Кир аба: “Түркияда кийип жүргөн ак курткам эки күндө капкара болуп калды”
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бишкектеги абанын кыш мезгилинде көрсөткүчү өтө начарлайт. Буга чейин бул ден-соолукка зыян деген менен, бирок, анын так кесепетин эч ким так айта албай, изилдөө жок деп келди. Өткөн жылы бир нече эл аралык иликтөө чыгып, анын негизинде кир аба Кыргызстанда дагы адам өмүрүн алууда деген тыянак чыкты. Кыргызстандык айрым дарыгерлер ал изилдөлөргө ынанбай турат. Бирок толук кандуу талдап, четке дагы кага элек.
Президент Садыр Жапаров Facebook баракчасына жазган соңку кайрылуусунда Бишкектеги кир аба, жашыл экономика тууралуу кенен сөз кылды. Анда жашыл экономикага өтүү приоритет экенин, тышкы карызды төлөөгө жумшалчу каражатты ушул нукка буруу ниетин билдирди.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Буга чейин Министрлер кабинетинин отчёттук жыйынында президент Садыр Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башчысынан кир аба боюнча сурап, маселенин чечилишин талап кылган эле.
Бишкектин абасы сапаты жагынан кооптуу чекке жеткен, эң эле кир деген тизменин сап башына чыккан учурлар бар. Бирок Бишкек мэриясы "бир күндүк салюттан аба булганбайт" деп Жаңы жыл түнү 750 000 сомдук салют аттырды. Салюттан башка лазер сыяктуу жарамдуу сунуштарды айтканы менен эко-активисттердин, шаар тургундарынын салют аттырбоо өтүнүчү четте эле калды. Айтмакчы, шаарда жалбырак, куураган чөптү өрттөсөңүз айып төлөйсүз деп шаар бийлиги бир нече жолу эскертип келген жайы бар.

Би-Би-Си чет жакта иштеп, окуп жана жашап келгендерден Бишкектеги абанын сапаты аларга байкалдыбы, сезилдиби, алар жашаган жерде кандай деп сурап көрдү.
Маселе көмүрдө...
Өткөн жылдын ноябрда эле Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө программасынын Бишкектеги абанын сапаты боюнча жасаган изилдөөсүнүн жыйынтыгы чыккан. Анда борбор калаадагы абанын булганышына алып келген негизги булак көмүр экени айтылат.
Осман Шахин Түркиялык. Ал Трабзон шаарында турчу. Шаар деңиз жээгинде болгондуктан, аба нымдуу болуп, ошол себептен кышында жумшак климаты бар дейт ал. Осман да абанын мынчалык булганыч болушуна көмүр себеп деп эсептейт.
“Кышында -2, -10 градуска жакын күн суук болот. Орто эсеп менен жылына 1-2 жолу эле кар жаайт. Ал да 2-3 күндө эрип жок болот. Бул жерде кышында суугураак экен. Мен келген алгачкы жумалары абдан суук болчу, -10 болду окшойт. Нымдуулук жок, алакандарым, эриндерим жарылып кетти. Андыктан дайыма нымдандыруучу крем колдонуп жатам. Булардын баарын эске алганда, Бишкектин абасы Түркияга салыштырмалуу тумандуу жана булганыч. Бул көмүрдү колдонуу деңгээли Түркияга караганда жогору болгондуктан болсо керек. Түркияда 70% жаратылыш газы менен жылытылат да”, - деди Осман.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Данияр кызы Азем Кытайда 4 жыл окуп келген. Анын айтымында, Бишкекте үйлөрдү желдетүү мүмкүн эмес, таза абада сейилдөө да кыйын, мунун айынан ооруу-сыркоолор дагы адаттагыдан көбөйдү.

Сүрөттүн булагы, social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Мен окуп келген Кытай Эл Республикасынын Лаонин провинциясынын Аньшан шаарында аба тазалыгы дагы мактанаарлык эмес. Бирок Бишкектен алда канча жакшыраак. Алгач ошол жерден “смог” эмне экенин билгем, башында туман деп ойлочумун, кеч күздөн жазга чейин толук күндү көрүү мүмкүнчүлүгү аз. Сыртка чыгып келген соң, мурундун тегереги кара болуп калчу, бирок кетээр жылы абал бир аз өзгөрдү, жылдагыдан тазарды, мамлекет тарабынан ар дайым иш-чаралар өткөрүлүп турчу: мисалы машиналардан чыккан түтүндү азайтуу максатында, так сандагы даталарда так сандуу номер менен аяктаган машиналар гана жүрүүго уруксат, жуп сан даталар күнү тескерисинче жуп сан менен аяктаган номерлүү машиналарга гана уруксат деген сыяктуу бир топ чаралар колдонулчу. Кыргызстанда да мамлекеттик деңгээлде ушундай иш-чаралар өтүп турса жакшы болмок", - деди Азем.
Елена Ким Кореяда окуп, иштейт. Кечээ жакында эс алганы Бишкекке келди.
“Туманбы же түтүнбү, белгисиз. Жакын жерде кимдир бирөө мончосуна деп көмүр жагып жаткандай жыттанып турат. 4-5 сааттан кийин жыт сезилбей баштайт. Кореяда абада кээде сары чаң көп болот. Андай күндөрү элге беткап кийүү боюнча билдирүүлөр келет. Нымдуулуктун жогору болгондугуна байланыштуу кышы Бишкекке караганда суук, анткени шамал соккондо сөөккө чейин кирип кетет. Бирок анда деле мынчалык смог болбойт. Аба таза эле”, - деди Лена.

Сүрөттүн булагы, social media
Ал эми Даяна Алмазбекова Германиядагы Франкфурт-на-Майне шаарында 5 жыл жашап, Бишкекке жакында эле келди. “Шаарга конгондо эле абадагы ыш байкалды. Кийинчерээк эле дем алууда кыйыналганымды сездим. Көз жүгүрткөндө эле, асмандын тунук эмес экенин көрсө болот. Шаарды айлангандан соң, үйгө киргенде кийимде жагымсыз ыштын жыты келди. Франкфурт-на-Майне шаарында чоң аэропорт жайгашкан, күнүнө көптөгөн учактар учуп-конгонуна байланыштуу абаны таза деп айта албайм. Бирок Бишкектин абасына салыштырмалуу ыш сезилбейт”, - деди Даяна.

Сүрөттүн булагы, social media
Орусияда мобилизация башталганда, Кыргызстанга келип жашап жүргөн блогер Владимир да Бишкектин абасы тууралуу ою менен бөлүштү.
“Абдан ачуу түтүн, күйүк жыт дароо байкалды. Менде жөтөл пайда болду. Өзүм Москванын чет жакасында жер тамда жашачумун. Ал жактын абасы таза”, - деди ал.
Сурамжылоого катышкан дагы бир каарманыбыз Сатыбалдиева Айсалкын Молдовада жашап келиптир. Ал мындай деди:
“Аэропортко түн жарымда конуп, учактан караңгыда чыккангабы, абанын өң-түсү деле билинген эмес. Дароо эле унаага отуруп, мейманканага барып бутту сунуп жатып калгам. Эртеси түштө чыксам, кара булут каптап ылдыйлап калган экен. Өтө таң калыштуу болду мен үчүн. Смог деп көп угуп жаткам, бирок мынчалык болот деп ойлобоптурмун. Эл ошондо эмне менен дем алып жатат деген суроо туулат экен. Ден-соолукка зыян, залалын келтирип жатат да, 7 ай Молдова мамлекетинде эмгектенип келдим. Молдовада 7 ай ичинде деле мындай кара түтүн каптаганын көргөн жокмун. Ала-була болуп, туман каптаган күндөр болду, бирок түтүн деген көйгөй жок десем болот. Бишкекке салыштырмалуу асманы ачык эле болуп турчу. Бишкектен мурун тоо чокулары көрүнүп турса, азыркы учурда жакынкы имараттар деле көзгө илинбей калыптыр”.
“Түркияда кийип жүргөн ак курткам эки күндө капкара болуп калды”
Түркиянын Конья шаарында окуп келген Жаркынай Исаева абанын кир экени кийип жүргөн кийимимди өңүнөн байкалды дейт.
“Түркияда кийип жүргөн ак курткам Бишкектен эки күндө капкара болуп калганда, абанын ушунчалык кир экенин билдим”.

Сүрөттүн булагы, social media
Сулайман Тынчыбеков Англияга айыл-чарба иштеринде иштеп, жакында эле келди. Ал Лондондон эки саат алыстыкта жайгашкан Шеффилд шаарында жарым жыл эмгектениптир.
“Англияда абасы таза жана нымдуу. Кышында байкасам, ал жакта от жагылбайт экен. Элдер газ менен ооокат кылат экен. Карасам, унаалары дизель, түтүн чыкпайт. Бишкеке келсем эле шаарды түтүн каптаган. Англияга көнө түшкөм го, келип дароо жөтөлүп калдым. Аба жакпай, эми эле кайра көнө баштадым”, - деди Сулайман.

Сүрөттүн булагы, social media
Жогоруда сурамжылоодогу жоопторго карасак, чет жактан келген каармандарыбыздын баары Бишкектин абасынын сапатын начар деп баалашты. Алар эч кандай атайын техникасы жок эле, өзүлөрү сезип, байкаган нерселерин айтып беришти. Бул Би-Би-Си суроо салган саналуу гана маектештердин пикири.
Бишкектеги кир абадан былтыркы жылы 112 өлүм катталганын ЮНИСЕФтин соңку иликтөөсү көрсөттү. Эми бул өлүмгө дуушар кылуучу кир абадан арылуунун чаралары качан көрүлүп баштайт, мамлекеттик программа качан ишке кирет, али белгисиз.












