Борбор Азия үчүн бирдиктүү виза демилгеси реалдуубу?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Борбор Азия лидерлери

Сүрөттүн булагы, Official

Борбор Азияда чек ара маселеси толук такталды деген кабарды БУУ баштаган эл аралык коомчулук жылуу кабыл алды. Мунун урматына Кожентте атайын саммит өтүп, анда декларация дагы кабыл алынды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттери үчүн бирдиктүү виза киргизүү демилгесин көтөрдү. Алгач бул идеяны өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу бөлүшкөн эле. Борбор Азия үчүн бирдиктүү виза демилгеси канчалык реалдуу?

Эл аралык имидж түзүүгө көмөктөшөт

Негматулло Мирсаидов

Сүрөттүн булагы, Facebook

Борбор Азия геосаясатта ыдыранды, бирдиктүү позициясы жок чабал аймак катары саналып келди. Эми мындан ары чек ара талашы чечилген, кеминде 80 миллион калкы жана зор ресурсу бар аймак катары таасирин күчөтө алабы деген маселе турат.

Садыр Жапаров мындан ары Борбор Азияда түбөлүк тынчтык орногонун айтты. Аны менен катар региондун өлкөлөрү боюнча туристтердин эркин жүрүүсүн камсыз кыла турган бирдиктүү визаны киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун билдирди.

Тажикстандык эксперт Негматулло Мирсаидов бул сунушту колдоп, анын регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи.

Эксперттин айтымында, бул демилге ишке ашса Борбор Азия мамлекеттеринин экономикасына дагы оң таасирин тийгизмек.

Мындай система аймактагы туристтик фирмалар жана чет өлкөлүк саякатчылар үчүн дагы абдан ыңгайлуу болмок.

"Биздин өлкөлөр учурда туризмди өнүктүрүүгө басым жасап жаткандыктан, Садыр Жапаровдун бул сунушу абдан маанилүү. Кыргызстандагы тоолуу аймактарды көрүүнү каалаган ар бир турист, сөзсүз түрдө Памирге да баргысы келет. Самарканд, Бухара, Андижан, Наманганды кыдырган турист ошол эле учурда Кыргызстанга дагы бара кетмек. Ошондуктан, Борбор Азия өлкөлөрүндө туризмди өнүктүрүү үчүн бул абдан ыңгайлуу",- деди эксперт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мирсаидов региондун бирдиктүү туристтик аймак болгон жылдарын эске салып, аны кайра калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Убагында аймактагы туристтик компаниялардын ортосунда бекем байланыштар түзүлгөн. Аларды сактап гана тим болбостон, жоготуп алган нерселерди калыбына келтирүү зарыл",- деди ал.

Ошондой эле эксперт бирдиктүү виза системасы аймактын коопсуздугуна эч кандай коркунуч жаратпайт деген көз карашын билдирди.

"Туристтердин арасынан террористтерди же экстремисттерди издөө бул нонсенс",- деди ал.

Мирсаидовдун пикиринде бирдиктүү виза туристтердин аймакка болгон көз карашын өзгөртүүгө дагы чоң жардам берет.

"Бизге келген туристтер жөнөкөй адамдар. Алар өз өлкөлөрүнө кайтып барганда, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан тууралуу таасирлери менен бөлүшөт жана аймактын эл аралык имиджин түзүүгө көмөктөшөт. Учурда көпчүлүк чет элдиктер Тажикстанды Ооганстан менен чектешкен, кооптуу аймак катары кабыл алышат. Бул көз караштан арылуу зарыл. Тажикстан Борбор Азиядагы эң тынч мамлекеттердин бири",- деди Мирсаидов.

Тажикстандык эксперт туристтердин агымынын өсүүсү менен инвесторлордун дагы кызыгуусу жогорулай турганы талашсыз экенин айтты.

"Албетте, дагы деле болсо чечүүнү талап кылган маселелер бар. Мисалы, салыктарды жеңилдетүү, транспорттук байланыштарды жакшыртуу, авиабилеттердин баасын төмөндөтүү сыяктуу факторлор туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Бул маселелерди чечүү абдан маанилүү",- деди ал.

"Мамлекеттер ортосундагы ишеним"

Аркадий Дубнов

Сүрөттүн булагы, Facebook

Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубновдун айтымында, региондун мамлекеттери үчүн Шенген сымал бирдиктүү виза системасын киргизүү идеясы кызыктуу жана маанилүү демилге болгону менен жакынкы 5-10 жыл ичинде ишке ашуусу мүмкүн эмес.

Эксперт азырынча Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы ишеним деңгээли бирдиктүү виза системасын кабыл алуу үчүн жетишсиз деп эсептейт.

"Радикалдык экстремизмдин жайылышына каршы күрөшүүдө жана бул коркунучтун алдын алууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ыкмалары ар башка болгондуктан бирдиктүү бир аракетке жетүүгө мүмкүн болбой келет. Ошол сыңары Шенген сыяктуу виза системасын түзүү тууралуу макулдашууга жетишүү кыйын болот",- деди ал.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир нече өтө маанилүү келишимдер тууралуу сөз кылып, алар азырынча декларациялык гана мүнөзгө ээ экенин кошумчалады.

"Бул кызматташуунун жогорку деңгээлин чагылдырбайт. Мындай мамиле региондо бирдиктүү виза системасын кабыл алуу үчүн жетишсиз. Маселен, аймактагы беш мамлекеттин экөө, Тажикстан менен Түркмөнстан ушул кезге чейин беш өлкө ортосунда түзүлгөн достук келишимин ратификациялай элек же таптакыр кол койгон эмес. Андыктан Кыргызстан президентинин бул сунушу азырынча ишке ашууга даяр эмес болгон имидждик кадамдай сезилет. Алгач, Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасы боюнча парламенттер тарабынан ратификацияланган, чыныгы маанилүү келишим кандай иштейт көрөлү",- деди Дубнов.

Саясий стратегия

Токон Мамытов

Сүрөттүн булагы, Official

Мамлекеттик жана саясий ишмер Токон Мамытовдун пикиринде, Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда бирдиктүү виза системасын киргизүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул демилгени ишке ашыруу үчүн бир катар саясий, экономикалык жана техникалык шарттарды аткаруу талап кылынат.

"Эң биринчи беш мамлекеттин ортосундагы саясий мамилени тереңдетип жана бекемдеш керек. Ишенимди арттыруу зарыл. Туура, учурда коңшу өлкө менен чек ара аныкталды. Бирок анын дагы экинчи этабы бар. Мындайча айтканда, чек ара сызыгын чийип, мамыларды орнотуп коюп токтоп калган болбойт. Ошол мамлекеттер ортосундагы коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен көп тараптуу келишим түзөбүзбү же стратегиялык документ кабыл алабызбы ушул жагын карап чыгуу керек. Ошол сызыктар мамлекеттерди бөлбөй, аларды бир тууган өлкөлөргө айланткандай мамиле түзүлүш маанилүү. Мындайча айтканда, регионалдык интеграцияны колдогон саясий стратегияны кабыл алуу керек",- деп билдирди ал.

Саясий илимдердин доктору Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда тыгыз, так жана үзгүлтүксүз иштей турган маалымат алмашуу системасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Бул система биометрикалык маалыматтарды, жарандардын визалык тарыхын, кооптуу адамдардын маалымат базасын өз ара бөлүшүү маселесин камтыйт. Себеби ар бир мамлекеттин өз алдынча иштеген көзөмөл механизми, визалык саясаты бар. Ал жерде соттолгону, укук коргоо органдарынан качып, террористтик уюмдар менен байланышта жүргөнү бар. Мына ушул кооптуу маселелерди жөнгө салуу үчүн мамлекеттер арасында бирдиктүү система түзүү керек. Санариптик коопсуздукту камсыз кылган платформаларды иштеп чыгуу олуттуу жана татаал маселелердин бири",- деди ал.

Ошондой эле Токон Мамытов чек ара көзөмөлүн жана мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселесине токтолуп, региондо виза берүү укугуна ээ бирдиктүү борбор түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Кийинки эң олуттуу маселелердин бири, коопсуздук кызматташтыгын күчөтүү. Бул биринчи кезекте, терроризмге жана чек ара аралык кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүнү камтыйт. Ал үчүн мамлекеттердин чалгындоо, коопсуздук кызматтары, укук коргоо органдары жогорку деңгээде кызматташуусу зарыл. Өлкөлөрдүн коопсуздук стратегияларын шайкеш келтирүү маанилүү",- деди ал.

Мамытов беш мамлекет буга чейин эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташып келгенин айтып, бирдиктүү виза системасын киргизүү узак жылдарга созулган татаал процесс болбойт деген пикирин билдирди.

"Бизде пайдубал түптөлгөн. Андыктан велосипед ойлоп табуунун кереги жок. Бар болгон механизмдерди иштетип, иштелип чыккан келишимдердин биздин регионго ылайык келген пункттарын жөн гана ишке киргизиш керек",- деди ал.