Экспортко кеткен руданын алтыны жана президенттин жарлыгы

Кыргызстанда курамында алтын бар руданы экспорттоого уруксат берилди

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда курамында алтын бар руданы экспорттоого уруксат берилди

Курамында алтын камтыган руданы сыртка экспорттоого тыюу салган жарлыкты президент жокко чыгаргандан кийин экспортко кеткен баалуу металлдар тууралуу түрдүү пикирлер айтылууда. Руда кайра иштетүүдөн кийин алтыны өлкө ичине алынып келеби же андан ары сатылып кетеби азырынча белгисиз.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги азырынча бул суроого жооп бере элек. Тоо-кен жана баалуу металлдар боюнча адистер бул чечимди бир четинен кубатташса, бир четинен сындап, ошол эле учурда экспортко көзөмөлдү күчөтүү керек деген пикирин билдиришүүдө.

Кыргыз алтыны кайра өлкө ичине алынып келеби?

Сүрөттүн булагы, GETTY IMGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз алтыны кайра өлкө ичине алынып келеби?

Кыргызстанда жылына отуз миң тоннага чукул руда өндүрүлөт. "Жерүйдө" чыккан рудадан башкасы Кара-Балтадагы аффинаж заводуна жөнөтүлчү. Жалгыз завод баалуу металлдарды казуу ишин жүргүзгөн инвестициялык компаниялар үчүн аздык кылып жатышы мүмкүн деген божомолдор бар. Ошол себептен президенттин руданы экспорттоого уруксат берген жарлыгын кубаттагандар болууда.

“Алтын, күмүштү өндүргөндүн көбү сырттан келген инвесторлор да. Алар үчүн руданы сыртка чыгарбоо ыңгайсыз болуп жаткан. Ошого президенттин бул чечими жакшы эле болду. Бирок, тыйындын эки тарабы бар дегендей эле, тобокелчиликтер дагы бар. Мисалы, руданын курамында канча пайыз алтын, күмүш жана башка металлдар бар, ошону так, даана текшерип анан сыртка чыгаруу керек. Муну көзөмөлдөш үчүн бийликтин эрки жетиши керек. Себеби, корррупциялык жолдор менен мындан дагы пайдаланып кеткендер болушу мүмкүн. Баалуу металлдын көлөмүн кагаз жүзүндө башка кылып, иш жүзүндө башкача ташып кетсе, анда экономикага эле зыян болот”, - деп билдирди баалуу металлдар боюнча эксперт Сталбек Акматов.

"Сыртка ташылган руданы көзөмөлдөш үчүн бийликтин эрки жетиши керек"
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Сыртка ташылган руданы көзөмөлдөш үчүн бийликтин эрки жетиши керек"

Эксперттер, руда башка өлкөдө кайра иштетүүдөн чыккан соң, алтыны Кыргызстанга кайра алынып келиши керек дешет. Өндүрүлгөн алтын өлкө ичинен сыртка сатылса, экономикалык жактан пайда берип, баалуу металл дефицити болбойт.

“Өзүбүз деле иштетсек болмок. Аффинаж завод жетишмек. Геологдор буга мурдатан бери эле каршыбыз. Руда сыртка чыккандан кийин, ичиндеги баалуу металлдын пайызы айтылгандан төмөн болуп калды десе, ким текшерет аны? Эч ким текшере албай калат да. Алтын эле эмес, башка баалуу металлдардын рудаларын ташып кеткенге каршымын” , - деп билдирди геолог Кадырбек Какетаев.

Казакстан, Балхаш шаары

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстан, Балхаш шаары

Тоо-кен тармагы руданы кайсы компания, кайсы өлкөгө экспорттойт так маалымат бере элек. Алдын-ала божомолго караганда Казакстандын чөлүндө жайгашкан Балхашка барышы мүмкүн. Буга чейин Ала-Бука районундагы Бозумчакта казылган баалуу металлдар кайра иштетилүү үчүн Казакстанга жөнөтүлүп келген.

Рудага алгач Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги алдындагы Борбордук лаборатория экспертиза жүргүзүп, тийиштүү баалуу металлды аныктаган соң, Экономика министрлигинен сертификат берилгенден кийин экспортко жиберилет. Ташылган концентрат жана руда үчүн кен казган компания бюджетке салык төлөйт.

Азыркы тапта "Жерүй" алтын кени өз аймагында чийки затты кайра иштете алат. “Вертекс Голд Компани” кайра иштетүүчү завод курганы менен, техникалык каталардан улам иштөөгө болбой турганы айтылган. Мындан башка ишкана куруу үчүн жылына кеминде жүз элүү миң тонна руда казылыш керек деген пикирлер бар. Болбосо, завод өз чыгымын актабай калышы мүмкүн. Андан башка руданы заводко ташып келүүдө экологиялык зыяны дагы болорун экологчулар айтып келишет.

Сырьёну ташууну айрым компаниялар монополия кылып алышы мүмкүн деген дагы кооптонуулар болууда.

Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин төрагасы Камчыбек Дүйшөбаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин төрагасы Камчыбек Дүйшөбаев

“Экономика министрлиги сертификатта жазып берген алтындын көлөмү чек арадан бажы кызматы карап, кайра келе жатканда ошончо көлөмдөгү алтын кирип жатабы, аны текшерүү керек. Буга чейин “Алтын кен” жана “Вертекс” деген компаниялар ушундай эрежелер менен иштеп келген. Ошондой эле чет элдик үлүшү бар лабораториялар андай көз боёмочулукка барбай так иштөө керек. Биз тоо-кенчилер бийликке дайыма ушул сыяктуу сунуш, сын-пикирлерибизди айтып келебиз”, - тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин төрагасы Камчыбек Дүйшөбаев.

Президенттин эки жыл мурунку руданы экспорттого тыюу салган жарлыгын азыр ар ким түрдүү жоромолдоп жатат. Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев убагында президентке туура эмес кеңеш берген адистерден улам ушундай чечим чыгышы мүмкүн деген пикир массалык маалымат каражаттарына билдирген. Айрымдар президент тоо-кен тармагын кирешелүү тармак кылуу үчүн бардык мүмкүнчүлуктөдү карап жатканын айтууда.

Ошол эле учурда байкоочулар тоо-кен тармагында коррупция деңгээли чоң экенин айтышат . Акыркы үч жылдан бери бул тармак түрдүү талаш-тартыш жаратып, көңүл чордонун болуп келе жатат. Чалгындоо иштеринен кийин тийиштүү экологиялык чаралар көрүлбөгөнүн айтып, нааразы болгондор четтен табылат.

Кыргызстанда кен казуу иштерин көбүн эсе чет элдик инвесторлор жүргүзөт.