Талибандын “Ислам мамлекетине” каршы тымызын согушу

Афганистандын чыгышындагы Жалалабад шаарынын чет-жакасында ара күндө бир сөөктөрдү таштап кетишет.
Айрымдары ок жеген же асылган, айрымдарынын баштары алынган. Аларды “Ислам мамлекети” (ИМ) аттуу топтун Афганистандагы бутагына киргени үчүн айыптап, кол менен жазылган каттарды көпчүлүгүнүн чөнтөктөрүнө салып коюшкан.
Үрөй учурган, мыйзамдан тыш адам өлтүрүүлөр үчүн эч ким жоопкерчилик алып чыккан жок, бирок көпчүлүктүн оюнча жоопкерчилик талибдерге жүктөлгөн. ИМ август айында Кабул аэропортунун сыртындагы жанкечтинин жардыруусу үчүн жоопкерчилик алган болчу. Анда 150дөн ашуун адам мерт болгон. ИМ Талибандын элдешкис касы. Эми бул эки топ катаал жана кандуу тирешти баштап алышты. Жалалабад - майдандын чеги.
Талибандын козголоңу аягына чыккандан бери Афганистан азыр бир аз тынчып калды. Бирок, Жалалабадда алардын күчтөрү дээрлик күн сайын максаттуу кол салууларга туш болуп жатышат. ИМ тобун жергиликтүүлөр “Даиш” деп аташат. ИМ дагы Талибандын мурдагы өкмөткө каршы кол салып туруп качып кеткен тактикасынын айрымдарын колдонуп келет. Мисалы, жолго бомба орнотуу жана тымызын өлтүрүп кетүү. ИМ Талибанды жетиштүү деңгээлде катуу болбогону үчүн “динден чыккандар” деп айыптаса, Талибан ИМди еретик экстремисттер деп эсептейт.
Жалалабад шаары жайгашкан Нангархар облусунда Талибандын чалгын кызматынын башчысы доктор Башир. Ал мыкаачылыгы менен таанымал. Мурда ал ИМди жакын жайгашкан Кунар жергесиндеги отурукташып калган жеринен сыртка сүрүп чыгарууга жардам берген.
Доктор Башир жол четинде жаткан адамдардын сөөгүнө эч кандай байланышы жок экенин айтат, бирок анын адамдары ИМдин ондогон мүчөлөрүн камакка алганын сыймыктануу менен билдирди. Мурдагы өкмөттүн тушунда абакка түшкөн ИМдин көптөгөн жоокерлери Талибан бийликке келерде баш аламандыктардан пайдаланып түрмөдөн качып кетишкен.
Эл алдында доктор Башир жана башка талибдер ИМдин коркунучу чоң деле эмес дешет. Алар Афганистандагы согуш акыры бүткөнүн, Афганистанга тынчтык жана коопсуздук алып келерин айтышат. Бул көз карашка шек туудурган эч нерсе кабыл алынбайт. Бардык далилдер турса да, доктор Башир Афганистанда ИМ расмий түрдө жок дегенчеликке чейин барат.
“Даиш Сирия менен Иракты туюнтат. Афганистанда Даиш аттуу кылмыштуу топ жок”, - дейт ал.
Анын ордуна ал согушкерлерди “биздин ислам өкмөтүбүзгө каршы чыккан саткындардын тобу” деп атады.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Иш жүзүндө ИМ Афганистанда өзүнүн атайын “ИМ-Корасан” аттуу бутагын дагы түптөп койгон. Бул сөз Борбор Азиянын байыркы аталышынан келип чыккан. Топ алгачкы жолу 2015-жылы Афганистанда түптөлүп, кийинки жылдары аёосуз кол салууларды уюштурган. Бирок Талибан бийликке келгени алар өлкөнүн мурда барып көрбөгөн аймактарына барып, жардырууларды уюштуруп жүрүшөт.
Ушул айдын башында ИМ өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз жергесинде жайгашкан шиит азчылыкка таандык мечиттерге жана Талибандын бекем турган аймагы Кандагарга кол салышкан.
Бирок, доктор Башир тынчсызданууга эч кандай себеп жок экенин айтат. “Биз дүйнөгө эч кабатыр болбогула дейбиз. Эгерде саткындардын кичинекей тобу көтөрүлүп, мындай кол салууларды уюштурса, Кудай буюрса, 52 өлкөнүн коалициясын согуш майданында жеңгенибиздей эле… алар дагы жеңилишет”, - дейт ал.
Козголоңчулардын согушуна 20 жыл катышкан доктор Башир “партизандардын согушун жеңүү бизге оңой эле” деп кошумчалайт.
Бирок көп жылдарга созулган кан төгүүлөрдөн кыйналган афгандар ИМдин көбөйүшүнөн коркуп турат. Алар менен катар кошуна мамлекеттер жана Батыш дагы тынчсызданууда. Американын расмийлери эскерткендей, Афганистандагы ИМ алты айдан бир жылга чейинки убакыттын ичинде сыртка кол салуу уюштурушу мүмкүн.
Азырынча Афганистандын эч бир аймагын ИМ көзөмөлдөбөйт. Топ мурда Нангархар жана Кунар облустарында базаларын орнотууга үлгүргөн болчу. Кийин Талибан жана Американын абадан сокку уруусуна таянган афган аскер бөлүктөрү аларды кууп чыгышкан. Топтун согушкерлеринин саны бир нече миңдей. Алардын саны 70 миңдей талибдерге салыштырмалуу аз. Андан тышкары, Талибан азыр Американын курал-жарактарына ээлик кылып калды.
Бирок ИМ Борбор Азиядагы жана Пакистандагы согушкерлерди катарына кошуп алышы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Ошондой эле, эгерде Талибан келечекте ич ара бөлүнүп кете турган болсо, анда ичи чыкпай калган талибдерди да азгырып кетиши ыктымал. АКШ Афганистандын сыртынан ИМге каршы “горизонттон” сокку урууну улантайын деген үмүттө. Бирок Талибан козголоңчуларга каршы өзү жалгыз эле ишти бүтүрөрүнө ишенип турат.

Жакында эле ИМдин ондогон мүчөлөрү Нангархардагы доктор Баширдин күчтөрүнө багынып беришкен. Алардын бири, Талибандын мурдагы мүчөсү, ИМге кошулгандан кийин ичи чыкпай калганын айтат.
Жападан жалгыз максаты Афганистанда “Ислам эмиратын” курууга басым жасаган Талибандан айырмаланып, ИМдин дүйнөлүк амбициялары бар экенин айтат ал.
“ИМ бардык адамдарга, бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурат. Алар өз бийлигин дүйнөгө орноткусу келет. Бирок сөздөрү кыймыл-аракеттерине төп келбейт. Алар Афганистандагы бийликти колго алганга дагы күчү жетпейт”, - дейт ал.
Көптөгөн афгандар ИМдин өлкөдөгү кол салуусун “жаңы оюндун” башталышы деп белгилейт. Жалалабадда бутага алынгандар талибдер эле эмес. Жарандык активист Абдул Рахман Мавин ушул айдын башында тойдон чыгып үйүн көздөй машина айдап баратканда куралчан кишилер анын унаасын аткылап салышкан. Анын 10 жана 12 жаштагы эки уулу машинада жашынып калса, ал октон мүрт кеткен. ИМ бул үчүн жоопкерчилик алып, чакан билдирүү тараткан.
Ата-энесинин үйүнөн байланышып жаткан анын бир тууганы Шад Нур маанайы жок. “Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн Талибан бийликке келгенде биз аябай сүйүнүп, оптимисттик маанайда элек. Коррупция, адам өлтүрүү, жардыруулар түп тамырынан жоголот дегенбиз”, - дейт ал.
“Бирок азыр Даиш деген ат менен жаңы көрүнүш бизге таңууланып жатканын түшүнүп жатабыз”. (EA)












