Түндүк Корея: шарттары аткарылса, согушту токтотууга даяр

Ким Йо Чжон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын таасирдүү эжеси Ким Йо Чжон

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын таасирдүү эжеси Ким Йо Чжон эгер Түштүк Корея "душмандык саясатын" токтотсо, аны менен сүйлөшүүлөрдү кайра улантууга даяр экенин билдирди.

Ким Йо Чжон Корея согушунун аяктаганын расмий түрдө жарыялоо үчүн Түштүктөн кайрадан жаңырган чакырыкка жооп берди.

Жарым аралды экиге бөлгөн жаңжал 1953-жылы тынчтык келишими менен эмес, элдешүү менен аяктаган.

Андан бери эки өлкө иш жүзүндө согушуп, кээде чыңалуулар болуп турат.

Бул аптада Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин эки Кореяны жана алардын союздаштарын - Түштүктү колдогон АКШны жана Түндүктүн эң ири экономикалык өнөктөшү Кытайды - чыр-чатакты расмий түрдө токтотууга жана жарым аралга тынчтык орнотууга чакырды.

Бул идеяны алгач Түндүк Кореянын жогорку даражалуу министри "азырынча эрте" деп четке каккан.

Бирок мамлекеттик маалымат каражаттарында жума күнү жарыяланган күтүүсүз билдирүүсүндө Ким Йо Чжон бул идея "суктанарлык" экенин айтты.

Бирок, ал кошумчалагандай, эгерде Түштүк аларга карата "душмандык саясатты" токтотсо, Түндүк сунушту талкуулоого даяр.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Биз эки жүздүү мамилелерди, логикага сыйбаган көз караштарды, жаман адаттарды жана өз аракеттерибизди актоо үчүн кастык мамилени, ошол эле учурда өзүбүздү коргоо укугубузду адилеттүү түрдө бузууну ташташыбыз керек", - деп айтылат билдирүүдө.

"Мындай алдын ала коюлган шарттар аткарылганда гана бетме-бет отуруп, согуштун бүткөнүн жарыялоого мүмкүн болот".

Ушул айдын башында Түндүк Корея өз куралдарын сынагандан бир нече сааттан кийин, Түштүк Корея суу алдында жүрүүчү биринчи баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөн.

Түндүк Корея дагы Түштүк Кореянын АКШ менен жыл сайын өткөрүүчү аскердик машыгууларын көп сынга алды.

2019-жылы Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Доналд Трамптын денуклеаризация боюнча сүйлөшүүлөрү начарлагандан бери эки өлкөнүн мамилеси анча жакшырган жок.

Мун Чжэ Ин буга чейин согушту токтотуу тууралуу декларация Түндүктү өзөктүк куралдан арылтууга түрткү берерин айткан.

Түндүк Корея, өз кезегинде, биринчи орунда кыйратуучу экономикалык санкцияларды алып салууга чакырды.

Бирок АКШ бир нече жолу санкцияларды алып салуудан мурун Түндүк Корея биринчи кезекте өзөктүк куралынан баш тартышы керек деп айткан.