Ак-Ордо 3: көрүстөн сатуу "бизнеси" дале барбы?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Көрүстөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бишкек мэриясы Аламүдүн району менен жер алмашып, көрүстөн үчүн 22 гектар жер алууну пландап жатат. Калаа бийлигинин маалыматына караганда, Ала-Арча тарыхый-мемориалдык көрүстөнү дээрлик толуп калды. Аталган көрүстөндө 78 жаран алдын ала жайды ээлеп коюшкан, мындан тышкары болжолу 8 бош орун бар.

Чүйдүн көпчүлүк райондорунда көрүстөнгө байланыштуу көйгөй арбын. Бир жагынан жер тартыш, экинчи жагынан көр сатуу "бизнеси" дале токтобой жатканын айткандар бар.

Мындай аймактардын бири Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо 3 жаңы конушу. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, ал жакта 15 миң түтүн жашайт. Калк жылдан жылга көбөйүүдө.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден көп өтпөй аталган конушка барып жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн уккан. Анда алар 20 жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүн көтөрүп, көрүстөн маселеси дагы курч экенин айтып чыгышкан. Эл менен президенттин жолугушуусу так ошол көрүстөнгө канатташ эле жерде өткөн.

Тургундардын бир тобу конуштагы 26 гектар жерди көрүстөн ээлеп калса кандай болот деп тынсызданууларын билдирген. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, көрүстөндү жакалай жашагандар арбын. Ошел эле учурда тегиз, темир жолдун жээгин бойлой жайгашкан көрүстөндөн да маанилүү башка багыттарга жарамдуу жер мүрзө бойдон калабы же башка чоң муктаждыктарга жарайбы деген суроо кабыргасынан турат. Айрымдар көрүстөн үчүн көздөн далдоо, тоо-ташты пайдаланса деле болот дешет.

Көрүстөн толуп калса, анын жанындагы үйлөргө эле эмес, ошол чөлкөмгө терс таасири болот дегендер бар. Бул талаш Бишкекте аба абдан кир, жаңы конуштар жабыла көмүр жагат, Бишкекте, анын жака белинде сейил бак кургудай бош жер жок деген талкуу кызып турган учурга туш келди.

Ошондон улам Сокулук менен Бишкектин так эле чегинде турган бул жердин азыр толо элек он гектар жерин сейил бак үчүн сактап калса мыкты болмок дешет. Алардын жүйөсүндө миңдеген турак-жай курулган жерде "шаардын өпкөсү" саналган бир дагы сейил бак жок.

Буйрук да, сунуш да берилген...

Садыр Жапаров президенттин Чүй облусундагы ошол учурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө мүрзө үчүн башка жер табуу маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырган.

Андан бери бир ай эмес, бир жылдан өтүп экинчи жылга карап бара жатат. Бирок президенттин бир айда чечилсин деген тапшырмасы дале аткарылбай жатканын жергиликтүүлөр айтат.

“Көрүстөндүн жарымы толду. Жылдан жылга элдин саны көбөйүп жатат. Беш жылдан кийин тургундардын саны кыйла өсөт. Сейил бак актуалдуу маселеге айланат. Президент келгенде тоо жактан жер карап чыккыла деген сунушун берген. Бирок ага көңүлдөнгөн деле киши болгон жок. Жергиликтүү бийликке айтсак айылдык кеңештин депутаттары каршы чыгып койду дейт. Айылдык кеңештин депутаттары биз каршы эмеспиз жер табылбай жатат дейт. Жер издедиңерби?,- деген суроого губернатор оң жооп бере албайт. Кыскасы көңүлдөнүп издеген киши болбой жатат”,- деди конуштун тургундарынын бири Мирбек Осмонов.

2021-жылы президент жаңы конушка барганда

Сүрөттүн булагы, Official

Көр казуудагы коррупция

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жергиликтүү тургундар маселенин чечилбей кечеңдеп жатышынын бирден-бир себеби жайга жер берүүдөгү коррупция дешет. Алардын айтымында, бир эле орун үчүн жергиликтүү казынага жана турак жай коммуналдык чарбасына 35-40 миң сомго чейин акча түшөт.

“Ошондуктан булар көңүлдөнбөй, жапа тырмак киришпей, жаңы сунуштарды, идеяларды бербей жатышат”, - деди Осмонов.

Мыйзамга ылайык, Новопавловка айыл өкмөтүндө каттоого турган жергиликтүү тургундарга жай акысыз берилиши керек. Ал аймакта көп жылдан бери жашап бирок каттоосу жок болсо аларга кабыл алынган мыйзамдын негизинде 20 миң сом акы төлөө каралган экен.

Бирок эске сала кетчү жагдай, Ак-Ордо жаңы конушунда жер тилкелерди мыйзамдаштыруу иштери эми гана активдеше баштады. Буга чейин жергиликтүүлөр кызыл китеп ала албай келген. Ошондон улам эгер жер тилкесине ээлик кылуу тууралуу документи колунда жок болсо, кайдан каттоосу болмок эле?,- деген суроо жаралбай койбойт.

Ошондой эле конуштун тургундары көрүстөнгө шаардын туш тарабынан келип сөөк жашырылып жатканын айтышты.

Конушта аянты 26 гектар болгон көрүстөн бар

Сүрөттүн булагы, screenshot

Санитардык норманы сактайлы деп...

Адистердин айтымында, мүрзө менен үйдүн аралыгы бери дегенде 150 метр болушу керек экен. Бирок конуштагы көрүстөндүн тосмосу менен үйлөрдүн аралыгы 50 гана метр. Тургундар бул санитардык нормага жооп бербей турганын, көрүстөн толгон сайын тегерек-четиндеги үйлөр кызыл зонага кирип, аларга документ алууда көйгөй жаратып жатканын айтышат.

Тургундар көрүстөн 2-3 жыл аралыгында эле толот деп болжоп жатышат. Ошондо жергиликтүү бийлик аргасыздан башка жактан жер бөлүп берет. Бирок алар ошол жерди азыртан бөлүп бере турган болсо көрүстөндүн бош тилкеси сейил бакка айланмак. Ал эми үйлөр дагы кызыл зонага кирип кетүү коркунучунан арылмак. Кааласа-каалабаса дагы убакыт келгенде көрүстөн үчүн башка жай бөлүнөт. Ошол учурда сейил бакка бош жер табуу мүмкүнбү?

Мирбек Осмонов ал жерди көңүл ачып, шапар тебе турган жай болбосо дагы жашылдандырып, мүрзөдөн оолак жагын ойдогудай пайдалануу мамлекттин өзү уун дагы чоң утуш деп эсептейт. Ансыз майрам деген күнү кенедей балдардан бери маршруткага чубуртуп салып алып, шаардын такыр башка аймагына барууга аргасыз болушат.

Новопавловка айыл өкмөтү адырдан куру жалак калганбы?

Ак-Ордо 3 жаңы конушу

Сүрөттүн булагы, screenshot

“Мен ошол көрүстөнгө жакын жашайм. Жайдын күнү тургундардан жыт келип жатат деген арыздануулар түшөт. Ал жакта иштегендер жазында кар эрип, жер жумшарып калган маалда, мүрзөлөрдүн үстү түшүп, жаш балдардын денесин иттер сүйрөп чыккан учурлар болуп жатканын айтып жатышат. Аларды кайра көмүп коюп жатабыз дешүүдө. Ошондон улам дагы көрүстөндү чет жакка чыгаруу маселеси коюлуп жатат. Айыл өкмөт атайын көрүстөнгө деп аэропорт тараптан жер берилгенин, бирок алыс деп эл ага каршы чыгып жатат дешүүдө. Тоо тараптан берели десек башка айыл өкмөттөргө карагандыктан алар макул болбой жатат деген шылтоону айтышууда. Ага ишенели десек биздин айыл өкмөттүн деле тоодо жайыт жерлери бар да. Эмнеге ошол жакка көчүрүп бере алышпайт”,- деди конуштун квартал башчысы Бактияр Аттокуров.

Көрүстөнгө ылайыктуу жер жок

Новопавловка айылдык кеңешинин төрагасы Аскар Абышев мүрзө үчүн башка жактан жер бөлүп берүү маселеси жергиликтүү кеңеште бир нече ирет каралганын айтат. Бирок конушка тиешелүү бош жер жок болгондуктан ал ордунда калтырылган. Депутат бул айыл өкмөттүн деңгээлинде эмес, райондук деңгээлде чечиле турган маселе дейт:

“Конушка үйлөр салына электе эле көрүстөн бар болчу. Аны көргөндөн кийин эл өзү деле кызыл зонага жакын салбашы керек эле. Маселе жергиликтүү кеңеште каралганы менен мүмкүнчүлүк жок болсо кайда көчүрмөк элек? Мисалы, Орок айылынын жерлери бизге карабайт да. Райондук деңгээлинде коңшу айыл өкмөттөн жер табылып, көчүрүү боюнча тапшырма берсе макулдугубузду беребиз. Ал эми жайыт жерлер өтө алыс, жолу дагы начар. Уруксат берген күнү дагы жергиликтүү тургундар макул болбойт. Кайра эле өздөрү маселе көтөрүп чыгат”.

Новопавловка айыл өкмөт башчысынын орун басары Элдияр Рымбеков көрүстөндүн төрт тарабында калк жайгашканы менен анын күн чыгыш тарабындагы бир көчө гана кызыл зонага кирип кеткенин айтат. Мүрзө төрт тарабынан курчалып, тосмо тозулган жер чек катары буга чейин эле белгиленген.

“Эл тарабынан тосмону жылдыруу сунушу түшкөн. Биз аны карап көрөлү дегенбиз. Негизи айылдык кеңеш кайра карап, көрүстөндүн аянтын кичирейтип берсе, ошентсе болот. Бирок ошол эле айыл өкмөттө көрүстөндүн жерин кичирейтип салсаңар биз сөөктү кайда алып барабыз. Башка жакта эч ким албайт дегендер дагы чыгып жатат. Ал эми жыттанып, иттер казып жатканы тууралуу эч нерсе айта албайм. Мүмкүн болсо болгондур.”,- деди ал.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, учурда конушта көрүстөндөн дагы маанилүү маселелер курч турат. Алар үчүн жер ээлерин мыйзамдаштырып, кызыл китептерин колуна берүү негизги пландардын бири. Андан кийин сөзсүз көрүстөн маселесине көңүл бурат элек дейт айыл өкмөт башчысынын орун басары. Жергиликтүү активисттер болсо ошол убакытка чейин бош жерди толугу менен мүрзө ээлеп калбайт деп ким кепилдик берет деп жатышат.

Ошондой эле алар көр сатуу боюнча эч кандай факты катталган эмес дейт. Айтымдарында ар бир тыйын кассага төгүлүп, квитанция берилип турат. Ал каражат Новопавловка айыл аймагынын муктаждыктарына коротулат жана ошол эле мүрзөнүн тегерек-четин тазалоого, кароолчуларынын маянасына жумшалат.