Жер талаш маселеси

Кыргызстанда жер талаш маселеси социалдык чыңалуунун бир себеби болушу мүмкүн дешет байкоочулар. Анткени, соңку он-он беш жылдын ичинде Бишкектин айланасында миңдеген гектар жерлерге турак-жайлар салынып, бирок, көбү алигиче мыйзамдаштырыла элек. Жер үлүшүн документтештирип берүүнү талап кылгандар мезгил-мезгили менен жол тосуп, пикетке чыккан учурлар арбып барат.

Мыйзамсыз жер тилкесин ээлегендердин армиясы кандайча пайда болду?

Жер талаш маселеси
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кээ бир үй-бүлөлөр бир бөлмөдө жашашат

Биз баш баккан үй-бүлөөнүн үч жаш баласы бар. Алар бир бөлмөлүү үйдө жашайт. Он жыл мурда айыл өкмөтүнөн жер бөлдүрүп алып, ушул чакан үйдү тургузушкан экен. Бирок, ошондон бери жер тилкесин мыйзамдаштыра албай жүргөнүнө даттанды үйдүн кожоюну Мирлан.

Лейлектен келип, наабайчылык менен күн көргөн Дооран Алтын-Казык жаңы конушунан жер тилкесин сатып алганына алты жыл болуптур. Эч кандай документи жок экенине карабай курулуш баштап, үйдүн дубалын тургузуп койгон экен. Эгер бул жер тилкеси талашка түшө турган болсо, коңшуларынан башка далили жок экенин айтууда.

Бул сыяктуу мыйзамсыз жер тилкелеринин көбү өз алдынча басып алуулардын натыйжасында пайда болгон. Алардын көбүн кийин мамлекет аргасыз мыйзамдаштырып берген. Ал эми бирөөнүн менчиги болгон жерлерди басып алгандардын талашы ушул күнгө чейин уланып, бир жерди бир нече жолу басып алгандар бар.

Эки революциядан кийинки баш аламандык учурунда да жер алып-саткан шылуундар көбөйдү. Бир эле жер бир нече адамга сатылып, миңдеген сот иштери тергелүүдө.

Бул соттон жабыркаган адамдардын ак үй алдындагы пикети. Сот туура эмес чечим чыгарды деп нааразы болуп келгендердин көбү жер талашкандар.

Талаштуу жерлердин ээлери мезгил-мезгили менен пикетке чыгып, жол тоскон учурлары да бар. Бирок, мыйзамсыз басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу канчалык орундуу деген суроо пайда болууда. Ал эми шылуундарга алдатып жиберген жарандардын сабатсыздыгыбы же аларды коргой албаган мамлекеттин күнөөсүбү? Кандай болгон күндө да колго тийген жер тилкесин ким болбосун оңой менен колдон чыгарбайт көрүнөт. Андыктан, жер талаш маселеси мамлекеттин жакында чечилбей турган баш ооруларынын бири болуп кала берет көрүнөт.