ТОКИО-2020: Кыргыз балбандары кыргыздын баарын бириктирди


Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бүгүн кыргыз балбандары Токио олимпиадасында ийгиликке жетишти. Саясат, кымбатчылык, коронавирустан тажаган эл соцтүйүндөрүндө бир муштумдай биригип, кыргыз спортчуларын кубаттап, сүйүнүп жатышат.
Алтын байге үчүн күрөш эртең болот
Эртең менен грек-рим күрөшү боюнча эл аралык деңгээлдеги спорт чебери, Азиянын чемпиону Акжол Махмудов чейрек финалда азербайжандык Рафиг Гусеиновду 9:1 эсебинде жеңип алды. Ал эми бир нече сааттан кийин Акжол Махмудов жарым финалда 77 килограмм салмак категориясында армениялык Карапет Чалянды жеңип, финалга жолдомо алганга жетишти.
Акжол Махмудов болгону 22 жашта. Ал грек-рим күрөшү боюнча кыргыз спортчуларынын ичинен эң жаш Азия чемпиону. Эртең ал Олимпиаданын финалында алтын байге үчүн венгриялык спортчу Томас Льеринс менен беттешет.
Ал эми балбан кыз Айпери Медет кызы эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында 76 кг салмак категориясында 5-орунга ээ болду. Айпери 22 жашта жана Олимп оюндарына биринчи жолу катышты.
Коло байге үчүн күрөштө Айпери 29 жаштагы түркиялык Ясемин Адар менен беттешип, эсеп 0:4 менен аяктады. Ясемин буга чейин Рио де Жанейродо 2016-жылы болуп өткөн Олимпиадага катышып, бирок байгелүү орунду ээлеген эмес.
Жарым финалга чейин Айпери атаандаштарын өтө чоң эсептик айырма менен жеңип келген. Биринчи эле баскычта казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 менен, чейрек финалда Орусиянын Олимпиада комитетинен Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде жеңген. Бирок жарым финалда америкалык Аделайн Грей менен күч сынашып, 2:3 эсебинде утулуп калды.
Айпери Медет кызы 1999-жылы Талас облусунда туулган. Ал буга чейин Азия оюндарында коло жана күмүш медалдарды утуп келген.
Айперинин күйөрмандары соцтармактарда ага колдоо көрсөтүп, ал жеңишке жетпесе дагы, аны менен сыймыктанарын жазып жатышат.

Кыргызстан эки коло медаль алышы мүмкүн
Ошондой эле бүгүн Кыргызстандык эки балбан – Үзүр Жусупбеков жана Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алганы белгилүү болду.
Олимпиадага грек-рим күрөшү боюнча 97 кг салмакка чейинки категорияда катышып жаткан Үзүр Жусупбеков чейрек финалда мурдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү армениялык Артур Алексанян менен күрөшкөн. Армениялык спортчу кыргыз балбанын 4:1 эсебинде жеңип алган. Жусупбековдон кийин ал дагы 2 атаандашын утуп, финалга чейин жеткендигине байланыштуу Үзүр Жусупбеков жубатуучу беттешке чыгууга укук алды.
Жусупбеков коло медаль үчүн беттешке чейин Финляндиянын спортчусу Арви Мартин Саволайнен менен жубатуучу кармашка чыгат. Эгер аны жеңсе, анда коло байге үчүн иран спортчусу Мухамедхажы Сарави менен күрөшөт.

Ал эми Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиада оюндарына эркин күрөш боюнча 68 кг салмакка чейинки категорияда катышып жатат. Ал бүгүн болгариялык атаандашын 7:5 эсебинде жеңип, бирок чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудан 2:1 эсеби менен утулуп калган.
Нигериялык спортчу Блессинг Обору жарым финалда монголиялык спортчуну жеңип алгандыктан, Мээрим Жуманазаровага коло медаль үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк ачылды.
Кыргызстандык спортчу эртең азербайжандык Элиз Манолова менен жубатуучу беттешти жеңсе, монголиялык Баттсетсег Соронзонболд менен Токио Олимипиадасынын коло байгеси үчүн күч сынашат.

Айсулуу Тыныбекова эртең алгачкы беттешине чыгат
Кыргыз спорт сүйүүчүлөрү эртеңки күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Анткени эртең, таңкы саат 8:00де Айсулуу Тыныбекова Токио-2020дагы алгачкы беттешине чыгат. Анын атаандашы латвиялык Анастасия Григорьева.
Ошондой эле, Кыргызстандык спортчу Атабек Азисбеков дагы биринчи беттешине чыгат. Анын каршылашы венгриялык Виктор Лёринц.
Кыргызстандан Токио-2020 Олимпиада оюндарына жалпы 16 спортчу кеткен.









