Жакында жасалма эт жеп калабызбы?

бургер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жасалма эт дүйнөдө тездик менен популярдуу болуп жатат. Буга чейин деле дүкөндө этке альтернатива болчу азыктарды кездештирип келгенбиз. Бирок уй, кой, чочко, тооктун клеткасынан жасалган эт эми гана коммерциялык максатта сатыла баштады. 2020-жылы декабрда Сингапур лабораторияда жасалган этти сатууга уруксат бергенден кийин бул тармакта кыйла жылыштар байкалууда.

Жасалма этти сатуу боюнча азырынча MeaTech 3D, Future Meat, Aleph Farms, Memphis Meats, Meatable, Nissin Foods компанияларын айтууга болот. Алар өздөрүнүн продукцияларын элге кеңири жайылтуу менен алек.

Бул стартаптардын баары азыртадан эле он миллиондогон доллар инвестиция тартууда, себеби жасалма эттин баасы абдан эле кымбат. Мисалы буга чейин Meatable ишканасы 100 грамм стейктин баасы 450 доллар турат деп айткан эле.

Үч ченемдүү принтер кадимки эттин даамын, көрүнүшүн дал өзүндөй кылып жасай алат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үч ченемдүү принтер кадимки эттин даамын, көрүнүшүн дал өзүндөй кылып жасай алат

Future Meat компаниясы жасалма тоок этинин баасын төмөндөттү, 100 грамм 7,5 доллар, төштүн бир порциясы 1,07 долларга сатылууда. Муну атаандаштыкка жөндөмдүү деп айтууга болот.

Aleph Farm компаниясы болсо беш жылга жетпеген убакытта жасалма этти кадимки эттин баасына барабар кылабыз деп билдирди, ошондо базарда мунун потенциалы абдан чоң болот.

Жер шарындагы калктын саны 10 миллиардга чейин жетсе, тамак-аш тартыштыгы боюнча маселе мындан дагы олуттуу көйгөйгө айланат. Салттуу мал чарбачылык тамак-аш өнөр жайындагы өз ордун жогото баштайт. Жем даярдоо, чөп өстүрүү үчүн жарактуу аянт жетишсиз болуп калат.

жасалма эт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жасалма эт кантип даярдалат

Science журналындагы изилдөөгө ылайык, 2018-жылга карата мал чарбачылыгы адамзат керектеген калориянын 18% гана камсыз кылган, бирок бардык айдоо жерлердин 83% ээлеген. Эгерде планета калкы эттен баш тартса, ал Евробиримдик, АКШ, Кытай жана Австралиянын аймагына тете жер аянтын бошотмок.

Козу карын, балык, балырдан даярдалган эт

Сингапурда жайгашкан Shiok Meats стартапы даамы жана көрүнүшү боюнча рак сымалдуулардан айырмаланбаган краб жана чаяндын жасалма этин чыгаруучу завод куруп жатат. Адистер 82 ℃ температураны колдонуп, кадимки шорподо деңиз азыктарынын клеткаларын өстүрүштү. Компания мындай цехти 2023-жылдын ортосуна чейин ишке киргизүүнү пландап жатат.

“Үч ченемдүү принтер кадимки эттин даамын, текстурасын, көрүнүшүн дал өзүндөй кылып жасай алат. Бирок бул инновацияларды жеткиликтүү кылуу үчүн өкмөттөр изилдөөгө жана коммерциялаштырууга миллиарддаган инвестицияны тартышы керек”,- деп түшүндүрөт Европа институтунун тамак-аш адиси Серен Келл.

Жасалма эт экологиялык жактан тазабы?

Дүйнөдөгү мал чарбасы абаны булгаган зыяндуу газдардын 14,5% түзөт, бул дүйнөдөгү “эң кир” тармактардын бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөдөгү мал чарбасы абаны булгаган зыяндуу газдардын 14,5% чыгарат, бул дүйнөдөгү “эң кир” тармактардын бири
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Экологдордун айтымында, эт жана сүт азыктарынан баш тартуу адамдын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуунун эң натыйжалуу жолу болмок. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, дүйнөдөгү мал чарбасы абаны булгаган зыяндуу газдардын 14,5% чыгарат, бул дүйнөдөгү “эң кир” тармактардын бири.

Дүйнөдө этке болгон суроо-талап өскөн сайын зыяндуу газдар да көбөйөт. Бразилия сыяктуу өлкөлөрдө токойдун өтө чоң аянттары жок кылынып, анын ордуна жем катары мал-жандык үчүн соя өстүрүлөт. Мал оттогон жайлоо аянттары да кыскарып, жердин кыртышы улам начарлап баратканы азыркы күн тартибиндеги маселелердин бири.

Эксперттердин божомолунда уйдун жасалма эти кадимки этти өндүргөнгө караганда абага 93% азыраак парник газдарын чыгарат жана этти өндүрүү үчүн 95% азыраак жер талап кылынат. Бирок жасалма эт өндүрүүнү энергия менен камсыздоо дагы курч маселелердин бири. Мындай этти массалык түрдө өндүрүү көп электр энергиясын талап кылышы мүмкүн. Айрым изилдөөлөргө ылайык, лабораторияда эт тармагын өстүрүүгө кеткен энергия зыян алып келбеген деңгээлге чейин жетип, башкача айтканда кайра жаралуучу энергия булактарын гана колдонбосо, климатты жакшыртуу аракеттери текке кетет. (ErA)