Ка-а-ап, Марокконун жомогу аяктады, Франция оюнда “какады”

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнө чемпионатында финалисттер аныкталды. Түндө акыркы жолдомо Марокко менен Франция курама командалары ортосунда ойнотулду. Бул оюнда Франция толугу менен талаада үстөмдүк кылды десеңиз, анда жаңыласыз. Күйөрмандар көнүп калган Франциянын жарым командасын дагы талаа үстүндө көрө албай койду. Эмесе футбол күндөлүгүбүздө кенен кайрылалы.
Ылдам гол Мароккону ойготту
Франция бул чемпионатка учурдагы чемпион катары келди. Мындан төрт жыл мурун Россияда өткөн Дүйнө чемпионатында дал ушу Франция командасы биринчиликти алган. Ошондон бери акыркы төрт жыл бою дүйнө франциялыктарды чемпион катары таанып келатат. Быйылкы турнирге карата Францияда бир топ жаңылануу бар. Көбүн эсе команданы жаш оюнчулар толуктады. Ал эми күчтүү оюнчулардын бир тобу жаракаттан улам турнирге келбей калды.
Эсиңиздердеби, тайпалык оюндар жүрүп жатканда Франциянын огу турнирдин аягына чейин жетеби? – деп суроо салдым эле. Айтылгандай эле, оюнчуларды алмаштырып, рационалдуу колдонуп келгендиктен, Франция жарым финалга жетип келди. Бирок, Мароккого келгенде Францияда энергия түгөнүп калганына баарыбыз күбө болдук окшойт.
Франция акыркы жолу кайсы матчта статистика боюнча утулганын эч ким деле эстей албаса керек. Анткени франциялыктар дайыма фаворит катары чыгып, утулса дагы талаанын кожоюну болуп кайтышар эле. Эми түндөгү матчта дагы Мароккону Франция бир бурчка такап алып, өз оюнун жүргүзөт деп көбү күтүшкөн. Иш жүзүндө баардыгы тескери болбодубу куураткырдыкы! Баарына күнөөлүү Франция өзү болуп калды окшойт. Алар талаада ылдам гол киргизебиз деген тапшырма менен чыгып, айтылгандай эле 5-мүнөттө ал ишти так аткарышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гризманн оң канаттан келатып, дарбазанын түбүндө Мбаппени көрүп калган экен дароо пас бере салып, Мбаппе ал соккудан жүдөп калды, бирок бутунан ыргыган топту Эрнандес аттуу оюнчусу жерге түшүрбөй дарбазага багыттап жиберди. Ой-боой, франциялыктардын майрамы эрте эле башталып, стадион титиреп, элдин силкинүүсүнө араң туруштук берип турду окшойт деп койдум. Эми балээ баспадыбы, 5-мүнөттө эле Франция эсепти ачып жатса, оюн бүткүчө онду тоголотот го деп турдук.
Бирок, Марокко менен ушул маалга чейин сыртынан эле тааныш болуп, он сырынын бирин эле билген турбайбызбы. Байкасак африкалыктар бул турнирде бир дагы командага гол киргиздирбептир да. Болгону Канада менен тайпалык оюнда 2:1 болуп, гол өткөрүп алган эле, аны дагы өздөрүнө өздөрү автогол кылып киргизип алган жайы бар. Көрсө Мароккого ким гол киргизсе, булар баары биригип атаандаштын шорун шорподой кайнатчу аарынын уюгу экенин кайдан билели?
Кечпей суунун толкутуп, барбай жоону коркутуп деп манаста айтылгандай эле буга чейин ойнобой туруп эле далайдын үшүн алып келген марокколуктар кызыкты баштап берди.
Мына сага, оюн ошол замат асты-үстү болуп эле жатып калгансыды. Жандарын гүлдөй сабап, кош аягы тыбырап Марокко алдыны көздөй сабалаган бойдон жөнөдү. Франциялыктар алеки заматта эмне болуп коргоодон баштары чыкпай калганына өздөрү түшүнбөй аң-таң болуп турушту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мбаппе турганда былк этпейт деп божомолду эбак бычып койгондор көргөн көзүнө ишенбей турду. Мактап аткан Мбаппе коргоого чейин кирип келгенден кийин иш чатак эле болбодубу чиркин. Эми эмне кылсын Франциянын мынтип коллективдүү коргоого жатып калганын мен дагы көрүп таң калып, “бул чын эле чемпиондорбу” - деп коюп аттым. Марокко жашыл майсаңды жарыша чаңдатып, чабуулдун түркүнүн жасап кирди. Аргасы түгөнгөн Франция контрчабуул менен экинчи номурда иштеп калганы эмнеси ботом?
“Мен айттым беле!” дегендер ашыкпай тургула…
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Айтор, биринчи таймды коргоо менен аяктаган франциялыктар, эс алуудан келген соң, эми эсине келиштиби деп турсам кайрадан эле африкалыктар бурчка кысып киришпедиби. Оюндун 62 пайызын Марокко жүргүзсө, Франция 38 пайыз талаага ээлик кылды. Жада калса пасташуу боюнча дагы Франция 364 жолу пасташса, Марокко дээрлик эки эсе көп 572 жолу бири-бирине пас өткөргөн экен.
Эч сүрдөбөстөн чабуулдун түрүн көрсөтүшүп, акыркы учурга келгенде гана топту түртүп коёр кишиси жок болуп калып жатты. Алар ушунусунан жыдыды десек болот. Ал эми Франция аз бирок саз чабуулга көнүп алды. Ары кооптуу, ары күтүүсүз сокку менен керектүү учурда өздөрүнүн бар экендигин көрсөтүп, каалаган учурда эсепти көбөйтүп коюуга алы жете турганын билгизип коюп турду. Ошентсе дагы оюндун көп бөлүгүндө коргоодо жаткан оюн Францияга да жарашпай калат экен. Марокко канчалык аракет кылбасын, Франция баары бир тажрыйбага салып, дарбазанын түбүндө Марокконун тобун алыстатып койгондун эбин таап да алышты. Африкалыктардын басымы 80 мүнөткө чейин жетти.
Мбаппенин карааны…

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Марокколуктар жүгүрүп жүрүп барган сайын чарчай баштаганы дагы байкала баштаганын кантип жашырабыз? Дал ошону эле күтүп тургансыган Франция жоопту берүүгө кезеги келгендей тактикага өттү. Оюн бүтөргө он мүнөт калганда баягы Мбаппе “кылычын” сууруп чыкты. Пасташып жүрүп айып аянтчага кирип келип, эми тебейин деп жатканда Марокко коргоочулары топко жолто болуп калышты эле, бутунан чалынып чыккан топ жүрүп келип Муани аттуу оюнчусунун алдына жатып калган экен. Белен туруп калган топту андан ары аларды кой, сиз экөөбүз деле киргизип койо ала турган иш болуп калды. Ошентип эсеп 2:0.
Марокко эми Франциянын кубалап жете албасын сезип калды. Эмне кылсын дээрлик оюнду баштан аяк чемпиондорду пресске алып отуруп, гол киргизе албаган соң, оюн бүтөргө 5 мүнөт калганда ишти оңой албасына көзү жетти. Ары жагында убакыт дагы чыкылдап бүттү, жалпы эсеп; Франция – Марокко 2:0 жана чемпиондор экинчи ирет катары менен финалга чыгып отурат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Марокко болсо оюн бүткөн соң, буга чейин утулган командалардын оюнчуларындай ыйлаганга деле шайлары калбаптыр. Жоопкерчиликтүү учурда кандайча утулуп калганына ишенбей дендароо болуп жүрүштү. Бирок, стадион толо Марокконун күйөрмандары көз жаштарын тыя алган жок. Буркан шаркан өңгүрөгөн күйөрмандарды тескерисинче оюнчулар сооротуп жүргөндөй сезилди. Бирок бул көз жаштар Марокконун финалга чыкпай калганы үчүн төгүлгөн жок. Бул көз жаш эч ким ишенбей жаткан африкалыктарга болгон ыраазычылык болду окшойт. Бул көз жаш Африка континентинин дүйнөнү дүрбу менен каратып туруп, жаңырган тарыхы үчүн таазим болду. Жеңген менен француздар деле мыкты атаандашка туш келгенин, алардан анчалык күчтүү каршылашууну күтпөгөнүн, өздөрүндөгү шарт жагдай марокколуктарда болсо абал такыр башка болорун сезип, алардын мыктылыгына ичтеринен катуу ыраазы болду болуш керек.
Бир жакшыга бир жаман…

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Марокколуктар жашыл майсаңда туу сайсак деп сабалап жүрүп, дүйнөгө дүңгүрөп, бирок жеңилген чакта Франция, Белгиядагы марокколуктар чуу чыгарып, ал жактагылар менен алка-жакдана алып мушташканын, башаламандыкка барганын кулагым чалды. Ка-а-а-ап эмоция дегенин ушул экен да. Кээде кереги жок жержден дагы жанар тоо болуп атылып кетет. Марокколуктар антип терс жагын көрсөтпөй демди ичине басып, сыпайы гана “силердики жеңди, бирок биздикин дагы байкадыңар да ээ?” деп койгондо кандай сыйга ээ болушмак. Тескерисинче оюнду талдап, марокколуктар келечектин чемпиону болобуз деп арканды алыс таштап койсо жарашмак беле дейм да…
Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.












