Кыргызстан менен Тажикстандын экономикалык кызматташтыгы: жаңы мүмкүнчүлүктөр жана келечек
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим менен кошо бир катар маанилүү докуметтерге кол койду. Чек ара чыры башталгандан тартып жабык турган "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү пункттары кайрадан ачылды.
Эки лидердин жолугушуусунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири экени айтылды. Кыргыз президенти чек ара маселеси жөнгө салынгандан кийин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү олуттуу деңгээлге өсөт деген үмүтүн билдирди.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси соңку жылдары эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышына олуттуу кесепетин тийгизди.
Айрым адистердин айтымында, "Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишинин кайра жанданышы эки өлкө ортосундагы соода жана экономикалык кызматташтыкты калыбына келтирүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
"Рахмон мырзанын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары жөн гана эки өлкө үчүн маанилүү тарыхый окуя эмес, бул чыныгы жаңы доордун башталышы. Чек арага байланыштуу талаштуу маселени жөнгө сала алдык. Эми бул жалпы регионалдык жана эки тараптуу соода алаканын өсүүсүнө олуттуу таасир тийгизет деп айта алам",- деди экономист Кубат Рахимов.
Кыргызстан Тажикстан үчүн маанилүү транзиттик аймак болуп келген. Кыргызстан аркылуу өткөн жолдор Тажикстан үчүн эң кыска жана ыңгайлуу маршрут катары эсептелген.
"Мындан тышкары, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭС) мүчөлүгү эки өлкө үчүн тең соода жана экономикалык байланыштарда ыңгайлуу шарттарды түзгөн",- деп кошумчалады адис.
"Тажикстан товарлары Кыргызстандын аймагына кирип, андан ары Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Кыргызстан товары катары катталып, башка өлкөлөргө жеткирилчү. Мындан Кыргызстанга дагы киреше түшүп турган. Андан тышкары ошол эле айыл чарба өсүмдүктөрүн алалы. Маселен, Баткен облусунда өндүрүлгөн өрүктүн түшүмүнүн бир бөлүгү кайра иштетүү үчүн Тажикстандын Согди облусуна жөнөтүлүп, ошол эле учурда Согдиден Баткенге да товарлар келип турчу. Андан соң бул товарлар Кыргызстандыкы деп катталып, Баткенден Екатеринбург же Новосибирск сыяктуу шаарларга жөнөтүлчү"- деди экономист.
Транзит маселесин жандантуу

Сүрөттүн булагы, Facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Рахимов Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы транзит маселесин кайрадан карап чыгуу зарылдыгын белгилейт. Айтымында, Кыргызстан Тажикстандын Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) базарына чыгууда маанилүү өнөктөш боло алат.
"Бул аларды товар ташууда Өзбекстан менен Казакстанга гана көз каранды болбошуна жардам берет. Кыргызстан транзит жагынан алганда Тажикстан үчүн начар альтернатива эмес. Биздин аймак аркылуу тажик товарларын Орусия рыногуна жеткирүү бир топ ыңгайлуу багыт болуп саналат. Мындан тышкары, Тажикстан да кеминде эки мамлекеттин товарларын транзиттөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул өлкөлөр Афганистан жана Иран. Анткени бул аймактардан эрте бышкан жашылчалар, мөмө-жемиштер көп учурда адегенде Тажикстанга келип, андан ары Евразия экономикалык биримдиктин базарына жөнөтүлөт. Ошондуктан Кыргызстанда бул транзиттик багытты кайрадан өзүнө кайтарып алып, андан киреше табуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жерде биздин жүк ташуучулар, логистика тармагында иштеген компаниялар да пайда көрөт", - деди Рахимов.
Ал энергетика тармагындагы кызматташтыкты да өзүнчө маанилүү маселе катары белгиледи. Айтымында, САSА-1000 долбоорун ишке ашырууда туура кадам жасоо өтө маанилүү.
"Бул жерде Кыргызстан менен Тажикстан атаандаштыкка барбастан, өз ара пайдалуу кызматташтыкты көздөшү зарыл. Айрыкча Афганистан рыногу үчүн атаандашпастан, Пакистанга экспорттоло турган электр энергиясынын көлөмү боюнча адилеттүү үлүш алууга көңүл буруу абдан маанилүү", – деп кошумчалады эксперт.
"Экономикалык алаканы жөнгө салуу оңой болбойт"
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу чек ара маселесинин саясий өңүтү чечилгени менен экономикалык байланыштарды калыбына келтирүү бир топ убакытты жана аракетти талап кыларын белгиледи.
Айтымында, буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда расмий соода-сатыктан тышкары, контрабандалык товар жүгүртүү дагы жогору болгон.
Чек ара такталып, тосулган соң мыйзамдуу соода байланышын жандантуу үчүн убакыт талап кылынат дейт ал:
"Маселен, Өзбекстан менен чек арага жакын аймактарда бизнести өнүктүрүү максатында Кыргызстан-Өзбекстан өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Бирок Тажикстан менен бул сыяктуу жагдайлар бир аз татаал болушу мүмкүн".
Эксперт Тажикстандын географиялык абалына токтолуп, бул өлкөнүн Кыргызстан аркылуу Кытай рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
"Тажикстан катаал географиялык шартта жайгашкан. Түштүк тарабынан Афганистан менен чектешип, бул багытта дээрлик кызматташуу жокко эсе. Мындан тышкары, Өзбекстан менен болгон мамилеси жакында эле оңоло баштады. Кытай менен болсо Кыргызстандай тыгыз байланышта эмес. Ушул жагдайда Тажикстан транзиттик байланыш боюнча Кыргызстанга көбүрөөк муктаж",- деди ал.
Статистикалык маалыматтар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2021-жылы болгон чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстан көзөмөл-өткөрүү пункттарын бир тараптуу жапкан. Ага чейин эки мамлекеттин соода-экономикалык байланышы салыштырмалуу кыйла жигердүү болгон.
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, 2020-2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын Тажикстан менен болгон соода жүгүртүүсү 22,2 эсеге төмөндөп кеткен.
Соңку эле жылды ала турган болсок, былтыр Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө Тажикстандын үлүшү 0,01 пайыз гана болгон.
2024-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү 1,68 миллион долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 29,4 пайызга азайган.
Анын ичинде экспорт 0,03 миллион доллар болуп, 40 эсеге кыскарган. Импорт 1,65 миллион долларга жетип, 39,8 көбөйгөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев март айынын башында Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугуп, анда товар жүгүртүүнү 2030-жылга чейин 500 миллион долларга көбөйтүү маселеси тууралуу сөз болгон.
Соңку беш жылдагы Кыргызстан менен Тажикстандын товар жүгүртүүсү:
2020-жылы – 37,3 млн $
2021-жылы - 27,9 млн $
2022-жылы - 5,0 млн $
2023-жылы - 2,38 млн $
2024- жылы - 1,68 млн $
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө Тажикстандын көрсөткүчү:
2020-жылы – 0,7%
2021-жылы - 0,3%
2022-жылы - 0,04%
2023-жылы - 0,01%
2024- жылы - 0,01%
Экспорт:
2020-жылы – 28,1 млн $
2021-жылы - 23,8 млн $
2022-жылы - 3,30 млн $
2023-жылы - 1,20 млн $
2024- жылы - 0,03 млн $
Тажикстандын экспорттогу үлүшү:
2020-жылы – 1,4%
2021-жылы - 0,9%
2022-жылы - 0,1%
2023-жылы - 0,04%
2024- жылы - 0,001%
Импорт:
2020-жылы – 9,2 млн $
2021-жылы - 4,1 млн $
2022-жылы - 1,70 млн $
2023-жылы - 1,18 млн $
2024- жылы - 1,65 млн $
Тажикстандын импорттогу үлүшү:
2020-жылы – 0,25%
2021-жылы - 0,07%
2022-жылы - 0,02%
2023-жылы - 0,01%
2024- жылы - 0,01%
Кыргызстандан Тажикстанга негизинен нефть продукциялары, анын ичинде авиациялык керосин жиберилет. Бул жалпы экспорттун 94 пайызын түзөт. Ошондой эле аз көлөмдө эт консервалары да жөнөтүлөт.
Тажикстандан Кыргызстанга негизинен алюминийден жасалган буюмдар келет. Бул жалпы импорттун 96 пайызын түзөт. Мындан сырткары, аз өлчөмдө мөмө-жемиштер, изоляцияланган электр зымдары кирет.












