Акжол Махмудов: Алдыда олимпиадалык алтын байге үчүн таймашуу турат

Токио олимпиадасында кыргыз балбаны Акжол Махмудов жарым финалга чыкты. Ал спорттогу алгачкы кадамдары, Кыргызстандын курама командасындагы атаандаштык, дардыгы жана атак-даңкка болгон мамилеси жөнүндө олимпиадалык делегациянын пресс-атташеси, өлкөнүн спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешовго айтып берди.

Акжол Махмудов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кжол

Кыргызстанда көптөгөн спортчулар бар, бирок алардын бардыгы эле жылдыз эмес. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудовду спорт күйөрмандары жылдызы жанган келечегинен үмүткөр кылган спортчу катары таанып билишет. Себеби анын таланттуу балбан экени дагы Токиодогу беттешүүлөрдө айкын көрүнүп, эки атаандашын мөөнөтүнөн мурда утуп алды.

Анын ачык, техникалык жана эмоционалдык күрөш стилинин аркасында ал үч эле жылдын ичинде жана Токио олимиадасында он миңдеген күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө айланып калды.

Акжол Махмудов 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. 2015-2016-жылдары өспүрүмдөр арасында Азиянын эки жолку чемпиону жана 2016-жылы өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиону аталган. 2017-жылы Азия чемпиону болуп, ошол 2017-жылы жаштар арасында Дүйнө биринчилигинин күмүш байге ээси болгон. Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси, Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Кыргызстандын эл аралык спорт чебери. 2018-жылы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси болгон.

Мен спорттук баяндамачы катары Акжолду 2011-жылдын февраль айынан бери билем, ал кезде жаш балбанды аз эле спорт күйөрмандары таанычу. Бүгүнкү күндө өзүнүн ийгиликтери менен спорт адистердин да көңүлүн буруп келатат. Ошол эле учурда, анын өмүр баянынын урунттуу учурлары сыр бойдон калгандай...

- Акжол мырза олимпиада алдында сизден интервью алсам деген журналисттер арбын болсо керек эле. Негедир журналисттерден оолак болуп, көп интервью бербей жүрөсүз. Эмне үчүн?

- Мага интервью берип, маектешкен анча жакпайт жана көпчүлүк журналисттерден баш тартып келатам. Чынында интервью бергенге азырынча эрте деп ойлойм. Дүйнөлүк, олимпиадалык деңгээлдеги ийгиликтерге жетип, олимпиадалык оюндарда байгелүү орундарды ээлегенден кийин гана интервью берсем болот го деп жүргөм...

- Дагы деле болсо, атактуулук боюнча Кыргызстандагы бир нече спортчулар сиз менен ат салыша алышпайт. Сиз буга сыймыктанасызбы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

- Атактуулуктун дагы экинчи тарабы бар. Бул кошумча жоопкерчиликти жүктөйт. Килемге чыгып, сен эми өзүң жөнүндө эмес, өзүңдүн мекениң, ата журтуң жөнүндө, өлкөнүн ар-намыс тууралуу ойлойсуң. Баардыгы сага ишеним артып турса күйөрмандардын үмүтүн актай алсаң жакшы. Ал эми жеңилип калсаң кайгырып, капа болосуң.

- Көпчүлүк спортчулар жылдыз ооруусу менен ооруп, жер баспай калышат эмеспи. Сизде андай учурлар болгонбу?

- Чынын айтайын кээде анча мынча болуп да калат. Бирок мындай болушуна мен жол бербөөгө аракет кылат. Негизгинен күйөрмандар менен журналисттер эле жылдызга айландырып жиберишет экен...

- Мектепте жакшы окугансызбы?

- Эң алдыңкы катардагы окуучулардын катарында болбой, жоон ортодон жогору окудум. Көбүнчө төрткө окугам.Үч-эки алган учурлар деле болгон.

2016-жылы орто мектепти аяктаарым менен дароо Юридика академиясына тапшырып, юрист кесибин тандагам. Ошол эле учурда Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында дагы окуп, машыгууларды уланткам.

Акжол Махмудов

Сүрөттүн булагы, Makeshov

- Үй-бүлөңөрдө дагы спорт менен таанылган агаларың тууралуу айтсаңыз?

- Менин эки агам тең спорт менен машыккан. Бирөөсү менден эки, экинчиси болсо төрт жаш улуу. Улуу агам Бексултан уландар жана жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды камсыз кылган. Мен күрөш менен Ошто машыга баштагам. Менин спорттогу алгачы устаттарымдын бири жаш балбан Айбек болуп саналат. Андан кийин Акбаралы агайдан таалим-тарбия алдым. Алтынчы класста Бишкек шаарына көчүп келип, Дене тарбия жана спорт комплексинде Жеңиш Сатыбалдиев агайда машыга баштадым.

Ал мага кантип күрөшүүнүн сырларын, ыкмаларын үйрөткөн. Мен аны биринчи машыктыруучум деп эсептейм. РУОРго сегизинчи классымда кабыл алынгам. Ошондон бери Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Мейрамбек Ахметовдон таалим-тарбия алып келем. Ал өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан атактуу балбандар Канатбек Бегалиев, Арсен Эралиев, Каныбек Жолчубеков жана башкалардын устаты болуп саналат.

Өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы Кыргызстандын чемпионатында бир нече жолу "алтын" алып, чоң спортко тагдырымды арнадым. Дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарындагы жеңиштеринен тышкары, Казакстанда, Россияда, Түркияда жана башка чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, тажрыйба топтой баштагам. Мени бул күрөшкө шыктандырган Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев болуп саналат. Үйдө менин 50-60тай медалым бар. Сыйлыктардын жарымын туугандарыма жана жакындарыма таратып берип салгам.

- Эң оор беттешиңиз эсиңиздеби?

- 2017-жылдагы дүйнө Чемпионаттын чейрек финалында ирандык балбан менен күч сынашып, аягына чейин 30 секунд калганда утулуп калдым. Ал мени килемдин үстүнөн түртүп жеңишти сууруп кетти.

- 2017-жылдагы Дүйнө чемпионатынын финалында калыстар атаандашыңызга тартып койгон жок беле?

- Баары адилеттүү, калыс эле болду го. Жеңишке жетүүгө күч-кубатым жана өзүмө болгон ишенимим жетишсиз болуп калды окшойт. Себеби, жарым финалда кабыргам сынганына карабай күрөшкөн элем. Финалда бул тоскоолдук кылды көрүнөт. Бирок кийин кабыргам катуу оорууп, эки-үч күн жакшы, терең дем албай кыйналып жүрдүм.

- Чоңдор арасында сиздин салмакта Азияда атаандаштык күчтүүбү?

- Азия чемпионатына караганда атаандаштарым абдан күчтүү. Ал эми дүйнө чемпионаттарын, олимпиаданы сөз кылбай эле койсок болот. Мындай атаандаштыкты мен эч жерде көрө элекмин!

- Сиздин Токио олимпиадасындагы эң башкы атаандаштарыңыз кимдер болуп жатат?

- Олимпиадага дүйнөнүн эң мыкты балбандары иргелип, күч сынашып жатабыз. 1/8 финалда Тунис өлкөсүнүн өкүлү Ламьед Маафин менен күч сынашып, атаандашымды мөөнөтүнөн мурда 11:0 эсеби менен утуп алдым.

Чейрек финалда 33 жаштагы дасыккан балбан, Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону,дүйнө кубогунун жана Европа оюндарынын жеңүүчүсү, азербайжандык Рафиг Хусейновду дагы мөөнөтүнөн мурда 9:1 эсеби менен жеңип, жарым финалга чыктым. Эми кечинде жарым финалда 27 жаштагы Европа чемпионатынын жана Европа оюндарынын күмүш байге ээси, армениялык Карапет Чальян менен күрөшкөнү турам. Баары күчтүү балбандар....

- Килемге чыгаардын алдында апкарууну сезесизби?

- Мен олуттуу мелдешке бир ай калганда кабатыр боло баштайм. Мен көп ойлойм, уктай албай калам. Бирок мелдеш жакындаган сайын, мен тынчы, сабырдуу болгонго аракет кылам. Менде килемге чыкканда эч кандай коркуу, апкаруу сезими болбойт.

- Кандай даярданасыз?

- Атаандашыма жараша. Айрымдарын беттеш башталышына чейин тааный билем. Мисалы, балбан ыргытууну жакшы билсе, аны кармоого жол бербейм.

- Карьераңыз аяктаган соң эмне менен алектенгиңиз келет?

- Жеке ишкер болуп, жаш спортчуларды моралдык жана материалдык жактан колдосом деп тилек кылып жүрөм. Тажрыйбамды жаштар менен бөлүшкүм, аларга күрөш сырларын үйрөткүм келет.

- Сизди колдогон, демөөрчү болгон адамдар барбы?

- Жергиликтүү спорттук шаймандарды сатуучу компаниялардын бири керектүү нерселердин бардыгын берип, демөөрчү болуп жүрөт. “Дордой” спорт клубунун жетекчиси Шаршен Касенов, жеке ишкер Дастан Муктаровго өзгөчө рахмат айткым келет.

- Күрөштөн башка дагы эмнеге кызыгасыз?

- Жумасына эки-үч жолу бильярд жана теннис ойнойм.

- Жергиликтүү балбандардын арасында досторуңуз барбы?

- Атабек Азизбеков жана Каныбек Жолчубеков менен жакшы достук мамиледемин. Жоломан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков менен дагы достук маанайда жүрөм.

- Ал эми чет өлкөлүк балбандардан сизге ким жагат?

- Өзбекстандык Эльмурат Тасмурадов. Анын оттон, суудан кайра тартпаган мүнөзү бар. Бир заматта жанар тоодой жарылып, жанын аябай аягына чейин күрөшөт.

- Сизди башка мамлекеттин өкүлү катары күрөшүүгө чакырышкан беле?

- Ооба, ошол эле Казакстанга чакырышкан. Кандай гана акча сунуштабасын, мен эч жакка барбайм. Өзүмдүн мекеним үчүн күрөшөм. Азыркы башкы максатым – Токио Олимпиада оюндарына алтын байге жеңип алуу.

2016-жылдын 14-сентябры эсимде. Мен анда 17 жашта элем, уландар арасындагы дүйнө чемпиону болсом деген кыялдарым орундалган. Жеңиштин бийик сересинде туруп, биздин өлкөнүн Гимн жаңырып, Кыргыз туусу обого көтөрүлгөндө укмуштуудай сезимдерди башымдан өткөрдүм эле. Эгерде кудай буйруп, Токиодо олимпиада чемпиону болгон күндө дагы, мен ал күндү эч качан унутпайм.

-Жакшы маегиңиз үчүн рахмат! Токио олимпиадасында спорт күйөрмандардын үмүтүн актап, алтын медаль тагынууңузга тилектешпиз!

Кабыл Макешов, олимпиадалык делегациянын пресс-атташеси, спорттук баяндамачы