Акжолдун алтыны жана адамгерчилиги

Сүрөттүн булагы, Justin Hoch
Акжол Махмудов 11-сентябрда Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды. Махмудов грек-рим күрөшү боюнча (77 кг) финалдык беттеште венгриялык балбан Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан чыккан алгачкы чемпион.
Ал финалга чейин төрт атаандашын утту: бразилиялык Жоилсон Де Брито Рамос Жуниор (11:1), мексикалык Эммануэл Алексис Бенитес Кастро (8:0) жана түркиялык Юнус Емре Басар (9:7). Жарым финалда Махмудов Лондон Олимпиадасынын (2012-жыл) жеңүүчүсү, түштүк кореялык Ким Хён Уну жеңди.
Буга чейин күрөш боюнча Дүйнө чемпионаттарында Айсулуу Тыныбекова эки жолу (2019 жана 2021-жылдары) жана Мээрим Жуманазарова бир жолу (2021-жылы) ийгиликке жетишкен.
Махмудов финалдан соң журналисттерге маек куруп, жеңишти кыргыз элине арнаганын жана үй-бүлөсү, машыктыруучулары менен жолдошторуна ыраазычылык билдирди.
“Мен өзгөчө бир нерсени белгилегим келет: биздин машыктыруучубуз Улук агайдын жакында атасы каза болду. Мен бул жеңишти ага арнагым келет, анткени ал эң мыкты машыктыруучуну тарбиялап өстүрдү. Улук агай мыкты машыктыруучулардын бири. Ушундай уулду тарбиялаган Улук агайдын атасына ырахмат.
Мен кечээ эле кыргыз күрөш мектеби эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөтөйүн дедим эле. Көрсөттүм, реванш алдым. Ага чейин мен андан [Золтан Леваиден] жеңилген элем, азыр жеңиш менде.
Мен дайыма ушундай жеңишти машыктыруучуларым менен бөлүшкүм келчү, анткени алар мен үчүн, жеңиш үчүн көп нерсе кылышты. Машыктыруучуларсыз, мындай колдоосуз, мындай ийгиликке жетүү өтө кыйын. Ошондуктан бул биздин жалпы жеңишибиз жана биз барыбыз чогуу майрамдашыбыз керек”, - деди Махмудов.
Спортчуну президент Садыр Жапаров да Фейсбук баракчасында куттуктады.
"Азаматсың Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок. Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм! Бар бол баатыр!" - деди өлкө башчысы.
Бийик максат, улуу үмүт...

Сүрөттүн булагы, official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Акжол Махмудов 2021-жылы Токиодо өткөн биринчи Олимпиадасына катышып, күмүш медалды багындырган.
Андан соң Акжолдун атасы спорттук кабарчы Кабыл Макешовго Би-Би-Си үчүн кенен маек куруп, Акжолдун бийик максаттары тууралуу айтып берген эле.
“Жакшы тилек - жарым ырыс дешет эмеспи. Кудай ушул тилектерге жеткирип, уулум Кыргыздын желегин дүйнөлүк аренада желбиретип, намысын бийик көтөрүп, дүйнөгө таанытып, үч жолу олимпиада чемпиону болсо деп тилек кылып жүрөм. Даңазалуу балбандар Александр Карелин,Бувайсар Сайтиев сыяктуу үч жолку олимпиада чемпиону болушун каалайт элем. Бул менин аталык ниетим, тилек-максаттарым. Акжолдун бул тилектерди ишке ашырууга күч-кубаты, дарамети жетет деп ишенем. Кудай буюрса, ден соолук берсе, отуз эки жашка чейин күрөшүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм”, - деген Мухамед Махмудов.
Ошондой эле Мухамед Махмудов анын уулуна чет өлкөлөрдөн бир нече жолу сунуштар түшкөнүн, бирок Акжол баш тартканын белгилеген.
“Казакстандан эле бир нече ирет сунуштар болгон. Түркиядан дагы сунуштар болгон эле. Жеке мага эч нерсе айтышкан жок, бирок ортомчулар аркылуу Акжолго бул өлкөнүн намысы үчүн күрөшүүнү сунушташкан. Алар 200 миң доллар төлөп берүүнү убада кылышкан. Бул 2017-жылы болгон сунуштар. Токио олимпиадасынан кийин сунуштар болгон жок. Акжолдун патриоттук, мекенчилдик сезими күчтүү. Балам мекенин сүйөрүн, эч кандай акча үчүн ал Кыргызстандан кетпей турганын, өлкөбүздүн намысын гана коргой турганын айтып жүрөт”, - деген ал.
Маекти толугу менен бул жерден окуңуз:











