Эгемендик жана жаштар: жараталы, изденели, баалайлы...

Мээрим Айныкеева, Руфат Эргешов, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчылары

Улан Үсөйүн, Мээрим Төлөпберген, Наргиза Жакыпова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улан Үсөйүн, Мээрим Төлөпберген, Наргиза Жакыпова

Кыргызстан эгемендиктин отуз эки жылдыгын бир топ жетишкендиктер, бир топ өксүктөр менен белгилеп жаткан чагы. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Айрымдар "эгемендигибизге отуз эки жыл болду деп эмес, эгемендиктин кайра калыбына келишине отуз эки жыл болду десек жарашат. Себеби биз эбак мамлекет курган элбиз" деп келет. Эгемендүүлүктүн чыңдалышында, мамлекеттин өнүгүүсүндө жаштардын ролу эбегейсиз экени талашсыз.

Би-Би-Си 1991-жылдан кийин төрөлгөн ар башка тармактагы жаштарга кайрылып, эгемендик тууралуу алардын пикирин сурады.

Наргиза Жакыпова

Сүрөттүн булагы, Наргиза Жакыпова

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Наргиза Жакыпова

Наргиза Жакыпова, American-European School негиздөөчүсү

Би-Би-Си: Эгемендик дегенди кандай түшүнөсүз?

Наргиза Жакыпова: Эгемендик - бул мен үчүн эркиндик. Мисалы, өзүнүн эгемен өлкөсү жок айрым улуттун өкүлдөрү шүгүр кылгыла деп мага көп айтышат. Алар кайсы жакта жүрсөңөр дагы өзүңөрдүн жериңерге кайта аласыңар, өзүңөрдүн тамагыңар, салтыңар, тилиңер бар, ошого сыймыктангыла деп суктанышат. Ар бир эле адам өзүнүн өлкөсүндө эркин боло алат деп ойлойм. Мен Германияда, Америкада жашап, ошону түшүндүм. Ал жакта баары бир өзүңдүн жериң эмес экенин түшүнөсүң, өнүккөн өлкө болсо деле билинип калат. Ошон үчүн өзүмдү Кыргызстанда гана болушунча эркин сезем. Жыйырма тогуз өлкөдө саякаттап, Европада жашап келсем да Кыргызстанга кайра эле кайтып келдим. Мен үчүн эгемендүүлүк - бул эркиндик!

Би-Би-Си: Эгемендикти бекемдөөдө жаштардын ролу кандай болушу керек?

Наргиза Жакыпова: Алма быш, оозума түш деп кечке эле мамлекеттен күтө берген болбойт да. Алар дагы биз сыяктуу кишилер. Өлкө бизге бир нерсе кылат деп күтүп отурган эң жалкоо позиция. Ар бир жаран өзү аракет кылыш керек. Биз бала бакча, мектеп жок дебей, өзүбүз мектеп курдук, IT анча өнүкпөй жатыптыр деп 6-7 жыл мурун Германиядан программа алып келип, IT академияны ачканбыз.

Ростислав Ященко, актер, сценарист

Ростислав Ященко

Сүрөттүн булагы, Ростислав Ященко

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ростислав Ященко

Би-Би-Си: Эгемендик дегенди кандай түшүнөсүз?

Ростислав Ященко: Көз карандысыздык деген сөздүн ичинде мен үчүн көп нерсе бар. Биз көз карандысыз өлкөбүз, өзүбүздүн аймагыбыз, желек, герб, гимнибиз бар, мен буга абдан бактылуумун. Эгемен жана эркин элбиз.

Би-Би-Си: Эгемендикти бекемдөөдө жаштардын ролу кандай болушу керек?

Ростислав Ященко: Биздин жаштар абдан кызыктуу, ар түрдүү. Азыркы жаштарды менин убактым менен салыштыра турган болсом, мен жаштарга абдан суктанам! Жаштар билимге, өнүгүүгө, жаратмандыкка умтулууда. Мен аларга эч токтобогула деп айтаар элем! Эч кандай чектөө болбосун. Башка өлкөгө кетсем, менде баары болот деп айткандар бар. Чынында бул болбогон нерсе. Бизде деле бир нерсе жарата турчу керемет өлкөбүз бар. Интернеттин өнүгүшү менен башка кейстерди карап көрсөк, Кыргызстанда жашап, дүйнөнү багындырып иштесе болот. Сен ушундай кичинекей, өнүгүп келе жаткан Кыргызстанда эч нерсе кыла албасаң, анда башка жактан аны кылуу абдан оор болот дейт элем.

Мээрим Төлөпберген, блогер

Мээрим Төлөпберген

Сүрөттүн булагы, Мээрим Төлөпберген

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мээрим Төлөпберген
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Эгемендик дегенди кандай түшүнөсүз?

Мээрим Төлөпберген: Мен үчүн эгемендик эркин ой-жүгүртүү, эркин болуу. Эгемендик элден, ой-жүгүртүүдөн, аң-сезимден башталат. Жерге, тоого, сууга ээ болуп, өз жерибиз бар экенине абдан сүйүнөм. Биз жаратмандык кыла алабыз. Негизи биздин өлкө абдан жаш, бирок жыл өткөн сайын өзүнүн аймактык бүтүндүгүн максималдуу бекемдей алса дейм. Бул абдан маанилүү. Экинчи орунда улутуна карабастан ар бир жаран өзүнүн иш-аракеттеринде эркин боло алса, ушуну каалайт элем. Акыркы окуяларга байланыштуу бизди эркиндиктен чектебесе деп айтат элем. Себеби биз бул көз карандысыздык үчүн аябай көп күрөштүк. Анын тамырын кыюу - бул кыянат иш.

Би-Би-Си: Эгемендикти бекемдөөдө жаштардын ролу кандай болушу керек?

Мээрим Төлөпберген: Азыр өсүп келе жаткан жаштар максималдуу түрдө өлкөнүн социалдык-активдүү жашоосуна тартылса дейм. Эмнеге? Тилекке каршы улуу муун өзүнүн жасай ала турган ишин жасап бүттү. Ошон үчүн келечек биздин колубузда. Жаштар четте карап турбай, шайлоого барып, өлкөнүн тагдырына таасир эте турчу иш-чараларга активдүү катышса дейм. Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндиги менен таанымал. Жаштар ушул багытты бекем карманып, колдосо дейм. Эгерде биз оозубузду жабууга мүмкүнчүлүк берсек, анда келечекте көз карандысыздык майрамын белгилей албай калабыз.

Дастан Разак уулу. Түркияда билим алып жаткан докторант

Дастан Разак уулу. Жаш окумуштуу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дастан Разак уулу. Жаш окумуштуу

Би-Би-Си: Эгемендик дегенди кандай түшүнөсүз?

Дастан Разак уулу: Эгемендик дегенди мен мамлекеттүүлүк деп түшүнөмүн. Дүйнөдө миңдеген улуттар бар, бирок, 200 дөй гана мамлекет бар. Албетте айрым мамлекеттер бир гана улутка таандык болсо, айрымдары бир канча улуттан куралган. Көп сандагы улуттардын мамлекети ичинде калган улуттар бар. Алар ар кандай кыйынчылыктарды көрүп жашап келишет. Мисалы мен Түркияда кошо жашап, кошо окуган шинжандык уйгурлар, кашмирликтер, ирандык түрктөр (азербайжандар), ирактык күрттөр, каракалпактар бар эле. Алардын өз мамлекети болбогону үчүн, улутунун маданиятын даңазалай алышпай турганын, өз тилдеринде окуй албай турганын айтып, арман кылышар эле. Бизге суктанчу, силердин мамлекетиңер бар, эгемен элсиңер, эркинсиңер деп. Биздин мамлекеттүлүк байыркыны айтпайын бери дегенде эле 1916-жылкы боштондук көтөрүлүш, 1917-18-жылкы коомдук уюмдашуу аракеттери, 1924-жылдагы автономия алуу, 1937-38-жылдардагы репрессияны башынан кечирди. Катуу чайпалды, бирок төгулбөдү. Биз 1991-жылы Кеңеш өкмөтү таркап эгемендикти ала калдык дебей, анын тамыры тереңде жатканын кыйынчылык менен келгенин ар убак, бассак-турсак сезишибиз керек.

Би-Би-Си: Эгемендикти бекемдөөдө жаштардын ролу кандай болушу керек?

Дастан Разак уулу: Эгемендикти бекемдөөдө жаштардын ролу абдан чоң, алар кыймылдаткыч күч. Айрыкча эгемендүүлүк мезгилде чоңойгондор. Жаштар мурдагылардын катасын кайталабаш керекпиз. Эгемендүүлүктү алып эркин болдук дегенибиз менен Совет мезгилинде курулган, түзүлгөн система бузулуп, башка нукка өзгөрмөк түгүл бүтүндөй дегредацияга учурады. Өнөр жайды улантып иштетип кетүүнүн ордуна талап-тонолуп жок болду, мамлекеттин кайсыл гана тармагында болбосун коррупция гүлдөдү, бир кызмат ордуна келген далай кишиш ал жерди эгемендикти бекемдөө үчүн эмес, бизнес орду үчүн пайдаланды. Мен жогоруда айткандай мамлекеттүүлүктү эч ким ойлгон жок. Азыркы жаштар ушул каталарды сезип, аны кайталабаганга аракет кылышыбыз зарыл. Бизден андан башка жол дагы жок. Ар ким өзү тандап алган кесибине жараша мыкты адис болусу зарыл. Колдон келсе чет өлкөгө чыгып, окуп, иштеп же болбосо саякат кылып, эгемендиктин баркын үйрөнсөк, ошол жаштардын кошкон салымы болот эле.

Улан Үсөйүн, жарандык активист

Улан Үсөйүн

Сүрөттүн булагы, Улан Үсөйүн

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улан Үсөйүн

Би-Би-Си: Эгемендик дегенди кандай түшүнөсүз?

Улан Үсөйүн: Эгемендик - бул ата-бабаларыбыздын каны, жаны, Жараткандын колдоосу менен бизге берилген эң чоң баа жеткис байлык. Муну баркташ керек, баасын билиш керек, сезиш керек. Канчалаган адамдар, элдер өзүнүн эгемендигин ала албай, өзүнүн өлкөсүн кура албай, кандай кыйынчылыктарды азыр деле көрүп жатышат. Бизде болсо бул Кудайдын эң чоң белеги да. Эми албетте ал жөн эле келген эмес. Мен эгемендикти ушундай түшүнөм. Ошон үчүн эмгектенгиле! Жаратмандык кылгыла!

Би-Би-Си: Эгемендикти бекемдөөдө жаштардын ролу кандай болушу керек?

Улан Үсөйүн: Ар бир адам өз кесибинин чебери болуш керек да, өз ишин майын чыгара жасаш керек. Бул биздин эгемендигибизге абдан чоң салым. Аябай катуу сөздөрдү айтып, патриот болуш керек, кызмат кылыш керек дегенден алысмын, антип айтпайм. Болгону өз ишин майын чыгара жасаса, өлкөсүнө, эгемендигине болгон чоң салымы. Тилекке каршы биз эгемендиктин баасын, баркын билбей жатабыз. Бизге бул оңой-олтоң келгендей сезилет. Мына эки жылга чукулдап калды, Орусиянын баскынчылыгын көрүп жатабыз. Өз эгемендиги үчүн украин эли канчалаган эр-азамат кыздарынан, жеринен, элинен айрылып жатат.

Айдай Чекирова, журналист

Айдай Чекирова

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айдай Чекирова

Би-Би-Си: Эгемендик дегенди кандай түшүнөсүз?

Айдай Чекирова: Мен көз карандысыздыктын мамлекет үчүн башкы баасы - сөз эркиндиги жана тандоо укугу дейт элем. Өлкөнүн мындан аркы көз карандыгын сакташ үчүн тынчтык, стабилдүүлүк болушу керек. Бул заманбап мамлекеттин өсүшүнө чоң салым болот.

Би-Би-Си: Эгемендикти бекемдөөдө жаштардын ролу кандай болушу керек?

Айдай Чекирова: Өлкөнүн көз карандысыздык жана стабилдүүлүгү үчүн жаштардын ролу абдан чоң. Жаштар активдүү болуп, жарандык позициясы болушу керек. Өзүнүн пикирин билдирип, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн идеяларды ишке ашыруу кажет.