Борбордун баш оорусу: тамды тандайбы же бакты тандайбы?

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданы бузулуп, анын ордуна ипотекалык көп кабатту үйлөр курулушу мүмкүн. Садыр Жапаров өткөн аптада ат майданга күтүүсүз барып, заманбап ипподром курууга жер бөлүп берүүнү тапшырды. Президенттин сунушу Бишкек дүйнөдө эң эле абасы кир шаарлардын катарында, борбордо жашыл аймак, сейил бактар жетишпейт деген талкуу жүрүп жаткан учурга туш келди.
Бишкектин Ленин районунда жайгашкан, аянты 57,4 гектар болгон “Ак-Кула” ат майданы 1947-жылы курулган. Ал убакта иппадром жайгашкан жер шаардын сырты деп эсептелчү. Шаар улам кеңейип отуруп, ат майдан калаанын чок ортосу болбосо дагы кыйла эле ичинде калды.

Сүрөттүн булагы, Эрбол Султанбаев
Токсонунчу жылдардын аягында ат майдан мыйзамсыз түрдө акционердик менчикке өтүп кетип, ипподромдун четиндеги жер тилкелер жеке жактарга сатылып да кеткен. Узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин, ат майдан толугу менен шаар бийлигинин кармагына өткөнүнө аз эле убакыт болду.
Президенттин ипподромдун ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу демилгесинен кийин Ленин районунун аймагындагы сейил бак тартыш деген талкуу кайрадан күн тартибине чыгып, кызыды.
Буга чейин бийлик ушул эле райондо жайгашкан №47 түзөтүү абагынын ордуна 10 миң батирлүү турак жай комплекси куруларын кабарлаган. Ал жерге сейил бак куруу демилгесин эко-активисттер эле эмес, Жаныбек Абиров баштаган парламент депутаттары да көтөрдү. Бирок, башынан эле башка план бар окшойт, бийлик ал жерге кичи район курулат деди. Түрмөнүн орду кеминде 8 гектар жер экен.

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Экологдордун эске алынбаган пикири
Экологиялык уюмдар Ленин районунун аймагынын 1 пайызын гана сейил бактар ээлей турганын айтышып, бийликти көп кабаттуу үйлөрдү куруу чечимин кайра кароого чакырып келишет.
“Арча демилгеси” коомдук фондунун мүчөсү, эколог Дмитрий Переяславский шаар ичиндеги жашыл аймактардын эмне үчүн зарыл экенин мындайча түшүндүрөт:
“Жашыл аймактар экологияга таасири чоң. Биринчиден абаны тазартып, шаар ичиндеги ызы-чуу үндөрдү басаңдатат, чаңды кадимкидей жутат. Жарандардын сейилдеп, эс алуусуна мүкүнчүлүк түзүлөт жана калаага көрк берет. Мээ кайнаткан ысыкта күндү тосот. Тилекке каршы Ленин районунун аймагында дээрлик сейил бак жана скверлер жокко эске. Мындан улам жергиликтүү тургундардын 74 пайыздан ашыгы жашыл аймактарга каалаган убакта жете алышпайт”.
Экологдордун белгилешинче, жашыл аймактардын жоктугу жарандардын сейилдөө жана активдүү кыймылда болуу мүмкүнчүлүгүн чектеп, кайсы бир деңгээлде ден соолугунун бузулушуна алып келиши толук ыктымал. Саламаттыктан мурун адегенде маанайга терс таасир этип, шаар бийлигине карата нааразы маанайды калыптандырышы мүмкүн.
Эко-активист Гамал Сооронкулов Бишкетин тургуну. Бирок, кир абанын айынан шаардан болушунча качарын айтат. Бир жагынан иши аймактарда деген менен иши жок учурда деле кир абадан болушунча качам дейт. Эко-активист өзү антип шаардан чыгып кеткени менен үй-бүлөсү шаарда калганын ойлоп, кейигенин жашырбайт. Тоо аралап келгенден кийин Бишкектин абасы гөө аралап жүргөндөй эле сезилет деп сыпаттады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Архитектордун жүйөсү
“Архитекторлор союзу” Бишкектин башкы планы боюнча, шаардын батыш тарабына беш кабатка чейин гана имараттарды курууга уруксат берилерин жарыялаган. Уюмдун мүчөсү Белек Сарымсаков абактын ордуна курула турган үйлөрдүн долбоорунда стандарттар сакталбагандыгын айтты.

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Мындай ири долбоорлор адистердин талкуусунан өтүп, архитектуралык сынактар аркылуу тандалышы керек. Мурдагы №47 абактын ордуна 10 миң батирлүү турак жай куруу бул 30-40 миң адам жашайт дегендик да. Ар бир батирде бирден бала деп эсептесек, 10 миң орунга ылайыкташкан бала бакча, мектеп долбоордо камтылыш керек болчу. Азырынча эскиздерден аны көргөн жокмун. Жогорку жактан буйрук келсе эле эптеп бир нереси чиймелей салбай, социалдык, инжинердик жана инфраструктуралык маселерге көңүл буруу керек. Соңку жылдары баш аламан курулган имараттардын айынан жел сокпой, шаар думчугуп калды. Андан көрө, бул аймактарга сейил бактарды куруу пайдалуу болмок”, - деди Сарымсаков.
Ленин районунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган Жаныбек Абиров дагы өзү шайланган аймакта сейил бактар жетишсиз экенин бир нече жолу айтып чыккан.
“Абактын ордуна парк курууну октябрдан бери демилгелеп келем. Тилекке каршы колдоо тапкан жок. Долбоордун башкы планы тууралуу маалымат кийинки жума парламентке келмей болду. Ошондо үйлөрдө жашоочулар үчүн кандай шарттар каралары баары белгилүү болот. Эгер бул аймакка курула турган үйлөр мугалим же дарыгерлерге, өзгөчө эч кандай мүлкү жок жаш үй-бүлөлөргө берилсе мен колдойт элем”, - дейт Абиров.
Турак жайга болгон муктаждык....

Сүрөттүн булагы, МИК
Өкмөт жарандардын турак жайга болгон муктаждыгын чечүү үчүн “Менин үйүм 2021-2026” программасын кабыл алган. Анын негизинде эки багытта: мамлекеттик кызматкерлерге 4% менен ал эми калкка 8% менен турак жай берилмей болгон.
Ленин районунун аймагына курулат делген көп кабаттуу үйлөр да жарандарга ипотека аркылуу берилери айтылып жатат. Бийликтин бул планын калктын айрым катмары колдоого алганын социалдык тармактардан байкоого болот.
Ошол эле маалда мындай ири долбоорлор коомдук талкуудан өтүшү керектигин айткандар да жок эмес. Алар көп адамга ылайыкталып курулуштар шаардыктардын жашоосуна олуттуу таасирин тийгизерин жүйө келтиришүүдө. Анан калса инфраструктурага, канализация, суу түтүктөрүнө жана электр системасына кошумча жүк болот.
Кыргызстанда жаңы имараттар жайнап курулуп жаткан менен турак-жай муктаждыгы дагы деле чоң. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын былтыркы берген маалыматы боюнча, өлкөдө 200 миңден ашык жарандын үйү жок. Муктаждыктын айынан жүздөгөн жарандар үйлүү болобуз деп турак жай кооперативдерине алданып, шылуундардын курмандыгы болду.
Багы жокко дагы жок...
Сөз болуп жаткан түрмөнүн орду Ак Өргө конушуна канатташ жайгашкан. Бишкектеги эң алгачкы жаңы конуштун бири делген Ак Өргөдө бир да сейил багы жок. Эки чоң мектепке окуучу батпай жатканынын өзү эле калктын санынан кабар берет. Эми ал жерге 9 кабаттуу үйлөр удаа-удаа курулуп, алды бүттү. Бирок кенедей дагы сейил багы жок.
Кезинде Балбак Түлөбаев барып, Ашар көчөсүнүн боюндагы болжолу беш-он гектардай бош жаткан жерге “сонун, заманбап сейил бак курулат, жеке көзөмөлдөйм, иш дароо башталат” деп убада берген. Бош тилке Өмүракунов көчөсү менен Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан, сейил бакка абдан ыңгайлуу жер. Былтыр ал жердин жарымынан азыраагына баткагын кечип барып, райондун акими баш болуп башаламан эле көчөт тигип кетишкен. Иш башталды, жашыл тилке, көк майсаң, сонун сейил бак болот дешкен. Кызыгы ал жерде арык турсун суу дагы жок эле. Бирок көчөттөр тигилген.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Мунун баары президенттин “Жашыл мурас” демилгесин колдоо чакырыгы байма-бай айтылып турганда болгон иш. Бир аз өтпөй эле көчөттөр четинен куурай баштады. Аргасы кетип жергиликтүү карыялар колу жеткен жерге суу ташып куюп жүрдү. Суусу, арыгы жок жерге көчөт тигүүнүн өзү туурабы? Шаар бийлиги суу ташыган унаа менен сугармакпыз деши мүмкүн, бирок ал унаа анда-санда карааны көрүнүп, көчөттөр куурап жатканда сугарганын айткан жергиликтүүлөр Би-Би-Сиге да кайрылышкан эле. Айтмакчы, абдан жакшы сейил бак мындай курулат деп картасын да илишкен экен. Кийин аны шамаал айрып жок кылган өңдүү...
Би-Би-Си так ушул мисалды келтирип, шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровго футбол ойноп жүргөн жеринен жолугуп, суусу, арыгы жок жерге кандайча көчөт тигилгенин сураган.
Мэр ар бир көчөт менен кишидей сүйлөшүү зарыл экенин айтып, тигилген көчөттөр кароосуз калбай турганына ишендирген.
Би-Би-Си ошол көчөттөр эмне болду экен деп өткөн аптада эле кайра бир барды. Бир жыл мурун тигилип, жергеилктүү аксакалдар убара тартып чака менен сугарып жүргөн көчөттөрдүн карааны да жок. Эми ал жерге шагыл төгүлүп, бир чети бетондолуп жатыптыр. Шагыл ошол жерди тегиздеп, анын үстүнө кара топурак төгүп, заманбап сейил бак куруу үчүн төгүлгөнбү же башка максатта төгүлгөнбү деген сурообузга азырынча жооп жок.


Эл кайда басат?
Бишкектеги эң чоң делген Арча-Бешик, Ак Өргө, Ак-Ордодо (Ак-Ордо 2, Ак-Ордо 3тө да жашыл тилке, сейил бак жок) сейил бактын бири да жок. Күндүн көзү ачылып же кайсы бир майрам болуп калганда ошончо эл бала-бакырасын жетелеп алып, коомдук унаага тыгылып ар кайсы сейил бакка барат. Ошентип сейил бактарда бут коёрго орун жок. Барып келгенге кеткен убакыт, убара, чыгым өзүнчө бир маселе. Андан да орчундуусу жаш балалуу энелерге дарыгерлер, педиатрлар таза абада күн сайын сейилдегиле деп талап да коёт, кеңеш да берет. Мындай шартта ошончо эне балдарын кайда сейилдетет, кайда басат? Балдарын сүйрөп алып барарга жер жок. Таштак жолдо кенедей балдардын чайпалганы, чалынып көмөлөнгөнү, жыгылганы кадимки көрүнүш. Ошондой шартта шаар бийлигине жакшы сөз айтылабы?
Шаар бийлиги эмне дейт?
"Бишкек башкы архитектура" ишканасынын башкы адиси Чыңгыз Медербек уулу шаардын батыш тарабына курула турган имараттардын долбоору азырынча даяр боло электигин айтты.
“10 миң батир болот деп туура эмес маалымат кетип калыптыр, 10 миң жаран жашаганга ылайыкташат. Ошого жараша канча бала бакча, мектеп куруу керектиги аныкталат. Азыр даярдалган эксиздер соңку долбоор эмес, жөн гана сунуш. Ат майдан боюнча да эксиздер даярдала баштады. Талкуулар жүрүп, алымча-кошумча болуп, акыркы долбоор даяр болгондо кандай үйлөр курулары билинет. Эң башкысы долбоордо жашай турган адамдардын санына карап баардык муктаждыктар эске алынат”, - деди башкы адис.
Шаар изилдөөчүлөрдүн сунушу

Сүрөттүн булагы, president.kg
Урбанист Атай Самыйбек Кыргызстандагы шаарларды өнүктүрүү, шаарлыктар туш болгон көйгөйлөрдү чечүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, өзүнүн идеяларын сунуштап келет. Ал турак жай маселесин чечүү үчүн өлкөнүн башка шаарларын өнүктүрүү колго алынса дейт.
“Калктын саны көбөйүп жаткан учурда мамлекеттик иотекалык программалар аябай жакшы. Тилекке каршы бизде Бишкек менен Ошко гана көңүл бурулууда. Андан көрө башка шаарларды өнүктүрүү паландары кабыл алынса дурус болмок. Бишкекке келсек, шаардын айрым райондорунда сейил бактар жетиштүү, бирок шаардын батыш тарабында жокко эсе. Жарандар эс алуу үчүн таксиге түшүп, өзү жашаган аймактан алыс жакка барууга туура келет. Бул адилетсиз. Стандарт боюнча жарандар сейил бакка үйүнөн чыгып, жөө басканда ашып кетсе 10 мүнөттө жетиши керек. Негизи эле мамлекет көп кабат имараттарды курууда, элдин жашоосун жеңилдете турган, калк үчүн зарыл болгон социалдык мекемелерди, сейил бактарды курууга көңүл бөлсө”, - дейт урбанист.
Ушундан улам суроо өзүнөн-өзү чыкты. Сиз жөө басканда канча мүнөттө сейил бакка жетесиз? Ошончолук жакын аралыкта сейил бак барбы? Сейил бактын зарылдыгы сезилеби?
Сейил бакка жер жок...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шаарда сейил бак жок дегендерге шаар бийлигинин жообу даяр. Жер жок, болсо эле курмакпыз... Макул совет доорундагы планда каралбай калыптыр, бирок кийин отуз жылда шаарда канча жаңы конуш пайда болду? Алардын аянтын бириктирсе эски Бишкектин аянтынан да көп болсо керек. Эмне үчүн ошол жаңы конуштар курулуп, паландалып жатканда сейил бактарга орун калган эмес? Шаарды курчаган 47 конуштун айрымдарында болсо да көбүндө жок.
Эгер убагында калтырса, анан ал жерге кайра эле курулуш түшүп калса анда ага ким жооптуу? Сейил бактын жерин сатты деп жазага тартылгандар барбы? Жери кайра сейил бак болсун деп өзгөртүлгөн мисал барбы?
Шаарга канатташ, кийин бара-бара Бишкектин карамагына өтөт болушу керек делген Ак-Ордо 2, Ак-Ордо 3 деп аталган конушарда бир да сейил багы жок. Болбосо ал конуштун аянты 900гектардан ашык. Мэрия “азыр ал жер бизге карабайт” деп жооп берери турган иш. Анда Министрлер кабинети же Сокулуктун бийлиги кеминде 15 000 түтүн жашаган жерге сейил бак керек деп жолун карайбы? Азырынча кабар жок.
Эл ичинде эмне кеп?
Аталган эки конуштун кээ бир жашоочуларынын башкы маселеси жер трансформациясы. Бирок ал бүткөндө эң негизгиси сейил бак дешет. Алар Аталган эки конуш бүткөн жердеги айдоо аянтын керек болсо сатып алып, менчик ээси менен келишип же башка жер берип, баштан аяк сейил бак кылса мыкты болот деген ойдо. Бул бош жер калбагандагы айла жок сунуш. Ошондо бир нече катар тигилген бактар боз талаадан сапырылып келген чаңды шаарга өткөрбөй тосуп, абаны тазалап, жергилктүүлөр эс алып, сейилдеп, машыга турган жай болмок дешет.
Сталбек Абдижалил, атайын Би-Би-Си үчүн












