Операция, жаракат, сыноолор... Акжол ашкан ашуулар. Мейрамбек Ахмедовдун маеги...

Акжол Махмудов

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акжол Махмудов

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Акжол Махмудов, Жоломан Шаршенбеков баштаган балбандардын ийгилиги бүтүндөй Кыргызстанды кубанычка бөлөп турган чагы. Далысы жерге тие элек, жыгылуу эмне биле элек, бет келгенин көмөлөткөн Акжол азыркы ийгилигине жан сыздаткан оорууга, сыноолорго, жаракаттарга карабай алышып жүрүп жетти.

Анын эң негизги машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедов менен ынак мамилеси да өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Атактуу машыктыруучу кезинде Канат Бегалиевди да таптаган. Би-Би-Си Мейрамбек Ахмедов менен кенен маек курган. Азыр анын бир бөлүгүн сунуштайбыз. Бул жолу жаракат, операциялар эле эмес, атактуу балбан менен атактуу машыктыруучунун алгачкы кез келүүсүн да баяндайбыз...

Мейрамбек Ахмедов: 60 жылдык мааракемде ролик тартышкан. Узактыгы 10 мүнөттөй экен. Ошол роликти көрүп, артка бир кылчайсам баары бир эле күндө өтүп кеткендей. Көрүп алып ыйлагым келип калды. Ошол учурларды аябай эстедим. Спорт деген бул өмүр да! Жөнөкөй сөз эмес, спорт деген - мен үчүн өмүрдөн да өйдө турат. Ошон үчүн мен аябай ыраазымын, сүйүнүп жатам ушундай деңгээлге жеткенибизге. Мурда союз убагында ушундай ийгиликке жетебиз деп ойлогон жок элек. Бизде таланттар бар, азыр көрүп жатабыз, кыздарыбыз бар, балдарыбыз бар. Олимпиадада күмүш медаль, коло медаль алып жатабыз. Мен ишенем алтын дагы буйруса сөзсүз түрдө болот. Артка жол жок, жол ачып бердик. Буюрса эми алтынга гана барыш керек.

Мейрамбек Ахмедов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мейрамбек Ахмедов

Би-Би-Си: Акжол Олимпиадада күмүш байгени жеңип алганда такыр башкача сезимде болсоңуз керек?

Мейрамбек Ахмедов: 2020-жылы пандемия болуп, бир жыл Олимпиада жылып кетти да. Эгер 2020-жылы Олимпиада болсо Акжол күрөшпөй калмак. Аябай катуу жаракаты бар эле. 2019-жылы апрелде операция болду. Ошондогу сүрөтү бар. Ошону карап туруп, Акжол бир жарым жылда Олимпиадада финалга чыгып кетет деп ким айтат?. Кудайдын буйругу экен, биринчиден балага сыноо болду. Аябай ишендим, жаракатына карабай мен ишенгем ага. Ошондо саяпкер катары мен балага ишенбесем, ал да ишенбейт эле. Ойдогудай машыгуу болмок эмес. Ошондуктан мен “сен чемпион болосуң, сенде ага баары бар, бир гана иштешиң керек” деп дем берип, ишенип, дайыма жанында болдум. Акжол да намыстанып аябай машыкты. 

Акжолдун кезектеги жеңиши

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акжолдун кезектеги жеңиши

Би-Би-Си: Акжолдун олимпиаданын финалына чыккандагы күрөшүн эстеп, талдап бериңизчи?

Мейрамбек Ахмедов: Ал финалда күрөшкөн жок. Мен башка күрөштү күткөм. Финалга чыкканда психологиялык жактан бошогонсуп калды. Анан эл да көбүрөөк куттуктады. Бир күн өткөндөн кийин ичиндеги маанай башкача болуп калды. Ошол учурда мен жанында боло албай керектүү маанайды коюп бере алган жокмун. Жөн гана телефон аркылуу айттым “Ал сенден коркот. Сенин кандай күрөшө турганыңды өз көзү менен көрдү. Сени менен аябай коркуп күрөшөт” дедим. Ал жерде жакшы күрөшпөй койду. Бир аз өзүнө ыраазы болуп калгандай күрөшүп койду. Акжол финалга чыкканда жүрөгүм чыдабай кетет. Менин башымдан өткөн, Канат Бегалиев биринчи жолу Бээжинде финалга чыкканда аябай башкача болгом. Мен анда тренер катары жанында болгом, секундант болуп тургам. Килемге чуркап, ыйлап, сүйүнүп дегендей сезимдер башкача болот.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

А Акжол олимпиаданын финалына чыкканда калыстын көзү менен карадым. Өзүм баса албайм, бара албайм, чуркай албайм. Бирок бул жакта туруп жүрөгүм кайнап жатты. Ар бир адам андайды сезе беребйт. Баары ыйлады жубайым да, балдарым да аябай сүйүнүп, керек болсо кудаларым дагы финалды көрүп алып кандай ыйлашты? Эмнеге дегенде алар Акжол кандай оор жолду, татаал ашууларды ашканын, травма менен канча кыйынчылык тартканынын бир чекесин көргөн да. Төрт операция болгон. Эч ким билбейт. Бир операция болду, бир операциядан кийин инфекция кирип кетти. Инфекциядан улам кайра Германияда операция болду. Кайра-кайра уланып жатып ошону менен төрт жолу операция болду. Эч кимге айткан жокмун, унчукпай жүрдүк. Канча наркоз алды, канча кыйналды? Бирок жүрөгүбүздө үмүтүбүз дайыма чогуу жүрдү, өчүргөн жокпуз. Машыгып жүргөндө аябай ишенимибиз зор болду да...

Ошол тушта бир топ кем-карчыбыз бар эле. Досторго, спонсорлорго “жардам бергиле” деп кайрылып жүргөм. Психолог табыш керек болду, массажга акча керек, тамакка керек дегендей. Баарына "көрөсүңөр Акжол алтын медаль алат" дейм. Кээ бири "лицензия ала элексиңер, кайдагы алтын” дегендей кылат. Анан Алматыга барарда ошол мезгилде өзүм коронавирус менен ооруп калдым. Кошулуп бара албайм. Акжол лицензияга барып, аябай жакшы күрөштү. Бир балл эч кимге бербей туруп утуп, лицензия алды. Ошондо дагы бир жолу түшүндүм, Акжол Олимпиадада жакшы күрөшөт, утат дедим. Өзүм такай статистика кылам. Мисалы Канат күрөшкөндө эмне үчүн утат? Беш спортчу бар алар менен Канат тең күрөшөт. Дүйнө чемпиондору, Олимпиада чемпиондору бар арасында. Бирок ошол бешөнүн ичинен Канат эч кимисинен кем эмес да. Акжолдо дагы ошондой статистика кылып жаттым. Кимдер бар ошону карадым. Тигил бар, бул бар, баягы атаандашы бар дегендей эсебин чыгарам. Арасында Акжол бар, аны менен андай, мунун менен мындай күрөшөт деген сыяктуу эсеп кылам. 

Акжол бул сыноолорду да жеңди...

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акжол бул сыноолорду да жеңди...

Би-Би-Си: Үйдөгүлөр кубанып, жашыганда сиз да жөн калбасаңыз керек?

Мейрамбек Ахмедов: Ал учурду сөз менен айтып, сүрөттөп бере албайсың... Ошол мезгилде ичиңде кайнаган бир сезим да...

Би-Би-Си: Биз эми так билбейбиз, бирок 2008-жылы Канат Бегалиев Бээжинде франциялык балбан менен финалда күрөшкөндө “калыстар калыстыктан бир аз тайып койгон, француз балбанына тартып койгон” деген сөздөрдү айтып жүрүшөт. Ошонун чын-бышыгы кандай?

Мейрамбек Ахмедов: Ал болгон. Мисалы ошондогу күрөш федерациясынын президенти Белгиялык Рафаэль Мартинетти эле. Ал ошол жылдары бизге Бишкекке келип жүргөн. Азия чемпионатына келип конок болуп көргөн. Аялы француз кызы эле. Ошол мезгилде Францияда күрөштөн алтын байге жок болчу. Канат менен француз балбаны күрөшүп жатканда үчүнчү тыныгуу болуш керек эле. Бирок алар дал ошол мүмкүнчүлүктү бербей койду. Алар тобокелге салуу деди окшойт бербей койду. 

Би-Би-Си: Демек эң жөнөкөй тил менен айтканда калыс кайын журтуна тартып койгон дейсизби?

Бээжин олимпиадасы. 2008-жыл

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бээжин олимпиадасы. 2008-жыл

Мейрамбек Ахмедов: Эми ал мурдагы бир көрүнүш. Азыр калыс жагын карасак күрөштүкү туура жолго салынды. Эң татыктуу, аябай реалдуу. Мисалы байкасаңар, күрөшүп жатканда туура эмес болсо челенж ыргытат. Алар ошол жерден токтотот. Эмнеге дегенде чоң экранда баары бадырайып турат. Ошол катаны көрсөтөт. Бут менен кармады, ката болду ошол учурда токтотуп көрсөтө алат. Баары байкап, талдап чыгат. Андай бокс, дзюдодо жок, гимнастикада да жок. 2008-жылы андай жок эле да. Талаш чыкса чечүүчү калыс кичинекей бир телевизорду келип карап, “буга берип кой” дейт. Сен эч нерсе кыла албайсың. Азыр калыстык кылуу жагынан мен ойлойм эң жандуу, реалдуу болуп калды. Ошон үчүн Олимпиадада бир да уруш, талаш болгон жок. 

Би-Би-Си: 2008-жылы сиз айтып жаткан чоң экран болгондо балким Канат Бегалиев финалда жеңип кетмек беле?

Мейрамбек Ахмедов: Ооба, ошондой болмок. Тилекке каршы андай болгон жок да. Кичинекей телевизорду карап, калыс “мунусуна бересиң” деп коёт. Болду эч нерсе кыла албайсың. 

Канат Бегалиев

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канат Бегалиев

Би-Би-Си: Канат Бегалиев да, Акжол да сиздин окуучуларыңыз. Сиз балбандардын болочокто чемпион болуп чыгарын кантип билесиз? Кантип тандайсыз?

Мейрамбек Ахмедов: Спортко, анын ичинде күрөшкө байлап талант деген сөздү чечмелеп берейин. Башкысы жүрөк болуш керек, коркок болсоң эч качан чемпион боло албайсың. Жүрөк болуш керек! Ага бары бир дегендей. Мисалы Канат күрөштү, Акжол күрөшөт. Экөө тең дүйнө чемпиону экен, олимп чемпиону экен деп карап олтурбайт. Бет келгени менен батынып күрөшө берет. Утат. Экинчиден, башы компьютердей иштеш керек. Бул шахмат эмес, кечке ойлонуп, шыкаалап анан жүрөйүн деген болбойт, андай жок. Мында секунд, көз ирмем рол ойнойт, шарт эле чечим чыгаруу керек. Үчүнчүдөн, ошол “талант” деген сөздү сезиш керек. Мунун баарына эмгек керек. Жалкоо чемпион боло албайт да.

Би-Би-Си: Канат Бегалиев кантип купулуңузга толуп, кантип тандап алгансыз? Ошондой эле Акжолду кантип тандагансыз?

Мейрамбек Ахмедов: Байкем бир турнир өткөрөбүз деп жаткан. 1996-жылы башталган эле. Ошондо биринчи турнир уюштургам. Кийин өзүм дагы тренер болуп спорт мектепте иштегениме үч жылдай болуп калган. Карасам бир бала ыйлап атат. Утулуп калды, ыйлап атат. Бирөөнү утту, экинчисине утулду. Мага аябай жакты. Күчү жок, утулуп атат, ыйлап атат, ыйлап алып болбой эле күрөшүп атат. Анан мен ушул балакай болот деп дароо алдым. Максаты аябай чоң болчу. Кенедейинен Олимпиада чемпиону болом деп чоңойгон.

Мен такай балдар менен сүйлөшөм. Кичинекей балдарга күрөшүп эмне кыласың деп суроо берем. Жөн эле ойногону келдиңби дейм. Ошонун арасынан чанда бир гана бала мен “Олимпийский чемпион болом” деп батынып айтат. Ошол сөздү өз эрки менен, ишенимдүү айткан баладан чындап эле чыгат, чемпион болот. Келген балдардын далайы “мен күрөшөм, спорт чебери болом, антем, минтем, аракет кылам” деп тим болот. Менин күткөнүм эле дээринде барбы? Мен күткөн сөздү айтаар бекен? Анан бир мезгилде карайм, 18 жашка келип калганда кадимкидей билинип калат. Канат 19 жашында дүйнө чемпионун утуп алды, көп өтпөй дагы бирин жеңип чыкты. Өзү 19 жашта.

Ошондо мен ишендим, бул болот деп. 20 жашында Олимпиадага барды. Анда жакшы күрөштү, аябай жакшы күрөштү. Аябай жакшы карасак ирандыкты утуп алган. Анда кыргызстандыктарды билбей, Иран күчтүү мамлекет деп карашкан. Тең күрөштү, ал чапты, бут менен чалды бербей койду. Ирандык болсо төртүнчү орунду алган ошондо. Канат ошондо аябай жакшы күрөшкөн. Ошондо ишенгем, кийинки олимпиадада сөзсүз жарап калат дегем. Аябай катуу максат коюп иштеди.

Би-Би-Си: Акжолдучу кайдан кезиктирдиңиз?

Мейрамбек Ахмедов: Интернатта тандоо өткөргөнбүз. Бир бала көзүмө урунду. Күрөшкөндө шашпай күрөшөт, чоюлчаак. Анан “сен каяктан болосуң?” десем. Ал "Оштон болом” дейт. Окугуң келеби десем “окуйм” дейт. Ким болосуң деп жөн эле тамырын тартып, сүйлөшүү өткөргөм да. Анан мен күткөндөй эле “мен чемпион болом буйруса” деп айтты. Даана айтты. Эки, үч жылда 69 кг салмакта дүйнө чемпиону болду. Бир да мелдеште утулбай баштап, суурулуп чыкты. Тренерден көп нерсе көз каранды. Травма албасын деп карайсың. Анан "бошотпош" керек. Спортчу көп көңүл бөлүүнү талап кылат. Машыгуу эле эмес, машыгуу бүткөндөн кийин достору ким, ким менен жашайт, кандай тамак ичет ошонун барын байкаш керек...

Маектин уландысы бар...