"Суу биз жакка улам жылып жатат": Чуу жараткан Чүй дарыясы

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Чу дарыясы

Сүрөттүн булагы, Official

Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө 50 млн сом каралып бөлүнгөнүн Финансы министрлиги маалымдады. Жогорку Кеңештин жыйынында дарыянын жээгин бекемдөө маселеси көтөрүлүп, дамбалар убагында курулбагандыктан суунун нугу бурулуп, гектарлаган жер коңшу өлкөгө өтүп кеткени айтылгандан кийин ишке каражат бөлүндү.

Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө бир топ жылдан бери чечилбей келген маселеге айланды. Көйгөй маал-маалы менен көтөрүлүп келгени менен аны чечүү эмнегедир кечиктирилип келди.

“50 млн боюнча жаңы эле буйрук чыкты. Чүйдүн губернатору менен жолугуп, чек-ара жана башка кызматтардын өкүлдөрү менен бирге жыйын өткөрдүк. Протоколдук тапшырмалар берилди. Ал каражатка учурда эки объектини оңдоону пландап жатабыз. Экөө тең Сокулук районуна караштуу. Азырынча ушул каражатка иш алып барып тургула, калганын дагы бөлүп беребиз деп жатышат. Биз бир жылга 176 млн сом сураганбыз”,- деди ӨКМ өкүлү Таалай Алишеров.

Жер тилкеси коңшу өлкөгө өтүп кеттиби?

Чу дарыясынын оң жээги Казакстанга сол жээги Кыргызстанга таандык

Сүрөттүн булагы, screenshot

Чүй дарыясынын оң жээги Казакстанга, сол жээги Кыргызстанга таандык. 2001-жылы Астанада түзүлгөн келишимде Токмоктон тартып Сокулуктун Камышановка айылына чейинки аралыктагы эки өлкө чек арасы Чүй дарыясынын нугу менен аныкталат деп көрсөтүлгөн. Бирок ал келишимде суунун нугу өзгөрсө дагы чек ара сызыгы өзгөрүлбөйт деп жазылган эмес.

Ошондон тартып коңшу мамлекет дароо жээк бекемдөө иштерин жүргүзө баштаган. Дарыянын нугу болсо улам жылып отуруп, Кыргызстан тарапка кыйла ооп кеткен.

Маселе, 2012-жылы парламентте көтөрүлүп 2013-жылы эки өлкөнүн чек арачылары кайрадан тактоо иштерин жүргүзгөн. Чек ара Чүй дарыясынын ошол учурдагы нугу деп эсептелип, ал чек өзгөрүүсүз калат деген кошумча киргизилген жана тиешелүү документ 2017-жылы Жогорку Кеңеште ратификацияланган.

Бирок адистердин айтымында, Кыргызстан учурунда дарыянын жээктерин бекемдеп албагандыктан, 2001-жылдан 2012-жылга чейинки аралыкта 500 гектар жер Казакстанга өтүп кеткен. Андан тышкары ондогон чек ара мамыларын кайра которууга туура келген.

Дарыяда 193 кооптуу аймак такталган

Сүрөттүн булагы, screenshot

Учурдагы абал кандай?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол учурдагы катталган окуя кыргыз өкмөтүнө канчалык сабак болуп калды? Андан бери он жылдан ашуун убакыт өтсө дагы дарыянын Кыргызстанга тиешелүү сол жээги дале бекемделип бүтө элек. ӨКМнын маалыматына ылайык, суу жеген жерлер көбөйүп жараксыз абалга кептелип жатат.

Аны кыргыз бийлиги каржы маселесинин тартыштыгы менен байланыштырат. Соңку эки жылда аздан болсо дагы каражат бөлүп чечкенге аракет кылып жатабыз дейт.

Чүй дарыясынын кооптуу тилкелерин тактоо боюнча 2013-жылы жалпы изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 193 кооптуу аймак такталган. Ошол жылкы эсептөөнүн негизинде курулуш иштерине кетчү каражаттын көлөмү 1 млрд 800 млн сом деп бааланган.Учурда 40 тилкеде гана иш аяктады.

“Андан бери он жыл өттү. Бирок суу эсептеп кетти эле, эми жылбай коё турайын дебейт экен да. Суу биз жакка улам жылып жатат. Жээги бекемделе элек 150 тилке калган. Учурда андай тилкелердин саны өстүбү же азайдыбы белгисиз. Кайрадан такоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМ ошол генералдык схеманы жаңылоо буйругун чыгарды. Өзүбүздүн үнөмдөгөн каражаттын эсебинен кайра текшерип чыгабыз. 2-3 ай аралыгында толук тактоо иштерин жүргүзөбүз”, - деди Таалай Алишеров.

Дарыяны бекемдөө техникалык маселе

Чүй дарыясын Токмоктон Сокулукка чейинки узундугу180 чакырымды түзөт

Сүрөттүн булагы, screenshot

Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов Чүй дарыясын бекемдөө чек арага байланышпаган, техникалык маселе экенин айтат.

Бирок Кыргызстан тарап убагында бекемдөө иштери аткарбагандыктан бир топ тоскоолдуктарга туш келди деп эсептейт.

Айтымында, бюджеттен гана эмес, кошумча каражаттардын эсебинен жээкти бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү дагы жаралган.

Бишкектин четиндеги айланма жол курулуп жатканда жол тилкесин сакташ үчүн деген шылтоо менен дарыя жээгин бекемдетип алуу мүмкүнчүлүгү бар эле, бирок ал аткарылган жок.

“Элдин тынчы кеткенге негиз бар. Суу бери ооп биздин жер аркы жээкте калып жатат. Суу нугун жолду көздөй жирей баштады. Эгер Казакстан суу алабыз деп калса коңшулар дагы маселе коюшу мүмкүн. Ошондуктан эки тарап тең учурунда өзүнө таандык жээкти бекемдеши керек эле. Казактар муну жасады, Кыргызстан анткен жок. Суунун нугу өзгөрсө эле чек ара дагы жылып кетет деп кабыл албаш керек. Соңку макулдашууларда суунун нугу өзгөрсө дагы чек аранын орду өзгөрбөйт деп жазылган”,- деди ал.

Чүй дарыясын Токмоктон Сокулукка чейинки узундугу180 чакырымды түзөт. Суунун нугунун өзгөрүүсү чек ара сызыгына эч кандай таасир тийгизбесе дагы ал аймакта орнотулган чек ара мамыларын каптап калат. Ал эми аны бир метр жылдыруу үчүн спутник аркылуу текшерүүгө алынып, өкмөттөр аралык макулдашуу жүргүзүлөт.