Үч млн долларга тете алтынды алып кетүү аракети

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

УКМК тараткан сүрөт

Сүрөттүн булагы, УКМК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК тараткан сүрөттө аткезчиликке шектелген чет элдик жаран жана андан табылган алтын куймалар

Кыргызстандан үч млн доллар баага тете алтынды чыгарып кетүү аракетине бөгөт коюлду. Атайын кызмат "Манас" аба майданы аркылуу 52 кг чукул алтынды аткезчилик жол менен ташып бара жаткан башка мамлекеттин жараны кармалганын билдирди. Шектүүнү Түркиянын жараны болушу мүмкүн дегендер да бар.

Айрым көз карандысыз эксперттер баалуу металлдар аткезчилик жол менен дайыма ташыла берерин, ал чек ара, аба майданынын кызматкерлерисиз ишке ашпайт дешет.

51 кг ашуун алтын Орусиядан келгенби?

алтын

Сүрөттүн булагы, УКМК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК жарыялаган сүрөт

Бийлик азырынча аткезчиликтен кармалган олчойгон алтындын чоо-жайын ачыктай элек. УКМК тараткан сүрөттөгү куймаларда “Россия” деген жазуу бар. Демек, алтын Орусиядан келген болушу мүмкүн деп божомолдосо болот. 51 кгдан ашуун алтын куймалар курамын так аныктоо үчүн Баалуу металлдар департаментинин лаборатория бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Департамент сөз болуп жаткан алтын куймалары лабораторияга жеткирилгенин, салмагы аныкталып катталганын ырастады. Бирок биз байланышкан кызматкер мындан ашык маалымат бере албай турганын жүйө келтирди. Ошентип азырынча кармалган алтындын курамы, сапаты, лабораториянын корутундусу тууралуу так маалымат жок.

Белгилей кетсек, Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти – экспорт жана импорт боло турчу баалуу металлдарды көзөмөлдөп, лицензияга корутунду даярдайт. Мыйзамга ылайык, кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы чараларды сактоого милдеттүү.

Баалуу металлдар департаменти

Сүрөттүн булагы, Департаменттин басма сөз кызматы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Финансы министрлиги алдындагы Баалуу металлдар департаменти

Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти, баалуу металлдар боюнча көз карандысыз эксперт Сталбек Акматов импорт-экспортко жакшы шарттар түзүлгөнүнө карабастан, айрым ишкерлер экономикалык пайда көрүү үчүн ушундай мыйзамсыз жолго барарын айтты.

“Ал жерден өтүп жаткандан кийин бул 51 кг тууралуу алдын-ала сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Ошол жерде иштеген кызматкерлер, коррупционер аткаминерлер менен бирге чогуу жасала турчу жумуш да бул. Жөнөкөй жаран мынчалык алтынды өз алдынча, тобокелге салып, ташып кете албайт болчу. Ошол жакта чогуу иштегендер менен сүйлөшүп, жасалган иш болсо керек. Арасынан бирөө укук коргоо органдарына маалымат берип, анан кармалды деп ойлойм”.

Сталбек Акматов

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти, баалуу металлдар боюнча көз карандысыз эксперт Сталбек Акматов

Бул фактыдан улам УКМК чет элдик жеке ишкерлер тарабынан алтын куймаларды кайра сатуу үчүн туруктуу контрабандалык жол уюшулганын дагы кабарлады.

“Манас” аба майданы бул ишке байланыштуу азырынча эч бир кызматкери суракка чакырылбаганын билдирди. Тергөө жүрүп жаткандыктан, кармалган жарандын кайсы өлкөгө багыт алгандыгын айтышкан жок. УКМК бул иш боюнча дагы кимдер суракка алынып жатканы боюнча азырынча маалымат бере элек.

Бул жыл башынан бери алтынды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып кетүү аракети ачыкка чыккан экинчи окуя. Сентябрда үч кг алтынды аткезчилик менен ташууга аралашкан деп “Манас” аба майданынын эки кызматкери кармалган. Мындан башка Кыргызстандан Казакстанга баалуу металлдарды мыйзамсыз ташыган туруктуу схеманы жапканын УКМК билдирген.

Мыйзамда аткезчилик үчүн эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Баалуу металлдарды экспорттоо-импорттоо тартиби

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга баалуу металлдарды ташып келүүдө Баалуу металлдар департаментинин сатуу-сатып алууга уруксаты, атайын келишими керек болот. Коюлган баанын 12% салык болуп төлөнөт. Ал эми экспорт үчүн соодалашууга, жеткирүүгө уруксат кагаздар, электрондук эсеп-фактура талап кылынат.

Үчүнчү өлкөлөргө экспорт кылуу үчүн Баалуу металлдар департаментине каттого туруп, мамлекеттик көзөмөл актысын алууга тийиш. Экспорт үчүн лицензия, товардын декларациясы жана сертификаты керектелет. Импорт үчүн да ушундай эле документтер болуусу шарт.

Бул юридикалык жактар үчүн. Ал эми физикалык жактар коммерциялык максатта экспорт-импорт жүргүзө албайт. Эгерде жүк менен кошо чек арадан өткөрүп жаткан болсо, Улуттук банктан металлды алгандыгын далилдеген тастыктаманы көрсөтүү керек.

Кыргызстандан баалуу металлдарды дүйнө жүзүнө “Бринкс” эл аралык компаниясы ташыйт. Башкы кеңсеси Америкада жайгашкан. Бул азырынча өлкөдөгү баалуу металлдар үчүн курьердик кызмат көрсөткөн жалгыз компания.

Кыргыз алтынын сураган кимдер?

Кыргызстан "Кумтөрдү" өз алдынча башкарууга алгандан кийин, Лондон баалуу металлдар рыногунун ассосациясы “Кыргызалтынды” ишенимдүү жеткирүүчү макамынан ажыратып, кийин кайра калыбына келтирген.

Алтындын баасы кайсы өлкөдө өндүрүлгөнүнө карабай наркы сакталып кала берет дейт эксперт Сталбек Акматов.

“Алтын бардык жерде алтын болуп эсептелине берет. Кыргыздын алтыны, Африканын алтыны, Кытайдын алтыныбы айырмасы жок. Бардык жерде өңү сары болуп, тазалыгына жараша бөлүнөт. Эң таза – 4,9, андан киийн – 2,9, кийинкисинде – 916 болуп бөлүнөт. Баалуу металлдарга дайыма суроо-талап болгон жана боло берет. Эч качан мөөнөтү эскирбейт”.

Кыргызстан алтынды көбүн эсе Швейцария, Гонконг, Индия, Түркия, Орусияга экспорттойт. Статком 2021-жылы беш тоннадан ашык алтынды экспорттогонун жарыялап, кийинчерээк дагы 19,2 тонна алтындын сыртка чыгарылганын расмий сайтында көрсөткөн.

2022-жылы 29 кг ашуун алтын экспорттолгону Статкомдун сайтында турат. Быйылкы жылдын алты айында 1 тонна 411,2 кг алтын сыртка жөнөтүлгөн.

Алтын, күмүш, зер буюмдардын экспорт-импорту, катталган мыйзам бузуулар тууралуу Баалуу металлдар департаменти Финансы министрлигине отчет берип турат.

Эл аралык бизнести өнүктүрүү үчүн соода статистикасын көрсөтүп турган International Trade Center сайтында Кыргызстанга 2022-жылы 273 млн 486 миң долларга зер буюмдары жөнөтүлгөнү жазылып турат. Бирок, бул сандарды тиешелүү мекемелерге кайрылып, тактап, бышыктоого белгилүү мөөнөт талап кылынат.

Бүгүнкү күндүн эсеби боюнча Улуттук банкта бир грамм алтын куймасынын баасы жети миң сомго бааланууда.