“Акжол Дүйнө чемпиону болгондо жер жаңырта бакырып, бакырып алдым”. Атасынын маеги
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си Бишкек

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Акжол Махмудов 11-сентябрда Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды. Махмудов грек-рим күрөшү боюнча (77 кг) финалдык беттеште венгриялык балбан Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Атактуу кыргыз балбанынын кезектеги ийгилиги күйөрмандарын, кыргызстандыктарды зор кубанычка бөлөдү.
Би-Би-Си балбандын атасы менен кенен маек курду.
Би-Би-Си: Биринчиден куттуктайбыз! Абдан кубанып турсаңыз керек?
Мухамед Махмудов: Ооба, сөз жок, бул жагы керемет болду, керемет! Куттуктоолор үчүн чоң ырахмат! Аябай кубанычтамын!
Би-Би-Си: Адатта мындай чыгаан спортчулардын дүйнөлүк мелдештердеги таймаштарын эң жакын адамдары түз эфирде батынып көрө албай, абдан тынчсызданганын өз көзүм менен көрдүм эле. Сиз дагы ошентип көрдүңүзбү же баары бүтүп “жеңди” деп уккандан кийин гана көрдүңүзбү?

Сүрөттүн булагы, TOM PENNINGTON/GETTY IMAGES
Мухамед Махмудов: Улуу балам дагы Акжолдун жанында дүйнө чемпионатында күрөштү. Саналуу эле саат болду. Ал утулуп калды. Менин үч уулум тең күрөшөт. Үчөөнүн ичинен Акжол акыркы жети жылда ашып кетсе беш жолу жеңилген. Акжол бизди жалаң жеңишке көндүрүп койгон. Бул жолкусу кандай болот деп божомол сурагандар көп болду. "Кудай буюрса Акжол ат салдырбай жеңип, чемпион болот” деп жооп берип жаттым. Себеби азыр Акжол 23 жашта, баралына келип, жиликтерине чучугу толуп, сөөктөрү эми жетилип, күрөшө турган маалы келди. Грек-рим күрөшү бул өтө оор күрөш. Бирок ошолордун ичинен Акжол, Жоломан сыяктуу саналуу эле балдар суурулуп чыга алат.
Бир да беттешин калтырбай көрдүм. Аталык сезимимде балам утат деген сыймык менен көрдүм. Кыздарым сиз айткандай аябай санаага батышат. Күрөштүн жадыбалын жаткан билип, “мына 5 мүнөттөн кийин чыгат, антет, минтет” деп бүт айтып турат. Анан бүт мээримди мага беришет. Кетип жатканда дагы Акжол “ата кыжалат болбоңуз, мен утамын, сизди сүйүнтөмүн” деди. Кечинде деле чыгып эле мага дароо жазыптыр “ата бул жерде эл көп, сизге чала албай калдым. Сизди жакшы көрөм” деп кат жазып коюптур.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Акжолдун адамгерчилиги, тарбиясы деп баары баалап жаткан көрүнүштү да айта кетели. Ал "машыктыруучуларынын биринин атасы жакында эле көзү өтүп кетти деп жеңишин арнады. Эки машыктыруучусун бирдей килем үстүнө чыгарды" деп алкап жатышат.
Мухамед Махмудов: Бизде үйдө эркектин тарбиясын көрүп калган да. Жанагы атасы, апасы бар үйлөрдө үйдө апасы, сыртта атасы го. Бизде үйдө деле, сыртта деле менин тарбиям да. Эркекче өсүп чоңойгон. Мен “биринчи кезекте адамгерчилик болсун” деп айткам. Сени тарбиялап, сени чоңойткон адамды төбөңө көтөрүп жүргүн деп келем. Тренерлеринин бири Карачолоков Улук деген баланын атасы Акжолдор кетип жатканда узакка созулган оорудан кийин каза болуп калыптыр. Бул жигит кийинчээрек барып калды. Аа тиги байракты көтөрүп чыккан башкы тренери Азат менен өзүнүн жеке тренери Мейрамбек Ахмедов. Эгер байкасаңар Акжол эки турнирди уттуруп койду. Сербияда жана Болгарияда. Мейрамбек агай анда жанында жок болуп калды да. Канат Шабданбаев деген департаменттин башчысы бар, ошол балага кирип, суранып “ушул агайы дайыма жанында болсун” дедим. Мейрамбек Ахметов өтө күчтүү саяпкер да. Машыктыруучулары баары мыкты, бирок, Мейрамбек агайдын орду башка дегендей.
Мисалы Жоламандын деле жеке тренерин алып барса сонун болмок. Бизде эми андай финансылык мүмкүнчүлүк жок, акчага такалат да.

Сүрөттүн булагы, social media
Би-Би-Си: Акжол далысы жер жыттабай жеңет деп күттүм деп жатпайсызбы, финалда атаандашын бир эмес эки жолу моюндан алып, көтөрүп уруп, жеңишке жеткенде кандай сезимде болдуңуз?
Мухамед Махмудов: Көлдө жүргөн кезим. Ментурган номер экинчи кабатта. Ушундай кыйкырган экем, үчүнчү кабаттагыларды бүт ойготуптурмун го. Күркүрөгөн эле үнүм бар, кыйкыра берип, үндүн баарын жоготуптурмун. Ошондо жанымда болсоң көрөт элең, сүйүнгөнүмдөн беш мүнөт тынбай бакырдым окшойт. Өзүмдү коёрго жер таппайм, бөлмөнүн ичи ушунчалык тар болуп кетти десең... Кайра-кайра бакырам, кимге, эмне кылышты билбейм, кимди кучактап, кубанычымды бөлүшөөрүмдү билбейм. Себеби жалгыз элем. Каридорго чыга калсам эл толтура экен. Баары эле эмне болуп кетти дейт? Балам дүйнөнүн чемпиону болду-у-у десем баары куттукташып, баары кубанычымды бөлүшүштү. Аны сага сөз менен айта албайм! Менден бактылуу адам жок го дейм! Балдарымдын бирөөсү сөзсүз олимпиаданын же дүйнөнүн чемпиону болот деген качанкы изги тилегим буюрса орундалды! Азыр да сага сүйлөсөм толкунданып, көзүмдөн жаш чыгып кетип жатат. Мен күрөштү жакшы түшүнөм, финалда Акжол жасаган ыкма ар бирөөнүн эле колунан келе бербейт. Мисалы, чоң балам кыла албайт, ортончу балам жасай албайт. Бул жараткандын Акжолго бергени.
Би-Би-Си: Акжол дүйнөнүн чемпиону болуп, дагы бир уулуңуз жеңилип калды. Бал менен калемипирди аралыштырып жегендей болуп жатсаңыз керек?
Мухамед Махмудов: Айтпа, айтпа... Акжол күрөшө электе эле үч күн мурда жазгам, “Акжол бир баш өйдө утат” дегем. Эми азыр кызым катуу таарынып жатат, телефонду коюп койду таарынып. "Ата сиз эмнеге антесиз” дейт. Мен спортко реалдуу карайм да. Акжол буйруса бир нече жолу дүйнө чемпиону болот. Кудай өмүрүн берсин, жаракаттан алыс кылса дейм. Азыр медицина тармагы өнүккөн заман го. Олимпиада оюндарынын үч жолку чемпиону болот буйруса, тилегим ушул.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Байракты көтөргөнү мени аябай сүйүндүрдү. Баламдан ушуну күткөнмүн. Ал аябай сыйлайт. "Улук агай дагы Азат агай дагы жакшы инсандар. Мен ушулардын колунда канча жылдан бери жүрөм, бир дагы жаман сөзүн уккан жокмун. Мейрамбек агай сизден кийин эле атам болуп калган болсо Азат агай менен Улан агай менин бир туугандарымдан кийин эле ушулар турат. Аталык кылып аларга катуу сүйлөбөңүз” деп айтып, суранып турат.












