Айаал Лазарев: 11 жыл Кыргызстандын намысын коргоп келем

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кабыл Макешов, олимпиадалык делегациянын пресс-атташеси
Айаал Лазарев бүгүн эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта алгачкы беттешинде утулуп калды. Ал 1/8 финалдык баскычта АКШлык спортчу Гейбл Стивенсон менен кармашты. Америкалык балбан Лазаревди 10:0 эсебинде жеңди. Эми эгер Стивенсон финалга чейин жетсе, Лазаревде коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк болот.
Экинчи ирет олимпиадага катышып жаткан Айаал Лазаревдин спорттук таржымалы, өмүр жолу, ийгиликтери тууралуу Токиодон спорттук баяндамачы, олимпиадалык делегациянын басма сөз катчысы Кабыл Макешов атайын Би-Би-Си радиосунун Кыргыз кызматы үчүн маектешти.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Азия чемпиону, олимпиадачы Айаал Петрович Лазарев
35 жашта. 19.03.1986-жылы Якутиянын Верхневилюйск шаарында төрөлгөн. Жердиги россиялык, учурда кыргызстандык эркин күрөшчү, Азия чемпиону жана Азия чемпионатынын көп жолку күмүш, коло байгелеринин ээси, Дүйнөлүк Кубоктун коло байгесинин ээси. Кыргызстандын эл аралык спорт чебери.
- Дүйнөлүк Кубоктун коло медалынын ээси (2020) Белград
• Азия Чемпиону (2015) Доха, Азия Чемпионатынын күмүш байге ээси (2021), Азия Чемпионатынын коло медалынын ээси (2010, 2013, 2016).
• 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарынын катышуучусу (15-орун).
• Кыргызстандын үч жолку чемпиону (2011, 2015, 2020).
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
• Студенттер арасында Россиянын чемпиону (2008).
-Айаал мырза спорт чөйрөсүнө кандайча келип калдыңыз эле?
- Чынында эле мен спорттун чөйрөсүндө чоңойдум десем болот. Себеби атам менен агам эркин күрөш менен алектенишкен. Мен чоңойгон Амга аймагында биздин үйдүн жанында эле спорт мектеби бар болчу. Улуу агам ал жакка эркин күрөш ийримине барып, күрөштүн ыкмаларын үйрөнүп жүрчү. Үйгө келгенде мен ага асылып, күрөшө берчүмүн. Ал мени кичинекей деп аячу окшойт. Ал эми менин атам дагы жаш кезинде ушул спорт түрү менен алектенген. Атам Россия Федерациясынын спорт чебери. Мен аларды атам менен агам үйдүн короосунда машыгып жатканда, агам менен чогуу мелдештерге барып, анын тамырын тартканда көрдүм. Менин агам менден тогуз жаш улуу. Демек, мен эмне кылаарым алдын ала эле аныкталган окшойт. Эсимде калгандай, мен ушунча убакытка чейин эркин күрөш менен алектенип келе жатканымдын сыры ушунда окшойт.
- Сиз Россиянын кайсы жеринен болосуз?
-Менин таяэнем Верхневилюйск шаарында жашоочу, менин апам дагы ошол жерде жашаган. Мен ошол жерде төрөлгөм. Бир айдан кийин Амга шаарына көчүп бардык. Ата-энем ошол жерге жайгашып, иштеп калышкан. Андан кийин Верхоянск улусуна, андан Чокурдыга көчүп бардык. Биз ал жерде март айына чейин жашадык, андан кийин Якутск шаарына көчүп бардык. Бул көчүп, орун которуулар атамдын ишине байланыштуу болгон. Ал Ички иштер министрлигинде кызмат өтөгөн.
- Сырткы көрүнүшүнө караганда, сиз сахага окшобойсуз го?
- Мен апама көбүрөөк окшошмун. Менин таятам орус улутунун өкүлү. Бирок таяэнем апамды жалгыз чоңойтту, ал атасын таанычу эмес. Алар жаш кезинде эле эки айрылыш жолго түшүп кетишкен экен.Бирок менин эжем жана иним атама көбүрөөк окшош. Атамдын канында казактардыкы да бар. Биздин үй-бүлөдө 1 метр 90 см узун бойлуу эркектер арбын болгон, ошондуктан мен үй-бүлөдөгү эң чоң, эң узун жана күчтүү адам эмесмин.
-Ошондо үй-бүлөңүздөр кандай салттарды карманышат?
- Атам жана бир тууганым мени саха ысымы менен аташты, бир тууганымдын аты Нүргүн. Ошондой эле атам карындашыма да сахача ысым берүүнү каалаган, бирок акыркы учурда атам ага апасынын ысымын - Анна деп койду. Биз үй-бүлөдө саха элинин каада-салтын карманабыз. Ата-энелер жана биз, балдар, түпкү саха маданиятын жана тилин алып жүрүүчүлөр болуп саналабыз. Мисалы, чоң иш-чаралардын же менин мелдештеримдин алдында биз бүт үй-бүлөбүз менен чогулуп, курмандык чалуу каадасын өткөрөбүз, жогорку жараткандан колдоо сурайбыз.
-Үйдө кайсы тилде сүйлөшүп, баарлашасыздар?
-Орус жана саха (якут) тилдеринде жазуу жана сүйлөө биз үчүн бирдей ыңгайлуу. Менин атам Ички иштер министрлигинде 30 жыл иштеген. Ал юридикалык билимге ээ. Пенсияга чыгып, сот болуп иштеген. Азыр ардактуу эс алууда. Атамдын биринчи билими немис тили мугалими болгон. Ал немис тилин жакшы билет. Апам болсо физика сабагынан мугалим. Биздин үй-бүлө саха тилин да, орус тилин дагы бир учурда билиши керек. Сиз өз тилиңизди жакшы билишиңиз керек жана мамлекеттик тил андан жаман эмес, ошондой эле каалаган убакта өз оюн так билдирүү үчүн аны компетенттүү билүү зарыл.
-Орус, саха тилдеринен башка дагы канча тил билесиз?
-Канча тил билсеңиз, ошончолук жакшы болот. Карындашым англис тилин үйрөнгөн. Менин агам да англис тилин жакшы билет. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты. Ал эми доктурдук даражаны коргоо үчүн илимий иштер менен алектенип жүрөт. Менин карындашым юридикалык факультетти кызыл диплом менен аяктап, анан академияны да артыкчылык диплом менен аяктаган. Ал эми сөз байлыгын кеңейтүү, өзүн-өзү тарбиялоо - бул биз үчүн үй-бүлөлүк баалуу нерсе болуп саналат.

- Азыр сизге эки тилди билүү жетишсиз го. Кантсе да, сиз мелдештерге жана чет өлкөлөргө көп барасыз да...
- Мен англисче орточо деңгээлден бир аз көбүрөөк сүйлөйм. Мен жөн гана өзүмдүн оюмду түшүндүрүп бере алам. Мага англисче эмне дешсе, мен 50 пайызын түшүнөм. Бирок, мектепте жана университетте немис тилин окудум. Чынында англис тилинде жаза да, окуй да албайм. Ошондуктан, мен англис тилин үйрөнүүгө аракет кылып жүрөм. Ошондой эле Кыргызстандын намысын коргоп жүргөндүктөн кыргыз тилин билүүгө да дилгирмин, кызыгам.
- Көп өлкөлөрдө болсоңуз керек?
- Ооба, көп өлкөлөрдө болдум. Бирок көбүнчө мелдештерге барчумун. Биз келгенде, дароо мейманканага, машыгуунун эртеси күнү –күрөш, таймашуулар башталат. Эртеси эртең менен кайра учуп кетебиз. Ошондуктан, ал жерде кенен кесир сейилдөө, турист болуп кыдыруу деле болбойт. Максимум кээде мейманкананын бөлмөсүнүн терезесинен же балконунан шаарды көрө аласыз. Бардык чет өлкөлөргө чыгуулар ушундай. Үч күн бою ушундай тартип менен жүрөбүз. Эгер мен Сингапурда болдум десем, анда мен бул өлкө жөнүндө интернеттеги адамдар сүрөттөрдү карап отургандай эле билем.
- Ошентсе дагы кайсы мамлекет сизге көбүрөөк жакты?
—Мага тарыхы бай өлкөлөр жагат. Барган өлкөлөрдөн Венгрия жакты. Ал жакта 1100 чеп, коргондор, тарыхый эстликтер бар. Бизге жыгач үйлөр 1600-жылы курулгандыгын, ал жерде 1100-жылы адамдар сепилдерде жашап, арабада жүрүшкөнүн, дасторкондо тамак жегенин түшүндүрүп айтып беришкен. Ал жерде адамдардын менталитети башкача экен. Алар баарлашууга ачык. Көчөдө бейтааныш адам менен, мисалы, кезекте туруп сүйлөшсөңүз болот, алар менен кызыктуу аңгемелешүүлөр жан дүйнөмдө сакталып калды. Бул бизде кыйла татаал. Эгер кимдир бирөөгө салам айтсаңыз, ал сизге көңүл бурбай же келесоого окшоштуруп калышы мүмкүн.
- Спорттон тышкары дагы эмне менен алектенесиз?
- Окумуштуу кандайдыр бир долбоор менен алек болуп калышат. Бардык күчүн жана билимин күнү-түнү изилдөө жүргүзүүгө жумшайт. Кесипкөй спортсмендер деле ошондой болот. Эгер адамдын сүйүктүү жумушу болсо, анда ал ошол жерде ишти берилип жасайт. Эгерде өз ишин сүйбөсө, анда ал андан талап кылынган нерсени гана жасап, андан башка жарытылуу эч нерсе, натыйжа чыкпайт.
Мен Якутск шаарында каттоодо турсам да, үй-бүлөм менен жашасам дагы, 70 пайыз убактымды сыртта өткөрөм. Бизге тынымсыз машыгуу зарыл. Якутскиге барып, келүү ар дайым кымбатка турат. Ошондуктан, окуу-машыгуу лагерине барганда, адаптацияга убакыт коротпош үчүн, ал жерде беш ай болушум керек.
- Көбүнчө кайда машыгасыз?
—Кавказда, Түндүк Осетияда, Кыргызстандын керемет Ысык-Көлүндө . Мен буга чейин эки-үч жолу жаңы жылды чет жерде тосуп алгам. Машыгуу процессин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн туулуп-өскөн жериңе келбей талаалап жүрүп каласың. Үй-бүлөңүздү көрбөө - бул сагынуу, кусалык.
- Эсте калган мелдештериңиз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Биринчи күрөшүмдү уттуруп койгом. Мен аябай тынчсыздангам, себеби ошол учурда 11 жашта, алтынчы класста окуйт элем. Бирок эсте калганы Николай Николаевич Тарскийдин байгеси үчүн республиканын чемпионаты болду. Ошондо мен баардык нерсе психологиялык мамилеге көз каранды болоорун түшүндүм. Ошентип, мелдеш күнү мен 18 жашка толуп, өзүмө ишенүү керектигин баамдадым. Республикалык мелдештерде мен алым жетпей, утулуп жүргөн бир-эки жигит бар эле. Эки жылдын ичинде бир жигит менен беш жолу беттешип, жеңилип калгам.
Ошондо мен өзүмө боорум ооруп, аяй бербей, менден көз каранды болгон нерсенин баарын жасашым керек деп өзүмө кайталай баштадым. Жада калса башым ооруп чыдатпай турса да, бирок жеңдим. Эң көп күч, кубат кортосом дагы баягы атаандаштарымды утуп алдым. Жеңээриме ишенген эмес элем. Анан килемдин үстүнө отуруп, жеңиштин ушундайча болорун түшүндүм. Эң башкысы – өзүңүзгө ишенүү керек. Бардыгы өзүңүздөн көз каранды. Ошондон бери ал сезим фанаттык түрдө иштей баштады.
- Кыргызстан үчүн олимпиадалык таймашууларга экинчи ирет катышканы жатасыз, кандайча биздин өлкөбүздүн намысын коргоп калдыңыз?
- Легионер же жалданма спортчу бир мамлекеттин спортчусу экинчи өлкө үчүн күч сынашуу дүйнө жүзү боюнча практикаланып жүрөт . 2008-жылдын башында мен машыктыруучу Сивцев Иван Николаевичке өттүм. Анан мен болжол менен 90 килограмм салмакта болуп, ошол учурда республиканын чемпионатында эки жеңиштен башка эч кандай натыйжа жок эле. Жана мага Якутскиде эч ким каражат жагына жардам берип, колдоого алышкан жок. Алар келечекти көрө алышкан эмес. Биз Россиянын курама командасы менен машыгууга аракет кылдык, аны менен чогуу машыгуу лагерлерине тынымсыз барышыбыз керек. Ал жерде жатакана жана тамактануу күнүнө орто эсеп менен 5-10 миң рубль турат. Формада болуш үчүн, жок дегенде эки айда бир жолу эл аралык мелдештерге катышып туруу зарыл. Жана окуу-машыгуулар орто эсеп менен 2-3 жумада өткөрүлөт. Дагы кошумча башка шаарларга барып машыгулар, жол жүрүү, жатакана, тамак-аш болуп, бир топ чыгымдар талап кылынат.
2008-жылы студенттер арасында Россиянын биринчилигин жеңип алдым. Андан кийин бир катар эл аралык турнирлер болду. Кыргызстанда дагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болдум. Андан кийин Беларуссиядагы турнирди жеңип алгам. Ошондон кийин Украинанын курама командасынан жана Кыргызстандын курама командасынан сунуштар түшкөн. Менин машыктыруучум кыргыз жергесинде окуп, өлкөнү жана спортчулар, устаттар менен жакшы тааныш болгондуктан Кыргызстанды тандадык. Албетте, мен экономикалык жагдайдан улам башка өлкөнү деле тандап алсам болмок. Бирок Кыргыз эли, жери көңүлүмө толгондуктан макул болгом.

- 2016-жылкы Риодогу Олимпиадада жеңишке жетүүгө эмне тоскоол болду эле?
- Мындан алты жылдай мурун Олимпиадада оор салмактагы бирөө Якутиядан күрөшөт деп эч ким элестете алган эмес. Менин салмагым 100 кгдан жогору болгондо, биз оор салмакка өттүк. Эң башкысы салмагы 120 килограммдан ашпаса болду. Менин салмагым болгону 100 кг болчу. Көрсө, менин атаандаштарым орто эсеп менен 20-30 кг оор болуптур. Анын үстүнө, бул кыймылсыз адамдар эмес, ошондой эле булчуң оор салмагы бар. Көпчүлүк Якутиядан эч ким оор салмак менен олимпиадалык таймашууларга катышпайт деп ишенишкен.
- Эмнеге?
- Ушундай көз караш калыптанып калган эле. Спорттун өнүгүшүнүн бүткүл мезгилиндеги тарыхында дүйнөлүк аренада оор салмакта саха балбаны болгон эмес экен. Бирок биз бул көз карашты бузуп, бир топ каталарды кетирдик жана көп нерсени үйрөндүк. Эч кандай тажрыйба болгон эмес жана адам өзү ушул жолду басып өтүшү керек экен да. Бирок, сиз максатка жетип, эч нерсеге көңүл бурбасаңыз, өзүңүздү аябаңыз, ошондо Кудай да көрүп, бир жерде жардам берип, жеңиштер келет экен. Буга чейин мен үч жолу Азия континентинин чемпионатында байге ээлери, Азия чемпиону болдум. Ошондой эле дүйнө чемпионатында дүйнөнүн алдыңкы сегиздигине кирдим жана бир нече жолу алдыңкы 10 орундук катарда турдум. Алматыдагы олимпиадалык жолдомо ойнотулган турнирде калыстардын айынан үчүнчү орунга түшүп, Токиого барбай калдым го деп жүргөм. Индиялык балбандын кызытма колдонгону билинип, жолдомо мага буйуруп, жыйынтыгында Токио олимпиадасына жолум ачылды. Рио олимпиадасынын алдында дагы ушундай жагдайга туш болуп, жолум ачылган.
Ал эми олимпиадага дүйнөнүн эң күчтүү балбандары иргелип барышат эмеспи. Рио олимпиадасы мен үчүн өзгөчө сабак, тажрыйба топтоо болду. Каталыктарды оңдоо менен Токиодо байгелүү орундар үчүн аракет кылам.
- Спорттон тышкары эмнелерге кызыгасыз?
- Аңчылыкка жана балык уулоого абдан кызыгам. Олимпиададан кийин туулуп өскөн жериме барып, эс алып балык кармап, аңылыкка чыксам деген ойдомун.
- Жакшы маегиңиз үчүн рахмат! Токио олимпиадасынан ийгилик, жеңиш каалайм. (MD)












