Кызыл китеп: азабын тартып, акыйып күткөндөр арбын

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Чүйдүн эң чоң райондорунун бири саналган Ысык-Атада дагы мындай көйгөйлөр арбын

Сүрөттүн булагы, Official

Чүй облусунда жана Бишкектин жака белиндеги бир топ конушта баш ооруга айланган көйгөй бар. Ал жер тилкелерин транcформациялоо иши. Убагында тез арада чечебиз деген убадалар айтылганы менен ушул кезге чейин кызыл китеп ала элекпиз деп кейигендер арбын.

“Иш аябай жай, начар жүрүп жатат”

Жер тилкелерин транcформациялоо иши башталганына эки жылдан ашып калды. Бул жараян жети облуска тең тиешеси бар иш. Бирок анын эң эле кайнаган чордону Чүйдүн Сокулук районуна туура келет. Ошондон улам президент баш болгон бийликтегилер "Ак-Ордо 2", "Ак-Ордо 3" деп аталган конуштарга бир нече жолу барышты.

Бул конуштар административдик аймактык реформадан кийин Сокулуктан Бишкектин Ленин районунун карамагына өттү. Учурда аймакта жерди мыйзамдаштыруу иштери кандай жүрүп жатканы тууралуу активист Мирбек Осмонов буларды айтып берди:

“Иш аябай жай, начар жүрүп жатат. Кызыл китеп берүү дээрлик токтоп калды. Тиешелүү органдар жетишпей жатканын жүйөө келтирүүдө. Кыскасы кызыл китеп алуу боюнча "Ак-Ордо 3" конушу жарымдай элек”,- деди Мирбек Осмонов.

Айтымында, жерди трансформациялоо иши эки этап менен жүрө турган болгон. Алгач үйлөр салынып жана пайдубалы курулуп калган жер тилкелерине документтер берилмек, андан соң бош турган тилкелерге кезек жетмек.

Бош тилкелердин маселесинде көңүл бурчу эки жагдай бар. Бир тобу каражатынын жокутугунан курулушун баштай албай, эптеп эле жер сатып алганына ыраазы болуп, тыйынын камдап жаткандар. Экинчи бир тобу жер тилкесинин мыйзамдуу документи тийгенче курулуш баштабай туралы, мыйзамга шайкеш келсин дегендер дешет.

“Экинчи этабы дагы деле баштала элек. Эл ушундан улам дагы нааразы болуп жатат. Дагы бир кечеңдетип жаткан жагдай жерлердин арестке алынуусу. Мурун камакка алынган 300 гектар жер бар болчу, азайып отуруп учурда 60 гектары калды. Бул дагы өтө чиелешкен маселе болуп жатат”,- деди активист.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондой эле жерге байланыштуу айрым жагдайларда соттор дагы кашаңдык кылып жатат деп эсептейт.

“Мурдагы бийликтин убагында сот тарабынан сегиз үйгө бузуу чечими чыккан. Кийин ал жерлер трансформация болуп, башкы план түшкөндөн кийин соттор элге иштеп бериш керек эле. Бирок тилекке каршы андай болбой жатат”,- деди ал.

Чүйдүн эң чоң райондорунун бири саналган Ысык-Атада дагы мындай көйгөйлөр арбын. Райондун Бишкекке жакын жайгашкан 323-контурунун жалпы аянты 121 гектарды түзөт.

Анын 102 гектарына убагында мыйзамсыз турак-жайлар курулуп калган. Учурда беш гектарга жакын жерге кызыл китеп бериле элек.

“Бул жерди убагында ээлик кылып алып сатып жиберген кишилер менен ал жакка үй куруп жашап жаткан кишилер соттошуп, кызыл китеп ала албай жатышат. Мына ушундай жагдайлар иштин жүрүшүн кечеңдетүүдө”,- деди Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Самат Жантемиров.

Ошондой эле ал аталган аймакта социалдык объектилерди куруу маселеси дале чечилбей жатканын кошумчалады.

“Абдан сонун жылып жатат”

Жыргалбек Шакиев

Сүрөттүн булагы, kabar.kg

Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиевдин айтымында, турак-жайларды мыйзамдаштыруу боюнча аларга Сокулук району 12 миң арызды өткөрүп берген.

Анын ичинен 1 миң 381 турак-жайга кызыл китеп ыйгаруу боюнча токтом чыккан жана ай соңуна чейин дагы жүздөгөн токтом чыгат деди:

“Айтып коюш оңой. Бирок татаалдашып кеткен абдан көп көйгөйлөр бар. Маселен, бир жер тилкесин төрт адам талашып жаткан учурлар арбын. Экиден-үчтөн кишиге документ берилип кеткен учалар бар. Соттошуп жаткандары андан көп. Ээлери жылдап дайынсыз болуп кеткендери дагы жок эмес. Жума сайын жер комиссиясынын жыйыны болуп жатат. Ал жерде тиешелүү органдар 2021-жылдын 31-декабрына чейин курулуп калган турак-жайларды мыйзамдаштыруу аракетин көрүүдө. Иш жүрүүдө. Маселени карап жатабыз. Иш абдан сонун жылып жатат”,- деди ал.

Ошондой эле Шакиев кызыл чектен өтүп кеткен курулуштарды менчиктештирүү мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

“Маселен, айрым үйлөр жогорку чыңалуудагы зым карагайлардын түбүнө курулуп калган. Аларга уруксат бере албайбыз. Көрүстөндүн жанына, кайтарууга алынган аймакка курулуп калгандары дагы бар. Ошонун баарын карап, тиешелүү органдардан корутунду алып, анан мыйзамдаштырып жатабыз”,- деди аким Жыргалбек Шакиев.

Бул маселе 11-ноябрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында дагы көтөрүлдү. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев Бишкек шаары боюнча он миңге чукул турак-жайды мыйзамдаштыруу маселеси карала турганын айтты.

“Иш жүрүп жатат. Мындай көйгөй он үч жаңы конушта, алардын ичинде Төкөлдөш дагы бар эле. Төкөлдөш боюнча курулуш планы менен эмес, факты боюнча топосъемкалар аяктады. Жакынкы арада кызыл китептер бериле баштайт”,- деди ал.

Трансформациялоо иши аяктаса көп маселе чечилмек

Төрөтканадан баштап, бала бакча, мектеп, катоого туруу маселелери кыйла жеңилдемек. Кыймылсыз мүлккө болгон жеке менчик укугу адамдардын ишенимин абдан бекемдеп, өнүгүүсүнө өбөлгө болмок дешет жашоочулар. Мындан сырткары документтештирилип бүтпөгөн аймактар үчүн борбордук канализация, газ түтүгүн тартуу жана жол салуу деген сыяктуу маселелер куру кыял бойдон кала берет.

Шаар четинде жайгашкан конуштардын бул маселеси чечилбеген соң газдын жокутугунан эле кайра толгон-токой көйгөй жаралат. Маселен, кир аба көйгөйү. Шаардын өзүндө абанын тазалыгы үчүн канчалык алпурушкан менен анын жака бели көмүр менен ылайдан арыла албай жатса таза аба тууралуу маселе көтөрүүнүн өзү орунсуз. Себеби ошончолук чаң, ошончолук түтүн абага көтөрүлө берет.

Транcформация иши качан башталган...

Ак Ордо 3 конушундагы жыйын

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак Ордо 3 конушундагы жыйын

2022-жылдын апрелинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Жапаров жергиликтүү бийлик башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, тургундардын кызыл китеп маселесин тез арада чечип берүүнү тапшырган.

2023-жылдын март айында аталган мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу жыйынын өткөрүп, жыл жыйынтыгы менен мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес деген баасын берген.

Өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын белгилеген.

Ал мындай маселелерди тез арада чечүү үчүн президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана акимдердин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилгенин эске салган.

2023-жылдын 4-мартында болсо жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгында Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими ээлеген кызматынан бошотулган эле.