чыгып жүргөнү, алган сыйлыктары менен наамдарынын узун тизмеси ага далил. Натыйжада, чоң акын, чоң төкмө деген кадыр-барк күттү. Ошол себептен, кадимдеги алп акындардын айтуучулук нукура каада-салтын салабаттуу тулку боюна бузбай-этпей сиңирген, ошол акындардын учугун улоонун озуйпасын муюбай көтөрүү үчүн бу дүйнөгө жаралып, ошон үчүн арабызда басып жүргөн залкардай туюлаар эле. Ошол турпатынан улам кудум Токтогулдун заманындагыдай болуп, жаңы заманда жетилип, суурулуп чыккан жоон топ акындардын топ башында турган азыркынын Токтогулу, азыркынын Эшмамбети сыяктуу кабылданаар эле. Кырктын кырынан жаңыдан ашканында алтын боосун үзгөн кайран акындын акка кетиши менен Токтогул кайрадан өлгөндөй кайгырып, кара жерге ыраа көрө албай турабыз.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

Жеңижок-Өтө досу өлгөндө Токтогул атабыз:

"Карагай тоонун боорунда,

Карчыга учат бой салып.

Кара жердин алдынан,

Ала албаймын кол салып", - деп жоктогон экен.

Анын сыңарындай, жаткан жайыңа бара албайбыз жол салып, жан киргизебиз деп, ала албайбыз кол салып. Элмирбектин мезгилсиз, күтүүсүз жерден дүйнөдөн кайтышы, салттуу некрологдордун баш сөзү менен айтканда, орду толгус жоготуу. Улуттук жоготуу!

Бирок, сенин мурасың тирүү. Шаңкыган үнүң, жайдары жүзүң унутулбайт.

Арслан Капай уулу Койчиев, жазуучу жана журналист