Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй эки баллистикалык ракета учурду

Ракета

Сүрөттүн булагы, KGNA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Кореянын жаңы канаттуу ракетасынын сүрөтү мамлекеттик маалымат каражаттарында жарыяланды

Түндүк Корея шаршембиде Жапон деңизин көздөй эки баллистикалык ракета учурганын “Ренхап” агенттиги билдирди.

Ушундай эле маалыматты Түштүк Кореянын штаб начальниктеринин бириккен комитети дагы айтууда.

Ошол эле убакта Жапониянын өкмөтү Түндүк Корея баллистикалык ракета учурган болушу мүмкүн деген билдирүү жасаганын NHK телеканалы кабарлады.

Түндүк Корея алыска учуучу канаттуу ракеталардын сыноосу ийгиликт аяктаганын жарыялаган болчу.

Пхеньяндын маалыматы боюнча ракеталык сыноолор өткөн дем алыш күндөрдө болгон.

Бул Түндүк Корея азык-түлүк тартыштыгына жана экономикалык кризиске карабай, дагы эле курал-жарактарды иштеп чыгууга жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат.

Америкалык аскер ырасмийлери акыркы сыноолор эл аралык коомчулукка коркунуч туудурганын айтышты, ал эми коңшу Жапония "олуттуу тынчсыздануусун" билдирди. (КС)