Кабыл Макеш: Париж Олимпиадасына жол Бишкектен башталат...

Бишкектеги мелдеште балбандар кырчылдашып, кыл чайнашып, кызык күрөш көрсөтчүдөй

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги мелдеште балбандар кырчылдашып, кыл чайнашып, кызык күрөш көрсөтчүдөй

Спортту түшүнгөн кишиге ушул күндөрү Бишкекте өтө зор окуя башталганы турат. Ар бир спортчунун кыялы - Олимпиада оюндары. Эми элестетсеңиздер дүйнөнүн мен-мен деген мыкты спортчулары Париж Олимпиадасына лицензия алсам деген чоң кыял, үмүт менен Бишкекке чогулууда. Алардын көбү Бишкек, Кыргызстан дегенди биринчи жолу угуп, биринчи жолу көрүп жатышы да мүмкүн.

19-апрелден 21-апрелге чейин Бишкек шаарында өтө турган Азиянын Олимпиадалык квалификациялык турнири курч мүнөздө, кырчылдашкан атаандаштыкта өтчүдөй.

Себеби бул демейдеги мелдештин бири эмес. Мында Париж Олимпиадасына 36 жолдомо берилет. Күрөштүн үч түрү: эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашуулар болот.

Ошентип ар бир түрдөн 12 жеңүүчүнүн Париж олимпиадасына жолу ачылат. Мында Жапония бардык алты квотаны каалаган стилде камсыз кылууга дарамети жете турган Азиядагы жападан жалгыз өлкө дешүүдө адистер. Бирок башка өлкөлөр дагы 2024-жылы Париж Олимпиада оюндарына жолдомо алууга үмүттөнүп, мыкты даярдык менен келишти.

Ошентип, ар бир олимпиадалык салмак категориясында жарым финалдын жеңүүчүсү өз өлкөсүнө Париж Олимпиада оюндарына жолдомо тартуулай алат. Алтын жана күмүш медалдар үчүн күрөш, ошондой эле кайталоо беттештери болбойт.

Ошентип Бишкек Париж Олимпиадасына жолдомо тартуулай турган өтө ири мелдешти өткөрүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ошентип Бишкек Париж Олимпиадасына жолдомо тартуулай турган өтө ири мелдешти өткөрүүдө

Былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Азиядан барган балбандар 90 жолдомодон отуз экини, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча он экиден 24 жолдомо алууга жеңишке жетишкен. Бирок, эркин күрөш балбандары сегиз гана лицензия алышкан. Ошол эле маалда Бишкектеги квалификациялык таймашка эркин күрөш боюнча таймашууларда жолдомо алууга арбын балбан катышканы турат.

Ошондуктан эркин күрөштөн кимдер жолдомо алууга дарамети жетээрине сереп салып көрсөк кызык болгудай.

Бул жерде ар бир олимпиадалык салмак категориясына кыскача сереп:

57 кг салмакта Азия чемпиону, индиялык АМАН жолдомо алууга бар күч-кубатын жумшайт. Бирок, анын жолун тосууга Олимпиадага кайтып келүүгө үмүттөнүп жаткан өзбекстандык Гуломжон АБДУЛЛАЕВ бел байлап турат. Экөөнө оор сыноо болчудай.

Аман жана Абдуллаев экөө тең жарым финалда беттешип калышы мүмкүн. Бул салмакта Кыргызстандын намысын жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, 23 жаштагылар арасында Азия чемпиону Бекзат Алмаз уулу коргойт. Бекзат сегизден бир финалда палестиналык Али Абурумайла менен беттешет. Аны жеңсе чейрек финалда кытайлык Ванхао Зоу менен күч сынашат.

Ошондой эле Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Түндүк Кореянын өкүлү Чонг Сон ХАН жолдомо алууга аракет кылмакчы. Ал ирандык Ахмад ЖАВАН менен беттешип калуусу ыктымал. 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында экинчи болгон казакстандык Эрасыл МУХТАРУЛЫ дагы оңой олжо эмес.

Эрназар Акматалиев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрназар Акматалиев
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

65 кг: салмакта былтыр Дүйнө чемпионатында Иран гана жолдомо алгандыктан, бул салмакта курч таймашуулар күтүлгөнү турат. Мында Азиядагы бир нече күчтүү өлкөлөр эки жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстандык күйөрмандар үмүт артып турган 2021-жылкы Токио Олимпиадасына катышкан, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси Эрназар АКМАТАЛИЕВ бул ирет мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого аракет кылмакчы. Эрназар чейрек финалда ирактык Мохаммед Карим менен беттешмекчи болду. Эрназардын негизги атаандаштары Өзбекстандын намысын коргоп жүргөн Европа жана Азия чемпиону, дагестандык Ильяс БЕЛБУЛАТОВ негизги атаандаштардын бири болушу ыктымал.

Токио Олимпиадасынын чемпиону, жапониялык Такуто ОТОГУРО Жапониядагы ички мелдеште жеңишке жетише албай, квалификациялык турнирлерде өз өлкөсүнүн атынан чыгууга укугу жок болчу. Аны Жапониянын чемпионатында финалда жеңген Котаро КИЮКА Жапонияга жолдомо алып берүү үчүн Бишкекке мыкты даярдык менен келди.

Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, монгол балбаны Тулга ТУМУР ОЧИР улуттук тандоолордо Цогбадрах ЦЕВЕЕНСҮРЕНге утулуп калып, Бишкекке келбей арманда калды. Дагы кызыгы Азия оюндарынын коло байге ээси, кытайлык Кван Жин КИМ бул ирет Түндүк Кореянын намысын коргоого келди.

20 жашка чейинкилер арасындагы мурдагы дүйнө чемпиону, өзбекстандык Умиджон ЖАЛОЛОВ 20 жаштагылар арасында Азия чемпиону, тажистандык Абдулмажид КУДИЕВ менен бирге жолдомо алуу үчүн мыктылардын сабына кошулууга далалат кылышмакчы.

74 кг. салмакта чучукулак кармоодо экинчи орунда турган ирандык Йонс EMAMI Париж жолдомо алуу тйамашынын жарым финалында үчүнчү катарда турган казакстандык Нуркожо КАЙПАНОВ менен беттешип калуусу да ыктымал. Азиянын мурдагы чемпиону, өзбекстандык Бекзод АБДУРАХМОНОВ (УЗБ) турнирге катышканы келди.

Ошондой эле кытайлык Фен ЛУ да олимпиадага жолдомо алсам дегенде эки көзү төрт болуп турган чак. Бул салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Азия оюндарынын коло байге ээси Орозбек ТОКТОМАМБЕТОВдон дагы үмүт кылып турабыз. Орозобек 8/1 финалда Бахрейндин намысын коргоп жаткан дагестандык Магомедрасул Аслуев менен беттешмек болду. Аны жеңсе индиялык же түркөнстандык балбан менен чейрек финалда күрөшөт. Бул салмакта Азиянын мурдагы чемпиону, кореялык Бёнмин ГОН да табында экенин адистер айтышууда.

86 кг . салмакта Бахрейн өлкөсүнүн намысын коргоп жаткан дагестандык Магомед ШАРИПОВ мекендеши, 97 кг салмакта дүйнө жана Азия чемпиону Ахмед ТАЖУДИНОВдон кийин Парижге экинчи Олимпиада жолдомо алууну максат кылып келди. Шарипов турнирде Париждеги жолдомо үчүн Токио Олимпиадасында бешинчи орун алган индиялык Дипак ПУНИЯ менен беттешиши мүмкүн.

Ошондой эле турнирде кытайлык Зушен Лин жана монголиялык Бат Эрдэнэнин даярдыгы жакшы дешүүдө адистер. Бул салмакта бардык атаандаштардын үшүн алып турган жапониялык Хаято ИШИГУРО болмокчу.

Бул салмакта Кыргызстандын намысын Нуртилек Карыпбаев коргойт. Ал Ислам тилектештик оюндарында коло байге уткан жаш балбан. Нуртилек чейрек финалда камбоджалык Вутый Ханга менен күч сынашат. Эгерде жеңип алса, чейрек финалда кытайлык Зушен Лин менен күрөшөт.

97 кг. салмакта Париж олимпиадасына жолдомо алууга өзү былтыр 92 кг. салмакта дүйнө чемпиону болгон казакстандык Айтмухан РИЗАБЕК атайын бел байлап келди. Ал кечээ жакында эле Бишкектеги Азия чемпионатында 97 кг категориясында күмүш медалга ээ болду. Бирок ал Казакстанда бул салмакта биринчи орунда турган Алишер ЕРГАЛИден мыкты экенин далилдей алып, жолдомо үчүн күч сынашканы турат.

Бирок Айтмухан жылдын башында Загреб ачык чемпионатында америкалык Кайл СНАЙДЕРди жеңип алган ирандык Амирали АЗАРПИРАдан кооптонуп турат. Бул салмакта Рио-2016 олимпиадасынын коло байгесинин ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, 38 жаштагы өзбекстандык Магомед ИБРАГИМОВ дагы бир ирет багын сыноого бел байлап турат. Бул салмакта Кыргызстандын намысын өлкөнүн эки жолку чемпиону, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, 24 жаштагы Андрей Аронов коргоп, жолдомо алууга аракет кылмакчы. Андрей 8/1 финалда түркмөнстандык Шатлык Хемеляев менен беттешмек болду. Аны жеңип алса чейрек финалда казакстандык Айтмухан РИЗАБЕКке туш болот.

Азиянын мурдагы күмүш медалынын ээси, кытайлык Авусайман ХАБИЛА да өз мүмкүнчүлүгүнө ишенип турат. Былтыркы дүйнө чемпионатында 92 килограммга чейинки салмак категориясында бешинчи орунду ээлеген 20 жаштагы жапон балбаны Араш ЙОШИДА бардык балбандарга баш оору болчудай. Адистер анын даярдыгы мыкты экенин, чеберчилиги жогорулаганын айтышууда.

125 кг салмакта Токио олимпиадасынын катышуучулары кытайлык Живэй ДЕН жана кыргызстандык Айаал ЛАЗАРЕВ турнирде дагы Парижге жолдомо алууга ниет кылып турушат. Айаал Лазарев биринчи айлампада эс алып, чейрек финалда пакистандык Заман Анвар же казакстандык Юсуп Батырмурзаев менен күч сынашмакчы.

Кабыл Макешов Лондон Олимпиадасын чагылдырып жүргөн учуру

Сүрөттүн булагы, Кабыл Макешовдун жеке архиви

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кабыл Макешов Лондон Олимпиадасын чагылдырып жүргөн учуру

Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси, монгол балбаны Лхагвагерел МУНХТУР, Азия чемпиону, казакстандык Юсуп БАТЫРМУРЗАЕВ жана мурда уландар арасында Азия чемпиону болгон өзбекстандык Хасанбой РАХИМОВ дагы жолдомо алуу үчүн дардык көрүп, багын сыноого Бишкекке келишти.

Кимдердин жылдызы жанып, Париж олимпиадасына жолу ачылаары 19-апрелдеги таймашууларда аныкталат.

20-апрелде кыз-келиндер, 21-апрелде грек-рим күрөшү боюнча Париж олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештер болмокчу.

Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы.

Бул талдоо атайын Би-Би-Си Кыргыз кызматы үчүн даярдалды.