Эмомали Рахмондун сапары: сууган алака кайра жанданабы?

Рахмон

Сүрөттүн булагы, president.kg

12-мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Соңку төрт жылдан бери чек ара жаңжалына байланыштуу эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлап, чек ара жабылып, алака-катыш дээрлик токтоп турат. Бул сапар ымаланы калыбына келтирүүдө негизги кадам болору айтылып жатат.

Тажикстандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери 10-март күнү кечинде белгилүү болду. 11-мартта президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин расмий билдирүүсү жарыяланып, сапардын жүрүшүндө чек ара келишимине кол коюлары пландалып жатканы кабарланды.

"Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда", – деп айтылган Муратбек Азымбакиевдин билдирүүсүндө.

Тажикстандын тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта чек ара келишими жөнүндө кеп козголгон эмес:

"2025-жылдын 12-13-мартында Тажикстандын президенти, улут лидери, урматтуу Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен барат. Мамлекеттик сапардын күн тартибинде тажик-кыргыз мамилесин талкуулоо жана эки тарапты кызыктырган башка маселелер бар. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчылары эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюшат".

Мындан мурдараак, 5-мартта Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Душанбеге иш сапары менен барып келди. Дал ушул сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусуна даярдык көрүлүп жатканы кабарланган, бирок сапардын датасы айтылган эмес.

Анда Касымалиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушкан. Тараптар экономикалык байланышты бекемдеп, 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүүгө ниеттенип жатканын билдиришкен. Мындан тышкары энергетика тармагында кызматташууга олуттуу түрдө көңүл бөлүү, "CASA-1000" долбоорун тез арада жүзөгө ашыруу, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда түз аба каттамдарын жандандыруу зарыл экенин белгилешкен.

Мурдараак "Азия-Плюс" агенттиги Тажикстандын Статистика комитетине шилтеме берип жазгандай, өткөн жылдын алгачкы үч кварталында эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү болгону 9 миллион доллардан ашкан. Чек ара жабык болгондуктан соода-алака акыркы төрт жылдан бери Казакстан менен Өзбекстандын аймагы аркылуу жүрүп жатат.

Негизинен Тажикстандан Кыргызстанга пахта жиби, курулуш материалдары, жер-жемиш келет. Кыргызстан Тажикстанга мунай өнүмдөрүн, көмүр, брикет, цемент экспорттойт.

чек арага жакын жайгашкан аймак

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Соода-сатык, алака кандай болот дегендер арбын

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Баткендик активист, акын Сарвар Турдубаев Эмомали Рахмондун сапарынан кийин чек ара ачылса, жергиликтүү элдин жүгү кыйла жеңилдей турганын белгилейт. Ошол эле маалда элди түйшөлтүп жаткан суроолор да көп экенин айтат:

"Чек арадан өтүү эрежеси мындан ары кандай болот, нары-бери ээн-эркин каттайбызбы же документ көрсөтүп өтүп калабызбы деген суроолор бар. Маселен, мен жашаган Жаңы-Жер, Кулунду айыл өкмөттөрү сыяктуу Лейлектеги айылдарда элдин көбү соода менен алектенет. Чек ара ачык турганда азык-түлүктүн баасы кыйла арзан эле. Себеби Оштон, Исфанадан (Раззаков), Бишкектен бул жакка алып келгенче товардын наркы өтө кымбаттап кетет. Мурда документ деле көрсөтпөй, жакын жердеги тажик базарларына кирип-чыгып жүргөнбүз. Товар ташуу оңой болгон. Эми кандай болору белгисиз. Айрым адамдар чек ара мурдагыдай эле ачык болсо экен дейт. Кээ бири зым тартып салыш керек, зарыл болгондо паспортту көрсөтүп өтүп тургандай болуш керек дейт. Кечээ болгон окуяны унутуп калдыңарбы деп айтышат".

"Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун Азия боюнча аймактык кеңешчиси, мургабдык Кеңешбек Сайназаров Баткендеги кандуу окуялар кара так болуп кала берерин, ошентсе да тынчтыкты камсыздоо үчүн чек ара маселесин чечип, мамилени жакшыртуудан башка жол жок экенин белгилейт:

"Чек ара жабылгандан кийин Тажикстандагы тууган-уруктардын, этникалык тажиктердин, этникалык кыргыздардын жашоосу абдан оорлошуп кетти. Мен Сары-Колдон болом. Ал жактагы кишилер бул жакка үч күн жол жүрүп, Өзбекстан аркылуу келип жатышат. Жол киренин кымбаттыгын, кыйналгандарын айтпай эле коеюн. Жаңжалдан кийин ал жактагы этникалык кыргыздарга болгон мамиле да кадимкидей өзгөрдү. Ымалабыз калыбына келсе, Тажикстанга караштуу Жерге Тал, Мургаб райондорундагы кыргыздардын жашоосу өз нугуна түшөт деп үмүттөнөм".

"Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун Азия боюнча аймактык кеңешчиси Кеңешбек Сайназаров Баткендеги кандуу окуялар кара так болуп кала берерин, ошентсе да тынчтыкты камсыздоо үчүн чек ара маселесин чечип, мамилени жакшыртуудан башка жол жок экенин белгилейт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун Азия боюнча аймактык кеңешчиси Кеңешбек Сайназаров Баткендеги кандуу окуялар кара так болуп кала берерин, ошентсе да тынчтыкты камсыздоо үчүн чек ара маселесин чечип, мамилени жакшыртуудан башка жол жок экенин белгилейт

"Чек ара маселесин ортомчусуз чечүү чоң иш болду"

Сайназаров Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин үчүнчү тараптын кийлигишүүсү жок чечип алганы негизги олжо болду деп эсептейт.

"Кагылышуу орун алганда тыштан ортомчулар чыга калганын көрүп жатабыз. Бактыга жараша, бул жерде эки тарап гана сүйлөшүп, эки тарап гана чечим кабыл алганы жакшы болду. Эгер ортого Борбор Азиянын тышынан ортомчу келсе, иш кандай бүтөт эле, ким билет? Фергана чиеленишкен, калк жыш отурукташкан, кооптуу маселеси көп өрөөн. Ошондуктан тыштан кийлигишүү болгондо ашыкча болуп кетмек", – дейт Сайназаров.

Саясат талдоочу Эмил Жураев дүйнөдө геосаясий кырдаал өзгөрүп жаткан шартта Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ынтымакка келиши маанилүү деген көз карашта. Анын пикиринде, зарыл болгон учурда чөлкөмдөгү мамлекеттер бир позицияда болушу керек:

"Тажикстанда бизден да курч маселе бар. Түштүк жактан чектешкен кошунасы Ооганстан менен мамилеси анча жакшы болбой турат. Коопсуздукту сактоодо бардык мамлекеттер Кабулдагы азыркы бийлик менен тил табышып, ымалага келиши керек болот. Рахмондун Кыргызстанга келиши акыркы эки жылда өтө интенсивдүү жүргөн иштин жыйынтыгы".

Бул арада 31-мартта президент Садыр Жапаров Хожент шаарына сапар алары күтүлүп жатат. Ал жакта Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын башчыларынын жолугушуусу өтөт.

чек арага жакын аймак

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Чек араны тактоо

Быйыл 27-февралда парламент комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарды кыргыз-тажик чек ара келишиминин долбоору менен тааныштырган. Ал маселе бир катар жер тилкелерин алмашуу аркылуу чечилгенин кабарлаган. Долбоор колдоо тапкан.

Расмий маалыматка караганда, кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 1006 чакырымдан ашат. Анын 519 километри 2011-жылга чейин такталган. Калган 486 чакырымдан ашык тилке акыркы үч жыл аралыгында такталды.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамилеси 2021-жылы апрель айындагы чек ара тилкелериндеги кандуу окуядан кийин кескин начарлап кеткен. Бишкек ошол эле жылы майда чек араны бир тараптуу жапкан.

Андан көп өтпөй, 2022-жылы сентябрда кайрадан куралдуу кагылышуу болгон. Душанбе жаңжал учурунда 41 жараны каза тапканын маалымдаган. Кыргыз тараптап бери дегенде эле 63 киши көз жумган. Мунун үчтөн экиси аскер кызматкери болгон. Алардын айрымдарынын сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган.

Эмомали Рахмондун Бишкекке сапарын утурлай борбордук бир катар көчөлөр жабылды. Алардын арасында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан "Ата-Бейитке" кеткен жол да бар.

Ошентип Кыргызстан менен Тажикстан соңку жылдары кескин начарлап кеткен мамилелерин жакшыртып, өз ара карым-катышынын жаңы барагын ачууга умтулуп жаткан чагы.

Макаланын автору Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти Айдай Аманкулова