Эгемендик жана тышкы саясат: жетишкендиги менен кемчилиги

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көз карандысыз мамлекет катары дүйнөгө таанылуу, дүйнөнү таануу
СССР кыйраган соң постсоветтик аймакта жаңы геосаясий кырдаал жаралды. Жаңы мамлекеттер пайда болуп, бизге окшошон айрымдары өз алдынча мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирди, дүйнөнүн саясий картасы кайра чийилди. 1991-жылы 31-августа Көз карандысыздык жөнүндө декларация кабыл алынат да анын биринчи беренеси Кыргызстанды эркин, көз карандысыз мамлекет деп жарыялайт. 1991-жылы президент А. Акаевдин жарлыгы менен “Көз карандысыздык жөнүндө декларацияга” конституциялык мыйзам статусу берилет. Ошентип кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы калыбына келип, мамлекет катары эл аралык мамилелердин субъектисине айлануунун, дүйнөлүк коомчулукка аралашуунун татаал процесси башталат. Эл аралык мейкиндикке өз алдынча мамлекет болуп чыгуу эки милдетти чечүүнү талап кылган. Биринчиден, ошол аралашам деген дүйнөнү жакшы билүү, өздөштүрүү, экинчиден, эл аралык коомчулуктун бизди таануусуна жетишүү. Көз карандысыздыкты жаңы калыбына келтирген кезде ушул эки милдет тең түйшүктүү иш болгону талашсыз. Тилекке каршы, биз дүйнөнү жакшы билбей келебиз, бардык, көрдүк, бирок жетишкендиктерин толук үйрөнө албадык. Алысты койдук, ирегелеш коңшуларыбыз бизди мыкты билет, биз аларды терең биле элекпиз. Эң негизгиси, Республиканын алдында өзүнүн тышкы саясий курсун, анын принциптерин жана артыкчылыктуу багыттарын аныктоо милдети турган. Тышкы саясаттын традициялары калыптана элек, тажрыйба жетишсиз, бир да чет өлкөдө өкүлчүлүк жок, Советтер Союзунун тышкы иштер министрлигинде жана элчиликтеринде иштеген бирин-серин адамдарды эске албаганда, квалификациялуу дипломаттар жокко эсе болчу. Жаңы уюшулган Тышкы иштер министрлигин жетектөөгө СССРдин консулдук бөлүмүн башкарган М.С. Иманалиев дайындалат. Дүйнө бизди жакшы тааныбайт, бизге алар чоочун. Кыска убакыттын ичинде доктриналдык, концептуалдык маселелер менен катар жаңы форматтагы министрликти уюштуруу, материалдык-техникалык маселелерин чечүү, чет өлкөлөргө биздин элчиликтерди жиберип, Кыргызстанда сырт мамлекеттердин элчиликтерин ачылышына жетишүү зарыл эле. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын алгачкылардан болуп Түркия, Австралия, АКШ тааныйт. Ушул мамлекеттер да 1991-жылы декабрда биринчилерден болуп Кыргызстан менен дипломатиялык мамилелерди түзүп, элчиликтерин ачат. Кийинки жылы Европа Шериктештигине кирген баардык өлкөлөр, Кытай, Жапония, Россия, Иран, Түштүк Корея, Германия, Индия, Пакистан, Канада сыяктуу ири мамлекеттер, кыскасы дагы 59 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзүлуп, алардын да дипломатиялык миссиялары ачылат. Дал ушул мамлекеттер да тышкы саясатта артыкчылыкка ээ болгону түшүнүктүү. 1992-жылы 2-мартта Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болот. Кыргызстан Европа Шериктештиги, ОБСЕ, БУУнун алдындагы эл аралык уюмдарга кирет. Кыргызстан да тышта элчиликтерин ачат, Ч. Айтматов Бельгияга, Р. Отунбаева Америкага, М. Иманалиев Кытайга, Т. Океев Түркияга, А. Нанаев Россияга, Ж. Атабеков БУУдагы өкүлүлүккө дайындалат. Кийинчерээек ачылган элчиликтерге мамлекеттик ишмерлер М. Асейинов, М. Шеримкулов, У. Чиналиев, акын А. Рыскулов, С. Жигитов сыяктуу белгилүү инсандар жиберилет. Кыргызстандын тыштагы алгачкы элчилеринин көбү не деген залкарлар! Бара-бара тышкы иштер министрлигинде кесипкөй, татыктуу дипломаттардын бүтүндөй мууну жаралды, тарбияланды, өстү. Эмпирикалык тажрыйба, өз алдынча окуу, дипломатиялык курстар, чет мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнүү – мына ушунун баары алардын дипломатиялык мектеби эле. Атайы окуу жайы зарыл болгондуктан, 2001-жылы 12-июнда Президенттин жарлыгы менен Тышкы иштер министрлигиние караштуу Дипломатиялык академия уюшулду. Бирок кийин накта дипломаттардын же таанымал мамлекеттик ишмерлердин ордуна даярдыгы жок, кокус адамдар да элчи болушту, элчиликтерибизде кесипкөй дипломаттар менен кошо адашкан чоочундар да пайда болду. Саясий дайындоо деп түшүндүрүштү. Бир гана саясий муктаждык даана байкалат: же бийликтин акционерлеринин жакындарын жайгаштыруу керек, же ыңгайсыз бирөөнү алаксытуу, четтетүү зарыл. Башка себеби болсо ошол дайындалгандардын ишинин жемиши эмгиче көрүнөт эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дипломатиялык мамилелердин түзүлүшү жана элчиликтердин ачылышы кызматташуу дароо жана өзүнөн өзү майнаптуу, пайдалуу болот дегендикти билдирбейт. Абалкы аксиома бул. Расмий жана жумушчу сапарлар, контакттар, ар кандай деңгээлдеги байланыштар, мазмундуу аракеттер, талкуулар, сүйлөшүүлөр, макулдашуулар, келишимдер, талап кылынат. Тышкы саясат саякат эмес. Мына ушул кыймыл-аракеттердин баарынын артында дипломаттардын түйшүктүү эмгеги – акыл эмгеги, ой-санаасы жатат. Кыргызстан көп мамлекеттер менен эки жана көп тараптуу келишимдерге кол койду, бир топ орчундуу эл аралык документтерди ратификациялады. Бул тышкы саясаттын, эл аралык мамилелердин укуктук пайдубалын чындады, алакалардын келишимдик негизин бекемдеди. Ошентип, тышкы саясаттагы аракеттерибиздин натыйжасында, бизге ишеним арткан сырт дүйнөнүн колдоосу менен 90-жылдардын аягында Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулукка аралашуу процесси ийгиликтүү аяктады. Учурда Кыргызстандын 164 мамлекет менен дипломатиялык мамилеси бар. Кыргызстанда 25 мамлекеттин элчиликтери, 56 мамлекеттин бизде аккредитацияланган, бирок башка өлкөдө жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, ондогон глобалдык эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү ал эми Кыргызстандын 30 мамлекетте элчилиги же дипломатиялык өкүлчүлүгү бар. Кыргызстан дээрлик баардык эл аралык жана регионалдык уюмдардын татыктуу мүчөсү.
Дипломаттар үндөп чакырган кушту туурга кондурбастан качырдык

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошентип, сырт дүйнө бизди абдан эле колдоду. Бул биздин дипломатиянын натыйжасы. Кимиси бизден жардамын аяды? Эч бир мамлекетке жана эл аралык уюмга таарынууга акыбыз жок. Ар түрдүү жардамдар берилди. 33 жыл аралыгында бизге берилген саясий, экономикалык, институционалдык жана моралдык колдоолордун көлөмү биздин калктын жан башына жана өлкөбүздүн аянтына ченей келгенде эбегейсиз. Маселен, 1993-жылы 10-майда улуттук валютабыз – көз карандысыздыктын негизги атрибуттарынын жана экономикалык өз алдынчалыгынын негиздеринин бири киргизилген алгачкы жылдары эл аралык финансы уюмдары жылыга 100 миллион долларды сомдун курсун кармоого жардамга берилип турду. Сот, укук коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, социалдык коргоо, пенсиялык камсыздоо системаларын реформалоого, демократия менен сөз эркиндигин орнотууга, кыскасы бардык тармакка жардамдар берилди. Акчасын акчалай берди, каякка сапырылганын билген киши аз. Ичкен суудан тартып кир-когубуздан арылткан инфраструктурага чейин куруп алгыла деп жардамын берди беле? Берген, бирок суу башы болуп туруп сууга зар айылдар эмдигиче арбын, таштандыдан арылбай келебиз. Билимин, тажрыйбасын берди, окутту, бирок акылгөйлөрүбүз аз, окуганыбыз деле байкалбайт, демократияны үйрөттү эле, аны охлократия айырбаштап алдык, дааналап сынабай туруп, парламентаризмди чандык. Тыштагы ийгиликтер ичте колдонулбады. Дипломатиялык араккеттердин изги натыйжалары өлкө ичинде ырыстуу пайдаланылбады. Бирок ошол мүмкүнчүлүктөрдүн көбү ырыстуу пайдаланылбай келди. Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна постсоветтик аймактагы өлкөлөрдүн ичинен эң биринчи болуп, 1998-жылы кирген. Казакстан 2015-жылы кирди, Ферганадгы калган коңшуларыбыз эми киргени турат. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун убайын көрүугө, преференцияларын пайдаланууга чамабыз жете элек.
Дипломаттар үндөп чакырган кушту туурга кондурбастан качырдык. Ичтеги ыйкы-тыйкы, гүлдөгөн коррупция, алсыз экономика, саясий анархиялар биздин дипломаттардын колун байлап, нечен ирет ыңгайсыз абалга калтырды. Өлкөдөгү саясий туруксуздук тышкы саясаттын ырааттуулугун бузду. Тышкы карызды жана жардамды, грантты инвестиция деп элге түшүнүп алыптырбыз, эл аралык аренада сунуш ордуна сурануу, өтүнүү риторикасы басымдуу болуп, кайран өлкөбүздүн аброюна шек келтирип, дипломаттарыбыздын сөзүн кем кылды.
Ортомчулук миссиялар жана эл аралык демилгелер

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстан тышкы саясатта тынчтыктын жана коопсуздуктун сакталышына кошкон салымы талашсыз. Ушул жагдайда Кыргызстан өзүн жоопкерчиликтүү өлкө экендигин көрсөтүп келүүдө. Кыргыз Республикасы коңшулары менен бир туугандык жана достук мамилесинен жазган учурлары, убадасынан кайткан учурлары жок. Тышкы саясаттагы айкөлдүк жана кечиримдүүлүк азыр чабалдык, чечкинсиздик катары кабылданганы менен, утуш келечекте чыдамкай жана ийкем мамлекет тарапта болот. Буга дүйнөлүк тарых күбө. Кыргызстан коопсуздуктун жана кызматташтыктын институттарынын чыңдалышына олуттуу салым кошту. Маселен аймакта стабилдештирүүчү роль ойногон Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлүшүнө жигердүү катышты, башка регионалдык уюмдардын ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасады. Албетте, Кыргызстандын регионалдык дөөлөт болууга толук шансы бар болгону менен, азырынча ал мүмкүнчүлүктү жакшы пайдалана элекпиз. Тышкы саясатта, эл аралык маселелерде алгачкы жылдары бир топ абройго ээ болуп, сөзүбүз өтүп, кебибизди тыш дүйнө угаар эле. Төр болбосо да улагадан жогору орун ээлей баштаганбыз. Бизге ишеним арта баштаган мамлекеттер тобу калыптанып, эл аралык коомчулук кадимкидей эсептешип калган. Чет элдик дипломаттар менен ар түрдүү форматта кездешкенибизде, түркүн форумдардагы дискуссияларда биздин өлкөгө, биздин элге кадимкидей сый мамилени, кадырлоону даана сезер элек. Чыгышында да, Батышында да. Ал тургай бир эмес эки ирет ортомчулук озуйпа аткарып, кадырыбыз артка. Эки өлкөнү кырды-бычак кылган, кан төгүлгөн Тоолуу Карабак жаңжалын басууда жана атуулдук согуштан эбегейсиз азап чеккен Тажикстанда тынчтыктын орношундагы Кыргызстандын чечүүчү, жагымдуу ролун эч ким тана албайт. Бирок жакшылык тез унутулат, жамандык эстен чыкпайт тура.
Кыргызстандын глобалдык жана регионалдык мейкиндиктерде демилгелери менен сунуштары колдоого алынды. Мисалы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Эл аралык Тоо жылы боюнча биздин демилгелер Бириккен Улуттар Уюму тарабынан дүйнөлүк масштабда кубатталганы жалганбы. Чын. Кыргыз дипломаттарынын “Фергана - тынчтыктын өрөөнү” деген демилгеси дүйнөлүк коомчулукта адегенде жакшы эле колдоого алынган, негедир улантылбады. Текке кетип барат кайран эмгек, унутулуп барат данакерлик. Атаганат, ошол саясий жана дипломатиялык эбегейсиз капитал колдонулган жок. Кыргызстан эми деле глобалдык жана аймактык масштабдарда эл аралык коопсуздукту, тынчтыкты бекемдөө боюнча демилгелерди көтөрүп, сунуштарын берип келүүдө. Бирок сунуштарыбыз баштагыдай угулбай барат.
Эл аралык мамилелердин субъекти, жоопкерчиликтүү өлкө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Постсоветтик башка өлкөлөр сыяктуу эле, Кыргызстан көз каранды эмес, улуттук мүдөөлөрдү гана көздөгөн тышкы саясат жүргүзүүгө аракеттенди. Тышкы саясий курсту тандоо да оңойго турбады. Албетте, жакынкы коңшулар, маданий, тарыхый жакындыгы бар өлкөлөр алдыңкы орунда болду. Дал ошол өлкөлөр менен СССРден калган чек аралардын талаштуу маселелерди чечип алуу аракетин көрдү. Аймактык бүтүндүк суверенитеттин зарыл шарты, өлкөнүн коопсуздугунун негизи. Кытай, Казакстан менен чек ара чектелип, сызыгы сызылды. Келишимдерге кол коюлду. Бул эң ири жетишкендик болду. Аки-чүкүсүн билбестен, Үзөңгү-Кууш менен Каркыра кетти дегендер да бар, бирок улам жыл өткөн сайын чек аранын чечилмеги Кыргызстан үчүн кыйындай бере турганын коңшу Тажикстандын мисалы тастыктап турат. Өзбекстан менен чек ара мына быйыл аныкталды. Утулдукпу же уттукпу, аны мезгил тастыктайт. Аймактык жана глобалдык эл аралык мамилелер системасында өлкө өз ордун табууга тийиш. Орунду ээлеген күндө да, аны сактап калуу, ролун арттыруу – оор иш, чон сыноо. Геосаясий жактан Кыргызстан көп векторлуу, ар түрдүү багыттагы жана деңгээлдеги кызматташууга мүмкүнчүлүк берет. олкөбуздүн Европа менен Азиянын ортосун байланыштырган, байыртадан Улуу Жибек жолунун боюндагы Борбордук Азияда жайгашуусу транспорттук жана маалыматтык коммуникацияларды, логистиканы, сооданы, инвестициялык потенциалды, туризмди, маданий көп түрдүүлүктү, билим берүүнү, илимий прогрессти жана башка багыттарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөрү анык. Бирок ушунун өзү кылдаттыкты талап кылат. Өнүгүүнүн европалык же азиялык моделин тандоо, тарыхый, географиялык, геосаясий, экономикалык реалдуулуктардын балансын табуу кыйынга турду. Өлкөнүн өнүгүшү, анын суверенитетин чыңдоо үчүн жагымдуу тышкы шарттарды түзүү милдети изденүүнү талап кылды. Албетте, жаңылыштыктар да кетпей койгон жок. Бирок эгемендүүлүктү калыбына келген 33 жыл ичинде Кыргызстан негизинен прагматикалык тышкы саясат жүргүздү. Ички жана тышкы саясатта эркиндик, көз карандысыздык тууралуу сөз кылуу кыйын. Албетте, ар кандай ири мамлекеттер таасирин арттыргысы келет. Атаандаштык болуп келген. Мындан ары ого бетер дагы курчуйт. Ким эле өз ырыскысын тарттырып, кубатын кемиткиси келиптир. Айыгышкан кармашта керек болсо согушат, санкция киргизет, экономикалык блокада уюштурат, саясий кысым, ички кутум уюштурат. Абалтан келаткан көрүнүш бу. Бирок биз ошол таасирлерге өзүбүз моюн сунуп, жол берип, алардын биздин ички ишибизге жана тышкы алакаларыбызга орой, агрессивдүү кийлигишүүсүнө шарт түзүп алган окшойбуз. Дал ошондуктан эл аралык мамилелерде туруктуулукту сактай алган жокпуз. Сырткы күчтөрдүн басым-кысымына туруштук бере албай, эң кубаттуу мамлекет АКШ, Европа менен мамилебизди салкындатып алдык, базасын чыгарып, келишимдерди жокко чыгардык. Негизги демилгечилери жана бенефициарлары Россия менген Казакстан болгон Евразия экономикалык бирлигине кирдик, бирок ушул биримдикте убадаланган товарлардын, кызматтын, капиталдын жана адамдардын эркин кыймылына жетише элекпиз. Тышкы саясат өлкөнүн дараметине жараша болмогу анык. Тышкы дүйнө менен саясий алакабыз жакшы болгону менен, экономикалык кызматташууга келгенде чабалдык кылуудабыз.
Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүүгө шарт түзгөн, чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбага негизделген укуктук пайдубал түптөлдү. Ушунча көп, мыкты делген мыйзамдарды кабыл алып, стратегиялык байлык болгон суунун башын ачып албаптырбыз. Сууга ээлик кылуунун, пайдалануунун не мыйзамдык, не технологиялык-өндүрүштүк, саясий-дипломатиялык негиздерин түптөгөнгө чамабыз да, эркибиз да жетпеди, атаганат. Биздин эн башкы стратегиялык байлык – суу. Бирок ошол сууга ээлик кылууга, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга зарыл болгон суу дипломатиясы калыптана элек.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2000-жылдардын башында Кыргызстан тышкы саясатта “Улуу жибек жолунун боюндагы дипломатия” деген доктрина иштеп чыгып, эл аралык аренага жарыялаган. Жалпак тил менен айтканда, бизге “же тигил, же бул” деген принцип жарашпайт, баары менен кызматташууга даярбыз, ынтызарбыз, демек “тиги да, бул да “ деген көп багыттуу, теңата, прагматикалык тышкы саясат ылайыктуу, биздин ушул тандоону туура түшүнгүлө, сыйлагыла деген доктрина болчу. Эми да актуалдуу бул доктрина. Дипломатия – бул ири алдыда нарк, жоопкерчиликтүү мамиле, мазмундуу сөз, маанилүү ишарат, эреже, макулдашылган келишим, кылдат кыймыл-аракет.
Кыргызстан эл аралык мамилелердин татыктуу субъектиси, өзү катышкан уюмдардын жана бирикмелердин абройлуу мүчөсү, регионалдык маселелерди чечүүгө жарактуу актор. Региондогу тынчтыктын кепили болгондугубуз да анык. Демек ушул аныктамалар кыял эмес, биз жакындап келген белес, ишке аша баштаган реалдуулук.
Алмаз Кулматов, мамлекеттик ишмер












