Сокулукта кимдин жери экенин билбей туруп деле менин жерим деп саткандар болуптур... Жер адисинин маеги
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, president.kg
Сокулук районунда жер маселеси кабыргасынан турган учур. Турак-жай курууга жерлер трансформацияланат дегенден тарта бул район ушул маселенин чордонунда калды. Себеби, республика боюнча арыз менен эң көп кайрылуу дагы ушул районго туура келет. Негизинен элге Ак-Ордо 2, Ак-Ордо 3 деп таанылган жаңы конуштар тууралуу сөз жүрүп жатат. Ошондон улам Би-Би-Си Сокулук районунун Кадастр мекемесине кайрылып, жетекчиси менен кенен маек курду.
Кечээ жакында эле Орусияда иштеп жүрүп келген үй-бүлө топтогон 600 миң сомдон ашык каражатын маршруткада бара жатып уурдатканын айтып, издөө салды. Алар ал акчага унаа сатып алууну пландап, ошол эле учурда “мурда сатып алган жерибиздин документтерин бүтүрөлү деп келгенбиз” деп кошумчалаган. Ошентип турак-жай маселеси мигранттардын дагы негизги баш ооруусунун бири.
Рамис Ибраимов: 2021-жылдын 22-февралында президентибиз Ак-Ордого келип, эле менен жолуккан. Анда эл эки маселе көтөргөн. Биринчиси, ЖЭБ-2 (ТЭЦ-2) конушундагы жерлерди мыйзамдаштыруу, экинчиси, Ак-Ордо конушу. Ал жерде деле ушундай маселе. Ак-Ордо бул мурдагы айдоо жерлер. Анын айынан эл паспорт ала албайт, катоого тура албайт, оорукана, мектепке бара албайт.

Сүрөттүн булагы, president.kg
ЖЭБ-2 конушу боюнча өкмөттүн токтому чыгып, трансформация кылынып, 801 түтүнгө жер тилкелеринин мамлекеттик актылары бүттү. Ак-Ордо конушу боюнча тапшырма Архитектура, Кадастр мекемесине жүктөлгөн. Канча түтүн, канча фундамент, канча жер тилкеси бош турат деп тактоо иштерин 2022-жылдын мартында толук тактап чыктык.
Жалпысынан 23641 мүлк такталды. Дүкөн, мечиттерге чейин бүт эсеп-чотун алдык. 18 мүчөдөн турган комиссия түзүлгөн. Ак-Ордо боюнча 975 гектар аянтты трансформация кылышыбыз керек. Бул жер 15 контрдан турат. Он контрда топографиялык сьемкалар жүргүзүлүп, карталары иштелип чыгып, жер ээлерин картага олтургузуп, анын үстүнөн кайра топографиялык картаны жайгаштырып бүттүк. Мисалы 153 га жерди ээлеген 477-контрда 4000ге жакын участок такталды. Анын ичичнен 171 кызыл китеп берилди. Иш токтоосуз уланып жатат.
Бир топ көйгөйлөр да чыкты. Учурунда бир эле киши бир эле участокту алдамчылык менен 2-3 кишиге сатып жиберген. Трансформация болбогон соң мунун баары биздин картада жер үлүшү катары гана олтурат. Мисалы 3 га үлүш жери бар киши деп коёлу. Бир га жерден 16-17 участок чыкса, 3 гектардан 51 участок чыгат. Анын ичичнен бир эле участок 2-3 кишиге сатылып кеткен мисалдар бар. Талаш-тартыш, сот камакка койгон. Ал участок болсо 3 га жердин бир бөлүгү. Сот болсо мунун баары өз өзүнчө документи бар тилке болбогон соң жалпы 3 га жерди камакка коюп жатат. Ошондо 51 участоктун 51 кожоюну болсо арасында соттошкон 4-5 кишинин айынан кеминде 45 киши жөн жерден эле жапа чегип жатат. Эми аны аресттен чечүү үчүн сот чечими керек. Бул мыйзамда дагы, жободо дагы “мындайды комиссия карай албайт” деп так жазылып турат. Ошондуктан биз арестте тургандардын баарын картага түшүрүп, ошол арестте турат деген жер ээлерине жазуу жүзүндө билдирүү жолдоп жатабыз.

Каратып туруп эле башканын жерин саткандар болгон...
Комиссиянын атына 19 437 арыз келип түшкөн. Бул Сокулук району боюнча. Арыздын 11 миңи Ак-Ордого тиешелүү. Арестке коюлгандардын саны күн сайын акырындап өсүп жатат. Мисалы 2022-жылдын 23-декабрындагы эсеп боюнча 176 мүлк арестке коюлду. Кезинде алдамчылык менен жер саткандар жанындагы эч тиешеси жок жерди кошо сатып жиберген. Учурунда чыныгы жер ээлерин укпай туруп саткандар болгон экен. Эми мыйзам боюнча тактоо иши башталганда ошол кишилер келип арестке койдуруп жатат. Себеби трансформация кылып бериңиз деп ар ким эле эмес, жер ээси арыз менен кайрылышы керек. Эгерде арыз жок болсо комиссия андайды карабайт. Азыр биз ошол ээлерин таап, маалымдоо, түшүндүрүү ишин жүргүзүп жатабыз.
Убагында абдан баш аламандык болгон экен. Кээ бири келип “мен эч кандай жер саткан эмесмин, бул менин жерим” деп жатат. Алар жөн эле келбей жерге укугун далилдеген документ менен келип, арестке койдуруп жатат да. Алардын ага укугу бар. Эми андай талашы бар жерлерди биз жер ээсинин уруксаты жок камактан чыгара албайбыз. Ошентип эч талашы, эч кимге доосу жок кишилер дагы башка эле талашка түшкөн саналуу участоктор үчүн жапа чегип жатат.
Талаштын дагы бир түрү бар. Ошол жерде жашаган кээ бир тургундар жер ээлерине эмес, жашап жаткан бизге документ чыгаргыла деп талап коюп жатат.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Жер алып, бирок карызын төлөбөй койгондордун азабын кошуналары тартып жатат...
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
13 600 участокту тактаганда бир топ жагдайлар чыкты. Мисалы жерди чындап өзү саткандардын кээ бири “мына бул үлүш жерди мен сатып алып, аны 4 сотыхтан бөлүп саткам” дейт. “Ошондо 3000 доллардан саткам, тигил үй, андан аркы үй кезинде 500 доллар гана берген. 2500 доллар карыз. Азыр ал жерде ошол эле жердин баасы үч эсе өскөн. Азыркы эмес, ошондогу эле баа менен ошол кездеги эле карызды кутул десем кутулбай жатат. Оокаты жүрбөй калды дейин десем күн алыс машине алмаштырып айдайт, улам чатырын алмаштырып жабат. Бирок менин карызымды бергени келгенде эле акчам жок деп чыгат” дегендер бар. Ошентип жер саткандар эле эмес, карызынан кутулбай коюп, талашы бүтпөгөндөр дагы бар. Ошондо саткан киши эми азыр деле мыйзамдуу жер ээси катары саналат, укугу бар. Биз дал ошондой талаштарда ал кишилерге айтып, сүйлөшүп жатабыз. Талашы жок делген учсатокторду архитектура менен бөлдүрүп, талаштуу участокторду гана калтыралы дедик. Жөн жерден убара тартып жаткан, эч дооматы, талашы жокторду жабыркатпайлы дегенибиз. Чыныгы аласа, бересе карызы боюнча талашы барларды сот чечсин деп жатабыз. Изденип олтуруп буюрса мунун да жолун таптык.
Эми мындан сырткары жер ээси эмес, сот аркылуу арестке коюлган жерлер дагы бар. Мисалы аянты 3 же 5 гектарды ээлеген бир эле жер деп коёлу. Ал жер мамлекеттик 4-5 орган тарабынан арестке коюлгандары бар.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Би-Би-Си: Мисалы ошол эле Ак-Ордодо курулуп бүткөн үйлөр бар, дубалы бүтүп же фундаменти куюлгандары бар. Ошолордун эле арасында убагында участок сатып алып, каражаты жетпей участогу бош тургандар же документи бүтмөйүнчө курулуш кылбайын деп күтүп тургандар бар. Эч кандай талаш-тартышы жок болсо ошол бош участоктордун дагы документи чыгабы же үй курулбаптыр деген маселе чыгабы дегендер дагы бар.
Рамис Ибраимов: Ал жерлерде 98 % үйлөр салынып, курулуштар курулуп кеткен. Бош калган учсаток айыл-чарба багытына ал жарабайт, жараксыз жер. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы биз бул участокту калктуу конуштар категориясына өткөрүшүбүз керек. Ошондой эле жободо көрсөтүлгөн. Негизинен көпчүлүктүн колунда документ жок. Баягы эле күбөлук менен, ишеним кат менен сатып алган. Ишеним каттардын баарынын мөөнөтү өтүп кеткен. Бүгүнкү күндө ал ишеним каттар Кадастр мамлекттик мекемеси үчүн жараксыз. Бирок анын түпкү негизи бар. Эгер талаш-тартыш маселеси болуп калса түпкү, далилдөөчү документ болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө биз жобонун негизинде ошондой ишеним каттарын, эки кошунасынын актыларын эгер бош участок болсо, эгер там болуп калса электр энергрясына, коммуналдык кызматтар үчүн төлөгөн квитанцияларынын негизинде арыздарды кабыл алып жатабыз. Бул боюнча бизде маселе жок, түз чечилген маселелер.

Би-Би-Си: Мисалы, сиз айткандай Акматтын 3 га жери бар деп коёлу. Акмат ошол жерин бир канча кишиге сатып жиберген болсо, алардын арасынан эң биринчи болуп сатып алып, ишеним кат жаздырып алган кардар эң биринчи сатып алып, акчасын төлөгөн киши катары ошол ээлик кылып калабы же Акматтын күнөөсү үчүн өзүнөн кийин алгандар менен талашып-тартышып калабы?
Рамис Ибраимов: Бизде ушундай маселелр көп болуп жатат. Мен жогоруда айткандай эле беш кишинин азабынан 45 киши жабыркап жатат да. Эми ошол Акматтай туура эмес сатып салгандарды буга чейин айтканымдай кылып чечебиз деп акылдашып жатабыз. Жер ээлерине дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кээ биринин макулдугун алып жатабыз. Дагы кайталап кетейин бул менчик ээси өзү келип, арестке койгондогу мисал. Ал эми укук коргоо органдары тарабынан бир эле участокко кеминде жетиден ашык арест коюлган жерлер да бар. Демек, жети маселе. Анын ар бирин бирден чечмейинче жанагы арест алынбайт.

Сүрөттүн булагы, president.kg
18 гектар бош жер сакталып калган. Ал болбогондо чоң баш ооруу чыкмак...
Би-Би-Си: Келечекте ошончо калк жашайт деген жерде эл колдоно турган оорууканасы, бала бакчасы, мектеби дегенге бош жер калыптырбы?
Рамис Ибраимов: Ак-Ордодо 18 га бош жер калган. Кагаздарынын баарын даярдап, өкмөткө жөнөттүк. Министрлер кабинети ал боюнча токтом кабыл алып, ал айдоо жерди трансформация кылып бердик. Архитектура тарабынан долбоорлору жасалды. Мен билгенден эки мектеп, эки бала бакча, ооруукана жана административдик имарат курула турган болуп жатат. Жалпы Ак-Ордого (Ак-Ордо 2-3) ушундай.

Сүрөттүн булагы, Vlad Ushakov
Көңүл буруңуз: Трансформация болбойт деген жерлер бар...
Би-Би-Си: Кыргызстандын аймагында ар кандай мезгилде Сибирь кулгунасы сыяктуу жана башка жугуштуу, өтө кооптуу делген ооруулардан өлгөн малдар көмүлүп, айланасына жашаганага болбойт деп курчалган жайлар бар. Сокулук районунда дагы мындай жайлар барбы, болсо ал жайлар трансформация ишинде эмне болуп жатат?
Рамис Ибраимов: Ак-Ордодо 477-контрдун жанында көрүстөн бар экен. Норма боюнча 150 метр аралыкта курулуш болбошу керек. Санэпидем борбору кортундусун берген. Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн аймагында сибирь кулгунасынан өлгөн мал көмүлгөн жай бар экен. 3 км аралыктагы радиус каралыптыр. Ошол зонасына түшүп калган үйлөргө, ошондой эле жогорку чыңалуудагы электр зымдары өткөн жерлерге дагы берилбейт. Муну ачык, так айтышыбыз керек.
Мигранттардын жери эмне болот?
Би-Би-Си: Кезинде участок сатып алгам дегендердин бир тобу ар кайсы өлкөдө жүргөн мигранттар экен. Алар чакырган учурда келе албайт, ченейт элек дегенде көрсөтүп бере албайт, кол коё кал десе кол коё албайт дегендей. Ушул маселе кандай болуп жатат?
Рамис Ибраимов: Туура айттыңыз, андай мигранттарыбыз дагы келип жатат, кайрылгандар бар. Мен билгенден 50-60ы келип кетти. Алардын көбү ушул жердеги тууган-уругуна, жакындарына ишеним каттарын тапшырып кетип жатат. Эми бул боюнча баарынын эле кабары бар. Бул иш башталганына бир жылдай болуп калды. Көбү байланышып турат экен. Мигранттар деп атайын эсебин жүргүзгөн жокпуз. Ишеним кат таштап кетендерден 500дөй болсо керек. Ишеним каттын негизинде карала берет. Эгер өздөрү келе албай, эч кандай ишеним кат бере албаса анда ал участоктордун маселеси ачык бойдон кала берет. Себеби жободо кимден арыз түшсө ошонуку каралат деп көрсөтүлгөн. Квартал башчыларында дагы көп маалымат бар. Кайсы бир участок боюнча арыз түшпөсө ал каралбайт, чечилбейт, ошол бойдон тура берет.
Квартал башчылары кыраакы болсо...
Би-Би-Си: Ченей турган күнү барышыбыз керек эле, бирок биз бул кабарды билбей калдык. Адистер келет деп кеч уктук же өтө чукул айтышты. Эми алар кетип калгандан кийин эмне болот дегендер да бар экен.
Рамис Ибраимов: Негизи адистерибиз кайсы кварталга бара турган болсо алдын ала кабар беришет. Көчө башчысына, квартал башчысына айтылат. Алар вотсап группалар аркылуу айтат экен. Бизде андай маселе деле жарала элек. Мисалы он кишинин баары келе албайт экен. 2-3 киши калып калат. Бирок аларга кайрадан кайрылабыз. Беш киши кайрылабы, бир киши кайрылабы биз аны милдетибиз деп кайрадан чыгып, ченеп, тактайбыз. Мисалы ошол эле 477-контр боюнча эки жолу тизме чыкты, эки жолу бекиди. Сиз белгилегендей эки тизме менен толук чыкты. Экинчи тизме менен бир жолкусунда такталбай же камтылбай калгандардыкы кирди. Тизме чыккан соң тизменин картасы бекийт, тизме менен карта шайкеш келиши керек. Ошонун негизинде комиссия бекитип туруп, айыл өкмөтүнө берип жатабыз. Ал жерде эле көрсүн деп атайын тактага илип жатат. Карап, тактап алганга болот.
Оңой жолу - онлайн болот беле?
Би-Би-Си: Илинет деген даяр маалыматты социалдык тармактар же атайын бир сайт аркылуу жарыялаганга болобу? Себеби баары ал жерге барып тизме карайт элек деп жүрбөй көрүп алса. Мигранттарга дагы абдан ыңгайлуу болмок болуш керек...
Рамис Ибраимов: Бул тизме, карта негизинен архитектура тарабынан даярдалат. Онлайн кылса болобу дегенге мен так жооп бере албайт экем. Кылса эмнеге болбосун? Менин оюмча, кылса болот. Эми бул жашыруун маалымат эмес, жашыруун документ дегенге кирбейт. Ошондуктан коомдук жайга ачык илип жатабыз. Эл таанышып жатат. Бул керек, туура сунуш. Мисалы алыста жүргөн мигранттар ишеним кат берип кетип жатпайбы. Ошонун негизинде өзүнүн картадагы жер тилкесин көрүүгө жакшы шарт түзүлмөк.
"Акча үмүт кылышат" деген талкуу кайдан чыкты?
Би-Би-Си: Тиешелүү документтерди бүтүрүүдө акча үмүт кылып жатат деген талкуу жүрүп жатат. Сиз да уксаңыз керек?
Рамис Ибраимов: Сөздөр көп, албетте мындайды уккан абдан жагымсыз. Андай акча үмүт кылып, акча чогултуу деген боюнча мен комиссиянын мүчөсү катары эл менен жолукканда ачык айтып жатабыз. Жөн жерден ушундай сөз уксаң көңүлүң чөгөт. Ким акча талап кылса дароо кайрылыңыздар деп айтып жатабыз. Монополияга каршы кызмат бекиткен прейскуранттын негизинде бизге келип төлөйт. Андан ашык бир сом да алынбашы керек.
Би-Би-Си бул маектин видеосун жакын арада толугу менен жарыялайт.












