“Акжол үч жолу олимпиада чемпиону болсо дейм”
- Author, Руфат Эргешов, Кабыл Макешов
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Акжол Махмудовдун атасы, Мухамед Махмудов Би-Би-Сиге Акжолдун спорттогу максаттары, жеке жашоосу жана апасы менен мамилеси тууралуу ачык маек куруп берди.
Би-Би-Си: Акжолдун быйыл жазында олимпиаданын эки жолку чемпиону, орусиялык атактуу балбан Роман Власов менен боло турган беттешүүсү тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып жүрөт. Карт бөрү аттыккан Роман менен күч сынашууга Акжолдун даярдыгы кандай?
Мухамед Махмудов: Бул беттешүүгө атайын деле даярдык жок. Роман Власов абдан такшалган тажрыйбалуу балбан. Олимпиаданын эки жолку, дүйнөнүн үч жолку жана Европанын төрт жолку чемпиону. Бул жигит менен Акжолдун ортосунда ага-инилик достук мамиле да бар. Акжол бутунан жаракат алып калганда, Роман Власов биринчилерден болуп - "Новосибирск шаарына кел, ошол жерден операция кылууга мен жардам берейин" - деген эле.
Ал эми Акжол менен боло турган беттешүү расмий мелдеш эмес, бул таймашуу спорттук шоу катары болмокчу. Ошондуктан бул беттешүүгө өтө деле катуу даярдык көрүлгөн жок. Биздин спорттук күрөш федерациябыз менен Орусиянын күрөш федерациясы келишим түзүп, мелдеш май айынын акырында же июнь айынын башында болот дешүүдө.
Бул беттешүү күрөш майрамы катары өтүп, бул спортту жаштарга кеңири жайылтуу максатын гана көздөгөн жарнама десек да болот. Анда Акжол менен Романдан башка дагы балбандар күрөшөт. Акжол дагы 5-январдан 20-январга чейин Москва шаарында болуп, Роман Власов менен бирге машыгууларды өткөрүп келди. Роман өзү расмий чакырып, Акжолго сый-урмат көрсөтүп, агалык кеп-кеңештерин айтты.
Би-Би-Си: Сиз Акжолго үч жолу олимпиада чемпиону болушу керектигин айтып жүрөсүз. Анын ушундай бийиктиктерди багындырууга күч-кубаты, дарамети жетеби?
М. Махмудов: Жакшы тилек - жарым ырыс дешет эмеспи. Кудай ушул тилектерге жеткирип, уулум Кыргыздын желегин дүйнөлүк аренада желбиретип, намысын бийик көтөрүп, дүйнөгө таанытып, үч жолу олимпиада чемпиону болсо деп тилек кылып жүрөм. Даңазалуу балбандар Александр Карелин,Бувайсар Сайтиев сыяктуу үч жолку олимпиада чемпиону болушун каалайт элем. Бул менин аталык ниетим, тилек-максаттарым. Акжолдун бул тилектерди ишке ашырууга күч-кубаты, дарамети жетет деп ишенем. Кудай буюрса, ден соолук берсе, отуз эки жашка чейин күрөшүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм.
Би-Би-Си: Акжол футбол ойноп жатып алган жаракатынан кийин, азыркы абалы кандай?
М. Махмудов: Учурда Акжолдун ден соолугу, абалы жакшы. Баарына маалым болгондой футбол ойноп жатып, анын бутунун алдыңкы кайчылаш байламы үзүлүп кеткен. Бул спорттогу эң оор жаракаттардын бири, жада калса жамбаштын сыныгы да андан бат айыгат.
Акжол үчүн бул оор сыноо болду, бирок ошондо да көнүгүүлөрдү жасап, дененин калган бөлүгүн машыктырып жүрдү. Андан кийин Германияда операция болуп, бир нече айдан кийин буту толук калыбына келген. Учурда Акжол машыгууларын өткөрүп, ийгиликтерди жаратып жатат, баары жайында.

Сүрөттүн булагы, JACK GUEZ/AFP via Getty Images
Би-Би-Си: Акжолго бир нече жылдан бери башка мамлекеттер көз салып, ири суммадагы каражат сунуштар чакырып жүрүшөт. Токиодогу ийгилигинен кийин дагы сунуштар түштүбү? Акжол өзү эмне дейт?
М. Махмудов: Казакстандан эле бир нече ирет сунуштар болгон. Түркиядан дагы сунуштар болгон эле. Жеке мага эч нерсе айтышкан жок, бирок ортомчулар аркылуу Акжолго бул өлкөнүн намысы үчүн күрөшүүнү сунушташкан. Алар 200 миң доллар төлөп берүүнү убада кылышкан. Бул 2017-жылы болгон сунуштар.
Токио олимпиадасынан кийин сунуштар болгон жок. Акжолдун патриоттук, мекенчилдик сезими күчтүү. Балам мекенин сүйөрүн, эч кандай акча үчүн ал Кыргызстандан кетпей турганын, өлкөбүздүн намысын гана коргой турганын айтып жүрөт.
Би-Би-Си: Акжолдун ата-бабалары да балбан болгонбу?
М. Махмудов: Биз Ош облусунун Араван районунан болобуз. Чоң атамдын аты Мамыт. Мамыт чоң атабыздын атасы Карим-Чаар деген палван болгон экен. Анын чоң атасы Абдулла палван деп, 1870-жылдары түштүк аймагына таанылган 20 жыл далысы жерге тийбеген атактуу балбан, топ жарган өтө мыкты улакчы болгон экен. Балбандык, каармандык касиет тукум кууйт, муундан муунга өтөт деген чындык окшойт.
Би-Би-Си: Бир туугандарым менен кошо грек-рим күрөшүнө алып келген атам деген эле Акжол. Ошондо эле Акжолдун келечекте жылдызы жанаарын, Кыргызстанды дүйнөгө таанытаарын алдына ала сездиңиз беле?
М. Махмудов: Акжол менен Сыймык 2005-жылы Оштогу атактуу палван Тимурдун спорт залында машыгууларын баштаган. Чеберчилиги жогоруласын деген максатта гана Бишкек шаарына келгенбиз. Мен Акжолдун мындай ийгиликтерди жаратаарын алдын ала билген да эмесмин.
Чынын айтайын, агасы Бексултандан үмүтүм чоң эле. Себеби ал төрөлгөндө эле олбурлуу, сөөк-сактуу, шадылуу болуп төрөлгөн.
Акжол абдан мээнеткеч, анан кандай күрөшүп жатса дагы, тез калыбына келип, табын жоготпогон сапаты бар.

Сүрөттүн булагы, Tom Pennington/Getty Images
Би-Би-Си: Коомчулукта спортчулар бош убактыларында китеп окубайт. Интеллектисин өстүрбөйт деген пикирлер айтылып жүрөт. Сиздин уулдарыңыз китеп окуйбу?
М. Махмудов: Менин абдан бай китепканам бар эле. Өзүм дагы адабий чыгармаларга кызыгып, китеп көп окучумун. Турмуш шартка байланыштуу көчүп конуп жүрүп, китептердин көбүн жоготуп алдым. Балдарым дагы китепке кызыгат.
Сыймык абдан билимдүү. Бишкектеги №66-гимназия мектебин алтын медаль менен бүткөн. Кыргыз-Славян университетинин юридика факультетин эң жакшы баалар менен бүтүп, учурда Акжол экөө тең Юридикалык академияда магистратурада окуп жатат.
Биздин үйдө жакшы китептерди сатып алып, окуу салтыбыз бар. Акжол дагы бош убактысында көркөм адабий чыгармаларды окуйт. Кыргыздардын тарыхына, салтына, көркөм дөөлөттөрүнө, чечендик өнөрүнө кызыгат.
Мен аларга: "Спортто 30 жаш куракка чейин күрөшөсүңөр, андан кийин да өз жашооңор болушу керек. Өзүңөрдүн турмушта ордуңарды тапкыла"- дейм.
Би-Би-Си: Акжолдун Токио олимпиадасында финалга чейин жетип, күмүш медаль утканын кандай кабыл алдыңыз? Себеби, сиз аны олимпиада чемпиону болсо деп тилек кылган элеңиз?
М. Махмудов: 77 килограмм салмактагы спортчулардын чучукулак кармашып, бардык атаандаштары аныкталганда, уулум финалга чыгаарын сездим.
Чынында эле Токио олимпиадасындагы таймашуулар оңой болгон жок. Ар бир балбан олимпиаданы уткусу келет эмеспи. Акжол колдон келгендин бардыгын жасады. Жарым финалдык беттешүү абдан курч мүнөздө, атаандаштык менен өттү.
Финалда дүйнө чемпиону жана Европа чемпионатынын беш жолку чемпиону, венгриялык Тамаш Лоринс менен күч сынашып, 2:1 эсебинде бир упай айырма менен атаандашына алтынды алдырып коюп, Токио Олимпиадасынын күмүш медалын тагынды.
Бул жеке Акжолдун эле ийгилиги эмес. Бул жалпы элибиздин, устаттарынын, машыгууларга шарт түзгөн спорт жетекчилеринин жана ата катары менин да ийгилигим, жеңишим деп билем. Айрыкча жеке устаты Мейрамбек Ахметовдун салымы тоодой.

Сүрөттүн булагы, Tom Pennington/Getty Images
Би-Би-Си: Акжол спорттон тышкары эмнеге кызыгат?
М. Махмудов: Акжол спорттон сырткары адабиятка, искусствого кызыгат. Ал сонун ырдайт, жагымдуу үнү бар. Алтынчы-жетинчи класста окуп жүргөндө кандайдыр бир майрамдарда жакшы ырдап жүрдү. Кийин балдарга ырдаганга катуу тыюу салдым. Себептерин айтпай эле коёюн, ал сыр боюнча калсын.
Акжол шахматты да жакшы ойнойт. Башталгыч класстарда Ош шаарында өткөн мелдештерге катышып, чемпион болгон. Үйдө кээде шашки боюнча "биринчилик" өткөрөбүз, Акжол шашки боюнча да биздин үйдүн чемпиону. Бул оюндар логиканы, ой жүгүртүүнү өстүрөт.
Кыргыз улуттук күрөшү боюнча да ийгиликтерди көрсөткөн.
Футболду жакшы ойнойт. Бирок акыркы жолу жаракат алгандан кийин ага тыюу салдым.
Токио олимпиадасынан келгенде президент менен "Ала-Tоо" аянтында жолукканда, ага капысынан сөз бергенде, даярдыксыз туруп, ырларды жатка айтып, жаштарды шыктандырып койгонун көрүп, чечендик жөндөмү бар экенин дагы айтып жүрүшөт.
Би-Би-Си: Эгер жаман көрбөсөңүз, ыңгайсыз болсо дагы, коомчулук кызыккан апасы тууралуу да айтаарсыз. Себеби коомчулукта апасы тууралуу дагы түрдүү пикирлер, сөздөр айтылып жүрбөйбү? Кандай болгонун сиздин өз оозуңуздар угалы?
М. Махмудов: Бул менин эң чоң арманым, жүрөгүмдү өйүгөн нерсе. Акжол өзү эле жалгыз эмес, анын бир туугандары бар. Өткөндө Токио олимпиадасынан келгенде, апасы "мен тирүүмүн" деп жарыя кылып чыкты. Аны угуп, балдарым аябай стресске түштү. Кыздарымдын ыйлаганын көрүп, аябай жаман абалда калдым. Акжолдун апасы бар. Биз апасы менен 12 жыл жашадык. Абдан жакшы аял болчу. Учурунда эл суктангандай эле жакшы жашадык. 12 жыл жашап, минтип эки айрылыш жолго түшүп кетээрибизди элестеткен да эмес элем. Бул аял тууралуу эч убакта жаман сөз айта албайм. Жаман аялдан жакшы уул-кыздар төрөлбөйт да. Рахмат, кыргыздын атын, даңкын чыгарган жакшы уулдарым бар. Татынакай айдай кыздарым турат. Кызым учурда медициналык окуу жайда окуйт. Кичүү кызым быйыл мектепти бүткөнү турат.
"Коомчулукта атасы зөөкүр экен, кайын журту аябай катуу экен, кайын эжелери, кайын энеси жамандап турса, алардын турмушуна кийлигишсе" дегендердин кулагына алтын сырга катары эми ачык айтайын. Аялым экөөбүз 12 жыл бирге Бишкекте жашаган учурда, менин бир туугандарым, эжелерин, ата-энем биздин турмушка кийлигишкен, аралашкан эмес.

Сүрөттүн булагы, JACK GUEZ/AFP via Getty Images
Мен 7-класстта, аялым 6-класста окуп жүргөндөн баштап, 7 жыл сүйлөшүп, ортобуздагы сүйүү романы айылга эмес, районго чейин даңаза болуп, кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, үйлөнгөн элек. Биздин сүйүү Раймаалы менен Бегайымдыкындай эле болгон. Жанагы интервьюсунда: "Мен көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришиндеги пол жуучумун, атам келип балдарымды сүннөткө отургузду", - деп айткан экен.
Менин ата-энем: "Мухамед сен 33 жашка чыктың. Быйыл айылга келип, Сыймык менен Акжолго сүннөт той берип, элдин батасын ал", - дешкен эле. Мен абдан сүйүнүп келип, аялыма: "Кудай буйурса, быйыл күзүндө айылга барып, сүннөт той беребиз, атамдар уруксаат берди", - дедим.
Ошол учурда жеке ишкерлик кылып, Орусияга товар алып барып, сатып жүргөн элем. Түнү келсем, балдарым алдымдан тосуп чуркап чыккан жок. Аялым "бир иш кылып койдум. Капа болуп, урушпайсызбы?" - деп калды. Муну азыр гана ачык айтайын дегеним. Кайын журтум жеке турмушубузга көбүрөөк аралашып койду.
Кайын атам мен жокто түн жамынып Оштон келип, Сыймык менен Акжолду сүннөткө отургузуп кетип калыптыр. Мен аны билбейм. Ошондо бир капа болдум. Бул окуяга ачуум менен 4 шапалак урдум. Ошол 4 шапалак урганым үчүн кийин өкүнүп да калдым.
Себеби, мен жетим эмесмин да. Ата-энем, бир туугандарым бар. Ата-энем "неберелерим айылга келип, сүннөт той берип, элдин батасын алабыз" деп күтүп жатса, капа болосуң да. Аялым көгөрүп, мойнуна албай, өзүнүкүн туура көрдү.
Биз 1993-жылы 11-июнда үйлөнгөн элек, 2005-жылы 11-июнда ажырашып кеттик. Ал көгөрүп, балдарды мага таштап, кичинекей кызымды алып кете берди. Болгону ушул.
"Мейли, ачуусу таркаса, балдарды ойлоп, өзүнө келээр, менден дагы күнөө кетип калды окшойт", - дедим. Ал кайрылып келген жок. Мен дагы намыстанып барбадым.
Кайын журтум менен биздин ата-энебиздин үйү бир көчөдө. Биздин үйгө айланып барчу башка жол жок. Кайын атамдын үйүнүн эшик алдынан өтүп, ата-энемдин үйүнө барабыз.
Ош шаарынан батир алып, балдарым, карындашым, күйөө балам менен бирге жашап калууга туура келди. Балдар да кичине кези. Аялым алып кеткен Бегимай кызым түшүмө кирет. Карындашыма: "Бегимай көп жолу түшүмө кирип жатат. Бизди сагынып, кыйналып жатат окшойт", - дедим.
Бир күнү үйгө келсем, кичинекей тогуз айлык, баса элек бир кыз жүрөт. Көрсө аялым, тогуз айлык кызымды үйдүн босогосуна, астанага түртүп, эч нерсе айтпай таштап кетиптир. Ошол кызым Бегимай быйыл 18 жашка чыгат. Кандай эне балдарын таштап кетет?! Ошондо аябай жүрөгүм муздады. Мен беш балам турганда жарашам, балдарым турганда ажырашпайм деп ойлоп жүргөм.
Коомчулукта "атасы зөөкүр экен, атасы андай-мындай экен" деген түрдүү пикирлер, сөздөр айтылып жүрөт. Мейли, мен жаман болоюн, балдарда эмне күнөө, аларда эмне айып. Мен деле балдарды интернатка берип салып, өзүмдүн жашоомду кылсам болот эле да. 16 жылдан бери балдарым менин жанымдан бир аялды да көрүшкөн жок. Эми балдарым элге таанылып, башы көрүнүп калганда, коомчулукта ар кандай сөздөр айтылат экен.

Сүрөттүн булагы, Tom Pennington/Getty Images
"Акжол, апаңа бар, апаңа кайрыл, андан кечирим сура" деген пикирлерди аты-жөнүн ачык айтышпай, айрымдар фейк кылып жазып, абалды билбей, кырдаалды курчутуп жатышат. 16 жыл бир жолу басып келип, балдардын ал-абалын сурап койбогон энеге кантип, балдары басып барышат. Биз айылда бир көчөдө турабыз. Жер жамандап барбасын, кайын журтум бир жолу басып барып, жээндеринин ал-абалын сурап койсо болот эле да.
2000-жылы жаңы "Жигули" үлгүсүндөгү машина айдап, колубузда бар, бардар, оокаттуу турчу элек. Ал балдарды гана карап, үйдө эле жүрчү, эч кандай пол жууган эмес. Эгерде балдар үчүн келсе, мен эч убакта үйдөн кууп, түртүп чыкмак эмес элем. Балдар менен катташайын десе, мен эч убакта тоскоол болмок эмесмин. Мен эки жыл кызыма паспорт алалбай, апасы өз кызына көгөрүп макулдугун бербей, аябай убара болдум. Жолдош кыздарынан, бир тууган инисинен дагы айттырдым. Кызына паспорт алууга уруксаат бербей, көгөрүп койду.
Эмнеге Бексултан, Сыймык, Акжол кичине кезинде апасын сагынып, ыйлап жүргөн учурда кабар алып келбеди. Мен чет жерде жүргөн учурда, мен жокто деле келсе болмок да, балдардан кабар алганы. Айрымдар "балдарды атасы тартып алган" деген пикир айтып жүрүшөт. Азыр 21-кылым да, кантип балдарды апасынан тартып алмак элем. Сот деген бар, эгемендүү өлкөбүз. Адам укугун сактаган мамлекетпиз. Бул менин жүрөгүмдү өйүгөн арманым, айыкпаган жарам да. Балдарым апа деген ыйык сөздү айтпай, чоңоюп калышты.
Акжол былтыр Осло шаарындагы дүйнө чемпионатына да барып катышмак. Аялым соцтармакка жазып чыккандан кийин мен депрессияга түшүп, капа болуп турганымда, кызым агаларына айтыптыр, "атам капа болуп, кыйналып турат", - деп. Үч уулум тең дүйнө чемпионатына барууга камылга көрүп жатышкан. Бексултан гана барып келди. Акжол менин абалымды туура түшүнүп, дүйнө чемпионатына барбай, жанымда болду. Ошондо гана апасы менен эмне болуп ажырашканымдын себебин сурады. Мен ажырашуунун себептерин бир туугандарыма да, жакын досторума да, балдарыма да мурда кийин айткан эмесмин.













