ЕАЭБ жана Кыргызстан: Соңку беш жылдагы соода-сатык
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине сегиз жылдын жүзү болду. Көпчүлүк бул уюмду Бажы биримдиги деген ат менен билет. Уюм ичиндеги соода-сатыктын абалы кандай?
Өлкөнүн ЕАЭБге кошулуусу жөнүндө мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 21-майда кол койгон.
Постсоветтик мейкиндикте Евробиримдиктин аналогу болуп калат деп болжолдонгон интеграциянын тегерегинде буга чейин айтылып келген карама-каршы пикирлер айрыкча Орусия менен Украинанын ортосунда согуш башталгандан тартып күч алды. Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүн санкцияланган товарларды алып өтүү үчүн колдонуп жатат деген билдирүүлөр арбыды.
Соода-сатыктын тактыгына бажы кызматы дагы, башкалар дагы көз салып турган чак...
Жаздан тарта батыш өлкөлөрүнүн расмийлери Кыргызстанга биринин артынан экинчиси келе баштады. Аперлдин соңунда келген АКШнын финансы министринин каржылык кылмыштарга каршы күрөш боюнча орун басары Элизабет Розенберг менен соода министринин орун басары Мэтью Аксельрод дал ушул маселе боюнча кыргыз өкмөтү менен жолугушууларды өткөрдү. Алар согуш башталгандан тартып Орусияга Кыргызстандан экспорт эки эседен ашык көбөйгөнүн айтышты.
Алар менен катарлаш Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид да Кыргызстанга келип кетти.
Мартта болсо Евробиримдиктин санкциялар боюнча өкүлү Дэвид О'Салливан оор санкцияларга тушуккан Россияга Кыргызстан көмүскө жол менен товар ташып жатабы деп кыйыткан.
Аталган маселе боюнча кыргыз бийлигинин өз жүйөсү бар.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын экспорту өсүп жатканын ырастайт. Кыргыз чиновниги Дүйнөлүк соода уюмунун эрежесине таянып, Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнөн шектүү товарлардын тизмесин сурап жатат:
“Биз өзүбүздүн статистикабызды бергенге даярбыз, бирок силер товарлардын тизмесин бизге беришиңер керек дедик. Кайсыл товарлар кыйыр санкцияга түшүп жатат, балким тиричилик товарларынын эле алкагында жүрүп жаткандыр дедик. Анткени биз мунун негизинде экономикабызга терс таасирин тийгизип албашыбыз керек. Себеби, биздин соодабыз Россия менен эле өскөн жок. Мисалы, Европанын бир катар мамлекеттери менен 300% өсө турган жагдайбыз бар. Анткени санкциялардын арты менен кээ бир мамлекеттер бизден товарларды ташыганга муктаж болуп калды. Биз транзиттик мамлекетпиз”,- деген эле Амангелдиев.
Ушундай эле күмөн саноо коңшу Казакстандын дарегине дагы айтылып келет. Бирок аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев расмий түрдө Астана санкцияларды бузбай турганын айтып, көзөмөлдөөчү органдар Орусияга товарлардын реэкспортун кылдат көзөмөлгө алат деп убада кылган.
Би-Би-Си биримдикке кирген өлкөлөр менен Кыргызстандын соңку беш жылдагы соода-сатык алакасын карап көрдү.
2019-жыл:
2019-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2 миллиард 742,5 миллион долларды түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 2,1 пайызга азайган.
Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүү 39,3 пайызды түзгөн. Экспорт 32,3 пайыз, импорт 42,1 пайыз болгон. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен өз ара сооданын эң чоң үлүшү Россияга (61,5 пайыз) жана Казакстанга (36,3 пайыз) туура келген.

Бул жылы Армения менен 651,5 миң доллар өлчөмүндө гана майда импорттук жана 130,7 миң доллар өлчөмүндө экспорттук операциялар ишке ашкан.
2020-жыл:
2020-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүсү 2 миллирад 439,8 миллион долларды түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 11,0 пайызга азайган.
Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соода республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүнүн 42,9 пайызын түзүп, анын ичинде экспорт 28,1 пайыз, импорт 50,7 пайыз болгон. Бул жылы дагы ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,6 пайыз) жана Казакстанга (33,2 пайыз) туура келген.

2021-жыл:
2021-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода-сатыгы 3 миллиард 426,4 миллион долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 40,4 пайызга өстү.
Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соода республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүнүн 41,1 пайызын түзүп, экспорт 28,8 пайыз, импорт 47,2 пайыз болгон. 2021-жылы дагы эң чоң үлүшү Россияга (67,3 пайыз) жана Казакстанга (30,5 пайыз) туура келген.

2022-жыл:
2022-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 4 миллиард 532,0 миллион долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 32,3 пайызга өскөн.
Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соода республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүнүн 38,4 пайызын түзүп, экспорт 65,8 пайыз, импорт 32,1 пайыз болгон.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,4 пайыз) жана Казакстанга (26,2 пайыз) туура келген.

2023-жылдын эки айынын көрсөткүчү
2023-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 545,3 миллион долларды түзүп, 2022-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 11,0 пайызга азайган.
Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 31,7 пайызды, анын ичинде экспортто 63,1 пайызды, импортто 26,3 пайызды түздү.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (61,6 пайыз) жана Казакстанга (35,5 пайыз) туура келген.

Беш мамлекеттин башын бириктирген Евразиялык экономикалык биримдикке Кыргызстан жаңы кошулганда коомдо кайчы пикирлер күч алып, кызуу талкууга айланганына карабай кыргыз бийлиги биримдикке кошулууну экономикалык чоң жеңиш катары сыпаттаган.
Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев болсо тиешелүү документке кол коюу аземинде Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына төп келе турганын айткан.
“Бүгүн биз үчүн даңазалуу күн. Азыр Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлат. Ошентип биз дүйнөдөгү эң ири экономикалык бирикмелердин бирине кошулуу боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду толук аяктадык. Кыргызстан бул биримдикке кошулууда улуттук кызыкчылыктарды башкы орунга коюп, бир топ жеңилдиктерге жетишти. Ошондон кийин гана биз Евразия экономикалык биримдикке кошулуу боюнча келишимге кол койдук”, - деген эле Алмазбек Атамбаев.

Сүрөттүн булагы, officcial
Кыргызстан экономикалык чоң жеңишке жеттиби?
Айрым эксперттер өлкөнүн биримдикке кошулуусу Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногуна тоскоолдуксуз чыгуусуна жол ачаарын айтышкан.
Бул кыргыз товарларынын экспорттоо ишин гана жакшыртпастан алардын сапатын арттырууга, атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзө турганын жоромолдогон.
Ошол эле учурда Кыргызстандын биримдикке кошулуусу өлкөгө олуттуу деле артыкчылык бербей турганын айтып, тескерисинде эгемендикке шек келтирет деп чыккандар дагы болгон.
Айрым эксперттер учурда ЕАЭБ көбүрөөк саясий мотивди көздөп жатканын, ушунча жыл аралыгында Кыргызстан олуттуу деле утушка ээ болбогонун айтып сындап келишет. Алар уюмдун негизги принциптери болгон эркин соода тилкеси, эркин акча жүгүртүү жана жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүүсү толук кандуу аткарылган жок дешүүдө.
Ошентип бул жолку талдоо Кыргызстандан ташылган жүк эң жакын коңшусу Казакстандын көзөмөл жайларында маал-малы акыя кезек күтүп, бир жагынан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна зор үмүт артып турган учурга туш келди.
Айтымдарында, ЕАЭБдин алкагында агрардык кызыкчылыгы корголбой убара тартып жаткан дыйкандар дагы жок эмес. Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар кармалып, продукцияларын алып өтө албай нааразы болгон айдоочулардын көйгөйлөрү маал-маалы менен коомдун назарын буруп келет.












