Карылар үйүнүн ашпозчусу: чымчым чай берип, төрт грамм майга тамак жасайбыз

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

“Үмүт” карылар үйүндө 200дөн ашуун улгайган адам жашайт

Бишкектеги “Үмүт” карылар үйүндө 200дөн ашуун улгайган адам күн кечирет. Арасында майыптыгы барлары дагы бар. Карылар үчүн мекемеде 75 киши кам көрөт. Кызматкерлердин айтымында, карыларга берилип жаткан тамактын чени абдан аз, айлыктраы өп-чап.

Би-Би-Си аталган мекеменин улук ашпозчусу Гүлдөсүн Уезалиева менен маектешип, алгач карылардын күнүмдүк тамактануусун сурады.

Гүлдөсүн Уезалиева

Гүлдөсүн Уезалиева: Бул жакта 200дөн ашуун кары адам жашайт. Алардын 100гө жакынынын майыптыгы бар. Бир кишинин тамактануусуна мурун 100 сомдон каражат бөлүнчү. Кийин ал сумманы 200 сомго жогорулатышты. Бирок жыл сайын кымбатчылык каптап келе жатат. Карыларга берилип жаткан тамактын граммы өтө эле аз. Бир адамга бир жолкусуна бир грамм чай каралат.

Бул эмне болот? Карыган кишилер чайга жакын. Аларга 200 грамм чай берип туруп, болду башка жок дей албайбыз да. Менин бул жерде иштегениме он алты жыл болду. Он алты жыл мурун бир кишиге он грамм май берилчү. Учурда ал май төрт грамм болуп калды. Эмнеге? - деген суроого эч кимден жооп ала албай жатабыз.

Кызматкерлер кагазда эмне деп жазылса ошону аткарабыз. Бизге ошондой тапшырма келген. Мен ушул суроону жогору жактагы жетекчилерге узатат элем. Эмне үчүн мурун он граммдан берилген май учурда төрт граммга түшүп калды? Үч грамм болгон чай, бир граммга түштү? Эт болсо мурун бир кишиге 100 граммдан бөлүнчү, учурда 93 грамм берилет. Жалаң сулп эттин өзү болсо дагы жыргабайсыңбы, чарымы, бези, каргышы баары биригип 93 граммды түзөт.

Ушинтип көйгөйдү айтсаң анан жаман көрүп, үстүңдөн текшерип киришет. Кишини эзгенден башканы билишпейт. Биз текшерүүдөн ушунчалык чарчадык. Же ошого жараша көйгөйдү чечип беришсин да. Бул көйгөйлөрдү айтып жогору жакка көп кайрылдым, бирок үнүм жеткен жок. Мына 1-октябрь карылар күнү келе жатат. Президент өзү келип карылардын абалы менен таанышып кетсе жакшы болмок. 2016-жылдан тартып майыптыгы бар адамдарды дагы кабыл ала баштаганбыз. Бирок биз эски токтом менен эле иштеп келе жатабыз.

Бир кишинин тамактануусуна 200 сом кетет

Би-Би-Си: Мындай мекемелерге тыштан гуманитардык жардамдар көп келет эмеспи. Алар кандай бөлүштүрүлөт?

Гүлдөсүн Уезалиева: Башка карылар үйүндө кандай экенин билбейм. Бирок бизде атайын кампа башчысы бар. Келген жардымдын баары ошонун колуна түшөт. Ал баарын журналга каттап, кийим-кече же материалдык жардам болсо ар бир жашоочуга таратып берет. Карылар алгандыгын тастыктап кол коюп беришет. Өзү алып калып, каалагандай бөлүштүрүү деген жок.

Маселен, жеке менин үстүмдөн он киши көзөмөлдөйт. Ошол сыңары башкалардын дагы үстүнөн карап турган комиссия жана башка текшерүүчүлөр толтура. Азыркы заманда мамлекет бөлгөн 200 сомго эмне келет? Жардам катары демөөрчүлөрдөн келген азыктарды кошуп, карыларыбызга даамдуурак тамак жасап берип жатабыз да. Мен 200 сомго даамдуу тамак жасайм деп мактана албайм. Элдин жардамынын негизинде оромо, манты, котлет деген тамактарды жасап берип жатабыз.

 Карылар үйүндө 75 кызматкер иштейт
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Кызматкерлердин маянасы кандай болду экен?

Гүлдөсүн Уезалиева: Карылар үйүндө 80 киши иштечү, учурда аны кыскартып 75 кылып койду. Биздин биринчи эле көйгөй айлык акы. Маянабыз өтө төмөн. 100 пайыз жогорулаттык деп айтып жатышат. Туура, 100 пайыз жогорулатышты. Бирок биздин негизги айлык акынын көлөмү аз болгондуктан кошулган каражат деле жарытпай жатпайбы.

Жумушубуз оор, бирок штат жана айлык аз. Ушул жерде иштеген кенже кызматкерлер тура албай жаткан кары картаңдарды жуундуруп, буту-колун тазалап кам көрүшөт. Бирок ошого жараша эмгек деген баалнышы керек да. Кызматкерлерибиз жети миң сомдон тартып он бир миң сомдун тегерегинде айлык алат.

Эмгек өргүүсүнө болгону 28 күн берилет. Материалдык, медициналык жардам каралган эмес. Анан көйгөйдү айтып койсоң эле келип менин айлыгымды, пенсиямды текшерип жатып калышат. Президент Садыр Жапаров же Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү келип, бизден, карылар үйүндө жашап жаткандардан кабар алса жакшы болмок. Мен бул жерде улук ашпозчу болуп иштейм. Кол алдымда сегиз кыз бар. Арасында көп балалуусу, жесири, жалгыз бою дагы жок эмес. Ошолорду сен жакшысың деп алдап-соолап иштетип келе жатам. Жаштар келип мындай жумушка жана аз маянага иштебейт. Быйыл насыя алдым. Алган маянам тууралуу маалым кат алып барсам ошол жерде отургандар мындай айлык акы азыр эч жерде жок деп күлүштү.

Кызматкерлер президент Садыр Жапаров же Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келип, абал менен таанышып кетсе дейт

Би-Би-Си: Тамак-аш тартыштыгы боюнча маселени кабыргасынан коюп жатасыз. Иш жүзүндө андай эмес деген каршы жүйөөлөр айтылса далилдеп бере аласызбы?

Гүлдөсүн Уезалиева: Мен жетекчим үчүн жооп бере албайм. Бирок бул көйгөйлөрдү ал деле көтөрүп келе жатат. Жогору жакка анын үнү дагы жетпей жатат. Далилдеп бере алам. Бирок мен жаман көрүнүп калып жатпаймынбы. Буга чейин жеке өзүмдүн атымдан президентке кат жолдогом. Ошонун айынан бизди эки ай текшерүүгө алышты. Ошондой басымдар көп болуп жатат. Бул жактагы кызматкерлерден деле сурап көргүлө. Баары тең эле айтып берет. Чындыгын айтканда Бишкектеги мындай жайлардын ичинен биздин карылар үйүнүн абалы жакшы. Ал жетекчи баш болуп, ушул жерде иштеп жаткандардын эмгеги. Жетекчилигибиздин дагы жанын коюшпайт. Сен канча жылдан бери ушул жерде отурасын деп былтыр директордун орун басарын иштен алып коюшту. Ал ушул жерге пол жуугуч болуп келип өскөн кыз. Ошонун аркасы менен бул имарат оңдолуп-түздөлүп, көп иш жасалган.