Токио - 2021: Кыргыз спортчуларынын даярдыгы кандай?

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандын олимпиадалык делегациясы бүгүн Токиого жөнөп кетти. Анын алдында делегациянын пресс-атташеси Кабыл Макешовду маекке чакырып, олимпиадага аттанган кыргыз спортчуларынын даярдыгын талкууладык.

Айсулуу дүйнөлүк рейтингде биринчи турат

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айсулуу дүйнөлүк рейтингде биринчи турат

Би-Би-Си: Башында олимпиадага лицензия алган спортчулардын саны он сегиз деп айтылып жаткан эле, алардын саны эмне үчүн азайып калганынын себебинен баштайлы сөздү.

К. Макешов: Туура, азыр он сегиз эмес, он алты болуп калды. Марафондук чуркоодон Юлия Архипова ден-соолугуна байланыштуу олимпиадага катышпай турган болду, жаракат алып калдым деп баруудан баш тартты. Ал мурда үч олимпиадага барган. Ошондой эле Мария Коробицкая марафондук жарышта лицензия алды деп Жеңил атлектика федерациясы, Улуттук олимпиада комитети жарыя кылган. Бирок, тилекке каршы, анын алган жолдомосун жараксыз деп табышты. Ташкентте өткөн марафондо эл аралык талаптар аткарылган жок деп жатышат.

Би-Би-Си: Анда ошол кыргыздын намысын коргой турган он алты атлеттин даярдыгына учкай токтолуп кетсеңиз.

К. Макешов: Кыргыз спортчулары Токиодо жеңил атлетика, грек-рим, эркин күрөш, кыздар күрөшү, дзюдо, оор отлетика, фехтование, сууда сүзүү, ок атуу боюнча мелдештерге катышат.

Ок атуу боюнча биринчи жолу кыргызстандык кызыбыз Каныкей Кубанычбекова баратат. Ал он метр аралыкта жел мылтык атуудан таймаштарга катышат.

Кыргызстандын тарыхында Москва олимпиадасында Александр Мелентьев алтын медал жеңип келген. Ал эми эгемендүү өлкө болгону, Руслан Исмаилов эки жолу олимпиадага катышкан, бирок байгелүү орунга жеткен эмес.

Каныкей Кубанычбекова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каныкей ок атуу спортунда бешинчи класстан бери машыгып келатат.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Эң чоң үмүт күрөшкө түшө турган спортчуларда деп жатышпайбы. Анын ичинен биринчи кезекте, албетте, Айсулуунун аты аталууда. Андан сырткары олимпиадага биринчи жолу дагы эки балбан кыз баратат. Алардан сырткары балбан жигиттер да бар эмеспи?

К. Макешов: Алар абдан жакшы даярдык көрүштү. Былтыр боло турган олимпиада бир жылга жылып калганы кээ бир спортчулар үчүн пайдалуу болду даярдык көргөнгө, чындыгында. Өзүңүз айткандай, Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону, ал эми эркектерден бизде эч ким дүйнө чемпиону боло элек. Айсулуу дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат. Риодогу олимпиадада мелдеш бүтөрүнө тогуз секунд калганда коло медалын колдон чыгарып ийген. Ошонусу абдан сабак болгон экен. Дүйнө чемпиону болду, Азия чемпиону болду. Ошондо коло медаль утуп алганда, балким, күрөштү таштап турмушка чыгып кетет беле. Машыктыруучулук кесипке өтүп, чоң спорттон алыстап калат беле. Ошол жеңилип калганы ага чоң сабак болду.

Андан сырткары, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова деген кыздарыбыз күрөш адистери үчүн абдан табышмак болуп турат. Анткени, экөө тең жаш, классташ, таластык кыздар. Аларды таптап чоң спортко алып келген Дүйшөн Жуманазаров - Мээримдин атасы. Бул кыздардан да үмүт чоң.

Айпери менен Мээрим машыктыруучусу менен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айпери менен Мээрим машыктыруучусу менен

Ошондой эле грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков бар, ал жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон, дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган, Азия чемпиону болгон. Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков, Үзүр Жусупбеков деген дагы үмүт жандырган жигиттерибиз бар.

Эркин күрөш боюнча Эрназар дагы жакшы чыкты, дүйнөлүк адистерди да таң калтырып атат. Дүйнөлүк биринчиликте, Азия чемпионатында чемпион болуп жүргөн кыйын балбандарды Алматыда жеңип алды. Ушул жигиттен да үмүт кылып турабыз.

Ошондой эле мурун да дүйнө чемпионаттарына катышкан Айал Лазарев мелдештерде бешинчи орунду алып калып, жолдомосу жок болчу. Индиялык балбандан кызытма табылып калып, жолдомого ээ болду, эми олимпиадалык таймаштарга катышкан турат.

Жоломан Шаршенбеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жоломан Шаршенбеков

Фехтование боюнча дагы Роман Петров абдан жакшы ийгиликтерге жетишип, эл аралык турнирлерде көзгө көрүнүп калды.

Суучулдардан Денис Петрашов Кыргызстандын намысын коргойт. Евгений Петрашовдун уулу, ал мурун Лондон олимпиадасына барып катышкан. Анда жаш болчу, кийинки чемпионаттарда байгелүү орундарды ээлеп жүрөт. Ал дагы алдыңкы топко суурулуп чыгышы мүмкүн.

Денис Петрашов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Денис Петрашов

Би-Би-Си: Марафонго чуркай турган жөө күлүк Дарья Маслова бар эмеспи. Ал дагы дүйнөлүк чемпионаттарда алтын медаль алып келип атпадыбы.

К. Макешов: Рио-де-Жанейродо болгон олимпиадалык оюндарга катышкан. Беш-он километрге болгон жарыштарда Азиянын, дүйнөнүн байгесин алып келатат. Эми марафондо кыйыныраак болот. Анын үстүнө Жапониянын климаты нымдуу эмеспи. Албетте, байгелүү орунга илинүүгө бардык аракетин жасайт. Бирок беш же он километрге жарышка жолдомо алганда, анда сөзсүз ийгилик жаратмак.

Кабыл Макешов өзү дагы олимпиадага барган жагынан өзүнчө чемпион.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кабыл Макешов өзү дагы олимпиадага барган жагынан өзүнчө чемпион. Ушуну менен он экинчи олимпиадага спорттук журналист катары катышат.