Жүдөбөй жүзгө жеткендер. Узак өмүр кыялы жана карылык жүгү

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Эч ким карыгысы келбейт, карылыктан баары коркот. Бирок узак өмүр сүрүүнү ким кыяланданбасын, ким каалабасын. Узак өмүрдүн ачкычы эмнеден? Багынанбы же багууданбы, тамактанбы же тукумданбы? Же жашаган жердин суусунанбы? Бул суроонун жандырмагын издеп жашы жүздөн ашкан же жүздү чапчып, чамалаган аталар менен апалардын жашоосунан кабар алганы сапарга чыктык.

Алтын Апа
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алтын апа 102 жашка келди

Келиндер менен тең жарышып

Сапарыбызды Кыргызстандын эң алыскы, тоолуу Ат-Башы районундагы Акмуз айлынан баштадык. Жергиликтүү бийликтен жүздөн ашса да, келиндер менен тең жарышып, жүгүрүп оокатын кылып жүргөн күүлүү-күчтүү апа бар деп угуп, анын өзү менен учурашып, баарлашканы үйүнө келдик.

Жүздөн ашкан апаны сыртта тоокторго жем чачып жүргөн жеринен жолуктурдук.

"Он тоок бар, анын чоңумун. Жем салам, суу берем. Колуман келген оокатты отурбай жасай берем. Буту-колду чымыратпай кыймылдап турган жакшы экен. Кээде келин кечккенде камыр жууруйм, нан бышырам. Колонкадан барып суу апкелем. Тынбайсың деп кошуналар айтып калат. Отуруп алган киши жүк болот, буту-кол катыйт. Андан көрөкчө кыймылдап турган жакшы экен", -деди бизди башына жоолукту коомай салынган, арыкчырай, жүзү күнгө тотуккан апа.

“Мени менен тең кемпирлер мага таң калат: "Эмнеге сен өлбөйсүң" деп. Мендей болуп тамакты таптап ичпейт турбайсыңарбы деп коем. Кудай берген жашты жашайбыз да. Кемпирлер менден сурайт сен кандай тамак ичесиң айт деп. Айтпайм дейм”.

Алтын апа Жумгалдагы Кызарт айылынын кызы, биринчи турмушунан ажырашып кеткенин, Нарынга качып келгенин, бул жактан атбашылык жигитке тагдыр айтып баш кошконун айтып отурду. Өз бактысы үчүн күрөшүп, өзүнүн көңүлүнө толбогон күйөөсүн чанып баса берген Жаңыл мырзанын, Курманжан датканын же Чыңгыз Айтматовдун каарманы Жамиланын эле тагдырын кайталады.

“Биринчи турмушка бергенде Жумгалга беришкен күйөөгө. Жактырчу эмесмин. Бирок бир кыз төрөдүм. Чаектин башында Ак-Татыр деген кыштакта экен. Жолго жакын. Төрөттөн тыңыгандан кийин машина тосуп, Токтомушев Токторбай деген улуу байкемдикине кетип калдым. Нарынга келсем артыман кайнагам желмогуздай болуп жетип келди. Биринчи ыйлатып бергем, эми ыйлаткым келбейт деп бербей койду байкем. Ал токой чарбасында иштечү, ал да өтүп кетти, сегиз бир тууган элек, баары кетти, энем да кетти. Кудайдын буйругу экен, карагай кырктырып ары-бери бастырса, анда жаш кез, жылаңайлак жылаңбаш отурсам эле ат минип өттү. Жеңем кыйын киши болчу. Жайдын күнү чатырда отурсам, эки-үч атчан киши келип аткан. Жеңем айтып калды, ай кыз буту-колуңду жаап отурчу деп. Буйрук экен, байкемдер сүйлөшүп эле ушул кишиге келдим. Андан балалуу-чакалуу болдум”.

Ат-Башылык өмүр шериги менен сегиз балалуу болушту. Бирок жолдошунун өмүрү кыска болуп, 35 жашында эле каза болгон экен.

“Ушул балам курсакта экенде каза болду. Чөпкө чыгып иштеп калдым. Андан кийин ооруканада санитарка болуп иштедим. Балдарым чоңойгондо үйлөнүп жайланганда эле иштебей калдым”.

Апаны биринчи көргөн адам жүзгө чыкты деп ойлобойт, өз курагынан жаш көрүнөт, кыймылы жеңил, чыйрак, демдүү.

Алтын апа

“Күркүрөтүп жаш кезде бозо салчумун. Азыр карыдык. Келин больницада, бошобойт. Он тоок багам, жем чачам, суу берем. Анда-санда тышта балам бар аякка барам. Кайра түтпөй булар эмне болду деп буюкка келем”.

Жүзгө чыгып жүдөгөнү көрүнбөйт. Келини менен тең жарышып, камыр жуурат, нан бышырат, суу ташыйт, от жагат, тоокторун карайт, келини бошобой калса, уй дагы саап жиберет. Чакырган жерден калбайт.

Жанын кейиткен деле оору болгон жок. Беш-алты жыл мурда сокур ичегиси сезгенип, операция болгон. Андан кийин өтү сезгенип кетип, аны да алдырышка туура келди. Операциясы жеңил өттү.

Нан бышырат, суу ташыйт...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нан бышырат, суу ташыйт...

Кенже уулу Белек апасынын элден өзгөчөлөнгөн жашоосу деле жок экенин айтты:

“Апам тың эле, ичкен-жегени жакшы. Эки-үч жылдан бери кичине унутчаа боло баштады. Болбосо, төрт-беште туруп алат "эмне жатасыңар деп уйду чыгаргыла, токко жем чачкыла, эмне жатасыңар" деп. Кыбырап иштей берет, күл чыгарып, от жагып. Айылга өзү барып келет, байкемдикине да өзү эле барып келет”.

“Буларга айтпай кетсем урушат булар... Отурам берем, кээде эшикке чыкканды да унутуп калам. Булар шылдыңдашат анда мени. Мен айтам аларга бул карыгандыкы деп”,-дейт апа уулунун сөзүн улап.

Алтын апа жайында жылкы байлап кымыз жасарын айтып, бизди конокко келип кеткиле деп чакырып, эшиктин алдынан узатып калды.

Ат-Башы Акмуз

Бактылуу жоокер, токпейил мүнөз карыя

Бишкектин жанындагы Кызыл-Бирлик айылынын тургуну Аспек Жумашев дагы жүздөн ашты. Байбичеси 95те. Бир жыл мурда ак төөнүн карды жарылган күркүрөгөн күздө бүтүн район чогулуп, карыянын 100 жашын белгилеп той берди.

Аксакал жайында айылда болот, суук башталганда Бишкектеги кенже уулунун колунда болот. Биз ошол кенже уулунун үйүнө барып учурашып, баарлаштык.

жубайлар
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Аксакал өмүр жолун айтып отурса, жараткан жакшы эле бак берген экен. Кан күйгөн согушка барып, жети жыл аскер кызматын өтөп аман-эсен келди. Берлинге чейин жетти.

“1942-жылы 8-сентябрда военкоматка чакырып, армияга кетемкчи болдук. Кант району боюнча эки вагонго толдук. Биздин вагондо 19 кыргыз бала, беш дунган бала, орустар бар эле. Канттан эки күндөн кийин чыктык. Казактан менен кетип атабыз. Куйбышевге жарым эшелон кетти, биз түз кеттик. Свердловго кеттик. Бир сутка ачка болуп калдык. 22 сутка жол жүрдүк”.

Фронтовик карыя аскердеги окуялардын жылын, күнүн, адам жер аттарын жаңылбай так айтып, орусча аралаштырып сүйлөп отурду.

“Согуштан 1944-жылы Ленинградга барып түштүк. Батыш Украинага баратканбыз. Эшелон артка кетти. Батышка баратканбыз. Ленинградка алпарып түшүрдү. Новгород деген шаарга түшүп калдык. Тегеретеси токой. Завтрак кылалы деп отура калдык. Бир убакта "даң" эле дей түштү. Мина жарылды. Мүнөзү шайыр, ырчы бала бар эле, эки буту жок...”

Кан майданга 18 жашында кеткен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кан майданга 20 жашында кеткен

Бир кылым жашап койгон жубайлардын компоюп отурган сабырдуулугуна тан бересиң. Казан аяк-деле кагышат дейт, буларда деле уруш-талаш болгондур деп ойлойсуң.

“Бизде болгон эмес. Бизде кетем, коем деген болгон эмес. Бирге жашаганыбызга алтымыш жылдыкты билбей калыптырбыз, жетимиш жылдан өтүп кетиптирбиз”,-дейт 70 жылдан ашык чогуу жашаган жубайы Эсенбүбү Жумашева.

“Ынтымактуу жашаганыбыздан го. Урушкан жокпуз. Баары эле, энеси, атасы ... өз оюбузга койду. Он бир балалуу болгонбуз, үчөө кайтыш болуп калды... “Урушпай жакшы жашадык”.

Он бир баланы тапкан энеге эчак "Баатыр эне" ардактуу наамы берилиш керек эле. Бирок бала көрбөгөн бир тууган абысыны эки баласын багып алгандыктан, документтери туура келбей калыптыр. Бирок ага деле кейиген түрү көрүнбөйт.

Аспек Жумашев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Булардын ынак мамилесинин табы алиге өчпөй келатат, ушул жашында да байбичесин жаш кездегидей эркелетип сүйлөйт.

Фронтовик карыя аңгыча кайра сөзгө аралашып, жубайынын жаш кезин эстеп, жүзү элжиреп кетти:

“Апаң кандай киши эле. Адам жутуп ийчу эле кыз болчу убагында...”

Кенже уулу Саматтын айтымында, атасынын колу ушунча ачык, өзүнө сатып келгенин кошуна сураса кабагым-кашым дебей, кармата бермейи бар. Узак жшоонун бир сыры балким, анын ушу токпейил, кеңпейил мүнөзүндө болуп жүрбөсүн?

“Работа не волк, в лес не убежит деп ишти токтотуп койчу. Бирөө менен кек сактап урушкан жок. Бирөөнүн артынан сүйлөбөйт”.

“Колхозго строй материал апкелет. Үйгө текшерүү келсе, эчтеке таба алышкан эмес. Үйдө бир материал болобу, кошуналар сураса жок дечү эмес.... Жыл сайын гравий төктүрүп, жол менен алек болуп жатчу. Кошуна колоң айтат, баарынын проектисин чийген”.

Айтмакчы, жүздөн ашкан карыяга согуштун ардагери экен деп Бишкек шаарынын мэри келип, бир үй убада кылышкан экен. Бирок эмгиче ал убада аткарыла элек.

Согуш ардагери

Гиннеске кирген кыргыз дарыгер

Узак өмүр сүргөндөрдүн эң көбү Бишкекте. Жүздөн ашык адам бар. Көбү үйдөн чыкпайт, кээси балким төшөктөн турбайт. Этикалык көз караштан улам биз алардын тынчын алган жокпуз.

Элге аралашып, керек болсо ишке чыгып жаткан ак чач ата-апалар да бар. Бул жагынан атактуу хирург, Кыргызстандын баатыры, академик Мамбет Мамакеевдин өрнөгү чоң. Карыдым деп үйдө отуруп албай, күнүгө болбосо да аптасына экир ирет ишке келет, операцияларга катышат.

2020-жылы эң көп операция жасаган, эң карыя хируг катары Гиннестин китебине аты жазылды.

Биз атактуу дарыгерге Бишкектеги анын өзүнүн атын алып жүргөн Улуттук хирургиялык борбордон таап баарлаштык.

Мамбет Мамакеев

"Ичкилик оозума алган жокмун"

"Эми үйдө отурганда эмне кылам. Дайыма ушул ооруканада, шакирттерим менен сүйлөшүп, ...Жумасына төрт жолу операция жасайм. Атайын креслого отурам алам. Окуучуларым баарын даярдап берет. Эң жооптуу учурун мен өзүм жасайм. Мени жасады деп коюшат. Бул мен үчүн чоң урмат-сый, сыймык",-деди Мамбет Мамакеев.

Баатыр хирургдун жашы да жүзгө таяп калды. Карылыктын ырыскысы менен машакаты жөнүндө атайын китеп жазып чыгарган. Ошол китебин бизге кол тамгасы менен белек кылды.

"Өзгөчө эрежем деле жок. Колума эмне тийсе ошону ичем. Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү дейт. Мен жашымда ырыстуу тамак ичкен жокмун. Бирок доктур болгонумдан кийин ичкилик да ичкен жокмун. Кудай ушундан сактады. Хирург кишиге бекер арак күнүгө даяр. Экинчиден, тамекини кармап көргөн жокмун. Ушул экөө жардам кылды го. Калганы физикалык көнүгүүлөр, эртең менен бир саат, кечинде бир саат физикалык көнүгүүлөрдү жасайм. Антпесем кыймылдай албай калам",-дейт Мамбет Мамакеев.

Жашоонун сапатына да, өмүрдүн узактыгына да стресстин чоң таасири болот. Ал эми хирургдар күнүгө операция жасайт, күнүгө стресс болот. Демек, стресске туруктуулук да узак өмүр сүрүүгө керектүү сапат.

"Ар бир операциянын алдында жүз түрлүү ойлоносун. Кээде биздин элибиз жедеп соодасы бүткөндө келет. Ошондо бизге азап. Ушунчалык азапты көрөсүң. Ошонун баарына туруктуу болуш керек. Бир күн эмес жумалап уктай албай калган учурларым болгон. Айрыкча, аттуу-баштуу адамдар операция болгондо ого бетер кыйын",-дейт атактуу хирург.

Операция убагында
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2020-жылы эң көп операция жасаган, эң карыя хируг катары Гиннестин китебине аты жазылды.

Айтмакчы, эгерде дүйнө боюнча дүйнөдө жүздөн аша жашагандар он жыл мурда 100 миңдин айланасында болсо, азыр бир миллиондон ашты.

Дүйнөлүк тенденция жакшы болгон менен Кыргызстанда соңку жыйырма-жыйырма беш жылда узак жашагандардын саны тескерисинче эки эсе азайып кетти.

Статистикалык маалыматка карасак, 1999-жылы жүздөн ашып жашагандар 600дөн көп болчу, ал эми 2023-жылдагы көрсөткүч боюнча 351 болду.

Жынысы боюнча карасак, 80 жаштан ашкандардын арасында аялдар эркектерден эки эсе көп. Мунун себеби дүйнөлүк экинчи согуштун кесепеттери жана эркектер арасында өлүм-житим аялдарга караганда эки эсе көптүгү менен байланыштуу.

Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда көбүрөөк жашайт. Пенсиялык куракка жетүү ыктымалдыгы аялдарда 90% болсо, эркектерде 70%.

Кыргызстанда азыркы убакта кары-картаңдар элдин 5,4 пайызын түзөт. 2030-жылдарга карай бул көрсөткүч 7 пайызга жетет, ошондо Кыргызстан калкы карып бараткан өлкөлөрдүн катарына кошулат.

Ошондуктан Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги азыркы учурда карыларга камкордукту күчөтүү максатында "Активдүү узак өмүр" концепциясын карап кабыл алганы жатат.