Көрүстөн тартыш заман келдиби?

Арча-Бешик конушу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арча-Бешик конушу

Арча-Бешик конушунда жашаган Жалаловдордун үй-бүлө мындан эки ай мурда 14 жашар баласын акыркы сапарга узаткан. Кайгыдан кан жутуп турган ата-эне үчүн уулунун сөөгүн жашыра турган жер табуу да кош кайгы болгон экен.

Ушул окуядан кийин Арча-Бешик тургундары конуштун өзүнө тиешелүү көрүстөн үчүн жер бөлүп берүү демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Арча-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Бариев элдин демилгесине каршы эмес. Анткени, чынында өлүк жашырууда карапайым калк кыйналып жатканын айтууда.

Кубатбек Бариев он беш миң доллар менен маселени чечсе болот дейт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубатбек Бариев он беш миң доллар менен маселени чечсе болот дейт

Айыл башчынын айтымында, бул маселени он беш миң доллар менен чечүүгө болот. Арча-Бешикке коңшу жайгашкан айылдан көрүстөнгө ылайыктуу жер сатчулар бар экен.

“Бизде жети дубандан келгендер жашайт, анан кантип алар сөөктү маселен Баткенге, Таласка же Нарынга алып кетет, жолуна эле он-он беш миң сом чыгым кетип калат да. Арча-Бешиктин аймагында көрүстөнгө ылайык жер жок, бирок, коңшу айылдарда бир гектарга чейин жерлерди он беш миң долларга сатабыз дешти. Эми тургундар чогултабы, же жогору жак чечип береби билбейм,” – дейт Кубатбек Бариев.

Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко борбор калаада көрүстөнгө байланыштуу эч кандай маселе жок экенин айтууда:

Вячеслав Красиенко шаардагы көрүстөндөр картасын көрсөтүүдө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вячеслав Красиенко шаардагы көрүстөндөр картасын көрсөтүүдө

-“Арча-Бешик конушу Бишкек шаарынын карамагына кирет. Ал эми шаар үчүн атайын көрүстөн бар. Ал жерде эч кандай чектөөлөр жок, баарын эле баш тартпай кабыл алабыз. Баасы деле болбогон акча. Бирок, бир жагдай бар, азыр көр саткан шылуундар да пайда болуп жатат. Көп адамдар ошолорго туш келип калып жатышса керек”.

Бирок, вице-мэр Арча-Бешик тургундарынын демилгеси жоопсуз калбайт деп убада кылууда. Эгер архитектуралык, санитардык нормалар жооп берсе конушка тиешелүү көрүстөн ачууга тыюу салынбасын билдирди.

Арча-Бешик Бишкектин айланасына алгачкылардан болуп түшкөн конуштардан. Ушул тапта кырк миңдей тургуну бар. Алардын көбү ар кайсы аймактардан келгендер жана шаардык каттоолору жоктору да бар. Ушундай жагдайда каза болгондорду жерге жашыруу көп кыйынчылыктарды жаратып келет. Мындай көрүнүш башка жаңы конуштарга да тиешелүү. Шаар бийликтеринин айтымында, маселени чечүү үчүн шаардык көрүстөндү кеңейтүүгө аракеттер жүрүп жатат.