"Кызыл китеп". Талаш жерлерди чечүү кайсы баскычына жетти?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Өскөн-Ордо

Сүрөттүн булагы, social media

Чүйдүн Сокулук жана Аламүдүн райондорундагы жаңы конуштардагы жер тилкелерин транформация иши башталганына эки жылдай болуп калды. 2021-жылы президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берип, жер тилкелерин легалдаштыруу маселесин тез арада чечүүнүн жолдорун иштеп чыгуу талабы коюлган. Андан бери иш олку-солку болуп оңунан чыкпай, нааразы болгон эл митингге чыкканга чейин барды. Жүктөлгөн милдеттерди аткара албагандыгы үчүн деп жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызматынан дагы алынды. Учурда абал кантип жатат?

"Өскөн-Ордонун" маселеси ордунан жылды

Бакыт Калмамбетовдун Аламүдүн районуна караштуу “Өскөн-Ордо” жаңы конушунда жашаганына он жылдан өтүп калды. Ошол убакыттан бери ал төрт сотка жер тилкеси үчүн кызыл китеп ала албай келген.

Үй-жайы тургузулуп, электр энергиясы киргизилгени менен тиешелүү документтери жок болгондуктан көптөгөн социалдык мүмкүнчүлүктөр чектелген.

Тургундар мектеп, бала бакча үчүн маалым кат алууда, доктурга көрүнүүдө, шайлоолордо добуш берүүдө өтө көп тоскоолдуктарга туш болуп келген. Учурда иш оңунан чыгып, конуш тургундары кубанып турган чагы дейт ал:

“2023-жылдын март айында айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштен алынып, жаңы кишилер келгенден тартып иш жыла баштады. Биргеликте түн жарымына чейин иштеп жаттык. Биздин район боюнча айыл өкмөт, комиссия мүчөлөрү жакшы иштеп берди. Эл четинен кызыл китеп алып жатат. Ыраазы болуп той берип жатышат”.

Активисттин айтымында, “Өскөн-Ордо” конушунда 1,5 миң түтүн жашайт жана келечекте алардын саны 2 миң 400гө жете турганы айтылууда.

“Жарым жыл мурун 550 киши кызыл китепти колубузга алдык. Учурда миңден ашык киши документтерин архитектурага, кадастрга тапшырды. Эки-үч жума аралыгында аларга дагы бериле баштайт. Андан кийин бош турган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу иштери башталат. Арасында талаштуу тилкелер дагы бар. Алар дагы акырындык менен чечилип жатат. Кыскасы, тургундар абдан кубанып турат”,- деди ал.

“Апрелге чейин жыйынтыктап калабыз”

Өскөн-Ордо

Сүрөттүн булагы, social

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Расмийлердин айтымында, жалпы Аламүдүн району боюнча он жети айыл өкмөтү бар. Алардын он алтысында курулуш иштери убагында мыйзамдаштырылбай калган.

Трансформация иши башталганда район боюнча жалпы он эки миң беш жүзгө жакын арыз келип түшкөн. Алардын тогуз миңге жакыны коомдук билдирүүдөн өтүп, жети миңге жакын арыз боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Жети миң кишинин ичинен беш миңи колуна кызыл китептерин алды.

Арыздардын көбү негизги төрт айыл өкмөткө таандык. Алар Лебединовка айыл өкмөтү, тагыраагы жогоруда сөз болгон “Өскөн-Ордо” конушу, Ленин, Маевка жана Көк-Жар айыл өкмөттөрү. Аталган район боюнча жалпы 1 миң 200 гектар жер трансформацияланышы керек болчу.

“Иш пландагыдай жүрүп жатат. Буйруса 2024-жылдын апрелине чейин жыйынтыктап калабыз. Бизге тоскоол болгон нерсе жарандардын өз ара талаш-тартышы болуп жатат. Убагында жер тилкелери тил каттын негизинде сатылып кеткен. Кийин аны саткан ээси катты тааныбай койгон учурлар болуп жатат. Андай көйгөйү жок жерлерге мамлекеттик акт тоскоолдуксуз берилүүдө”,- деди Аламүдүн районунун акиминин орун басары Өмүрбек Тейтелиев.

Жер мунапысы

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

2022-жылдын апрелинде мамлекет башчы Садыр Жапаров “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Анын негизинде, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алган.

Жапаров жергиликтүү бийлик башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, тургундардын кызыл китеп маселесин тез арада чечип берүүнү тапшырган.

2023-жылдын март айында аталган мыйзамдын аткарылышы боюнча жумуш кеңешмесин өткөрүп, жыл жыйынтыгы менен мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес деген баасын берген.

Өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын белгилеген. Ал мындай маселелерди тез арада чечүү үчүн президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана акимдердин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилгенин эске салган.

Мыйзам кабыл алынганына бир жылдын жүзү болгонуна карабай ошол кездеги президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Сокулук районунун акими жетиштүү чараларды көргөн эместигин айткан.

Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 гана кызыл китеп берилген.

Канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Сокулук районунун акимин кызматтан алган.

2023-жылдын 4-мартында болсо жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгында Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими ээлеген кызматынан бошотулган эле.

"Ак-Ордо-3" конушу

Мирбек Осмонов

Сүрөттүн булагы, Facebook

Чүй облусунда жер тилкелерин трансформациялоодо көйгөйлүү маселе жараткан аймактардын дагы бири – Сокулук району.

Активист Мирбек Осмонов бул аймактагы “Ак-Ордо-3” жаңы конушунун тургуну. Ал конуш негизделгенден тартып жер тилкелерин мыйзамдаштырууну, аймактын социалдык маселелерин чечип берүүнү талап кылып чуркап жүргөндөрдүн бири.

Аракетинин акыбети кайтып ал жакында эле жер тилкесине ээлик кылган мамлекеттик актыны колуна алды. Аны менен чогуу конуштагы беш миңге чукул киши кызыл китепке ээ болду.

“Буга чейин эч нерсеге укугубуз жок “үчүнчү сорт” кишилердей эле жашап келдик. Эми кызыл китеп колго тийип, эл катары каттоого алынып, социалдык кызматтарга ээ болуп жашай баштадык”,- деди ал кубанып.

Айтымында, жерди трансформациялоо маселеси эки этап менен жүрүп жатат. Алгач үйлөр салынып жана пайдубалы курулуп калган жер тилкелерине документтер берилүүдө. Алар аяктаган соң бош тилкелер боюнча иш башталат.

Аталган конушта дагы тургундардын өз ара жер талашы ишти кечеңдетип, маселени татаалдаштырып жатат дейт:

“Бирок жер тилкелерин экинчи этапта карайбыз деп кармай берген сайын маселе татаалдап жатат. Убакыт өткөн сайын алардын ээлери дагы көбөйүп кетти. Ошондуктан биринчи жана экинчи этап деп болбой эле документтер жапырт берилсе жакшы болмок. Бир эле тилкеге эки же үч киши ээлик кылган жерлердин маселеси эми кантип чечилет билбейм”.

Активист жалпысынан мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштыруу иши алдыга жылып жатканын айтат. “Ак-Ордо-3” жана “Ак-Ордо-2” конуштарында он беш миң түтүн жашайт. Алардын он миңдейи жерин менчиктештирүү боюнча арыз тапшырган жана алардын беш миңи тиешелүү документтерин колуна алды.

“Кайсы бир себептерден арыз тапшыра электери, тапшырып күтүп жатканы дагы бар”,- деди Осмонов.

“Апрелде арыз кабыл алуу токтотулат”

Ак-Ордо-3

Сүрөттүн булагы, Social

Район акими Илияз Ташкуловдун айтымында, Сокулук районунда он тогуз айыл өкмөт жана бир шаар бар. Шопоков шаарын жана бир айыл өкмөтүн эске албаганда он сегиз айыл өкмөттө жер тилкелерин мыйзамдаштыруу иштери жүрүп жатат. Сокулук району боюнча аларга 24 миңге жакын арыз түшкөн. Комиссия аларды карап 14 миң 516 арыз боюнча оң баасын берди.

“Беш миңдей киши колдоруна мамлекеттик актыны алышты. 7 200 кишинин колуна чечимдери берилди. Эми алар мамлекеттик каттоо кызматына барып кызыл китебин ала берсе болот”,-деди ал.

Аким элдин саны көп болгондуктан аларды этапка бөлбөй тегиз кароо мүмкүн эмес экенин айтат.

“Анын баарын аралаштырып жиберсек жумуш жылбай калат. Алгач үй салып жашап жаткандарды жолго коюлуп алалы, андан соң бош тилкелерди мыйзамдаштырабыз. Жалпы 1,5 миң гектардан ашык жер трансформация болуп жатат. Ички талаш аябай көп. Бул эң оор маселе. Бир жерге бири фундамент куйса, экинчиси дубалын тургузуп койгон. Мурун сот аркылуу 400 гектар жер камакка алынса, азыр 60 гектар жер камакта”,- деди ал.

Аталган район боюнча арыздарды кабыл алууну апрелде токтотуу маселеси жогорку комиссияда каралып жатыптыр. 2024-жылдын алты айында жерлерди мыйзамдаштыруу аягына чыгып калат дейт расмийлер.

2021-жылы 22-ноябрда президент Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүндөгү “Ак-Ордо-3” конушунун жашоочулары менен жолуккан.

Анда жергиликтүү тургундар мамлекет башчынын көңүлүн дээрлик 20 жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөргө бурган.

Алар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай жатканын, конушта мектеп, оорукана, бала бакча жок экенин айтып, жол жана көрүстөн маселелери курч турганын билдирген.

Президент тургундар айткан көйгөйлөрдү, конуштагы тилкелердин документтерин жана техникалык паспортторун тез арада чечип берүүнү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырган.