Айсулуу алтын, Эрназар - күмүш алды. Кыргыз балбандарынын Ослодогу дүңгүрөгөн дүйнөлүк жеңиштери

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ослодо өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова бардык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болуп калды.
Айсулуу финалда америкалык Кайла Колиин Кийоко Мираклды 7:0 менен эсебинде жеңди.
Жарым финалда Украинадан Илона Прокопевнюкту 5:2 эсебинде утту.
Ослодогу чемпионатта ошондой эле Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты, ал эми Айпери Медетбекова коло медаль үчүн күрөшкөн турат.
Бул кыргыз кыздарынын Токио олимпиадасындагы ийгиликтеринен кийин эле болуп жаткан жеңиши. Олимпиададан Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, Мээрим Жуманазарова коло медаль алып кайтышкан.
Дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык жигиттердин дагы ийгиликтери жакшы болду. Эрназар Акматалиев күмүш медаль, Алибек Осмонов коло медаль жеңип алды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эрназар Акматалиев 11-апрелде Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык мелдеште алтын медаль жеңип алган.
Бириккен күрөш дүйнөсү Эрназар Акматалиевди эркин күрөштүн ыкмаларын эң мыкты аткарган балбан деп белгилеген.
Балбан Нарындан болот, 22 жашта. Бала кезинен бери күрөш менен машыгып келет.
2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр (Кадеттер) арасындагы Азия чемпионатында коло байге тагынган.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эки жолку чемпиону. 2018-жылы эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын катарына кошулган.
2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесине ээ болгон. 2019-жылы Иранда өткөн кубокто алтын медаль тагынган.
Ошол эле жылы Украинада өткөн эл аралык мелдеште да күмүш байгени жеңип алган. (КС)












