Өз үйүңө кайдан жетсин? Карылар үйүндөгү түрдүү тагдырлар

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

“Үмүт” карылар үйүндө эки жүздөн ашуун киши жашайт

Жакында эле Бишкектеги карылар үйүнүн бирине баш бактык. Биз барган учурда мектеп окуучулары, демөөрчү болууну каалагандар биринен сала экинчиси келип жатыптыр. Кимдир бирөө концерт коюп, ал жактагылардын маанайын көтөргүсү келсе, дагы бири үкөктөп азык-түлүк алып кирип жаткандай болду. Жетекчилиги дагы карылар күнүнө жакын ушинтип бизди баары эстеп калат деп жылмайып койду.

Улгайган адамдардын күнүн утурлай ал жакта күн кечирип жаткандардан кабар алуу үчүн бардык эле. Жетекчинин сөзү бизге да кыйытма болгондой эле сезилди. Ойлонбой коё албайт элем, чындыгында эмне үчүн алардан майрам күндөрү гана кабар алабыз?

Имараттын ичине киргенде көпчүлүктүн маанайы көтөрүңкү экенин байкадым. Алар тагдырдын оор сыноосуна туш болуп, алдан-күчтөн тайган кезде жакындарынын камкордугунан айрылып калгандарын бир саамга унута түшкөндөй элес калтырды.

Чач-тарачка кезекке туруп, күзгүнү улам-улам карап майрамга даярданып жатышкан экен. Бир аз убакытка аларды карап туруп калдым.

Аңгыча кезек күтүп турган апалардын бири күлүмсүрөп мага кайрылып, “кызым чачымды кандай кырктырсам жарашат болду экен?” деп сурап калды.

Ошентип экөөбүз баарлашып кеттик. Өзүн Курманбүбү деп тааныштырган апа “фамилиямды айтпай эле коёюн, эл укса эмне дейт” деп калды.

Апа жан дүйнөсүн төгүп бала-бакырасы, бир туугандары тууралуу жаңы эле сөз баштап киргенде кызматкерлердин бир келип маектешчү адамдар күтүп жатат деди.

Курманбүбү апанын маеги дагы биз үчүн маанилүү экенин айтып, аны менен болгон диалогду соңуна чыгарып алууну өтүндүк.

Кызматкер ден-соолугуна байланыштуу айрымдар менен маектешүүгө уруксат берилбейт деген жүйөөнү айтып бизди башка бөлмөгө ээрчитип кетти.

Баарлашкан ата-апалардын дээрлик баардыгы бала-бакырасына, бир туугандарына чаң жугузбай карылар үйүнө өз каалоосу менен келгенин, алардын мындай чечимдерине жакындары каршы болгонун айтып жатышты.

Бирок канчалык аракет кылса дагы алардын сүйлөгөнүнөн, эмоциясынан бул айласыздан кабыл алынган чечим болгону байкалып турду.

“Карылар үйүндө жашаган жат көрүнүш эмес”

Гүлжекан Байзакова он жылдан ашуун убакыттан бери карылар үйүндө жашайт

Ошентип маектешүүбүздүн кийинки бөлүгүн он алты жылдан бери карылар үйүндө күн кечирип жаткан Гүлжекан апа менен уланттык.

Гүлжекан Байзакова Ысык-Көл облусунун Жаркынбаев айылынан келиптир. Майыптыгы бар, бала кезинен эле эки буту баспай калган экен.

Айтымында, бул жерге ата-энесинин көзү өткөндөн кийин келген. Бир туугандарынын колун карап, алар менен калууну каалаган эмес.

“Беш жыл жалгыз жашадым. Айыл жеринде шарты жок жер үйдө жалгыз күн кечирген дагы болбойт экен”,- деди ал.

Гүлжекан апа майыптыгынын азабынан турмушка дагы чыкпай калган. Бала кезинен санаторийде өскөндүктөн карылар үйүндө күн кечирүү ал үчүн жат көрүнүш эмес экенин айтат.

Бул бөлмөгө карылардын колунан чыккан түрдүү буюмдар коюлган

Ал мына бул чакан кол өнөрчүлүк бөлмөсүн ачып алган. Бекер отурбай башкалар менен бирге оймо-чиймелерди жасап алаксып турушат экен.

“Төрт маал тамактанабыз, жаман эмес. Чынын айтканда, үйдө мындай тамак жасаганга кудуретим жетчү эмес”,- деди ал.

“Туугандарымдын үйүнө алдан-күчтөн тайыганда барам”

Жашы жетимиштен өтүп калган Ашырбүбү Абдрахманова кызмат деп жүрүп убагында баарынан кур калган экенмин деп кейиди.

Айтымында, жаш кезинде башкы агрономдон тартып, бир канча жетекчилик кызматтарда иштеген. Жолдошу экөө балалуу боло алышкан эмес.

Кийин абышкасы каза болуп, айылда жалгыз калганда шаарда турган иниси Бишкекке алып келип алган.

Айтымында, бир тууганы эки кабат үйдө, бардар жашачу. Бирок ошол заңгыраган турак-жай Ашырбүбү апага тардай сезилчү.

“Бир тууганың болсо деле баары бир бирөөнүн үйү да. Бөтөн үй деген бөтөндүгүн кылбай койбойт. Аялы экөө үнүн бийик көтөрүп сүйлөшүп калса ыңгайсыз болосуң. Балдарын кагып-силкип койсо дагы өзүңдү башкача сезесиң. Бул жерде кааласаң жатасың, каласаң турасың. Өз билгениңдей жашайсың”,- деди ал.

Ашырбүбү апа бул жерге Жалал-Абад облусунан келген
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ашырбүбү апа бул жерге Жалал-Абад облусунан келип жашап жатканына төрт жылдын жүзү болгон.

“Бир күнү телевизордон ушул үйдү көрсөтүп калды. Мага ылайыктуу жер экен деп дароо келиниме айттым. “Эл эмне дейт? Эжесин алып барып тигил жерге тапшырып коюптур деп эртең эле кеп кылып чыкпайбы” деп болбой койду. Анан иниме айтсам ал түшүнгөндөй болду. Ошентип келип калдым”,- деп эскерди Ашырбүбү апа.

Айтымында, бир туугандары келип кабар алып турат. Соңку учурда алып кетели деген сөздөр дагы көп айтылып жатат дейт:

“Качан алдан-күчтөн кетип, өзүм эптей албай калганда барам деп жатам. Инимдин көзү өтүп кеткен. Келин болсо кыздарына, Америкада баласы бар ага кетет. А мен заңгыраган үйдө жалгыз жатып бир нерсе болуп кетсем эмне болот? Бул жер көпчүлүктүн арасы, сүйлөшөсүң, алаксыйсың. Бош турбайбыз, ансамбль бар, анда ырдайбыз. Кол өнөрчүлүк кылабыз. Шахмат ойнойбуз. Ооруп калсак доктурлар жүгүрүп келет”,- деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Апалардын карылар үйү тууралуу жеке пикирлери бул жай тууралуу кандайдыр бир түпөйүл ойлорду жокко чыгаргандай туюлат. Журналист катары бул жеке окуялар экенин дагы бир жолу баса белгилеп, карыларга ушул жер ылайык деген ойду кыйытуу ниетим жок.

“Мен балдарыма таарынбайм”

Шарипа Ибакова отуз беш жаш курагында
Шарипа Ибакова жарандык абалдын актыларын каттоо органында 35 жыл иштеген

Шарипа апа кичинекей бөлмөсүн өзүнө жаккандай жасалгалап, жаш кезиндеги сүрөттөрүн дагы илип алган.

Кирип барганда эле көзүмө бири илинип, бири текчеде турган эки сүрөт урунду. Биринде мөлтүрөгөн жап-жаш отуз беш жаш курагы экен. Экинчи сүрөткө алтымыш беш жашында түшүптүр.

Сүрөттөрдү карап туруп, бул аял алдан-күчтөн тайыганда карылар үйүнө түшүп калат деп эч ким ойлобосо керек. Мындай ой Шарипа апа үч уктаса дагы түшүнө кирбеген чыгар.

Тагдыр адамдын башына кандай гана сыноо бербейт. Эми минтип каруудан кетип калганда карылар үйүндө баш калкалап калдым дейт.

Жашы сексенден өтсө дагы чырымталы жаш экен. Бирок багуусу жакшы болгондо мүмкүн мындан дагы тың болмок беле деген ойго баттым. Убагында ал дагы жакшы кызматтарда иштеп, эки баласын жалгыз чоңойткон экен.

Шарипа Ибакованын жашы сексенден ашкан

“Бул жерге келгениме эки жылдан өтүп калды. Ден-соолук начарлады, тамак бышырганга дагы алым келбей калды. Жалгыз жаткандан көрө деп чакан үйүмдү сатып жиберип бул жакка келдим”,- деди ал.

Балдары тууралуу сурап калганыбызда аларга чаң жугузгусу келбеди. Болгону карып-арып келгенде алардын оозунан биз менен чогуу туруңуз деген сөз чыкпаганын кыйытты.

Айтымында, эки баласы тең билимдүү, үйлөнүп-жайланган.

“Бул жерге уулум сүйлөшүп алып келди. Албетте, үйдөгү жашоого жетмек кайда? Бирок курсагым тоюп, кирим жуулуп турса болду”,- деп сөзүн андан ары улантты.

Шарипа апа уулдары үйүнө алып кетет деп деле үмүттөнбөйт.

“Мен аларга таарынбайм деле. Баары турмушка жараша болот. Бул жакта деле күнүм өтүп жатат”,- деди ал.

“Карылардын жарымы кыргыздар”

Бишкек мэриясына караган калаадагы жападан жалгыз “Үмүт” карылар үйүндө эки жүздөн ашуун киши жашайт. Жетекчисинин айтымында, алардын 50-60 пайызы кыргыз улутундагылар.

“Алар намыстанышат. Элге чыккандан уялып, тааныш-билиштер көрүп калбасын деп абдан тартынышат. Айрымдары өтүп кеткенден кийин жакындары сөөгүн алып кетип, жерге бергенден дагы баш тартышат. Менимче ата-апалар эмес, карып-арып калганда аларды бул жерге таштап кетип жаткан алардын балдары, туугандары уялышы керек”,- деди карылар үйүнүн жетекчиси Эркингул Абдылдаева.

Акындын аң-сезимди алай-дүйлөй кылган ыры

Карылар үйү тууралуу кандай гана ойлор айтылбады? Кезинде кыргыз коому үчүн ушунчалык жат көрүнүш болуп келген бул жагдайдын эртеңкиси кандай болор экен деген суроо маал-маалы менен талкууланып жүрөт.

"Үй-бүлө деген улуу түшүнүк акырындап өзгөрүп, карьера, өзүмчүлдүк күчөп, улгайганда карылар үйүнө барам деп кадимкидей камынып калбайлы" деп коңгуроо каккандар да бар.

Таланттуу акын Шайлообек Дүйшеевдин карылар үйү тууралуу ыры мындан бир нече жыл мурун кыргыз коомун ойго салган эле.

Көр кылды го

Көңүлдү азыр заман,

Көчүп барат көзүмдөн акыр заман,

Тарыхында кыргыз эл жок эле го,

Ата-энесин кыз-уулу батырбаган?

Жыгачты курт жегендей,

Кишини дарт жегендей

Мээмди ой жеп келет каңгыган бир,

Бул жерде кемпир жүрөт

Ат-Башынын Ак-Муз деген айлынан бир.

Ат-Башы жакты билем,

Ак-Музду жакшы билем,

А бирок

Көргөндөн соң,

Багуусуз калган жалгыз кемпирди мен,

Жүрөктү таш баскандай,

Басты күнөөм!

Тоо баткан Ат-Башыга,

Токой баткан,

Ат-Башыга Алмамбет,

Кошой баткан,

Бир кемпир баткан жокпу?

Акын карылар уул-кызынын сыйын көрүп, небере жыттап, салттуу үй-бүлө баалуулугу боюнча эң кадырлуу адамдардан болушу керек деген оюн далай ирет айтып келе жатат.