Футбол: Роналдунун көз жашы…

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты күнүнө бирден сенсациясын улантууда. Тарыхта биринчи жолу чейрек финалга чейин жеткен Морокко өлкөсү, эми жарым финалга өтүп кетти. Болгондо да африкалыктар Криштиану Роналдуну командасы менен сүрүп чыкты. Бул окуядан кийин бүтүндөй Африка континентинде майрам токтобой турат. Алардын жарым финалдагы атаандашы Англия жана Франция командаларынын ортосунда аныкталды. Эмесе Роналдуну майтарган оюндар тууралуу кененирээк сөз кылалы.
Роналду оюнду дагы эле отургучта баштады
Португалия акыркы оюнду Швейцарияга каршы ишенимдүү өткөргөндөн кийин, Мороккого дагы ошондой эле курамды талаага алып чыккан экен. Натыйжада команданын көзгө басар жылдызы Криштиану Роналду оюнга чыкпастан, запастагы оюнчулардын катарында калды. Ушул туура болдубу же чоң ката болдубу? Талкуу так ушундан чыкты.
Күтүлгөндөй эле Португалия ышкырык жаңырар менен атаандашын толук камалоого алып, баш көтөрттүрбөй турду. Ылдам голго иштөө тапшырмасы менен чыккан Португалия, алгачкы мүнөттө эле эсепти ачууга ашыгып турганы, баскан турган кыймыл аракетинен байкалды. Желтамандай эле жортуп турушту. Ал эми Морокко атаандашы тарабынан алдыңкы 15 мүнөттүк оор болоорун сезгендей эле, кымгуутка алдырбоо тапшырмасы менен чыккан экен. Ошондон улам Португалиянын чабуулун акыркы учурга келгенде кыйшайбастан майтарып, оюндун темпин басууга иштеп жатышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Оюн башталгандан 20 мүнөт өтпөй Португалия топко ээлик кылганы менен буулукканы токтоп, учуру келгенде эле таамай иштөөгө өттү. Мына эми Морокко акырындык менен демилгени колго алып, баш көтөрө баштаганы байкалды. Кимдир бирөө үчүн африкалыктардын оюну өтө эле жабык футбол дейт, бирок атаандаш күчтүү болсо түшүнгөн киши үчүн бул дагы тактика деп эсептелет эмеспи. Акырындык менен чабуулга жарай баштаган африкалыктар, Португалиянын дарбазасына чалгынга өтүп, сүр көрсөткөндүн эбин таап алды. Ананчы? Буга чейин Испаниянын тики-такасына сынбаган Морокко, Португалиянын басымына контрчабуул менен жооп бергенди бат эле эптештирип чыга келди.
Мына ошентип жүрүп 42-мүнөттө Морокко алыстан айып аянтка көтөрүп берип, абадан келаткан соккуну Юссеф Эн-Несери дарбазага багыттап эсепти ачып жиберди. Бул голдун кооздугун сөз менен сүрөттөп берүү кыйын. Несери баарынан бийик секирген экен, жада калса Португалиянын дарбазачысы дагы колун сунуп топко жетпей калды. Шумдуң кургурдун таманынан от бүркүп, анысы ракетадай эле көтөрүп салгандай көрүндү. Ошончо секиргени курудүрмөт болбоптур, таамай тийди дегендей эле топ дарбазаны аралап эле кетти чиркин! Бул голду отургучта көрүп отурган Роналду бир сыйра кызганып да кетти окшойт, болбосо мындай кооздукту Криштиану өзү элге көрсөтүп жүрчү эмес беле. Морокколуктардын сүйүнүчүн мына ошондо көрүп ал. Стадион качан кулап кетээр экен деп гана турдук. Майрамдап бүткүчөктү биринчи тайм дагы аяктады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экинчи таймда Португалия күйөрмандары талаадан дагы деле болсо Криштиану Роналдуну издеп жүрүштү. Бирок ал дагы деле болсо отургучту жылытканы жылыткан болду. Ал эми Португалиянын чабуулу канчалык курч болбосун, эсеп боюнча команда бир голго утулганы утулган.
51-мүнөттө гана Португалияга бир сыйра үмүт келе түштү окшойт, талаага өз сүймөнчүгү Криштину чыкпадыбы. Чынжырын үзгөн дөбөттөй эле Роналду алдыны көздөй жүгүрүп, азыр мына гол киргизе салчудай жулунуп турду ой-бай. Ал эми Морокко статистика боюнча утулуп жатканына карабай, коргоодо Роналдуну этибар алып койгон да жок. Кандай коргоосу дубал болуп турса, экинчи таймда деле ошондой турушту.
Португалияга гол керек болгондуктан, алып учуп, эп келген жеринен топту тепкилеп баштаганда, Морокко толугу менен коргоого жамынды. Кантсин эми, кичине бошосо эле Португалия катачылыкты кечирчүдөй эмес болуп турду. Ошентсе дагы келген топту алыска тээп отуруп 90-мүнөт дагы чыкылдап, калыс дагы оюн бүттү деп ышкырууга аргасыз болду. Акыркы ышкырык Мороккону гана бактылуу кылбастан, бүтүндөй Африка континети дер шаарын жаңырта ураалаштыбы бейм. Майрамдык болуп эле жатып калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мына кызык, кечээ эле 32 команданын арасында аутсайдерлердин катарында турган Морокко, бүгүн мынтип төрттүккө кирип келгени кимди гана сүйүндүрбөсүн? Жалпы эсеп; Морокко – Португалия 1:0 жана Криштиану Роналду көз жашын тыя албай талааны таштап кетүүгө аргасыз болду. Ал эми Морокко болсо тарых жаратып Африка континетинде жарым финалга чейин жетип келген биринчи команда болуп калды.
Англия – Франция күндүн кызык футболу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чемпионаттагы эң эле кызыгып күткөн оюндарды бири - Англия менен Франция командасынын беттеши болду. Анткени Франция мындан төрт жыл мурункуга салыштырмалуу бир топ сакалуу көзүрлөрү жаракат алып, чемпионатта анча ишенимдүү кыймылдабай жатса, Англия тескерисинче жаштардан турган жөө күлүктөр менен команданы шыкап келген экен. Ушундан улам Англия чемпионаттын жүрүшүндө Францияга туш келген алгачкы күчтүү команда эле жана учурдагы чемпиондордун жолун бууганга бирден бир татыктуу команда болуп турду.
Чемпионаттагы эң эле кызыгып күткөн оюндарды бири - Англия менен Франция командасынын беттеши болду. Анткени Франция мындан төрт жыл мурункуга салыштырмалуу бир топ сакалуу көзүрлөрү жаракат алып, чемпионатта анча ишенимдүү кыймылдабай жатса, Англия тескерисинче жаштардан турган жөө күлүктөр менен команданы шыкап келген экен. Ушундан улам Англия чемпионаттын жүрүшүндө Францияга туш келген алгачкы күчтүү команда эле жана учурдагы чемпиондордун жолун бууганга бирден бир татыктуу команда болуп турду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экинчи тайм. Нанын тарттырып ийген баладай эле, Англиялыктар алдыны көздөй ат коюп эле жөнөдү. Оюндун кызыгын айт эми, бири бүтсө, экинчиси чабуулга жөнөйт. Ошентип жүрүп 54-мүнөттө Франциянын коргоочулары өз аянтында Англиянын оюнчусу Сакону чалып кулатышты. Мындайга калыс ойлонбостон пенальти берип, аны Харри Кейн ишке ашырып, эсепти теңеди.
Оюн кайра башынан башталды. Франциянын күйөрмандары Мбаппени талаадан таппай турушту. Оюнду жүргүзгөн бирден бир оюнчу Гризманн болуп турду. 78-мүнөттө Франциянын чабуулчусу Жиру өз чүкөсүн өкчөп көрмөк болду. Гризманндын көтөрүп берген тобун дарбазага башы менен багыттап, Англияны эңги-деңги кылып салды. Оюн бүтөөргө жарыбаган мүнөттөр калды, Англия толугу менен бактысын чабуулдан издөөгө өттү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал эми жеңиш колдон тайып кеткенин Англия өзүнөн гана көрүшү керек. Анткени 84-мүнөттө кайрадан эле Франциялыктар атаандашты өз айып аянтчасында чалганы үчүн дарбазасына пенальти коюлду. Бул топко биринчи таймдагыдай эле Харри Кейн келип, бул жолкусун көктү көздөй көкөлөтө тээп салды. Мына ушундай эки жааттыкы өтө эле кызыкка баткан оюн болуп, жалпы эсеп; Франция – Англия 2:1 менен жыйынтыктады. Ушуну менен Франция өз тарыхында жетинчи жолу Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгып жаткан экен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кийинки оюнда франциялыктар Морокко менен ойнойт. Бул оюнда Франция абдан күчтүү команда болуп талаага чыгат, бирок дагы деле болсо Марокко тууралуу дүйнө бир нерсе айткандан коркуп турат. Анткени буга чейин бүт эле оюнда аутсайдер болуп келаткан африкалыктар бул саам Францияны деле ошол кейпинде тынчытабы ким билсин?
Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.












