Бишкек: Кир аба адам өмүрүн алууда
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкекте аба кир. Кыш мезгилинде көрсөткүчтөр өтө начарлайт. Буга чейин бул ден-соолуука зыян, бирок так кесепетин эч ким айта албайт, изилдөө жок деп келди. Эми Бишкектеги кир абанын адам өмүрүн алган коркунучу тууралуу коңгуроо кагыла баштады. Ага атайын изилдөөнүн жыйынтыгы себеп болуп берди. Кээде атайын жабдуу менен текшербеген күндө деле капкара ыш, коюу түтүн даана эле көрүнүп турат.
Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө программасынын Бишкектеги абанын сапаты боюнча жасаган изилдөөсүндө борбор калаадагы абанын булганышына алып келген негизги булак көмүр болуп чыкты. Анын кесепетинен жыл сайын миңдеген адамдын өмүрү кыйылары аныкталды.

Булганыч аба адам өмүрлөрүн алат
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жыл башында кир аба жылына болжол менен 7 миллион адамдын өмүрүн алып кетет деген статистиканы берген. Ал эми Бириккен улуттар уюму үчүн Финляндиянын метеорологиялык институту жасаган изилдөөдө Бишкектеги булганыч абанын кесепетинен жылына 4100-5000 адам көз жумары, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү айтылды.

“2011-жылдан 2021-жылга чейинки убакытты алдык. ДСУнун маалыматын дагы алып, бүт өлүмдөрдүн 12-13 % ушу кир абанын айынан болуп жатат. Бул эми түздөн түз сен кир аба менен дем алсаң эле өлүп каласың дегенди түшүндүрбөйт. Бул топтолуп келип, анан эффект берет. Мисалы, бирөөнүн ден-соолугу начар, бирөөнүн жүрөгү ооруйт. Бирөөнүн астмасы бар. Эң коркунучтуусу, рак менен ооругандарга абдан олуттуу залакасын тийгизет”,-деди БУУ Айлана-чөйрө программасынын Борбор Азиядагы башчысы Айдай Курманова.
Анткени менен, Бишкектеги кир аба анчалык деле кооптуу эмес экендигин бир-эки жыл мурун башкы пульмонолог айтып берген эле.
“Аба чын эле Бишкекте таза эмес. Анан айтып жатышпайбы, аба ден-соолукка таасирин тийгизип жатат, бузуп жатат деп. Андай далил жок. Бул маселени улам эле дүрбөлөң кылып, көтөрө бербеш керек. Анткени, бул жөн эле куру сөзгө айланып баратат, популисттик сөздөр болууда. Мен адис катары айткым келет, мага дарыгер катары ушул аба бишкекте жаман болуп, бузулду, анын айынан биз ооруп калдык деп көп кишилер келген жок. Андан тышкары, аба бузулду деп, оорулардын саны дагы көбөйгөн жок. Кышында оору көп болот, ооба, бирок ал кадимки тумоого эле байланыштуу»,-деди пульмонолог Талант Сооронбаев.

Дарыгер жаңы изилдөөдө сөз болуп жаткан өлүм-житим боюнча өз пикирин билдирсе керек.
Өкмөттүн чечкиндүү кадамдары керек
Изилдөө жүргүзгөн институт кир абанын кесепетинен келип чыккан өлүм-житимди азайтуу үчүн кыргыз бийлигине атайын сунуштарын жөнөттү. Бирок, БУУ Айлана-чөйрө программасынын Борбор Азиядагы башчысы Айдай Курманованын айтуусунда, өкмөткө сунуштамалар берилгени менен, ал жакта жазылган ар бир сөз, сүйлөмдү ишке ашыруу үчүн бир топ кадамдар, иштер жасалышы керек.
Таза аба үчүн ар бир жаран кам көрүшү керек
Жылдап Бишкектеги абанын сапатына анализ жасап келаткан «Movegreen» эко-уюмуну бул маселени чечүү үчүн өкмөт гана эмес, ар бир жаран жооптуу болушу керек дейт.

“Өкмөткө берилген сунуштамалар бир эле тармакка тийиштүү эмес, анткени абанын булганышы бул өтө комплекстүү проблема. Анын чечилиши үчүн бир эле көмүр маселесин же жылуулук маселесин карап коюу туура эмес. Анткени, транспорт жана андан чыккан уулуу зат, ТЭЦ, башка объекттер дагы абаны булгайт. Бул жакта чечимди кабыл алууда сунуштамалар өкмөткө гана тийиштуу эмес, алар ар бир жаранга тийиштүү. Ал эми өкмөт тарабынан көп убакытка иштөөчү системдүү бир программа сунушталышы зарыл”,-деди Ажар Байсалова, “Movegreen” уюмунун координатору.
Адамдын экологиялык укугу бар экенин билчү белеңиз?
Сөз эркиндиги, билим алуу, шайлоо же шайлануу укугунан эч айырмасы жок экологиялык укук дагы бар. Адам таза экологияда, таза абада жашоого укуктуу. Экология бузулган шартта биринчи кезекте ал ден соолукка терс таасирин берет. Мисалы шаардагы кир, зыяндуу аба саналуу кишилерге гана эмес, жаш балдардан тарта улгайган адамдарга чейин жапырт кесепетин тийгизет. Бирок, ал дароо эле сокку катары тийбестен жылдап кесепетин тийгизип олутуруп, өтө оор абалга алып келиши ыктымал. Окумуштуулардын изилдөөсү далилдегендей кир аба дем алуу органдарына эле эмес, мээнин иштешине да түздөн-түз терс таасирин бере турган факторлордун бири.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Акыйкатчы институтунун мурдагы аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков Бишкек шаарынын тургуну экологиялык укугу бузулуп жатканы үчүн сотко кайрылса болорун айтты.
"Экология жөнүндө мыйзам бар. Мыйзамдын 3-беренесинде айтылган “эгерде кандайдыр бир ишмердүүлүктүн жыйынтыгы менен экология бузулуп, адамдын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келе турган болсо, аны жокко чыгарыш керек” бул биринчиден. Экинчиден “компенсация төлөнүп берилиш керек” деген маселе бар. ошол эле 3-берененин негизинде азыр эгерде ушунча адамдын укугу бузулуп атат, ден соолугуна залакасы тийип жатат деп мэриянын үстүнөн биз сотко бере турган болсок кандай болот? Статистиканы ала турган болсок 150 миңден ашуун өпкө ооруусуна чалдыккан жарандарыбыз бар. Бул эмненин белгиси? Бул ошол эле абанын начардыгына байланыштуу деген тийиштүү эксперттердин корутундулары бар. Эгерде ошону сотко берип, абдан чоң айып пулга жыгылгыңар келбесе анда тез арада биз берип жаткан сунуштарды андан сырткары, экологдор берип жаткан, ошол эле бейөкмөт уюмдар берип жаткан сунуштарды талдап чыгып, чогуу-чаран отуруп тез аранын ичинде бул маселени чечүү боюнча кадамдарды кылалы. Анан индикаторун так берели. Эгерде мэр болобу же жергиликтүү бийликтин башчысы болобу ошол индикаторго жетпесе анда жумуштан бошошу керек. Анткени ишке ошону аткарам деген кишилерди жумушка коюш керек",- деген Аскат Азарбеков.
Эгер абал ушул бойдон кете берсе, 2040-жылга барып негизги булгоочу заттардын эмиссиялары олуттуу түрдө жогорулашы күтүлүүдө дейт изилдөөчүлөр.
Мунун алдын алуу үчүн отчёттун жол картасында турак-жай сектору үчүн жылуулук насостору сыяктуу көмүргө караганда арзан баада болгон таза альтернативаларды жайылтуу жана эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча чаралар сунушталат. Бул абанын сапатын жакшыртып гана тим болбостон, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө салым кошуп, саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдарды үнөмдөөгө алып келет деп белгиленген.
Таза аба үчүн сиз кандай салым кошмоксуз?












