Эрназардан эл көптү күтөт

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Эрназар Акматалиев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрназар Акматалиев Алматыда өткөн беттеште

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев бул спорттун түрү боюнча спортчулардын арасынан алгачкылардан болуп Токио Олимпиадасына жолдомо алган.

Ал 6-август күнү саат 08:30да биринчи беттешине чыгат. Бүгүн болуп өткөн чүчү кулак кармоодо атаандашы индиялык Баджранг Пуния экени белгилүү болду. Балбандар 65 килограммга чейинки салмакта күч сынашат.

Баджранг Пуния 27 жашта. Ал Азия чемпионатынын жана Азия оюндарынын бир нече жолку чемпиону, дүйнөлүк чемпионаттын коло жана күмүш медалынын ээси. Атасынын жолун жолдоп, 7 жашынан тарта күрөш менен машыгып баштаган. Токио олимп оюндарында медаль алат деген Индиянын эң чоң үмүтү.

Баджранг Пуния

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрназар Акматалиевдин каршылашы Баджранг Пуния

Эрназар Акматалиев 11-апрелде Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык мелдеште алтын медаль тагынып, Олимпиада оюндарына жолу ачылган. Алматыдагы мелдеште 65 килограмм салмакта күч сынашкан Эрназар Акматалиев чейрек финалда түркмөнстандык Керим Хожаковду 5:1 эсебинде уткан. Жарым финалда Акматалиев алгач өзбекстандык Ильяс Бекбулатовго утулуп жаткан, бирок 1-айлампанын соңунда ал Бекбулатовду да жеңип чыккан. Баш байге үчүн беттеште болсоЭрназар ирандык спортчу Амирмохаммед Язданачератини 15:13 эсебинде утуп, Токио олимпиадасына жолдомо алган.

Ал эми Бириккен күрөш дүйнөсү Эрназар Акматалиевдин Азиялык квалификациялык мелдештен кийин аны эркин күрөштүн ыкмаларын эң мыкты аткарган балбан деп белгилеген.

Эрназар Акматалиев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрназар Акматалиев

Эрназардын ийгиликтерине күбө болгон спорт сүйүүчүлөрү андан көптү үмүттөнүп турган чагы.

Балбан Нарын облусунда туулган. Ал болгону 22 жашта. Бала кезинен бери күрөш менен машыгып келет. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр (Кадеттер) арасындагы Азия чемпионатында коло байге тагынган.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эки жолку чемпиону. 2018-жылы эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын катарына кошулган. 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесине ээ болгон. 2019-жылы Иранда өткөн кубокто алтын медаль тагынган. Бул жылы Украинада өткөн эл аралык мелдеште да күмүш байгени жеңип алган.

Айаал Лазарев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айаал Лазарев Токио оюндарындагы биринчи беттешинде жеңилди
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Токио олимпиада оюндарына эркин күрөш боюнча Айаал Лазарев менен Эрназар Акматалиев жолдомо алган. Айаал Лазарев бүгүн баштапкы беттеште жеңилип калды. Бирок аны жеңип алган АКШ спортчусу Гейбл Стивенсон финалга чейин жеткенине байланыштуу Лазаревдин коло медаль үчүн күрөшүүгө укук алды.

Лазарев эртең жубатуучу беттеште түркиялык Таха Акгүл менен кармашат. Эгер аны жеңсе, коло байге үчүн күрөшө алат.

Азия чемпиону, олимпиадачы Айаал Петрович Лазарев 35 жашта. Ал 1986-жылы Якутиянын Верхневилюйск шаарында төрөлгөн. Жердиги россиялык, учурда кыргызстандык эркин күрөшчү, Азия чемпиону жана Азия чемпионатынын көп жолку күмүш, коло байгелеринин ээси, Дүйнөлүк Кубоктун коло байгесинин ээси. Кыргызстандын эл аралык спорт чебери.

Ал алгач Россиянын курама командасы менен машыкчу. Бирок 2008-жылы ал Россия жана Белорусиядагы мелдештерди жеңип алган соң, ага Украинадан жана Кыргызстандан сунуш түшкөн. Лазарев кыргыз эли, жери көңүлүнө толгондуктан, Кыргызстанды тандаган.