Бишкек: абанын кирдеши адам өмүрүн алууда
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкектеги кир аба адам өмүрүн алып жатканын эл аралык уюмдардын иликтөөлөрү тастыктап жатат. Буга чейин жургүзгөн эки башка иликтөөнүн жыйынтыгы ушундай чыкты.
Бирок кыргыз бийлиги тарабынан бул иликтөөлөрдүн жыйынтыгына карата азырынча олуттуу реакция байкалбайт. Таза аба, таза экологияда жашоо адамдын эң негизги укутарынын бири.

Бишкектеги кир абадан былтыр июлдан быйылкы 30-июнга чейин 112 өлүм катталганын ЮНИСЕФтин соңку иликтөөсү көрсөттү.
Астма, аллергия жана инфаркт-инсульт
Бишкектеги кир абадан былтыр июлдан быйылкы 30-июнга чейин 112 өлүм катталганын ЮНИСЕФтин соңку иликтөөсү көрсөттү.
30-ноябрда “Кир абанын саламаттыкка жана Бишкектеги аялдар менен балдардын жашоосуна тийгизген таасири” аттуу иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Анда кир абадан коргоонунун алдын ала чаралары тууралуу да сунуштар берилет.
“Абанын кирдеши Кыргызстандагы эрте өлүм жана саламаттыктын кескин начарлашынын эң башкы экологиялык фактору болуп жатат. Кир аба жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта кары-картаңдардын ден-соолугуна залакасын тийгизүүдө. Анын жыйынтыгында 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнга чейин 112 өлүм катталган”, - деп айтылат иликтөөдө.
2021–2022-жылдар аралыгы эле Бишкектеги абанын PM2,5 менен кирдеши 2 миллиард сомдук же 24,9 миллион долларлык чыгымга алып келген. Былтыр жалпы ооруган балдардын 22% оорусунун себеби кир абага байланыштуу болгон. Адистер өзгөчө аядар кош бойлуу кезинен тарта жана ымыркай төрөлөрү менен кир абанын таасиринен сактануу керек экенин эскертишет:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Кир аба сыртта эле эмес, үй ичинде, кеңселерде жана башка адам күн өткөрө турган жайларда саламаттыкты талкоолодо. Бишкекте адамдар убактысынын 93% имарат ичинде өткөрүшөт, өзгөчө кышында жарандар үй ичине же жумуш имаратына чейин кирип келген ыштан дем алышат. Андай абанын зыяндуулугу ошол райондо жагылган көмүрдүн сапатына жараша болот”.
Иликтөө жүргүзүлгөн бир жыл аралыгында Бишкектеги абанын орточо кирдеши 43 мкг/м3 жеткен. Бирок айрым райондордо көрсөткүчтөр бул чектен төрт эсеге көп болуп, айрым аймактарда 107 мкг/м3 жеткен. Иликтөө Бишкектин борбору жана түштүк райондорунда аба салыштырмалуу тазараак экенин аныктаган. Бирок бул таза дегенди түшүндүрбөйт, салыштырмалуу гана. Бишкектин түндүк жагы эң эле кир аба менен дем алары да анык болду, себеби бул жерде кышкысын үйдү жылытуу үчүн көмүр колдонулат.
Ошондой эле борбордук жылытуу системасына туташкан батирлерде чоңоюп жаткан балдар, көмүр жагылган жер тамда жашаган өспүрүм балдарга караганда ыш менен азыраак дем алары да такталды. Бирок көп батирлүү үйдө жашаган балдар деле жалпы Бишкекти каптаган ыш абадан дем алышат.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Кир аба эң эле биринчи өпкө дарттарына алып келет. Мисалы, жаш ымыркайдан баштап, өспүрүм жашка чейинки балдардын көбүндө азыр аллергия. Көп сасык тумоого чалдыгып жатышат. Чоң адамдар болсо астма болуп, өпкөнүн оор ооруларына чалдыгып жатышат. Өпкө эле эмес, кир аба жүрөк-кан тамыр ооруларын чакырат. Көмүр кычкыл газы холестериндин көбөйүшүнө алып келет, ал барып инфаркт-инсульттарды шарттап жатпайбы”, -деди пульмонолог Бермет Эстебесова Би-Би-Сиге.
Бишкекте 2018-жылдан бери газ менен үй жылытуу 12% өскөн, муну менен көмүр жагуу дээрлик 14% кыскарган. Иликтөөнүн авторлору муну жакшы көрүнүш катары баалашат. Бирок ушу тапта шаардыктардын 26% дагы деле меш жагып, көмүр менен жылынып жатканы чоң маселе.
Жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча кыргыз өкмөтүнө кир аба менен күрөштү координацияга салуу, илимий маалыматтарды колдоонуу менен атайын саясат иштеп чыгуу сунушталат. Ошондой эле шаар ичинде көмүрдүн ышынан оолак, таза аймактарды уюштуруу, катуу отундан башка жылытуу моделдерине өтүү үчүн каржылык программаларды стимулдаштыруу сунушталат.
Бишкекте кышкысын аба абдан кир
"Кир аба организмде топтолуп, анан эффект берет"
Буга чейин ноябрда эле Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө программасынын Бишкектеги абанын сапаты боюнча жасаган изилдөөсүнүн жыйынтыгы чыккан. Анда дагы борбор калаадагы абанын булганышына алып келген негизги булак көмүр экени айтылат.
Бириккен улуттар уюму үчүн Финляндиянын метеорологиялык институту жасаган изилдөөдө Бишкектеги булганыч абанын кесепетинен жылына 4-5 миң адам көз жумары, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% экени айтылат.
“2011-жылдан 2021-жылга чейинки убакытты алдык. ДСУнун маалыматын дагы алып, бүт өлүмдөрдүн 12-13 % ушу кир абанын айынан болуп жатат. Бул эми түздөн түз сен кир аба менен дем алсаң эле өлүп каласың дегенди түшүндүрбөйт. Бул топтолуп келип, анан эффект берет. Мисалы, бирөөнүн ден-соолугу начар, бирөөнүн жүрөгү ооруйт. Бирөөнүн астмасы бар. Эң коркунучтуусу, рак менен ооругандарга абдан олуттуу залакасын тийгизет”,- деди БУУ Айлана-чөйрө программасынын Борбор Азиядагы башчысы Айдай Курманова.

Анткен менен, "Бишкектеги кир аба анчалык деле кооптуу эмес" деп бир-эки жыл мурун башкы пульмонолог айтып берген эле.
“Аба чын эле Бишкекте таза эмес. Анан айтып жатышпайбы, аба ден-соолукка таасирин тийгизип жатат, бузуп жатат деп. Андай далил жок. Бул маселени улам эле дүрбөлөң кылып, көтөрө бербеш керек. Анткени, бул жөн эле куру сөзгө айланып баратат, популисттик сөздөр болууда. Мен адис катары айткым келет, мага дарыгер катары ушул аба бишкекте жаман болуп, бузулду, анын айынан биз ооруп калдык деп көп кишилер келген жок. Андан тышкары, аба бузулду деп, оорулардын саны дагы көбөйгөн жок. Кышында оору көп болот, ооба, бирок ал кадимки тумоого эле байланыштуу”,- деген эле пульмонолог Талант Сооронбаев.
Дарыгер жаңы изилдөөлөрдөн кийин сөз болуп жаткан өлүм-житим боюнча пикирин Би-Би-Сиге билдирүүдөн баш тартты.
Изилдөө жүргүзгөн институт кир абанын кесепетинен келип чыккан өлүм-житимди азайтуу үчүн кыргыз бийлигине атайын сунуштарын жөнөттү. Бирок, БУУ Айлана-чөйрө программасынын Борбор Азиядагы башчысы Айдай Курманованын айтуусунда, өкмөткө сунуштамалар берилгени менен, ал жакта жазылган ар бир сөз, сүйлөмдү ишке ашыруу үчүн бир топ кадамдар, иштер жасалышы керек.
Кир абадан арылуунун чаралары
Кышында шаарды жылытыш үчүн Бишкекте ЖЭБде негизинен көмүр жагылат. Абаны булгабаш үчүн шаар экологиялык таза отунга өтүшү керек. Буга кол жеткиче дагы көп бар. “Эми бул оор маселе, - дейт Марлен Маматалиев. - Бишкек ТЭЦти толугу менен газга өткөрүү кымбат. Бирок сапаттуу көмүр жагуу маселеси турган. Бул боюнча иликтөө жүрүп, аны алып келатканда кум менен аралаштырып чоң пайда көрөлү деген коррупциялык схемалар бар экен. Ал президенттин көзөмолүндө болуп, жокко чыгып, ТЭЦке сапаттуу көмүрлөр келе баштады”.
Андан тышкары, Бишкекке автоунаа батпай кетти, алардын көбү эски машиналар, зыяндуу газды көп чыгарат. Өкмөт электромобилдерге көчүү аракетин баштаган. Жакында парламентте Бишкекке сырттан автоунаа киргизүүгө чектөө салуу жөнүндө да сунуштар көтөрүлдү.
Бишкектин калкы эчак миллиондон ашкан. Убагында мурдакы союздагы эң жашыл шаарлардын бири эле. Азыр жашыл аянттар дагы кыйла кыскарып кеткен учур.
Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын адистерди атайын изилдөө жүргүзүп, электр транспортун өнүктүрүү жолдорун да карап чыгууну сунуштакан. Алардын эсеби боюнча Кыргызстанда өткөн жылдын аягында электромобилдердин саны 2020-жылы 100гө жетти, 2021-жылы 200 гө жетип калды болуш керек.
Бишкекте соңку он беш жылда калктын саны 30% өстү, ал эми автомобилдердин саны беш эсе өстү.
“Кышында абанын начардыгынан көп жарандарыбыз жабыркап атат. Ошондуктан өкмөт элдин ден соолугун ойлосо, электромобилге өтүү саясатын колдошу керек. Экинчиден, дүйнө жүзү бүт электротранспортко өткөн жатат. Байден жакында эле келечек электр транспорттуку деп айтты. Авто чыгаруучу компаниялар баары электромобил чыгарууга өтө баштайт. Кыргызстан мындан сыртта кала албайт, эртеби-кечпи өтүшүбүз керек. Ошондуктан эртерээк кам көрүп, инфраструктураны куруу керек”,- деген буга чейин эксперт Азамат Акелеев.
Жалпы өлкө боюнча алганда бир миллиондон ашык жеңил автотранспорт жылына 104 миллион тонна көмүр кылчкыл газын абага чыгарат. Ал эми автобус жана микроавтобус 2,5 миллион тонна чыгарат. Жүк ташуучу автоунаалардыкы бир миллион тоннага жакын. Баардыгы абага бүркүлгөн газ жылына 107 миллион тоннаны түзөт.












