Кыргызстан Тажикстан менен кайсы жерлерди алмашат? Ташиевдин баяндамасы
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
Жогорку Кеңештеги комитеттердин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча долбоор каралды. Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Ташиев атайын баяндама жасады. Ал чек араны тактоо ишинин мындан аркы процедурасын чечмелеп, өтө талылуу маселе каралып жатат деп белгиледи.
Ташиевдин айтымында, сүйлөшүүлөргө кесепети тийбесин деген жүйөө менен чек араны тактоо боюнча маалыматтар буга чейин кызматтык пайдалануу үчүн (ДСП) гана жеткиликтүү болуп келген. Макулдашуу аяктагандыктан эми бул маалыматтарды ачык талкуулоого болот.
Түрдүү документтер, ар башка карталар

Сүрөттүн булагы, Social_media
Чек араны тактоо маселесинде ишти оорлоткон негизги факторлордун бири —ар башка документтердин чиеленишип калганы болду. Ал тургай бул боюнча Москвадагы архивдерди изилдеп чыгуу демилгеси да бир нече жолу көтөрүлгөн эле.
"Тажикстан тарап 1924-1927-жылкы материалдарды пайдаланууну, Кыргызстан болсо 1991-жылдын 8-декабрындагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин түзүү келишимин, 1991-жылдын 21-декабрындагы Алматы декларациясын жана КМШ мамлекеттеринин эгемендүүлүктү сактоо, аймактык бүтүндүк жана чек аралардын кол тийбестиги боюнча Москва декларациясына негиз кылып, чек араны чечүүнү сунуштаган",- деди Ташиев.
Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 1006 километрден ашат. Анын 519 чакырымы 2011-жылга чейин такталган. Калган бөлүгү (486 чакырымдан ашык) соңку үч жылда такталды.
Чек ара маселесин тактоодо жерлерди алмашуу тажрыйбасы бар. Анда жерлердин баалуулугуна, аянтына жана ыңгайлуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. Бул эл аралык практикада кеңири колдонулуп келген натыйжалуу ыкмалардын бири. Эл аралык мамилелерде Борбор Азия бирдиктүү аймак катары бир позиция менен чыга албагандыктан алсыз болуп келгенин айткан адистер көп. Буга негизги себептердин бири — такталбаган чек ара маселелери, андан улам пайда болгон пикир келишпестиктер аймактын ыркын кетирип келди дешет.
Алмашылган жерлер:
"Тажикстандын Кайрагач тилкесинен 155 гектар жана Кайрагач анклавынын 35 гектар жер алынды. Жалпы аянты 190 гектар. Анын ордуна Кыргызстандын Саада аймагынан 21 гектар, Раззаков тилкесинен 23,5 гектар, Селкандан 4 гектар, Майтыдан 7 гектар, Пролетарск тилкесинен 12,5 гектар, Улакжайдан 15 гектар, Ак-Арыктан 7 гектар берилди. Бул жалпысынан 90 гектарды түзөт. Мындан сырткары Баткен районунун Карабак участогунан 65 гектар жер берилди. Бириктире келгенде 155 гектар жер. Ошондой эле Тажикстандын Кайрагач анклавы үчүн Майтыдан 35 гектар жер берилди. Жалпы 190 гектар жер берилди. Алмашылган жерлердин аянты бирдей",- деди Ташиев.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыйма-чийме, аралаша жайгашкан тилкелер кандай чечилет деген маселе көптөрдү ойлондуруп келди. Айрымдар мындай мисалдарды алмашуу аркылуу чечип, эң башкысы кайсы жер кайда алмашылып, кантип чечилгени жергиликтүү элге так түшүндүрүлүшү зарыл дешет. Мындай чиеленишкен маселе турак-жайлар менен эле бүтпөйт.
"1991-жылдагы чек ара сызыгы Хужент-Арка-Канибадам автожолунун тең ортосунан өткөндүгүнө байланыштуу Тажикстан тараптын өтүнүчү менен 3 гектар "Достук" базары жана жол Тажикстандын эсебине жазылды. Жалпы 12 га жер. Анын ордуна Тажикстан тараптан эки эсе көп жер алдык, аянты 25 гектар. Бул базар жана жол деген жүйөөнү келтирдик. Ошол эле Карабак, Лаккон аймагынан Кыргызстан пайдаланып келген 200 гектар жерди Тажикстан тарапка калтырып, анын ордуна 200 га жер алынды. Алмашуулардын негизинде Кулундунун төмөн жагында жайгашкан Селкан каналынын аркы жээгиндеги майда-барат жерлерди берип, алардан участокторду алып, түп-түз чек ара сызыгы түзүлдү",- деп маалымат берди Ташиев.
"Головной" суу бөлүштүрүү жайы
Соңку жылдары Борбор Азия калкынын өсүшү жер, сууга муктаждыкты ого бетер күчөттү. Климаттын ысышынан улам акырындап суулардын тартылуусу маселени ого бетер актуалдаштырууда. Сууга тиешелүү маселелер чек ара тактоодогу өтө машакаттуу иш болгонун өкмөт айтууда. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бир нече жаңжалга "Головной" суу бөлүштүрүү жайы себеп болуп келгени бар.
"1989-жылы эле ортосунан бөлөбүз деген сөз болгон. Ак-Суу суусу башынан бөлүнүп келип эле "Головнойдон" бөлүнбөй калат. Бул маселени чечүү эки жылдай талаш менен коштолуп келди. Жыйынтыгында 3 люк тең бөлүндү. 1,5 люк Кыргызстанга калды, 1,5 люк Тажикстанга берилди. 1 люк 3-4 метр чыкпаган жер болушу керек. "Головнойдогу" 1,5 люктун ордуна жалпысынан 750 гектар жер алдык",- деди Ташиев.
Кайсы жерлер алынды?
Унжу-Булактан 500 гектар жер (Чоң Алай району)
Кароол-Дөң (Сүлүктү шаарына кире берген жер) 100 гектар ары кирди
Катта-Туз участогунан 150 гектар жер кыргыз тарапка өттү (жалпы 600 гектар жер, анын 450 гектары Кыргызстанга таандык болуп калды). Ал жерде нефть скважиналары болгон. Ошонун баары тең бөлүндү.
Туташ эмес жерлерди жөнгө салуу
Соңку жылдардагы куралдуу кагылыштарда кыйрап калган айылдардын бири "Достук" айылы. Кыргыз бийлиги ал айылды башынан куруп чыккан эле. Бул айылдын аймагы эч кандай стратегиялык мааниге ээ эмес экендигин айткан Ташиев алмашуу жөндүү болду деп чечмеледи. Ал айылдын аянтына жараша жер жана ага кошумча жаңы курулуштар үчүн деп компенсация алынганын билдирди.
"Достук айылынын (Баткен району) 91 гектар жери толугу менен, Мазейиттен 8,3 гектар жер, Көк-Терек айылынан 17,5 гектар, Таш-Тумшук айылынын 20,1 гектар жери жана Дача участогунун 5 гектары Тажикстанга өттү. Башкача айтканда 142 (141,9) гектар жерди бердик.
Анын ордуна Исфара районунун Сомоньен айылын алдык (18,4 гектар), Дахма участогун алдык (3,1 гектар), Кожайло айылынын бир бөлүгүн алдык (21,5 гектар), Гафсувар участогун алдык (2,7 гектар), Миң-Булак участогун багы менен алдык (42 гектар) жана Лакхон участогунун бир бөлүгүн алдык (55 гектар) алдык. Жалпысынан 142,7 гектар жер алдык. Андан сырткары "Достук" айылына жаңы курулган үйлөр, чек ара заставасы үчүн кошумча 30 гектар суулуу жерди Кара-Бак айылы жактан алдык. Достук айылына мамлекет кайрадан үй салып берет",- деди Ташиев.
Ворух анклавы
Анклав, эксклавдар чек ара тактоодогу баш ооруга айланган маселелердин бири. Кыргызстан Өзбекстан менен чек арасын тактоо ишинде дагы Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавын айырбаштап маселени чечкен эле.
"1991-жылдагы эсеп боюнча, тажик тарап 19 000 гектар жерди пайдаланып жүргөн. Катаал сүйлөшүүлөрдөн кийин 14 500 гектар жерди аларга калтырдык. Сүйлөшүү абдан оор болду. Ворух анклавынын айланасынан тажик тараптын суранычы боюнча 1000 гектар жайыт жер аларга берилип, анын ордуна Чоң-Алайдын Караган Сайынан 1000 гектар жайыт алдык. Тажик тарап негизи 5000 гектар жайыт жер сурады, бирок анчалык жерди берген жокпуз. Унжу-Булактын ылдый жагындагы көпүрө Кыргызстанда калды",- деди Ташиев.
Төрт көчө
Эки өлкө узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Баткен облусундагы Төрт-Көчө боюнча орток пикирге келди.
"Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болду. Жалпысынан 40 метр тилке (10 метр жол, жолдун эки жээгиндеги 15 метрден жер коопсуздук тилкеси) нейтралдуу статуста болот. Мурдагыдай меники деп келип эч ким тосуп албайт. Бул кыргыз тараптыкы да эмес, тажик тараптыкы да эмес. Бир эле көпүрөнү сүйлөшүү үчүн алты ай сүйлөшүү токтоп калды. Бул боюнча айта турган сөз көп, муну кийин айтып берем",- деди Камчыбек Ташиев.
Мындан сырткары жол куруу, энергетикалык объектилер, суу чарбачылыгы боюнча дагы орток эрежелер кабыл алынды.
Ошентип Кыргызстан менен Тажикстан ондогон жылдар бою чечилбей келе жаткан чек ара маселесине чекит коюп, мамилелердин жаңы барагын ачууга бел байлап турган учуру.
Кыргызстан Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Алгач Кытай менен, кийин Казакстан менен такталган соң Өзбекстан менен маселе чечилбей келген. 2020-жылдан кийин сүйлөшүүлөр башталып, Өзбекстан менен чек ара чечилген. Тажикстан менен маселе толук чечилсе чек ара көйгөйү толугу менен жайгарылат.












