Көр көйгөйү. Маркумду көмүүнүн көмүскө машакаты
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакында эле Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окуудан жактырылды.
Демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, долбоор маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы кыйынчылыктарды жоюуну көздөйт.
Анда жарандын каза болгондугу тууралуу маалымкат эки күндөн кечиктирилбей анын жакындарына берилиши керектиги жазылат. Ушул сыяктуу ырастамалар колго тийбей создуктургандыктан, көрүстөндөн жер алуу көп убаракерчиликти жаратып жаткан көрүнүштөр да болуп жатат дейт.
“Мыйзам долбоорунун дагы бир маанилүү бөлүгү кимдир бирөөнүн кайгысынан каражат жасап жаткандарды ооздуктоо. Көрүстөн үчүн жер тилкесин эрте эле сатып алып, кийин аны 40-50 миң сомго соодалап жибергендер дагы жок эмес. Алардын айынан кээ бир зар болгон кишилер насыя алууга аргасыз болгон учурлар бар”,- деди депутат.
Сөөккө салкын мамиле жарашпайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Маркумду жерге коюуда мамлекет тарабынан тиешелүү жер аянты бөлүнүп берилиши керек. Андан тышкары жайга жеткирип баруучу транспорт, күмбөздүн тегерегин курчоого алуу жумуштары көзөмөлгө алынып, тиешелүү деңгээлде шарт түзүлүшү керек.
“Өлүк каналардагы айрым өздүгү такталбаган жарандардын да сөөгү ызаат менен жерге берилиши шарт. Ар нерсенин ызааты бар, сөөккө салкын мамиле жарашпайт", - деди ал.
Жарандык активист Мирбек Осмоновдун айтымында, маркумду акыркы сапарга узатуудагы азыркы кырдаалга тынчсызданбай коюу мүмкүн эмес. Айтымында, көрүстөндөгү чаржайыттык бул тармакта иштегендерди коррупцияга жана адилетсиз аракеттерге түрттү.
“Бул учурдун татаал темаларынын бири. Жер тилкесин ар ким ээлеп алган жана ар кандай тариф коюп алып сата беришет. Маселен, айрым мүрзөлөрдө кыргызы деле, орусу деле , корейи деле аралаш коюлат. Мындай фактылар аябай көп. Соодалашып алып, өлгөн кишини алып келип көмө беришет. Акчасы айылдык же шаардык кеңеш көрсөткөн тарифтен кыйла айырмаланат. Кайсы бир ууч топтун чөнтөгүнө кетет”,- деди ал.
Чүйдүн көпчүлүк райондорунда көрүстөнгө байланыштуу көйгөй арбын. Бир жагынан жер тартыш, экинчи жагынан көр сатуу "бизнеси" жогоруда айтылгандай дале токтобой келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мындай аймактардын бири Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо 3 жаңы конушу. Дал ушул конуштагы аянты 26 гектар болгон көрүстөн тууралуу маселе убагында президентке чейин жеткен.
Көрүстөндү жакалай жашагандар бейит адам жашаган аймактан оолак болуусу керектигин айтып, кокту-колоттордон жер бөлүп берүүнү өтүнүп келишет. Конуштун ичиндеги жайык жерлер маанилүү башка багыттарга колдонулушу керектигин айтышкан.
Дал ошол конуштун тургун Мирбек Осмонов сөөктү жерге жашырууну иретке келтирүү үчүн мыйзам долбоору керектүү экенин айтат. Бирок кийинки окууларда айрым толуктоолор киргизилиши керек деп эсептейт.
“Түз жерлерди мүрзө кылуудан баш тартып, дөңсөө жерлерди колдонуш керек. Ошол эле Ак-Ордо-3 конушундагы түз жерди көрүстөнгө эмес, мектеп, бала бакча салууга бөлсөк болот. Учурда ал жерди мүрзө ээлеп турат”,- деди ал.
Ошондой эле ал жакынын жоготуп, азап-кайгыга батып жаткан жарандарды ары-бери чуркатпай атайын портал аркылуу электрондоштурулса жакшы болмок дейт.
Көргө акча таппай айылга алып кеткендер бар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Канат (аты өзгөртүлдү) жакында тааныштарынын бирин акыркы сапарга узатты. Анын сөөгү дал ушул Ак-Ордо-3 конушундагы мүрзөгө коюлган. Жакындары көргө жер бөлүп бергени үчүн жыйырма миң сом төлөгөн. Казып бергендерге он беш миң сом беришкен.
“Кыскасы майда-чүйдөсү болуп отуруп, бир адамды жайга коюу кырк миң сомго айланат экен. Биздин тааныштар ошол сумманы берип, сөөктү жашырышты. Маркум өзү Ак-Өргөдө турчу. Бирок бул жерге жергиликтүү гана тургундар коюлат деген менен тыйынын берсе шаардын кайсыл бурчунан болбосун келип жашыра берсе болот экен. Квитанция деле берилбейт экен”- деди ал.
Канат өз башынан өтпөсө дагы тааныш-билиштердин арасында көр таппай, тапса дагы баасы туура келбей сөөктү туулган айылына алып кеткен учурлар көп эле болоорун айтат.
Бишкек мэриясынын аза кызматын көрсөтүү агенттигинин маалыматына караганда, аларга жылына он миңге чукул киши кайрылат.
Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандыгын алып жүргөн маркумга жер тилкеси акысыз берилет. Болгону көр казып, сөөктү көмүп бергени үчүн акы алышат.
“Борбор шаар катары бизге кайрылгандарга кызмат көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Эч качан бир дагы жаранды ашыкча түйшүккө салбайбыз. Жерди эске албаганда башка көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы алынат. Маселен, боз үйлөр 10 миң сомдон 7 миң сомго чейин. Унаа баасы 2 миң сомдон 4 миң сомго чейин болот. Эгер сөөктү узатып жаткан тарап ушул кызматтардын баарын колдонсо баш-аягы 20 миң сомдун тегерегинде каражат сарптайт”,- деди аталган агенттиктин директору Төрөкан Жунусбеков.
Ал көрдүн баасы 40-45 миң сомго чейин чыгып жатканы учурлар бар экенин айтат. Бирок алар борборго жакын жайгашкан айыл өкмөттөргө таандык көрүстөндөр дейт.
Айтымында, мэрияга таандык мусулмандар жерге берилүүчү эки көрүстөн бар экен. Анын бири Түштүк-Батыш көрүстөнү мындан 2-3 жыл мурун кайсыл бир себептерден улам жабылып калыптыр.
Экинчиси калаадан 30 чакырымдай алыстыктагы Грозь айылындагы көрүстөн. Дал ошол жерге сөөктү жерге берүү акысыз экен.
“Айыл өкмөтүнүн же айылдык кеңештердин чечиминин негизинде алардын карамагындагы көрүстөндөр сатылаары чындык. Бирок биз аны көзөмөлдөй албайбыз. Анча-мынча тыйыны барлар шаардан алыс эмес эле көрүстөндөрдөн жер алганга аракет кылышат”,- деди ал.
Адистердин айтымында, көрүстөнгө байланыштуу көйгөйлөр жалпы өлкө боюнча актуалдуу маселелердин бири жана көр сатуу күнүмдүк реалдуулукка айланды.
Бул көйгөйгө чек коюу жана тартипке келтирүү үчүн аталган мыйзамдын долбоору зарыл кадамдардын бири болуп саналат.











