Түндүк Корея чек арасынан жөө жалаңдап өткөн орус дипломаттары

дрезина

Сүрөттүн булагы, Foreign Affairs Ministry/Russia

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сегиз дипломаты жана алардын үй-бүлөсү Түндүк Кореядан кантип кайтып келгени тууралуу сүрөттөрдү жарыялады. Бул маалымат кызуу талкуу жаратты, себеби дипломаттар бала-чакасы менен чек арадан темир жол арабасын түртүп жөө өтүшкөн.

Түндүк Корея чек арасы бир жалдан ашуун убакыттан бери жабык турат. Жүргүнчүлөр өлкөгө кире албайт жана чыга албайт, деп жазды Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.

Диломаттардын кайтып келгени төмөндөгүдөй сүрөттөлгөн:

"Алгач 32 саат поездде, андан кийин чек арага чейин эки саат автобус менен жол жүрүп, сапардын эң жооптуу аймагына жетишкен - Орусия чек арасына чейин жөө жетүү. Ал үчүн алдын ала темир жол арабасын даярдап, аны темир жолго орнотуп, ичине балдарды отургузуп, жүктү салып туруп жолго чыгуу".

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

Маалыматка ылайык, темир жол арабасын бир эле эркек түртүп өткөн. Анда эч кандай кыймылдаткыч же жылдырууга механизм болгон эмес. Арабаны Орусиянын КЭДРдеги элчилигинде иштеген үчүнчү секретарь Владислав Сорокин түрткөн. Арабада анын үч жаштагы кызы отурган эле.

"Бир чакырымдан ашуун аралыкты темир жол арабасын түртүп, Туман дарыясындагы көпүрөдөн өткөндөн кийин үйгө, Орусиянын "Хасан" чек ара өтмөгүнө келишти",-деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

Чек арада Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерин автобус тосуп алган. Алар Владивостоктун аба майданына жеткирилип, үйүнө учуп кетишти.

Түндүк Корея коронавирус пандемиясынан улам өткөн жылы бардык транспорт каражаттарын токтоткон. Пандемияга чейин бул аймакта Пхеньяндан Москвага чейин темир жол поезддери жүрүп турган эле.

Коронавирус түзгөн коркунучтан улам Пхеньян коомдук ашканаларды жаап, карантин чектөөлөрүн киргизген. Өткөн жылдын октябрь айында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөдө коронавирусту жуктурган бир дагы жаран каттала элек деп жарыялаган. Бирок эксперттер бул маалыматка шек санап келишет.