Си Цзинпин жаңы резолюция менен макамын бекемдеп алды

Кытай

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Си Цзинпин

Буга чейин мындай отчет жарыялаган эки гана лидер болгон. Си Цзинпиндин бул кадамы аны партиянын негиздөөчүсү Мао Цзэдун жана анын шакирти Дэн Сяопин менен тең ата кылып койду.

Кытайдын Коммунисттик партиясы “тарыхый резолюция” кабыл алып, аны менен Си Цзинпиндин саясий тарыхтагы макамы бекемделип жатат.

Партиянын 100 жылдык тарыхы камтылган бул документте саясий уюмдун жетишкендиктери жана келечекке болгон багыты каралат.

Мындай резолюцияны биринчи жолу партия жаңы түптөлгөндө Мао Цзэдун 1945-жылы, экинчи жолу Дэн Сяопин 1981-жылы кабыл алган.

Соңку резолюция өткөн бейшемби күнү Кытайдагы саясий маанилүү иш-чара, партиянын алтынчы пленардык жыйынында, кабыл алынды.

“Буга чейинки эки резолюциядай эле соңку документ партиянын ой-мүдөөсү менен аракеттерин айкалыштырып, прогресске жана экинчи жүз жылдыктагы максаттарына жетүүдөгү жаңылануу тууралуу Кытайдын чоң кыялын ишке ашырууда чоң роль ойнойт”, - деди жогорку мансаптуу кытай аткаминери Цюй Циншан жума күнү өткөн басма сөз жыйынында.

Кытайдын Коммунисттик партиясы бул кылымга эки максат койгон. Анын бири – Кытай 2021-жылга карата “орточо өнүккөн” коомго айланмак, экинчиси – 2049-жылга карата өлкө “толугу менен өнүккөн, бай, кубаттуу” болот.

Айрым байкоочулар бул резолюцияны Дэн Сяопиндин тушунда башталып, андан кийин башка Цзян Цзэмин өңдүү лидерлер ондогон жылдар бою улантып келген бийликти де-борборлоштурууга каршы Си Цзинпиндин акыркы аракети катары баалап жатышат. Бул Кытай кайрадан жеке адамга сыйынуучулук тажрыйбасына кайтышы мүмкүн деген белгиби?

Кытай

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коммунисттик партиянын жыйыны

Партиянын төрт күнгө созулган жабык жыйынына Борбордук комитеттин 370 толук жана альтернативдик мүчөсү катышты. Бул комитет өлкөдөгү эң жогорку саясий орган.

Кийинки жылы Кытайда улуттук конгресс өтмөкчү, бул жыйын анын алдындагы партиялык лидерлердин эң ири жолугушуусу болуп жатат. 2022-жылы өтө турган конгрессте Си үчүнчү жолу президенттик мөөнөтүн узартканга аракет кылат деп күтүлүүдө.

2018-жылы Кытай эки жолу гана президенттикке баруу тууралуу чектөөнү алып салып, муну менен Сиде өмүр бою бийликте калуу мүмкүнчүлүгү ачылды.

Резолюция эмнеси менен маанилүү?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Си Цзинпин Кытайдын улуттук сапарында өзүн баатыр катары көрсөткүсү келип жатат”, - деп жазат China Neican маалыматтык бюллетенинин редактору Адам Ни, Кытайда быйыл болгон соңку окуяларга сереп салып жатып.

“Тарыхый резолюцияны сүрөө менен ал өзүн партиянын, жаңы Кытайдын борборуна коюп жатат. Си мырза өзүнүн бийлигин көрсөтүүдө. Бул документ анын бийлигин сактап калуунун куралы дагы”, - дейт Адам Ни.

Сингапурдун Улуттук университетинин доктору Чонг Жа Ян Си Цзинпиндин соңку кадамы аны буга чейинки кытай лидерлеринен өзгөчөлөнттү, дейт.

“Мурунку лидерлер Ху Цзинтао менен Цзян Цзэминде эч качан Синикендей бир колго топтолгон бийлиги болгон эмес. Эгер аларда да ошондой мүмкүнчүлүк болгондо, алар дагы ошого аракет кылат беле, белгисиз”, - дейт доктор Чонг.

 Дэн жана Мао резолюцияны өтмүштү артта калтыруу ыкмасы катары колдонушкан.

Биринчи резолюция 1945-жылы бийликке келген Маого 1949-жылы Кытай Элдик Республикасы түзүлгөнүн жар салууга толук бийлик берген.

Ал эми 1978-жылы бийликке келген Дэн экинчи резолюцияны 1981-жылы демилгелеп, анда Маонун 1966-1976-жылдары орун алган Маданий революциянын “каталарын”сындаган. Ал революция миллиондогон өлүмдөргө алып келген эле. Ошондой эле Дэн ал резолюцияда Кытайдагы экономикалык реформалардын негизин түптөгөнү айтылат.

Ал эми Си мурункулардан айырмаланып, үзгүлтүксүздүктү баса белгилегиси келип жатканын айтат серепчи Адам Ни.

Си Цзинпиндин баяндамасы Кытай дүйнөлүк державага айланган маалга туш келди. Андайды 10-20 жыл мурун элестетүү кыйын эле.

“Кытай экономикадагы, куралдуу күчтөрүндөгү жетишкендиктери менен ири дерважа макамына жетти, Коммунисттик партия жана анын жетекчилигинин бийлиги бекемделип, азыр анын оппозициясы жок”, - дейт доктор Чонг.

“Си Цзинпин башында турган Коммунисттик партия саясий уюм катары Кытайда ийгиликтин чокусуна жетти”.

Ошентсе да эксперттер саясатта “күтүүсүздүк” деген нерсе бар экенин, Си лидерлигин сактап калуу үчүн бардык далилдер турса дагы, эмне болуп кетерин эч ким билбейт дешет.

“Кытай элитасынын саясаты ачык-айкын эмес, андыктан биз көп нерсени билбейбиз”, - дейт Адам Ни. (EK)