Футбол: Месси жарым финалда, Бразилиянын сапары карыды

Аргентина чейрек финалга чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык оюндары башталбай жатып эле , дүйнөнү дүңгүрөтүп жатканын кантейин? Турнирдин эң эле күчтүү командасы деп саналган Бразилия түндө Хорватияга багынып берди. Ошондой эле жарым финалга экинчи жолдомону Аргентина менен Нидерландия командалары талашты. Оюндар укмуш эле болду. Эми башка күйөрмандарга да бөлүшүп, кененирээк күндөлүктөн окуңуздар.

Неймар гол киргизди, командасы утулду

Бразилия – Хорватия беттешинде букмекерлер “сарыларга” артыкчылык берип атышкан. Албетте буга чейинки атаандаштарынын бардыгын баш айлантма оюну менен суктандырып келаткан Бразилияга бул саам Хорватия деле ашкере атаандаш боло албайт деп ойлогондор көп эле.

Жылдыздарды курамына жык жыйган Латын америкалыктар кантсе дагы атаандашы акыркы Дүйнө чемпионатынын финалисти экенин билип, туюп талаага чыгышты. Ошентсе дагы Хорватияда жылдыздар саналуу болгону менен “шахматчыларда” команда бар эле. Футболду жылдыздар эмес, команда ойноорун Хорваттар дагы бир ирет далилдешти. Хорваттардын баягы сүрөнчү кызы дагы деле баягысындай эл аралап жүрсө керек. Укмуш сүрөнчү экен дешип, туш-тараптан ага дүрбү салып жатышат…

Катарда чуу жараткан хорватиялык модель Ивана Кнөлл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катарда чуу жараткан хорватиялык модель Ивана Кнөлл

Оюн башталганда эле Бразилия мурдагыдай калжаке оюнун жүргүзө алган жок. Тагыраагы хорваттар оор басырыктуу талааны текши көзөмөлдөп, атаандашка ашыкча топ менен эркелегенге мүмкүнчүлүк бербестен, дароо прессингге алып, топту жулуп алып жатышты. Ошол эле учурда хорваттар бутуна топ тийген учурда далбастап тээп салбастан, ишеничтүү көзөмөлдөп, “сарылардын” дарбазасына чейин жакындап оюн жүргүзүп жатканы эле команданын бар экенин көрсөтпөй анан...

Бразилия канчалык гол артыкчылыгына жетүүгө аракет кылбасын, Хорватиянын коргоосу, андан дагы дарбазачысы Ливакович акыркы соккуну сүргө алдырбай майтарып жатканын кантип мактабай койобуз? Ошентсе дагы Бразилия статистика боюнча толук алдыга кетти. Дарбазага 21 жолу сокку узатса, анын жарымы таамай барган экен. Ал эми хорваттар мындай чабуулга 9 жолу гана жооп кайтарып, бирөө эле дарбазачынын колуна чейин жетиптир. Кайрадан эле айтсак, статистика футбол ойнобойт экен, эмне кылсын?

Неймар 105 мүнөттө эсепти ачканда баары Бразилия чейрек финалга чыкты деп ойлогон...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Неймар 105 мүнөттө эсепти ачканда баары Бразилия чейрек финалга чыкты деп ойлогон...

Ошентип 90 мүнөт бою эки команда бири-биринин дарбазасынын ачкычын таба албай койду. Мындайды көргөн калыс, оюн бүткөн соң дагы 30 мүнөт кошуп берди. Анын 15 мүнөтү дагы эсеп ачылбай жыйынтыкталды эле, мына эми кошумча таймдын акыркы секунду чыкылдап жатканда демилгени Бразилиянын жылдызы Неймар колго алды. Жарым аянттан бери жулкунуп, алдынан чыкканын бирден алдап келатып, акырында дарбазачы Леваковичти кошо алдап эсепти ача салса болобу.

Чиркиин, мына кызык, 1:0 эсеби Бразилияны дүңүнөн жарым финалга жетелеп баратпады беле. Ары жакта жарыбаган 15 мүнөт калды, Хорватиянын жоготор эч нерсеси калган жок. Алдыны көздөй жутунган “шахматчылар” ошол эле учурда коргоону унутта калтырбай, төрт оюнчусу артта калып жатканын да белгилеп коюу керек.

...бирок Бруно Петкович Бразилияга жооп кайтарды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ...бирок Бруно Петкович Бразилияга жооп кайтарды

Оюн бүтөөргө үч мүнөт калганда Хорватия жакшы чабуулду баштап, пасташуунун аркасы менен Петкович деген оюнчусунун бутуна топ таасынан жатып калган экен, дарбазага ыктап, аягы гол менен аяктады. Эми ошол жерден Хорватиялык күйөрмандардын бугу көз жаш менен кошо чыкты. Ким-ким бирок Бразилиянын байкуштай кейпин көрбөгөндөр болсо, андан ары көрбөй эле койгула. Болбосо оюн 1:1, бирок Бразилия негедир алдыда пенальтиге жетсе, иши жүрбөй калаарын ошол жерден эле туюп коюшту. Оюн дагы бүттү, пенальтиге кезек келди.

Атаандаштын түшүнө кирген Ливакович…

27 жаштагы хорватиялык дарбазачы Доминик Ливакович бул матчта 11 сейв жасап, дүйнө чемпионатынын рекордун жаңыртты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 27 жаштагы хорватиялык дарбазачы Доминик Ливакович бул матчта 11 сейв жасап, дүйнө чемпионатынын рекордун жаңыртты

Мына ушул жерден бардыгы хорваттардын дарбазачысы Ливаковичтен коркуп турушкан эле. Анткени өткөндө Жапония менен ойногондо ушул дарбазачы үч пенальтини тосуп салбады беле. Айткандай эле, бул жолкусун да Левакович “сарылардын” эки пенальтисин майтарып, командасын жарым финалга сүйрөп чыкты. Жалпы эсеп; Бразилия – Хорватия 1:1, ал эми пенальти 2-4 менен Хоратия мыкты төрттүккө суурулуп чыкты. Ал эми Бразилия эмне кылсын, көз жашы азыркыга чейин кургабай, үйүнө кетүүгө аргасыз болду. Хорваттар эй деген эле кишилер…

Аргентина кыл учунда турду

Экинчи жарым финалчы команда Нидерландия жана Аргентина командасы ортосунда аныкталды. Оюн алдында Аргентина артыкчылыктуу көрүнүп жатканы менен иш жүзүнө келгенде эки команда бири-биринен калып кеткен жок. Талаадагы негизги жылдыз Лео Месси оюнду жүргүзүү милдетти моюнга алып, ортоңку аянттан топту ташып келип, чабуулчулардын алдына төшөп берип жатканын кантейин? Бекеринен Месси эмес да.

Месси

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Оюндун 37-мүнөтүндө Месси дал ошо ортоңку аянттан топту алып келатканда, аны Нидерландиянын үч оюнчусу курчап турган, ошол учурда Месси топту дарбазага багыттайт деп баары күтүп турган. Бирок Аргентинанын капитаны айып аянтчада Молинаны көрүп койгон экен, бир канча оюнчуну аралатып пас өткөрүп бергенин кайта-кайта кайталоодон көргүң келет чиркин. Аны болсо Молина андан ары дарбазага багыттап, эсепти ачты.

Нидерландия канчалык алдыга чыгууга аракет кылбасын, чабуулга чекит коё турган тыңчыкмасы табылбады. Ал эми 73-мүнөттө Аргентинанын оюнчусун чалып койгондугу үчүн пенальти тебүүгө укук алды эле аны болсо Месси өзү дарбазага тоголотуп койду. Ошону менен 2:0 эсебинде Аргентина бир буту менен жарым финалда турган чакта, Нидерландия ойгондубу бейм.

Молина эсепти ачкандан кийин дароо Мессиге чуркады

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Молина эсепти ачкандан кийин дароо Мессиге чуркады

83-мүнөттө аргентиналыктардын бошой калганын пайдаланган европалыктар бир голду сого салды. Голдун даамын татып алган Нидерландияны андан кийин эр болсоң токтотуп ал. Кайрадан чабуулга жүгүрүп жүрүп, Аргентинаны бир бурчка такап салды. Оюндун негизги мүнөтү аяктап, кошумча мүнөттүн акыркы мүнөтү чыкылдап жатканда Нидерландия эсепти теңеп, оюнду экстра-таймга созуп жиберсе болобу, чиркиндики. Мына утат деп аткан Аргентина эми кыл учунда кылтылдап гана турду.

Нидерландия үчүн эки голду тең чабуулчу Ваут Вегхорст киргизди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нидерландия үчүн эки голду тең чабуулчу Ваут Вегхорст киргизди

Кошумча жарым саатта командаларда жүгүрөр деле алы калбаптыр. Убакыт өткөрүштүн айласы болуп, жарым саатты дагы суудай эле агызып, булар дагы пенальтиге жетип барды. 11-метрлик тебишүү дайыма лоторея болот эмеспи.

Бул жолкусун ийгилик Мессинин командасына ооп, олжолуу кайтышты. Жалпы эсеп; Аргентина – Нидерландия 2:2, пенальти 4:3 менен жыйынтыкталып, жарым финалда Мессинин командасы жогорудагы сөз болгон Хорватия менен ойномокчу.

Недерландиянын оюнчусу Дензел Дүмфрис матчтан кийин кызыл карточка алды. Жалпысынан судья бул оюнда 18 сары карточка көрсөттү - бул чемпионаттын "рекорду"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Недерландиянын оюнчусу Дензел Дүмфрис матчтан кийин кызыл карточка алды. Жалпысынан судья бул оюнда 18 сары карточка көрсөттү - бул чемпионаттын "рекорду"

Мына эми көрүп ал, кечээ эле алдынан чыкканды жаргылчактай жанчып келаткан командалар, барган сайын суюлуп, күчтөрү деле бирдей болуп калды. Ошондуктан алдын ала көзү ачыктык кылып, баланча утат деп айтуу деги эле болбостун иши болуп калды. Ушуга байланыштуу футболду калтырбай көрүп туруңуз, такыр эле көргөнгө убактыңыз жок болсо, ар дайым биздин күндөлүк барагыбызды баштан аяк, төкпөй-чачпай сыдыра окуп, бөлүшүп туруңуз.

Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.