Амазонкадагы азаптуу кургакчылык: "Мындай шумдукту көргөн эмеспиз"
Стефани Хегарти, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Демейде нымдуу Амазон токойлору 2023-жылы аймактын тарыхындагы эң оор кургакчылыкты башынан өткөрдү. Дарыянын боюндагы көптөгөн айылдарга баруу мүмкүн болбой калды, токойлор күйүп, жапайы жаныбарлар кырылып жатты. Кээ бир илимпоздор мындай катаклизмдер жер планетасындагы эң ири токойдун жок болуп кетүүсүнө алып келиши мүмкүн деп кооптонушат.
Кургакчылыктан дарыянын жээктеринде жаракалар пайда болгон. Оливейра Тикуна биздин сапарыбыздын канчалык жөнү бар экенинен күмөн санай баштады. Ал Амазонканын эң тайыз куймалары аркылуу сүзүү үчүн металдан жасалган кайык менен өз айылына жетүүгө аракет кылууда.
40 тутундөн турган Бом-Жезуш-де-Игапо-Гранде жамааты токойлуу аймакта катталган эң катуу кургакчылыктан катуу жабыркады.
Анда жуунуп алууга суу жок болчу. Шаардагы базарга ылдам жеткирүү мүмкүн болбогондуктан ал жердеги банандын, маниоктун, каштандын жана асаинин жыйналган түшүмү бузулуп кеткен.
Ал эми айыл башчысы, Оливейранын атасы бардык кары-картаңдарды жана оорулуу тургундарды шаарга жакыныраак көчүп барууну эскертти, анткени зарыл учурда ооруканага жетүүгө өтө көп убакыт кетчүдөй.
Оливейра бизге эмне болуп жатканын көрсөткүсү келди. Ал сапар узакка созулаарын айтты.
Бирок, биз кайыкты кең Солимоес дарыясынан анын айылы көздөй кеткен агымга бурганыбызда, ал өзү да эмне кыларын билбей калды. Кээ бир жерлерде суунун туурасы бир метрден ашпайт. Көп өтпөй кайык дарыянын түбүнө тийип кычырай баштады, аны сүйрөшүбүз керек болду.
"49 жылдык өмүрүмдө мындайды көргөн эмесмин. Мындай катуу кургакчылык жөнүндө уккан да эмесмин." - дейт Оливейра.
Сүрөт

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Айылга анын аркы тарабындагы көл аркылуу кечип барууга болот. Бирок ал жакта жыландар менен аллигаторлор бар.
Амазонкадагы жаан-чачындуу мезгил октябрда башталышы керек болчу, бирок кургак жана ысык аба ырайы ноябрдын аягына чейин созулду.
Бул Эль-Ниньо аба ырайынын циклдик кубулушунун кесепети, аны климаттын өзгөрүшү да күчөтүп жатат.
Эль-Ниньо Тынч океанда жылуу сууларды пайда кылат. Суу абаны жылытат, жылуу аба Түндүк жана Түштүк Американы көздөй сүрүлөт. Бул жылы Түндүк Атлантикадагы суулар да аномалдуу жылуу болуп, Амазонканы ысык, кургак аба каптаган.
"Биринчи жолу кургакчылык болгондо, мен: "Эмне деген шумдук? Жамгырлуу, тропикалык токойдо кантип ушундай болушу мүмкүн?" деп ойлодум.” - дейт 26 жылдан бери тропикалык токойдо жашап-иштеген Амазон изилдөөлөрүнүн улуттук институтунун экологу Флавия Коста.
"Андан соң жылдан жылга рекорддук аптап орной баштады. Ар бир кургакчылык мурункусунан оор болду.” – деп кошумчалайт ал.
Флавия айымдын айтымында, 2023-жылкы кургакчылыктан келтирилген зыяндын көлөмүн эсептөө азырынча эрте, бирок анын командасы көптөгөн өсүмдүктөр "өлүп бараткандагыдай белгилерди көрсөткөнүн" аныкташкан.
Ал эми андан мурунку кургак мезгилдер бул зыяндын ыктымалдуу көлөмүн түшүнүүгө жардам берет. Кээ бир эсептөөлөр боюнча, 2015-жылдагы "Годзилла кургакчылыгы" токойдун кичинекей бир бөлүгүндө эле 2,5 миллиард бак-даракты жана өсүмдүктөрдү жок кылган. Болбосо ал кургакчылык азыркыдан жеңилиреек өткөн.
"Амазониянын көмүртекти тартып алуу жөндөмү дээрлик иштебей калды. Биз эми бул кайгылуу көрүнүш уланат деп күтүп жатабыз." - дейт доктор Коста.
Амазон токойлору укмуштуудай биологиялык ар түрдүүлүктү өзүнө камтыгандан тышкары, болжол менен 150 миллиард тонна көмүртекти кармап калат.
Көптөгөн илимпоздор токой критикалык чекке тездик менен жакындап бараткандыктан, ал бара-бара кургап, бөлүктөргө бөлүнүп, саваннага айланат деп кооптонушууда.
Азырынча Амазония өзүнүн климаттык системасын сактап турат. Кең тропикалык токойдо дарактардагы суу бууланып, жамгыр булуттарын пайда кылып, ал булуттар дарактардын үстү менен жылып, токойго нымдуулукту кайтарат. Бул цикл беш-алты жолу кайталанат. Ошентип, токой жашоо үчүн зарыл болгон салкындыкты жана нымдуулукту сактайт.

Бирок, эгерде токойдун ири аймактары жоголсо, бул механизм иштебей калышы мүмкүн. Андай учурда, ал кайра калыбына келбейт.
Бул теорияны биринчи жолу бразилиялык климат таануучу Карлос Нобре 2018-жылы айткан. Ал биргелешип жазган макалада бул чекке жетүү үчүн Амазонка токойлорунун 25% кыйылып, планетанын температурасы өнөр жайга чейинки деңгээлден 2,5 градус Цельсийге көтөрүлүшү жетиштүү болот деп болжолдойт.
"Мен азыр 2018-жылга караганда көбүрөөк тынчсызданып жатам. Мен COP28 климаттык саммитинен жаңы эле кайтып келдим жана келишимде белгиленген максаттарга ылайык парник газдарынын эмиссиясы кыскарат дегенге ишенбей турам. Температура 2,5 градустан ашса, Амазонка үчүн өтө чоң коркунучтар пайда болот.”
Амазонка чөлкөмүндөгү бардык өлкөлөр быйыл токойлорду кыюну азайта баштаганы жана 2030-жылга чейин кыюну толугу менен токтотууга аракет кылып жатканы көңүл жубатат. Нобренин айтымында, Бразилия буга эртерээк жете алат.
Амазонка токойлорунун толугу менен жок болуп кетүү коркунучу бар дегенге бардык окумуштуулар кошула бербейт. Доктор Флавия Коста тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, кээ бир токой аймактары, айрыкча, өрөөндөрдөгү жер астындагы сууларга байланышкан жерлер кала берет.
Бирок бардык жерде кырдаалдын начарлап баратканынын коркунучтуу белгилери байкалууда. Амазонканын чок ортосунда жайгашкан Коари шаарында ноябрдын аягында, эртең менен абада калың түтүн турат.
Адамдар эгин эгүүгө жер даярдоо үчүн токойлорго бираз өрт коюшат. Бирок ал өрттөр жайылып кетет. Алар, адатта, Амазониянын токойлору жабыркаган, аянты кичирейген бөлүктөрүндө пайда болот, бирок 2023-жылы токойдун киши жетпеген жерлеринде да өрттөр тез-тез катталган.
Экосистема кыйналып жатканынын башка белгилери да бар. Эки көлдөн дельфиндердин жүздөгөн өлүгү табылды.
"Абдан үрөй учурган көрүнүш болду. Адегенде биз тирүү жаныбарларды, алардын кооз түрлөрүн көргөнбүз, беш күндөн кийин эле жетимиш дельфиндин өлүгүн таптык.” – дейт, Мамирауа Туруктуу Өнүгүү Институтунун окумуштуусу Мириам Мармонтель.
Бир нече жуманын ичинде эки көлдөн 276 өлүк дельфин табылган. Доктор Мармонтель аларды суунун температурасы өлтүргөн деп эсептейт. Кээ бир жерлерде суунун жылуулугу 40,9 градуска жеткен, бул дельфиндердин, керек болсо адамдардын да денесинин температурасынан үч градуска жогору.
“Элестетиңиз, жаныбар бүт денеси менен ошончо саат бою суунун ичинде жүрөт. Эмне кыла алмак? Кадимкидей жашап жатып эле күтүлбөгөн жерден шорпого түшүп калгандай болгон, андан эч жакка чыгып кете албайт."
Доктор Мармонтел Амазонкада жашаган 30 жыл ичинде мындай кургакчылыкты эч качан көргөн эмес. Ал климаттын ушунчалык тез өзгөрүп жатканына үрөйү учуп турат.
“Бирөө бетиме чаап жибергендей болом. Анткени мен өмүрүмдө биринчи жолу Амазония минтип өзгөрүп жатканын көрүп, сезип жатам. Биз ар дайым бул жаныбарлар күзөтчүлөргө окшош деп айтабыз, анткени алар бизди эмне күтүп турганын биринчи сезишет. Аларда болгон нерсе, бизде да болот.” - дейт ал.
Оливейра үчүн 2023-жыл жыл да кооптуу коңгуроо болуп калды.
“Буга негизинен өзүбүз күнөөлүү экенибизди билебиз, көп нерсеге көңүл бурбай келдик, Жер энебизди коргой алган жокпуз. Ал жардам сурап кыйкырып жатат. Аны коргоого убакыт келди." – деп билдирди ал (DO).












