Футбол: Месси мээледи, жаза кеткен жок...

Сүрөттүн булагы, Reuters
Месси кыйынбы же Криштиану Роналдубу деген бүтпөгөн талаштын таразасы кайсы жакка ооду дейсиз? Сиздин пикир кандай? Бул боюнча футбол күйөрмандары, билермандары кажы-кужу талкууну бир аздан кийин баштайлы. Кеп башынан болсун.
Дүйнө чемпионатында жарым финалдык оюндар башталып, алгачкы беттеш Аргентина жана Хорватия командаларынын ортосунда өттү. Бул оюнда башкы жылдыз Леонель Месси дагы бир жолу өзүнүн мыктылыгын далилдеп, жашыл талаада башкалардан артыкчылыктуу болуп турду. Месси табында экен чиркин, илебине нан бышып турду тим эле. Ошол эле Месси дагы бир рекордду жаңылаганга жетишти. Эмесе эриктирбей футбол күндөлүгүнөн төкпөй-чачпай кагаз бетине божурап берейин.
Хорватия өз стилин жоготту
Оюндун башында букмекерлер Аргентина утаарын божомолдоп жатканы менен Хорватия деле андан кем калбай келаткан. Ошентсе дагы Аргентинада дүйнөнүн эң мыкты оюнчусу Месси бар болгондуктан, баары бир артыкчылык ошол командада эле. Күтүлгөндөй эле оюн тең башталып, алгачкы мүнөттөрдө командалар кыл тамырчыдан бетер бири-биринин тамырын тартып, талылуу жерлердин изилдеп, талаа үстүндө сылап-сыйпалашып турушту. Кантсе дагы Хорватия жарым аянтта топту мыкты көзөмөлдөй алаарын далилдегендиктен, оюндун башында эле топтун көпчүлүк бөлүгүнө ээлик кылып алды. Ал эми Аргентина учуру келгенде чагылгандай тездик менен контрчабуул аркылуу жооп берүүнү эп көргөн экен. 31-мүнөттө хорваттардын коргоосу Аргентинанын чабуулунан “уктап” калды. Чабуулчу Альварести дарбазачы менен жекеме-жеке чыкканга чейин уруксат берип коюшканын өздөрү түшүнбөй калды. Бул учурда хорват дарбазачы Ливакович Аргентинанын оюнчусуна каршы эреже бузуп, чабуулду үзүүгө башка айласы калган жок. Калыс бул учурду дароо байкап, ошол жерден пенальти чекитин көрсөтүп, ал эми дарбазачыга сары кагаз эскертүүсүн берди. Аргентина көпкө ойлонгон жок. Пенальтини ишке ашырууга шымалачтанып Месси киришти. Буга чейин бир далай пенальтини тосуп келген Ливакович эми Мессини мат кылабы деп турушту, бирок дүйнөнүн мыкты оюнчусу дарбазачыдан экөөнү койсоң да тосо албагандай пенальтини тепти да койду кайран. Месси эле, Месси деп ураалаган кошуналардын кыйкырыгы мага чейин угулуп турду чиркин. Бир үйдө Мессинин бир канча күйөрманы бар бүлөлөр кантти экен дедим. Эсеп 1:0.

Сүрөттүн булагы, EPA
Негедир атаандашка утулуп жатса дагы кымгуутка алдырбаган хорваттар, бир голдон кийин эле чекесинен чертиле баштады. Жарым аянтта алган тобун алар алдыга гана тепкилейбиз деп жоготуулардын саны өстү. Голго гол менен жооп беребиз деп жатышып, хорваттар өздөрүнүн көнгөн тактикасынан тайып баратканы сезилип турду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Арадан беш мүнөт өтпөй, шашмалыктын жыйынтыгы Хорватия үчүн оорго турду. 40-мүнөттө бурчтан көтөрүлгөн топту таамай сүзө албай, колдон жоготкон топту, аргентиналыктар дароо контрчабуулга айлантып, Альварести кайрадан дарбазачы менен жалгыз калтырып алышты. Бул саам Альварес өзү эле эсепти 2:0 кылып, аргентиналыктарга финалдын учу көрүнө баштагандай.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ал эми хорваттар мүнөт сайын чөгүп баратканы оюндун маанайынан эле билинип турганын кантип жашырабыз? Хорваттар бир заматта топтогон күйөрмандарынын үмүтүнө суу себе баштагандай болду. Экинчи таймда Хорватия капитаны Модрич баш болуп шашма оюнун уланта беришти. Шашмалыктын аягында алар топту дагы ошончо көп жоготуп алып жатышты. Мындайды пайдаланган Аргентина курч соккулары менен жооп берип, атаандаштын шашма оюну аларга пайда гана алып келип жаткандай. Месси жана командасы Хорватияны жарым аянттан эле прессингге алып, ошол дарбазага чукулдатпай топту алып алгандын эбин таба баштады. Мындай айтканда алар кыныкты, кыныкты дагы кызытты. Статистиканы карасак, талаанын 61 пайызына Хорватия ээлик кылып жатканы менен атаандаштын дарбазасына тобу жетпей жатты. Маселен “шахматчылар” 12 жолу дарбазага топ узаткан экен анын экөө гана дарбазачынын өзүнө жеткен экен.
Ал эми Аргентина 39 пайыз талаага ээлик кылганы менен 9 жолу дарбазага тээп, анын 7 соккусу дарбазачыга чейин жетип, экөөсү голго айланды. Ушундан улам Аргентинанын чабуулу канчалык курчураак болуп жатканын билсек болот. Мессинин бир нече рекорду 69-мүнөттө хорваттар үчүн эң эле коркунучтуу оюнчу Месси өзү демилгени алып, оң канат менен жүгүрүп, алдындагы коргоочуга баш бербей жүрүп отуруп, акыры дарбазанын түбүндө командалашы Альварес топ күтүп турганын көрүп койгон экен, акырын гана пас берип, голго айлантып коюшту. “Мына сага, Месси деген ушу турбайбы” - деди ошондо Хорватиянын Гвардиол деген коргоочусу. Колу бутун байлап жатса дагы кайсы жылчыктан өткөрүп жибергенин өзү түшүнбөй калды. Ушул голдон кийин Хорватия оюнчулары 3:0 эсепти кубалап жетээрине көздөрү жетпей калды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эртеден бери жан үрөп кыйкырып турган күйөрмандар үчүн жок дегенде бир гол болсо дагы сүйүнтүп берели деп ойлоштубу, айтор алдыга аракет кылганы менен Аргентина алардын ар бир кадамын алдын ала окуп, бөгөп коюп турду. Натыйжада канча аракет кылбасын Латын америкалыктар топту алыска тээп коюп гана эрмектеп жүрүп, оюнду аягына чыгарып койду. Жалпы эсеп; Аргентина – Хорватия 3:0 жана Мессинин командасы ишеничтүү финалга алгачкы болуп жолдомо алган команда болуп калды. Месси демекчи, Аргентинанын көзгө басары Дүйнө чемпионатында 25 оюн өткөрүп, бул легендарлуу Лотар Маттеустун рекордуна тең экен. Финалда Месси аны дагы таза ашмакчы. Ал эми анын биринчи голу Дүйнө чемпионатындагы 11-голу болгондуктан, бул дагы Аргентинанын рекорду болуп калды. Айтор дагы майдалай берсе бир нече рекордго Мессинин ысымын ыйгарышкан экен, анын баарын айтпай эле, дагы бир жарым финалдык оюнга дайынданалы. Ал жакта бүгүн ааламды таң калтырып келаткан Марокко менен учурдагы чемпиондор Франция ойномокчу. Экөөнүн утканы финалда Аргентина менен ойносо, утулганы үчүнчү орун үчүн Хорватия менен колону талашат.
Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.








